Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 11-майындагы 

№ 2023-П-14/31-1-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына чет өлкө валютасында эсептешүүлөрдү 

жана төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 88-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. Банктык төлөм карталарын колдонуу менен бардык эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын негизинде онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолордун, ошондой эле Интернет тармагында оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон башка оюн-зоок ишинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр улуттук жана (же) чет өлкө валюталарында жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишимдерди кошпогондо, кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланбастан көрсөтүлүүгө тийиш.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын негизинде онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолордун, ошондой эле Интернет тармагында оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон башка оюн-зоок ишинин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр улуттук жана (же) чет өлкө валюталарында жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишимдерди кошпогондо, кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланбастан көрсөтүлүүгө тийиш.». 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

5. Төлөм системалары башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев