Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 26-апрелиндеги 

№ 2023-П-12/27-8-(НПА) токтому 

 

 

 

«Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук  

каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (1-тиркеме) бекитилсин. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                       К. Боконтаев  

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «26»апрелиндеги 

2023-П-12/27-8-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

 

«Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо  

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобонун талабы бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга, алардын ишинин өзгөчөлүгүн жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу терминологияны эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында долбоордук каржылоону, анын ичинде ислам каржылоо принциптерине ылайык сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. Долбоордук каржылоо долбоорлорду каржылоо формасы, мында каржыланган долбоорду ишке ашыруудан топтолгон акчалай түшүүлөрдүн жана кирешелердин агымдары карыздык милдеттенмелерди төлөөнүн негизги булагы болуп саналат.  

Долбоордук каржылоо бланктык кредиттерге кирбейт. 

4. Каржыланган долбоорлордун масштабына жана мөөнөтүнө жараша кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо болуп бөлүнөт.  

Кыска мөөнөттүү долбоордук каржылоо долбоордун белгилүү бир этаптарын ишке ашыруу үчүн 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.  

Узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо долбоорлордун бардык этаптарын ишке ашыруу үчүн 3 жылдан ашык мөөнөткө берилет. 

5. Долбоордук каржылоо кирешелүүлүк, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, коопсуздук жана максаттуу мүнөздөгү каржылоо сыяктуу принциптерге негизделет.  

6. Банк, долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруунун алкагында каржылоону долбоордун капиталына инвестициялоо же капитал түзүүгө жана көбөйтүүгө багытталган кредит аркылуу берүүгө укуктуу.  

Долбоордун капиталына инвестициялоодо банк, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана банктын капиталга катышуу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, башкаруу органдарынын деңгээлинде добуш берүү жана/же чечимдерди кабыл алуу укугу менен долбоордун күндөлүк ишин башкарууга активдүү катышууга тийиш.  

Банк башка банктар, өнүктүрүү фонддору, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен биргеликте каржыланып жаткан долбоордун капиталына катышууга укуктуу. Мында банк макулдашууда/келишимде долбоорду башкарууда өз укуктарын жана милдеттерин алдын ала кароосу зарыл. 

Долбоордук каржылоонун алкагында туунду жана көз каранды компанияларды түзүү жана / же сатып алуу банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Юридикалык жактар жана/же жеке ишкерлер долбоордук каржылоону алуучу болууга укуктуу. 

7. Долбоордук каржылоо каржылануучу объекттин акциялары жана/же капиталында катышуу үлүшү менен камсыздалышы мүмкүн. 

Мында капиталды түзүү же көбөйтүү максатында кредит берилген учурда долбоордук каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мүлк менен камсыздалышы мүмкүн.  

8. Кайсы болбосун финансылык салымдарды жана берилген кредиттерди кошо алганда, ар бир долбоорго инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын он пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын элүү пайызынан ашпоосу зарыл. Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктар үчүн - банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын отуз пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоого тийиш. 

 

2. Банктын инвестициялык саясаты жана стратегиясы 

 

9. Долбоордук каржылоо банктын Директорлор кеңеши жана ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктын Шариат кеңеши тарабынан бекитилген, банктын инвестициялык саясатына жана стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылат.  

10. Банк долбоорлордун түрүн өз алдынча аныктайт, инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда инвестициялык портфель түзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын чегинде пайыздык чендерди белгилейт. 

Ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банкта Шариат стандарттарына ылайык каражаттарды инвестициялоого уруксат берилбеген иштин түрлөрүнүн тизмеси, ошондой эле банкты мурда жоготууларга алып келген инвестициялардын тизмеси белгиленүүгө тийиш.  

11. Долбоордук каржылоо боюнча банк ишин камтыган инвестициялык саясат өзүнө кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- банктын кыска мөөнөттүү/орто мөөнөттүү/узак мөөнөттүү пландары; 

- банк жетишүүнү пландаштырган максаттуу рыноктор жана алардын жалпы мүнөздөмөлөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, долбоордук каржылоо сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр ж.б.); 

- негизги каржылоо булактары (банк долбоордук каржылоону анын эсебинен жүзөгө ашырууну пландаштырып жаткан каржылоо булактарын көрсөтүүсү зарыл); 

- кыйыр-валюта тобокелдигине талдоо жүргүзүү жөнүндө талап; 

- инвестициялардын үлүшүнүн банктын активдерине карата катышы; 

- талдоолорду жүргүзүү максатында банктын болжолдуу маанилерин, финансылык абалын жана тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен банктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн укуктук, финансылык жана рыноктук талдоо боюнча талап; 

- күтүлүп жаткан пайда; 

- кредиттик тобокелдикке дуушар болгон, активдердин кайтарылышына байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон чыгымдар; 

- инвестициялык портфелге талдоо жүргүзүү жөнүндө талап. Банкта долбоордук каржылоону коштоп жүргөн тобокелдиктерди баалоого өбөлгө түзгөн мындай талдоо жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш; 

- экономикалык ченемдердин жана банктын көрсөткүчтөрүнүн сакталышы боюнча маалымат; 

- банктын уюштуруу түзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана банктын долбоордук каржылоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин потенциалы (квалификациясы, штаттык саны).  

12. Банктын бизнес планы/стратегиясы банктын инвестициялык ишин өзүнчө/кошумча бөлүмдө камтышы мүмкүн. 

13. Инвестициялык саясатта долбоордук каржылоого катышуу боюнча бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

Жалпы жоболор, анын ичинде: 

- долбоордун потенциалдуу катышуучуларынын саны; 

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша долбоордук каржылоонун түрү

- каржылоо лимиттери; 

- каржылоо мөөнөттөрү

- долбоордун катышуучусунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо критерийлери; 

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары; 

- долбоордун катышуучусунун финансылык маалыматына карата талаптар; 

- географиялык чектөөлөр; 

- каржылоо валютасы; 

- камсыздоонун наркын жана алгылыктуулугун, анын ичинде күрөө предмети долбоордун капиталдагы үлүшү болуп саналса, тобокелдиктерди баалоо критерийлери; 

- долбоордук каржылоого катышуу жол-жобосунун сакталышын контролдоо; 

- банк тарабынан долбоордук каржылоонун камсыздоосу катары гарантиялардын колдонулушу боюнча талаптар; 

- долбоордук каржылоого катышуу үлүшүнүн активдерге карата катышы; 

- кредит портфелиндеги ар бир инвестициялык долбоордун салыштырма салмагы; 

- долбоордук каржылоону узартуунун шарттары жана андан чыгуу механизмдери; 

- жана башкалар. 

14. Банктын Директорлор кеңеши ушул Жобонун 8-пунктун эске алуу менен долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруусуна банктын катышуусунун алгылыктуу деңгээлин бекитүүгө, ар бир инвестициялык долбоор үчүн лимиттер системасын, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу инструменттерин жана жол-жоболорун, инвестициялык портфелдин ички аудит системасын белгилөөгө тийиш.  

15. Банк Башкармасы банктын инвестициялык саясатынын жана стратегиясынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болот, ал үчүн Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды банк ишинде колдонууга милдеттүү.  

Ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктын тиешелүү деңгээлдеги каржылоо боюнча комитети, долбоордук каржылоого байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, ар бир өзүнчө учурда сунуш-көрсөтмөлөрдү жана корутундуларды алуу үчүн банктын Шариат кеңешине кайрыла алат. 

 

3. Банктардын долбоордук каржылоо боюнча ишин уюштуруу 

 

16. Долбоордук каржылоону уюштуруу банк ушул Жободо каралган шарттарда долбоорду каржылоого билдирмени алган учурдан тартып башталат.  

17. Банкта долбоордук каржылоону уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, долбоорду каржылоого билдирмени кароонун ар бир этабында бизнес процессти кеңири чагылдыруу менен кароо тартиби белгиленүүгө, ошондой эле сунушталган долбоорго карата минималдуу талаптар белгиленүүгө тийиш. 

18. Банк долбоордун акчалай агымдарына талдоо жүргүзүү жана долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн билдирме ээсинен аз дегенде төмөнкү документтерди кагаз жүзүндө же электрондук формада суроого тийиш:  

1) каржылоо үчүн толтурулган билдирме: ишинин түрү, жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү, валюталар боюнча киреше (тапкан акча) түзүмүн (чет өлкө валютасында каржылоодо), долбоорду ишке ашыруу планын жана эгер бар болсо, негизги бизнес-өнөктөштөрү ж.б.; 

2) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана эгерде мыйзам талаптарына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык күбөлөндүрүүгө мүмкүн болбосо, юридикалык жактын мөөрү жана жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде билдирме ээси юридикалык жак болсо); 

3) кеминде төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бизнес-план: 

- долбоордун максаты жана милдеттери; 

- долбоорду ишке ашыруунун техникалык жана экономикалык жолун сүрөттөө

- долбоорду ишке ашыруунун жалпы пландаштырылган наркы; 

- өздүк каражаттардын (өздүк капиталдын) өлчөмүн бөлүү менен каржылоонун пландаштырылган көлөмү, талап кылынган каржылоо өлчөмү, долбоор боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары жана бюджеттик каражаттары, эгер бар болсо; 

- долбоордук каржылоонун бүтүндөй мөөнөтүн камтууга тийиш болгон акчалай түшүүлөрдүн болжолу жана долбоорду ишке ашыруу мезгилиндеги пайданын пландаштырылган өлчөмү

- долбоордун негизги окуяларын жана тиешелүү иш-чаралардын ишке ашырылышына жооп берген адамдарды көрсөтүү менен долбоорду ишке ашыруунун жылдар боюнча план-графиги (аралык мезгилдер атайын контракт менен каралышы мүмкүн); 

- долбоорду ишке ашыруу тобокелдиктерин, анын ичинде долбоордун ишке ашырылышына терс таасирин тийгизүүчү макроэкономикалык, демографиялык, саясий, географиялык факторлорду талдоо, долбоордун өзгөрүлмөлүүлүгүн, кошумча перспективаларын, келечекте кеңейтүү жана масштабын чоңойтуу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо; 

4) арыз ээсинин акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету (бар болсо). Эгерде арыз ээси юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, анда финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл.  

5) гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер), гарантиялардын (кепилдиктин) суммалары ж.б. (эгерде катышуучулар гарантия (кепилдик) берилишин талап кылышса), ошондой эле гаранттын финансылык отчету (эгерде гарант юридикалык жак болсо) зарылчылыгына жараша); 

6) юридикалык жактын/жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн тастыкталган көчүрмөсү;  

7) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрүнүн) электрондук маалымат базасында сакталган, долбоордук каржылоонун катышуучусу жөнүндө маалыматтар; 

8) күрөөгө коюлуучу мүлктүн тизмеги, булардын түрлөрү күрөө жөнүндө келишимде, кийинчерээк аны түзүүдө көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле ээлик кылуу укугун (эгерде камсыздоо кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо), пайдалануу укугун тастыктаган документтер жана банктын ички документтерине ылайык башка документтер; 

9) банкка зарыл болгон, анын ичинде долбоорду баалоо үчүн башка документтер (контракттар, макулдашуулар, сунуштама каттар, мамлекеттик ресстрлердин көчүрмөсү, кредиттик бюродон маалымат ж.б), булар электрондук документ формасында же кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн.  

19. Долбоорду талдоодо сарптоолор жана кирешелер долбоордун катышуучулары ортосунда тобокелдиктин бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен бааланат.  

20. Банк долбоорду каржылоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн корутунду түзөт, анда долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугу же арыз ээсине долбоорду каржылоодон баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. 

21. Банк келишимде аныкталган шарттардын аткарылышын жана/же долбоордун белгилүү бир этаптарынын ишке ашырылышын эске алуу менен долбоорлорду каржылоону кредиттик линия түрүндө жүзөгө ашырууга укугу бар.  

22. Банк кепилдиги жетишсиз болгон долбоорлорду төмөнкү шарттарда каржылай алат: 

- арыз ээсинин каржылануучу долбоор боюнча иш тажрыйбасы болсо, ошондой эле анын ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишкер аброюн эске алуу менен; 

- арыз ээсинин каржылануучу долбоордун наркынын 10%нан кем эмес баштапкы төгүмүнүн болушунда. 

Мында банк каржыланган долбоордун келечегин, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди баалоого тийиш. Мындан тышкары, банк капиталы жетишсиз долбоорлорду каржылоо боюнча ички лимиттерди ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык белгилөөсү зарыл. 

23. Долбоордук каржылоо боюнча документтер негизги шарттарды (каржылоо наркы, каржылоо мөөнөтү, акчаны колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү, гарантиялар, тараптар милдеттенмелерин талапка ылайык аткарбаган учурларда көрүлгөн чаралар жана башкалар) белгилеген келишимди камтыйт.  

4. Долбоордук каржылоо мониторинги 

 

24. Банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык долбоордук каржылоону ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз аныктоонун, баалоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун комплекстүү системасын камсыз кылуусу зарыл. 

25. Банк каржылоо каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө тийиш. 

26. Банк каржыланган субъектин финансылык абалын, долбоорду ишке ашыруу алкагында акчалай агымдарды, долбоордун рентабелдүүлүгүн жана башка параметрлерди кошо алганда, инвестициялык долбоорлорго кеминде айына бир жолу мониторинг жүргүзүп турат.  

27. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү процессинде банк финансылык көрсөткүчтөрдү долбоордун пландык көрсөткүчтөрү менен салыштыруусу жана четтөөлөр катталган учурда себебин аныктоосу зарыл. 

28. Банк топтолгон маалыматтардын негизинде тобокелдиктерге жана өзгөрүлмөлүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө жана долбоордун ишин оптималдаштыруу/корректировкалоо боюнча чараларды колдонууга тийиш.  

29. Банк долбоордук каржылоонун алкагындагы долбоорлор жөнүндө маалыматты банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдоо, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча саясаттын сакталышын камсыз кылуу үчүн Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитетке мезгил-мезгили менен берип турууга тийиш. 

30. Инвестициялык портфель банктын тобокелдик менеджменти боюнча өз алдынча бөлүмү/башкармалыгы же каржылоо процессине көз каранды болбогон тобокелдик-менеджери тарабынан көз карандысыз бааланууга тийиш. Көз карандысыз баалоонун натыйжасы жана тобокелдикти төмөндөтүү жана резервдердин жеткиликтүү деңгээлин түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр банк Башкармасына жана банктын Директорлор кеңешине кеминде чейрек ичинде бир жолу берилип турууга тийиш. 

31. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу банк тарабынан каржыланган долбоорлорду, долбоордук каржылоонун катышуучуларынын финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрүн карап турат жана зарыл учурда, тобокелдикти төмөндөтүү боюнча тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана чечимдерди чыгарат.  

 

5. Долбоордук каржылоонун алкагында сунушталган активтерди классификациялоо 

 

32. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын өз убагында ордун жабуу үчүн, ошондой эле айкын финансылык абалын жана долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун аныктоо максатында, банктар долбоордук каржылоонун алкагында сунушталуучу өз активдеринин сапатын үзгүлтүксүз баалоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүүгө милдеттүү болушат. 

33. Классификациялоо аныктамалары, категориялары ар кандай чечмелениши ыктымал болгондугуна байланыштуу сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөр киргизилет. Эки же андан ашык белгилердин жыйындысы, эгерде ушул Жободо башкасы белгиленбесе, классификациялоо категориясын аныктайт.  

34. Ушул Жобого ылайык активдердин сапатын баалоо жана алардын классификациясы долбоордук каржылоонун алкагында берилген банктын активдерине таркатылат. 

35. Банктар долбоордук каржылоонун алкагында берилген активдерди төмөнкү учурларда «нормалдуу активдер» катары классификациялай алышат:  

1) эгерде берилген активдин өлчөмүнүн кеминде 50 пайызын түзгөн актив Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен берилген кепилдик менен камсыздалган болсо; 

2) эгерде актив Кепилдик фонддун гарантиясы менен камсыздалган болсо. Мында банк төмөнкү шарттардын бардыгын бир мезгилде аткарууга тийиш: 

- кепилдик фондунун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз актив болуп саналат;  

- кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш.  

Ушул пункттун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» дегенден улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген, банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл:  

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын катышуу үлүшүнүн болушу;  

- улуттук жана/же чет өлкө валюталарында уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде чектөөлөрдүн жоктугу;  

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо;  

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу; 

3) эгерде актив каржылоонун негизги суммасын жана пайыздык чендин суммасын толугу менен жапкан күрөө менен камсыздалган болсо; 

4) эгерде актив мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуулардын алкагында түзүлгөн Өнүктүрүү фондунун (мындан ары Өнүктүрүү фонду) каражаттарынын эсебинен берилген болсо; 

5) эгерде актив Өнүктүрүү фонду тарабынан берилген гарантия менен кепилденген болсо жана ал Өнүктүрүү фондунун коммерциялык банкта жайгаштырылган акча каражаттары менен камсыздалып, ошол эле учурда төмөнкү шарттар сакталса:  

Өнүктүрүү фонду тарабынан гарантияланган активдердин көлөмү Фонддун коммерциялык банкта жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыгынын эки эсесинен ашпоого тийиш;  

Өнүктүрүү фонду менен банктын ортосундагы гарантиялык келишимде Фонддун гарантиялары менен кепилденген милдеттенмелерге тиешелүү банктын алдында келип чыккан мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр боюнча акча каражаттарын Фонддун банкта ачылган жана тейленген учурдагы эсептеринен 5 жумуш күнү ичинде акцептсиз тартипте эсептен чыгаруу укугу каралышы керек;   

Өнүктүрүү фондунун банктагы күндөлүк эсептердеги акча каражаттарынын минималдуу калдыгы каржылоонун жалпы көлөмү толук ишке ашырылганга чейин Өнүктүрүү фондунун гарантиясы менен берилген банктын кредиттеринин баланстык наркынын 50 пайызынан кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш;  

Өнүктүрүү фондунун гарантиясы менен кепилденген, банк алдында келип чыккан милдеттенмелер боюнча Өнүктүрүү фондунун акча каражаттары акцептсиз тартипте эсептен чыгарылган учурда Өнүктүрүү фонду банктагы күндөлүк эсебин 3 жумуш күнү ичинде кеминде эсептен чыгарылган каражаттардын суммасында толуктоого тийиш. 

36. Төмөнкү белгилер пайда болгон учурда, банктар 15% өлчөмдө резерв түзүү менен активдерди «байкоо алдындагы активдерге» классификациялоого тийиш: 

- активдин камсыздоосу жок болсо же актив берилүүчү кредиттин өлчөмүнүн 50 пайызынан аз камсыздалган болсо; 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кайтарып берүүнү кечиктирүү 30 (отуз) күндөн ашпаса;   

- маалыматтардын же баалоо эксперттеринин жок болушунан улам, каражаттардын максаттуу колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, анын ичинде долбоордун пландык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын талдоо мүмкүн эмес болсо;    

- камсыздоонун ликвиддүүлүгүнүн төмөндөөсү (баанын төмөндөөсү, валюта курсунун түшүүсү) же гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса (эгерде актив гарантия/кепилдик менен камсыздалса);    

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса, финансылык көрсөткүчтөрдүн долбоордун пландык көрсөткүчтөрүнөн четтесе;    

- активди кайтарууга таасирин тийгизе турган рынок шарттарынын өзгөрүүсү

  37. Төмөнкү белгилер орун алган шартта банктар 25% өлчөмүндө резерв түзүү менен активди «субстандарттык» катары классификциялоого тийиш:  

- пландык төлөмдөр боюнча 30 күндөн 90 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз;  

- карызды төлөө үчүн акча агымдарынын жетишсиздиги;  

- карыз алуучунун ушул банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда кайсы болбосун кредитке тиешелүү негизги сумма жана/же пайыздары боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо;  

- «байкоо алдындагы актив» белгисине ээ активди кайра реструктуризациялоодо. 

38. Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган активди төлөө мөөнөтү 60 күнгө кечиктирилген шартта, «субстандарттык» (25% өлчөмүндө резерв түзүү менен) катары классификациялоо зарыл. 

39. Төмөнкү белгилер орун алган шартта, банктар 50% өлчөмүндө резерв түзүү менен активди «шектүү» катары классификациялоого тийиш: 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз; 

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлоосу (же кардар банкротко учуроо чегинде турат), каржылануучу долбоорду ишке ашыруунун пландаштырылган графиктен четтөөсү

- каржыланган долбоордун алкагында кредит алган кардардын кепилдик берүүчүсүнүн/гарантынын жана/же контрагентинин финансылык абалынын начарлоосу

- карызды төлөөнүн күрөөнү сатып өткөрүүдөн же кепилдик берүүчүнүн/гаранттын каражат эсебинен көз карандылыгы;  

- «субстандарттык актив» белгисине ээ активди кайрадан реструктуризациялоо. 

40. Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган активди төлөө мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилген учурда «шектүү» катары (50% өлчөмүндө резерв түзүү менен) классификациялоо зарыл. 

41. Актив төлөө мөөнөтү 180 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилген учурда «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш, бул учурда мындай активдин сапаттык белгилери анын классификациясында колдонулбайт.  

6. Долбоордук каржылоо боюнча капиталга инвестициялардын классификациясы 

42. Компаниянын капиталына инвестициялар 25% өлчөмүндө резерв түзүү менен кеминде «cубстандарттык» катары классификацияланат.   

43. Банктар долбоордук каржылоого инвестицияларды төмөнкү шарттар аткарылган учурда «нормалдуу» катары классификациялай алышат:  

- компания ишин кеминде 4 (төрт) жылдан бери жүзөгө ашыруусу;  

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн (эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо) туруктуу финансылык абалга ээ болуусу жана аралык финансылык отчеттун (эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык берүүгө тийиш болсо) жана алгылыктуу финансылык узак мөөнөттүү өнүгүү келечегинин болуусу;  

- долбоорду ишке ашыруу жагында тиешелүү тажрыйбасы бар жана долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат талдоо натыйжасы менен тастыкталган, алардын алгылыктуу деңгээлде толук ишке ашырылгандыгы тууралуу маалыматтын болушу; 

- каражаттардын максаттуу колдонулушу үчүн комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, анын ичинде сатып алуулардын жана берүүлөрдүн жүргүзүлүшүн ар айлык негизде контролдоо; 

- инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын, рентабелдүүлүгүн, өзүн-өзү актай алышын жана башка параметрлерин талдоо;  

- инвестициялык долбоорду башкарууга катышуу; 

- финансылык көрсөткүчтөрдү инвестициялык долбоордо каралган көрсөткүчтөр менен талдоо. 

44. Капиталына банктар активдерин инвестициялашкан компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп жарыялаган учурда, мындай инвестициялар «жоготуулар» катары классификацияланууга тийиш. 

45. Компаниянын капиталына инвестициялар боюнча РППУ банктын ошол компаниядагы инвестицияларынын жалпы өлчөмүнө түзүлүүгө тийиш.   

7. Долбоордук каржылоо боюнча активди классификациялоого кошумча талаптар 

 

46. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары банктарга ушул Жобого каршы келбеген бөлүктөрү боюнча колдонулат. 

47. Банк менен банктык көзөмөл инспекторлорунун ортосунда активди тиги же бул категорияга кошуу маселеси боюнча пикир келишпестиктердин орун алышында, тиешелүү талдоолорду жана классификациялоонун тууралыгынын далилдерин берүү банктын милдеттенмесине кирет.  

48. Ушул Жобонун талаптары сакталбаган, же так эмес жана/же толук эмес маалымат берилген учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкка карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.