Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 5-апрелиндеги  

№ 2023-П-12/22-3-(НПА) 

Токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери  

боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу"; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө"; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө". 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКты, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды жана турак жай-сактык кредиттик компанияларын. 

 

5. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 5-апрелиндеги  

№ 2023-П-12/22-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин: 

- 2.1-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.1. Атайын классификация бир эле учурда төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата колдонулушу мүмкүн:"; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- кредиттин суммасы (берилген күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча улуттук же чет өлкө валютасында) 500 000 сомдон ашпоого тийиш;"; 

үчүнчү абзацтагы "12" сандары "24" дегенге алмаштырылсын; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- кредиттин максаттуу багыты катары керектөө максаттары жана/же карыз алуучуга таандык жана учурда туруктуу киреше алууну камсыз кылып жаткан чакан бизнести өнүктүрүү саналат;";  

- 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.3-пункт менен толукталсын: 

"2.3. Атайын классификация төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата да колдонулушу мүмкүн: 

- кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредит; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит."; 

- 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.2. Аларга карата атайын классификация колдонулуучу кредиттер, анын ичинде кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттер, ошондой эле обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттерге карата негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдү жана/же пайыздарды төлөө кечиктирилген күндөрдүн санына жараша төмөнкү РППУга чегерүү өлчөмдөрү белгиленет:". 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:  

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3-2. Бланктык кредиттер - бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча күрөө катары кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантия же кепилдик жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер камсыздоо болуп саналбаган кредиттер жана алар төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга анын аброюнун жана киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде гана берилет."; 

- 8.1-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган пайыздык чендерди, жана пайыздык чендерди белгилөө методдорун;"; 

он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- банк тарабынан кепилдик каттарды берүү боюнча талаптарды (2-тиркеме);"; 

он бешинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Эскертүү: Мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды эске албаганда."; 

- 8.3-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттерди реструктуризациялоо шарттары;"; 

төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

"- кредитке/карыз алуучунун финансылык абалына мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы."; 

- 9-пунктунун биринчи абзацындагы "пайыздык чендерди" деген сөздөрдүн алдына 

"Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган" деген сөздөр кошулсун; 

- 11-пунктундагы "кредиттик тобокелдиктерди" деген сөздөр ", анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти" сөздөрү менен толукталсын; 

-12-пунктунун: 

экинчи жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банк кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, аларга баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун комплекстүү системасын, ошондой эле кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоо, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү боюнча отчет берүү системасын камсыз кылууга тийиш.";  

жыйырма жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Банк туруктуу негизде кредиттик рейтингдин алкагында иштелип чыккан өзүнүн моделинин, анын ичинде скоринг моделинин актуалдуулугун сактап турууга, ошондой эле автоматташтырылган скоринг системаларын түзүүгө тийиш."; 

жыйырма сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик рейтингге ылайык кредит берүү жөнүндө чечим, банкка биринчи жолу 250 000 сомго чейинки суммада кредит алуу үчүн арыз менен кайрылган жеке адамдар жана жеке ишкерлер боюнча (жаңы кайрылган кардарларга), ал эми буга чейин ушул банктан кредит алган банк кардарларына (кайра кайрылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ кардаржеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500 000 сомго чейинки суммада кредит берүү боюнча кабыл алынат."; 

жыйырма тогузунчу абзацтагы "100000 сомго" деген сан жана сөз "500 000 сомго" дегенге алмаштырылсын; 

- 14-пунктундагы "(2)" деген сан алынып салынсын; 

- 16-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

"- Кредиттик комитеттин чечимдеринин Банктын тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылышын контролдоо."; 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"18. Банктын тобокелдик-менеджери кеминде ар айлык негизде кредиттик тобокелдик деңгээли жөнүндө отчетторду Тобокелдиктер боюнча комитетке, ошондой эле чейректик негизде отчетторду, анын ичинде банк менен байланыштуу жакка жана банктын аффилирленген жактарына берилген кредиттер боюнча тобокелдикке баа берүүнү кошо алганда, Директорлор кеңешине сунуштап турат."; 

- 25-пунктунун: 

алтынчы абзацындагы "250000" саны "500 000" дегенге алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацындагы "инвестициялык кредиттер," сөздөрүнөн кийин "сезондук кредиттер," деген сөздөр менен толукталсын; 

он бешинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банкта маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча талаптар камтылган, кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга тийиш."; 

он алтынчы абзацтагы "кардардан (кардарлардан) кат жүзүндөгү макулдук" сөздөрү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) макулдук" дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пунктундагы алтынчы абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

"- мөөнөтү өткөрүлгөн бир нече (бирден ашык) кредит (анын ичинде бир же бир нече кредиттик линиялардын чегинде транштар) болгон учурда, мыйзамга ылайык кардардын кредиттик карыздын ордун жабууга багытталган акча каражаттарын бөлүштүрүү кезегин өз алдынча тандоо укугу;";  

- 30-1-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банк, техникалык каталардан улам, берилген маалыматты корректировкалоону кошо алганда, кредиттик бюрого бардык карыз алуучулар боюнча берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат."; 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

"Мындан тышкары, банк ар бир мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга берген учурда, карыз алуучу ошол банктан алган кредиттер жөнүндө маалыматты жана ошол кредиттерге байланыштуу бардык маалыматты үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө карыз алуучудан жазуу жүзүндө же электрондук макулдук (электрондук кол тамга коюу аркылуу) алууга тийиш. Мында, карыз алуучудан кредиттик маалыматты кредиттик бюрого өткөрүп берүүгө макулдук алуу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш."; 

- 34.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"34-1. Банк, эгерде кредит боюнча пландаштырылган ар айлык төлөмдөрдүн катышы (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата төмөнкүнү түзгөн учурда гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин бере алат: 

- орточо айлык кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 50% ашпаган; 

- орточо айлык кирешеси 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө, 60% ашпаган; 

- орточо айлык кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн жогору болсо, 70% ашпаган."; 

- 34-3-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеӊейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш."; 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

"Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммалары Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген."; 

- 36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"36. Эгерде, карыз алуучуга кредит берүү жөнүндө маселе оң жагына чечилген болсо, анда андан алынган документтер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт, андан ары ага ушул кредитке тиешелүү бардык документтер сыяктуу эле, келечекте ага ушундай кредит бериле турган болсо, ошол кредиттерге тиешелүү бардык документтер көктөлүүгө тийиш (карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). Буга кошумча банк кредиттик таржымалды электрондук түрдө жүргүзүшү мүмкүн. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Банкта кредиттик таржымалды, анын ичинде электрондук форматтагы кредиттик таржымалды түзүү, жүргүзүү, сактоо жана алардан пайдалануу жол-жоболору болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынууга тийиш."; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда макулдашуунун негизинде түзүлүүчү башка макулдашуулар, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде (электрондук кол тамга коюу аркылуу) түзүлөт, аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө макулдугу эсептелинет (зарыл учурда, келишим башка тилге которулушу мүмкүн). Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат. Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүкчөдө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй тексти бирдей болууга жана кеминде 12 шрифт менен берилүүгө тийиш.  

Мында обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада сунушталган кредиттер боюнча келишимдерге алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюу аркылуу тастыкталышы мүмкүн."; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"40. Кредиттик келишимди түзүүдө келечекте аны кайтарууда проблемалардын келип чыгышына жол бербөө үчүн кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине, милдеттеринин көбөйүшүнө жана/же кардарды адаштырууга алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттары сарпталуучу багыттарга көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде кеминде кредиттин суммасы, кредит боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш.  

Мында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген, кредиттер боюнча пайыздык ченде камтылган салыктар карызды төлөө графигинде өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

Карызды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ал түзүлүүгө тийиш эмес болгон кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт."; 

- 44-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Эскертүү: карыз алуучу кредитти максаттуу багытта пайдаланбагандыгы тастыкталган учурда банк, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу."; 

- 46-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"46. Анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алуучунун кредиттик картты жана овердрафтты алуу шарттары, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү, алуу ыкмалары жана башка шарттар каралган аралаш келишимди же өзүнчө кошумча келишимди түзүүдөн башка учурларды кошпогондо, кардар бардык кагаз түрүндөгү тиркемелер менен кошо кредиттик келишимдин ар бир барагына же болбосо анын келишим тарабына таандыгын тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган бирдиктүү электрондук документ формасына кол тамга коюуга тийиш."; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"54. Күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт (банктын кардарына тилди тандоо укугу берилет, ал кардар тандаган тилде күрөө келишимин түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө (электрондук кол тамга коюу менен) кардардын макулдугу менен тастыкталат (бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат). Мында күрөө келишиминин тексти карыз алуучуга/күрөө коюучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш."; 

- 61-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбоосу зарыл. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Эскертүү: бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.  

250 000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган кредиттер, керектөө кредиттери боюнча орточо салмактанган пайыздык чендин маанисинен ашпаган кредиттер, ал ай сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт.  

Мында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза кирешесинен (карыз алуучунун бардык кирешелери жана чыгашалары) ашпоого тийиш. 

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш."; 

62-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

"Эгерде карыз алуучунун бул банкта бир нече мөөнөтү өтүп кеткен кредити (бир же бир нече кредиттик линиялардын чегинде субкредиттер) болсо, банк кредиттик карызды жабууга багытталган каражаттарды бөлүштүрүү тартибин өз алдынча тандоо укугун кардарга берүүгө милдеттүү."; 

- 63-1-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан кредиттер жана банк ири тобокелдикти камтыган кредит катары аныктаган кредиттер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; "; 

үчүнчү абзацындагы "100000" саны "250 000" санына алмаштырылсын; 

- 63-3-пунктундагы "Кароонун" деген сөз "Кредитке мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчеттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 63-4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"63-4. Мониторингдин жүрүшүндө карыз алуучунун/гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалы же кредитти камсыздоо абалы начарлашына байланыштуу аталган кредитти төлөөдөгү проблемалар аныкталган учурда банктын кызматкери, зарылчылыгына жараша мындай кредитти классификациялоо категориясын кайра кароо сунушу менен банк жетекчилигине тез арада маалымдоого тийиш."; 

- 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"64. Кредитти классификациялоо Улуттук банктын классификациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, кредиттерди берүү процессине катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат."; 

-78- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"78. Карыз алуучунун карыздарынын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу максатында, банк кредиттик келишимде карыздарды экинчи булактардын эсебинен жана кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин төлөө мүмкүндүгүн көрсөтө алат.  

Карыз алуучу кредитти максаттуу пайдалануу жөнүндө кредиттик келишимде каралган шарттарды аткарбаган учурда, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, банк карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу."; 

- 81-пунктунун биринчи абзацындагы "(7)" саны алынып салынсын;  

- 83-пунктунан кийинки (1), (2), (6), (7) шилтемелер күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1-тиркеменин: 

1-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- карыз алуучу жашаган жеринин толук дареги (эгер карыз алуучу - жеке адам болсо), телефонунун, факсынын номери;"; 

үчүнчү абзацтан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

"Эскертүү: кардар толук дарегин көрсөтүүнүн ордуна абоненттик ящиктин номерин гана көрсөтүүсүнө жол берилбейт."; 

1-1-пунктундагы "250000" саны "500 000" санына алмаштырылсын; 

5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"5. Кредиттик келишим мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (банктын кардарына тилди тандоо укугу берилет, ал кардар тандаган тилде кредиттик келишимди түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө (электрондук кол тамга коюу менен) кардардын макулдугу менен тастыкталат (макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат). "; 

8-пунктундагы "250000" саны "500 000" санына алмаштырылсын; 

17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"17. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн күрөө келишими (банктын кардарына тил тандоо укугу берилет, аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук макулдугу эсептелинет (бул макулдук кардардын кредиттик таржымалында көктөлөт/сакталат)."; 

25-пунктунун сегизинчи абзацындагы "рыноктук наркы" сөздөрү "рыноктук (адилет) жана жоюу наркы" дегенге алмаштырылсын; 

32-пункттан кийинки (8) шилтеме күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун расмий тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

"Об утверждении "Порядка работы коммерческих банков и других финансово-кредитных организаций, лицензируемых и регулируемых Национальным банком Кыргызской Республики, с залоговым имуществом"; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- 2-главасынын 14-пункту төмөнкү мазмундагы 14-1 жана 14-2-пунктулар менен толукталсын: 

"14-1. Эгерде күрөө келишиминин предмети катары келечекте алынуучу буюмдар же укуктар, анын ичинде күрөө коюучунун келечекте чыгарылуучу продукциясынын запасы болсо, мындай күрөөлүк камсыздоо милдеттенме боюнча камсыздоонун түзүмүнүн 20% чейинкисин түзүүгө тийиш. Келишимдин предмети мыйзамдардын талаптарына ылайык ушул пунктта белгиленген талапты эске алуу менен ар бир объект үчүн өзүнчө аныкталат. Мында, жогоруда көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоо боюнча күрөө келишиминде күрөө коюучу ошол мезгил ичинде күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоого менчик укукту сатып алууга тийиш болгон мезгил аралыгы каралууга тийиш. Мындай мөөнөт 3 (үч) айдан ашпоого тийиш. 

14-2. Эгерде күрөөлүк камсыздоо катары аларды баалоо үчүн (асыл таштар, баалуу металлдар, атайын жабдуулар, лицензиялар ж.б.) өнүккөн рынок болбогон же болбосо аларды баалоо үчүн атайын билим/компетенция талап кылынган күрөө предметтери, анын ичинде талап кылуу укугу кабыл алынса, карыз алуучу милдеттүү түрдө мыйзамга ылайык тиешелүү квалификацияга ээ көз карандысыз баалоочу адиси тарабынан (баалоо уюму) камсыздоо наркын тастыктоого тийиш. Буга кошумча, карыз алуучу кабыл алынып жаткан камсыздоонун сапаты жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө документтерди сунуштоого тийиш, ал тиешелүү квалификацияга ээ эксперттин корутундусу менен тастыкталууга тийиш. 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок учурда, банк күрөө жөнүндө келишимдин бул предметин камсыздоо катары кабыл ала албайт. Банк мындай камсыздоого байланыштуу тобокелдиктерди, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары сатуу маселелерин баалоого милдеттүү.".