Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 12-апрелиндеги 

№ 2023-П-14/23-4-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар 

системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 12-апрелиндеги 

№ 2023-П-14/23-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар  

системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин: 

- 3.2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет:  

1) жайгашкан өлкөнүн иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуу системасынын операторунун уруксат берүү документтери жана лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;  

2) акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берет. Акча которуулардын локалдык системасынын оператору каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арызды акча которууларды алуучулар/жөнөтүүчүлөр жана системанын катышуучулары менен бардык өз ара эсептешүүлөрдү эске алып, акча которуулар системасында акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет. 

Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирет, ошондой эле бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

Акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.».