Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 29-апрелиндеги 

№ 2023-П-12/29-1-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, «KG Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага К. Боконтаев


 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 29-апрелиндеги 

№ 2023-П-12/29-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик баалуу кагаздар - бул, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) (ноталар) тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- «Жалпы жоболор» деген 1-главасы төмөнкү мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын: 

«2-1. Аудит милдеттүү жана/же демилгеленген болушу мүмкүн. Демилгеленген аудит, аудит жүргүзүлүүчү субъектинин же аудиттин башка буйрутмачысынын чечими боюнча аудиттин так милдеттенмелерин, мөөнөтүн жана көлөмүн эске алуу менен жүргүзүлөт.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы «төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн» деген сөздөр «эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылууга тийиш» дегенге алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактардын банк алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган аффилирленген жана/же банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60% ашпоого тийиш. 

Аффилирленген жана/же банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдөн банктын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздарына инвестициялары алынып салынат.»; 

11-главада: 

- главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11-глава. Мамлекеттик баалуу кагаздарга, башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициянын көлөмү»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 54-1-пункту менен толукталсын: 

«54-1. Банк баалуу кагаздарды сатып алууга инвестициялар, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн ички максималдуу лимиттерди банктын стратегиясына ылайык, банк ишиндеги тобокелдиктерди, ошондой эле валюта курстарынын өзгөрүүсү боюнча болжолдорду эске алуу менен кароого тийиш.».