Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 22-февралындагы 

№ 2023-П-14/11-5-(ПС) токтому  

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобо бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 84-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG (КЕЙ-ЖИ)» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 22-февралындагы 

№ 2023-П-14/11-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторунун компоненттери, мазмуну, ошондой эле аларды жарыялоонун жана берүүнүн негизги эрежелери аныкталат. 

2. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына таркатылат. 

3. Туунду компанияларга/филиалдарга/өкүлчүлүктөргө ээ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан уюмдар тобун уюштурган төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчеттуулукту Жобого ылайык уюмдар тобунун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде (мындан ары уюмдар тобунун консолидацияланган финансылык отчету) берилет. 

4. Убактылуу администрация режими жүргүзүлүп жаткан төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары дагы финансылык отчетту ушул Жобого ылайык түзөт жана берет. 

5. Жобонун ченемдери жоюу жана банкроттук процесси жүргүзүлүп жаткан төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына таркатылбайт. 

6. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетунда финансылык абалы түзүмү боюнча сунушталат жана отчеттук мезгил аралыгында төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган финансылык иш натыйжалары чагылдырылат. 

7. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетунда алардын финансылык абалы, финансылык иш натыйжалары объективдүү чагылдырылууга жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) шайкеш келүүгө тийиш. 

8. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат: 

- алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы, финансылык иш жыйынтыктары, активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери, чыгашалары, пайдалары жана чыгымдары тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында ресурстарды тескөө жыйынтыгы тууралуу маалыматты сунуштоо. 

Бул максатка жетүү үчүн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетунда төмөнкү көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берилүүгө тийиш:  

а) активдер;  

б) милдеттенмелер;  

в) өздүк капитал;  

г) кирешелер жана чыгашалар, анын ичинде пайда жана чыгым;  

д) ээлеринин салымдары жана каражаттарды ээлерине бөлүштүрүү;  

е) акча каражаттарынын агымы. 

9. Финансылык отчеттордун пайдалануучуларынан болуп кызыкдар жактар, анын ичинде мамлекеттик органдар, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ээлик кылуучулары (акционерлер/катышуучулар), тышкы аудиторлор, инвесторлор, кредиторлор, кардарлар, Улуттук банк жана башкалар саналат. 

10. Финансылык отчет төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатына ылайык түзүлөт. 

11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги белгиленген мөөнөттөрдө төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетунун өз убагында жана талаптагыдай жарыяланышын жана Улуттук банкка берилишин камсыз кылууга тийиш. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчетту берүү, анык эмес маалыматты берүү, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабастан отчетторду жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн бузууга жол берген учурда, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат.  

 

2-глава. Жылдык финансылык отчетко жана анын компоненттерине карата жалпы талаптар 

12. ФОЭСтин (IAS) “Финансылык отчеттуулукту сунуштоо” 1-стандартына ылайык төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жылдык финансылык отчету төмөнкү компоненттерден турат: 

1) мезгил аяктаган датага карата финансылык абал жөнүндө отчет (бухгалтердик баланс); 

2) мезгил ичинде пайда же чыгым жана башка жыйынды кирешелер жөнүндө отчет; 

3) мезгил ичинде акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

4) мезгил ичинде өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

5) эсепке алуу саясатынын маанилүү жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтардан турган финансылык отчеттуулукка эскертүүлөр; 

6) мурунку мезгил үчүн салыштырмалуу маалымат; 

7) эң алгачкы салыштыруу үчүн алынган мезгилдин эң эле баштапкы абалы боюнча финансылык абал жөнүндө отчет, эгерде төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдар:  

- эсепке алуу саясатынын кайсы бир жобосун ретроспективдүү колдонсо, өзүнүн финансылык отчетундагы статьяларды ретроспективдүү түзсө, же өзүнүн финансылык отчетундагы статьяларды кайра классификацияласа; 

- көрсөтүлгөн ретроспективдүү колдонуу, ретроспективдүү оңдоо же кайра классификациялоо мурунку мезгилдин башталышына карата финансылык абал жөнүндө отчеттогу маалыматка олуттуу таасир тийгизсе. 

13. Финансылык отчетту сунуштоодо жана жарыялоодо отчеттун ар бир компоненти башка маалыматтын ичинен бөлүнүп көрсөтүлүүгө тийиш. Берилген маалыматты туура түшүнүү үчүн финансылык отчетто төмөнкү маалыматтар чагылдырылышы керек: 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун толук аталышы жана башка идентификациялык белгилери; 

- берилген финансылык отчеттуулук төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жеке отчеттуулугун же уюмдар тобунун консолидацияланган отчеттуулугун камтыйбы; 

- отчеттук мезгил аяктаган дата же ушул финансылык отчеттордун же эскертүүлөрдүн топтому камтылган мезгил; 

- финансылык отчетто суммаларды берүүдө валюта жана өлчөө бирдиги (тегеректөө даражасы). 

14. Финансылык отчеттуулукту түзүүдө төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өз ишин улантуу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын жоюу же ишин токтотуу болжолдонгондон башка учурларда, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчеттуулукту иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө божомолдун негизинде түзүүгө милдеттүү. Эгерде жетекчилик пикир түзүү процессинде төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өз ишин келечекте жүзөгө ашырууга жөндөмдүүлүгүнө олуттуу шек келтириши мүмкүн болгон окуяларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздиктер жөнүндө кабардар болсо, бул белгисиздиктер финансылык отчетто (компоненттерде) чечмелеп көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчеттуулук иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө божомолдун негизинде түзүлбөсө, анда бул факт отчет түзүлгөн негиз жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эмне үчүн үзгүлтүксүз колдонулбагандыгынын себеби сыяктуу эле чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш. 

15. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүүнү эске албаганда, финансылык отчеттуулукту чегерүү методун пайдалануу менен түзүүгө тийиш. 

16. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан жылдык финансылык отчет берүү мезгил аралыгы катары календарлык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн алгачкы отчет берүү жылы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

1-октябрдан кийин түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн алгачкы отчет берүү жылы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

17. Өзгөчө учурларда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын отчет берүү мезгил аралыгы өзгөргөндүктөн финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган учурда, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:  

- отчеттук мезгилден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгил аралыгын алуу себебин;  

- финансылык отчетто көрсөтүлгөн суммалардын дал келбей калуу фактысы.  

18. Статьялардын ар бир олуттуу классы финансылык отчетто өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары статьялар маанилүү эмес болуп эсептелгенден башка учурларда, мүнөзү же багыты боюнча айырмаланган статьяларды өзүнчө берүүгө милдеттүү. Финансылык отчеттордо өзүнчө берүү үчүн анчалык деле маанилүү болбогон статья финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө ачып берилет. 

Финансылык отчет түзүү максатында статьялардын маанилүүлүгүн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан өз алдынча төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатында аныкталат жана финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмеленет.  

19. Финансылык отчеттун мазмуну жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ырааттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат. 

20. Финансылык отчетто статьялардын классификациясы жана чечмелениши төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш: 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иш мүнөзүнүн же эсепке алуу саясатынын олуттуу өзгөрүүсүнөн улам, тандоо критерийлерин жана эсепке алуу саясатынын колдонулушун эске алуу менен маалыматты башкача берүү же башка классификациялоо кыйла ылайыктуу болот; 

- ФОЭСөзгөрсө

21. Эгерде ФОЭСке ылайык башкага уруксат берилбесе, же талап кылынбаса, финансылык отчеттун ар бир көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү чагылдырылууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалыматта өтүп жаткан мезгил үчүн финансылык отчетту түшүнүү үчүн ылайыктуу болгон баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

22. Эгерде финансылык отчетто статьялардын берилиши же классификациясы өзгөртүлсө, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш (эгерде бул дээрлик мүмкүн болбосо). 

Мындан тышкары, кайра классификацияланган ар бир статьянын же ошол статьялардын классынын мүнөзү, суммасы, ошондой эле кайра классификациялоо себеби чечмеленип берилүүгө тийиш. Эгерде, салыштырма суммаларды кайра классификациялоо дээрлик мүмкүн болбосо, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тиешелүү суммалар кайра классификацияланбай калгандыгынын себебин жана суммалар кайра классификацияланган учурда жүргүзүлүүчү корректировкалардын мүнөзүн көрсөтүүсү зарыл. 

23. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ассоциацияланган жана биргелешкен (көз каранды жана байланышкан) компанияларына инвестициялар, алар сатуу үчүн кармалуучу катары классификацияланган же ФОЭСке ылайык бул методун колдонуу зарылдыгынан бошотулган учурлардан тышкары, үлүштүк катышуу методунда чагылдырылат. 

24. Финансылык отчетко төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси кол коёт, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 

25. Отчеттуулук түзүлгөн күнгө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда жана финансылык отчеттуулуктун формаларында «нөл» деген сандык маани көрсөтүлөт. 

26. Эгерде, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш.  

27. Финансылык отчеттогу каталарды оңдоолор, ушул Жобонун жетекчисинин кол тамгасы жана оңдоо киргизилген датасын жана себебин көрсөтүү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун мөөрү менен тастыкталат.  

28. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун финансылык отчетуна оңдоолор киргизилген учурда, корректировкаланган финансылык отчет корректировканын таасирин жана себебин чагылдырган коштомо кат менен бирге берилиши керек. 

 

3-глава. Финансылык отчет берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү  

29. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жылдык финансылык отчету, анын ичинде финансылык отчеттуулукка карата бардык компоненттер эскертүүлөр бекитилгенден кийин Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен электрондук форматта (документтин сканерден өткөрүлгөн PDF версиясы, ошондой эле Excel форматында), кагаз жүзүндө кошумча жөнөтүү менен берилет. 

30. Зарыл учурда жана/же кандайдыр бир карама-каршылыктар, каталар, отчеттордун бланктары толук берилбеген же туура эмес толтурулган учурда, Улуттук банк берилген отчеттордон келип чыккан кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Эгерде суроо-талапта башка мөөнөт каралбаса, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары талап кылынган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

31. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун (мындан ары Жөнгө салуу жөнүндө жобо) 91-пунктунун талаптарына туура келген, ошондой эле ири жана орто ишкердик субъекттери болуп саналбаган төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдар, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамына ылайык, жылдык финансылык отчет менен бирге 2 жылда бир жолу аудитордук корутундунун көчүрмөсүн сунуштайт. 

Көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн датадан тартып 2 (эки) жыл катары менен аныкталат. 

32. Жөнгө салуу жөнүндө жобонун 91-пунктунун талаптарына туура келбеген төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле ири жана орто ишкердик субъекттери болуп саналбаган төлөм уюмдары, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамына ылайык, 3 жылда бир жолу жылдык финансылык отчет менен бирге аудитордук корутундунун көчүрмөсүн сунуштайт. 

Көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 (үч) жылды эсептөө менен аныкталат. 

33. Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамына ылайык акционердик коом түрүндө түзүлгөн Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын, ошондой эле ири ишкердик субъектилер болуп саналган Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчеттуулугу жана аудитордук отчету; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын расмий интернет-ресурсунда (веб-сайтында) жарыяланат жана беш жыл бою жалпыга жеткиликтүү болот. 

34. Кошумча, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамына ылайык ири жана орто ишкердик субъекттери болуп саналган төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жылдык финансылык отчет менен бирге жыл сайын Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук корутундунун көчүрмөсүн берет, ошондой эле финансылык отчетту/консолидацияланган финансылык отчетту жана аудитордук корутундуну отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Ачык депозитарийге (ыйгарым укуктуу органга) электрондук түрдө сунуштайт. 

4-глава. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

35. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары чейрек сайын Улуттук банкка финансылык отчетту отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинен) кечиктирбестен электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн PDF версиясы, ошондой эле Excel форматында) сунушталат, анын кагаз жүзүндөгү версиясы кошумча жөнөтүлөт. 

Зарыл учурда жана/же кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, отчеттордун бланктары толук берилбесе, же туура эмес толтурулса, Улуттук банк берилген отчеттордон келип чыккан кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Эгерде суроо-талапта башка мөөнөт каралбаса, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары суралган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

36. Чейректик финансылык отчет төмөнкүдөй толук отчеттордон турат:  

- отчеттук мезгилдин акырына карата жана отчеттук жылга чейинки финансылык жылдын ушул эле мезгили үчүн жана мурунку отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө;  

- учурдагы мезгил үчүн, өткөн жылдын ушул эле мезгили үчүн жана отчеттук мезгилден мурунку финансылык жыл үчүн чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө;  

- учурдагы мезгил үчүн, өткөн жылдын ушул мезгилине жана отчеттук мезгилден мурдагы финансылык жыл үчүн акча каражаттарынын жылышы жөнүндө

- отчеттук мезгилдин акырына карата жана отчеттук жылга чейинки финансылык жылдын ушул мезгилине карата жана мурунку отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча өздүк капиталындагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

- отчеттук чейректе орун алган төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык-чарбалык ишине тиешелүү олуттуу фактылар жөнүндө маалыматтардан турган финансылык отчеттуулукка эскертүүлөр.  

37. Эгерде чейрек ичинде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалына олуттуу таасир тийгизген же таасир этиши мүмкүн болгон операциялар болсо, анда төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары бул окуяларды чечмелеп көрсөтүүсү зарыл. 

5-глава. Консолидацияланган финансылык отчет 

38. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ушул жобонун 8-пунктунда баяндалгандан тышкары консолидацияланган финансылык отчетунун максаты төмөнкүлөр: 

- уюмдардын тобунун иш натыйжаларын жана алардын башка юридикалык жактардын капиталына салымдарын, ушул юридикалык жактар менен операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматты сунуштоо;  

- уюмдар тобунун катышуучуларынын операцияларын жана бүтүмдөрүн, уюмдар тобунун тобокелдиктери тууралуу маалыматты сунуштоо. 

39. Консолидацияланган финансылык отчетто анын бардык туунду жана караштуу компанияларынын финансылык отчету камтылууга тийиш. Мында, топтун катышуучулары башкы компания тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.  

40. Топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин, чыгашалардын жана акча каражаттар агымынын ушул сыяктуу статьяларын кошуу аркылуу башкы жана туунду компаниялардын финансылык отчетун кошуу аркылуу консолидациялайт. 

41. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматты ачып берүү зарыл:  

- башкы компанияга добуш берүүчү акциялардын 50%дан көбү тике же кыйыр түрдө, туунду компания аркылуу таандык болбогон башкы жана туунду компаниялар ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү

- объекттин добуш берүүчү акцияларынын 50%дан көбүнө туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө үлүшкө ээ болуу менен аларды контролдоого мүмкүндүк бербеген себептер;  

- эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетун даярдоодо пайдаланылган отчеттук күн же финансылык отчеттуулук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттуулук мезгилинен айырмаланса:   

а) туунду компаниянын финансылык отчетунун отчеттук датасын;   

б) башка отчеттук дата же мезгил пайдаланылган себеп;   

- туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрдө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү, же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын;  

- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны;  

- туунду компанияга контролдукту жоготкон шартта, башкы компания ФОЭСке ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды (эгерде булар болсо), анын ичинде төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш:  

а) мурдагы туунду компанияда сакталган инвестицияларга контролдукту жоготкон датага карата адилеттүү наркы боюнча таанууга туура келген кирешелердин же чыгашалардын бөлүгү;  

б) курамында киреше же чыгаша таанылган (эгерде ал жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө берилбесе) жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статьяны (статьяларды).  

42. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчетунда уюмдар тобу тууралуу финансылык маалымат бирдиктүү экономикалык уюм катары сунушталышы үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл:  

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниянын капиталындагы үлүшүн алып салуу;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгымга катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоону;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын аларда катышуусунун үлүшүнөн өзүнчө аныктоону. Таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

- бизнести биринчи бириктирүү күнүнө карата катышуунун контролдукка алынбаган үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

- бизнести бириктирген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшүн). 

43. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө топ ичиндеги активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар жана уюмдар тобунун ичиндеги акча агымдары толугу менен алынып салынууга тийиш. 

44. Туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон төмөнкү негиздерге байланыштуу алып салуу мүмкүн эмес:  

- туунду компаниянын иши уюмдар тобунун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланса;  

- инвесторлор катары тобокелдик капиталына, өз ара фондго, трастка же ушул сыяктуу түзүмгө ээ уюм иш алып барса.  

45. Башкы компания менен туунду компаниянын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү ушул байланышкан тараптардын ортосунда операциялар жүзөгө ашырылдыбы же жокпу, ага карабастан, милдеттүү түрдө финансылык отчетто чечмелеп көрсөтүлүүгө тийиш.  

46. Эгерде уюмдар тобунун катышуучусу ушул сыяктуу операцияларга жана ушул сыяктуу шарттардагы окуяларга карата уюмдар тобунун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатынан айырмаланган эсепке алуу саясатын колдонсо, анда консолидацияланган финансылык отчетун даярдоо процессинде анын финансылык отчету тийиштүү түрдө өзгөртүлөт.  

Эгерде башкы жана туунду компаниялардын отчеттук даталары дал келбесе, анда туунду компания консолидациялоо максатында башкы компаниянын отчеттук мезгили аяктаган датага карата кошумча финансылык отчет даярдайт.  

47. Консолидацияланган финансылык отчетто уюмдар тобунун финансылык абалы жөнүндө маалыматтардын туура жана анык чагылдырылышы уюмдар тобунун башкы компаниясынын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан күбөлөндүрүлөт. 

48. Уюмдар тобунун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык берилет. Уюмдар тобунун чейректик финансылык отчету ушул Жобонун 35-пунктуна ылайык Улуттук банкка берилет. 

6-глава. Финансылык абал жөнүндө отчет  

49. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана пассивдер алардын салыштырмалуу ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте, мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн кемүү деңгээли же төлөө мөөнөтү боюнча).  

50. Активдин статьясы финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилишүүгө же тескерисинче, аткарылышы ФОЭС тарабынан талап кылынган же уруксат берилген учурлардан тышкары, эскертүүлөрдөгү бул фактылар ачып көрсөтүлүүгө тийиш эмес.  

51. Акционердик коом формасында түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык абал жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтарды чечмелеп көрсөтүүгө тийиш:  

а) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн:  

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны;  

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны;  

- акциялардын номиналдык наркы, же номиналдык наркка ээ болбогон акцияларды көрсөтүү;  

- мезгилдин башына жана аягына карата жүгүртүүдөгү акциялардын санын салыштырып текшерүү;  

- тиешелүү класс үчүн каралган укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө жана капиталды кайтарууга карата чектөөлөр;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары же алардын туунду же ассоциацияланган уюмдары тарабынан кармалып туруучу акциялары;  

- опциондорду жана акцияларды сатуу келишимдерин аткаруу максатында чыгаруу үчүн резервге коюлган акциялар, анын ичинде чыгаруу шарттары жана суммалары;  

б) өздүк капиталдын алкагында ар бир резервдин мүнөзүн жана максаттарын сүрөттөө.  

52. Жоопкерчилиги чектелген коом (мындан ары ЖЧК) формасында түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдар 51-пунктка ылайык талап кылынган эквиваленттүү маалыматты өздүк капиталдагы үлүштүк катышуунун ар бир категориясы боюнча мезгил ичиндеги өзгөрүүлөрдү көрсөтүү менен, ошондой эле капиталдагы үлүштөрдүн ар бир категориясы үчүн каралган укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды чечмелеп көрсөтүүгө тийиш. 

53. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата эскертүүлөрдө ошол төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын маалыматтарынын операцияларына ылайык классификацияланган берилген статьяларда камтылган андан аркы чакан класстардын ар бири чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш.  

54. “Финансылык абал жөнүндө отчеттун” формасынын аталышы төмөнкүчө берилүүгө тийиш: “20__-жылдын "___" ___________ (кошо алганда) карата финансылык абал жөнүндө отчет”. Мында отчет даярдалып жаткан отчеттук дата көрсөтүлүүгө тийиш. 

7-глава. Пайда же чыгым жана башка жыйынды киреше жөнүндө отчет 

55. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары кирешелердин жана чыгашалардын бардык статьяларын көрсөтүүгө милдеттүү, же болбосо:  

а) жыйынды киреше жөнүндө бир отчетто (бириктирилген отчет); же болбосо  

б) эки башка отчеттордо:  

- пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетто (өзүндө пайда жана чыгым компоненттерин камтыйт);  

- пайда жана чыгым көрсөткүчүнөн башталып, башка жыйынды кирешенин компоненттерин камтыган жыйынды киреше жөнүндө отчетто.  

Эгерде отчет экинчи ыкманы колдонуу менен берилсе (өзүнчө отчеттордо берүү), пайда жана чыгым жөнүндө отчет жыйынды киреше жөнүндө отчетко чейин дароо берилиши керек.  

56. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн келип чыккан кирешелер жана чыгашалар жыйынды кирешелер жөнүндө отчетто алардын мүнөзү боюнча топтолуп, кирешелер менен чыгашалардын негизги түрлөрү көрсөтүлүүгө тийиш.  

57. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жыйынды киреше жөнүндө отчетто бир мезгил ичиндеги пайданы же чыгымды бөлүштүрүүгө тиешелүү пункттарды милдеттүү түрдө ачык көрсөтүүгө тийиш:  

а) төмөнкүлөргө тиешелүү бир мезгил ичиндеги пайда же чыгым:  

- контролдонбогон катышуу үлүшү;  

- башкы компаниянын ээлери;  

б) төмөнкүлөргө тиешелүү бир мезгил үчүн суммардык жыйынды киреше:  

- контролдонбогон катышуу үлүшү;  

- башкы компаниянын ээлери.  

58. Төмөнкү учурларды кошпогондо, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

а) ФОЭС тарабынан талап кылынса же жол берилсе, же 

б) эгерде ушул эле же ушул сыяктуу окуялардан келип чыккан кирешелер, чыгымдар жана ага байланыштуу чыгашалар олуттуу болбосо.  

59. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары кирешелердин жана чыгашалардын кандайдыр бир статьяларын өзгөчө учур катары, кирешелер же чыгашалар жана башка жалпы кирешелер жөнүндө маалыматтар берилген отчетто же отчеттордо да, түшүндүрмөлөрдө да көрсөтө албайт. 

60. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдар башка чогуу алгандагы кирешелердин ар бир компоненти боюнча пайдага салыктын өлчөмүн, анын ичинде кайра классификациялоо боюнча түзөтүүлөрдү чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө чечмелеп көрсөтүүгө тийиш.  

Башка жыйынды кирешелердин компоненттерине тиешелүү кайра классификациялоо боюнча түзөтүүлөр да милдеттүү түрдө чечмелеп көрсөтүлүүгө тийиш.  

61. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жыйынды кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө кирешелердин мүнөзүнө негизделген классификацияны пайдалануу менен кирешелердин талдоосун берүүгө тийиш.  

62. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жыйынды кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө чыгымдардын мүнөзүнө же төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ичинде алардын дайындалышына негизделген классификацияны пайдалануу менен пайдада же чыгымда таанылган чыгашалардын анализин кайсы сунуш ишенимдүү болуп эсептелгенине жана кыйла маанилүү маалымат берилгендигине жараша берүүгө тийиш. Мындай анализ эки методдун бирин колдонуу менен берилет:  

- чыгашалар мүнөзү боюнча;  

- чыгашалар багыты боюнча же сатуунун өздүк наркы боюнча.  

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясына кеткен чыгымдарды жана кызматкерлерге сый акыларга кеткен чыгымдарды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү жөнүндө кошумча маалыматтарды чечмелеп көрсөтүүгө милдеттүү

63. Башка жыйынды кирешелер жөнүндө өзүнчө отчетто да бир мезгил ичиндеги жалпы кирешелердин талдоосу көрсөтүлүшү керек:  

1) контролдонбогон катышуу үлүшү;  

2) башкы компаниянын ээлери;  

64. Акционердик коом формасында түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жыйынды кирешелер жөнүндө отчетто же финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө финансылык отчетто камтылган мезгил ичинде жарыяланган же сунушталган акцияга дивиденддердин суммасы көрсөтүлүүгө тийиш.  

65. «Жыйынды киреше жөнүндө отчет» формасынын аталышы төмөнкүчө көрсөтүлүүгө тийиш: “20__-жылдын ___- ___________ (кошо алганда) карата жыйынды киреше жөнүндө отчет”. Мында чейректин, жылдын акырына карата дата көрсөтүлүүгө тийиш. 

8-глава. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

66. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары отчеттук мезгилдеги акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматтарды, аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишмердүүлүк боюнча классификациялоо менен көрсөтүүгө тийиш. 

67. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары акча каражаттарынын жана акча каражаттарынын эквиваленттеринин курамын аныктап, аны финансылык отчетто чечмелеп көрсөтүүгө тийиш.  

Мындан тышкары, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырып текшерүүнү берүүгө тийиш. 

68. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн төмөнкүлөргө алып келүүчү операциялардын түрлөрүн аныктоосу зарыл:  

- операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышы;  

- инвестициялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышы;  

- финансылык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышы.  

69. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төлөмдөрдү талап кылбаган же акча каражаттарынын же накталай акчага теңештирилген каражаттардын түшүүсүнө алып келбеген операциялар жана башка суммалар көрсөтүлүшү керек (мисалы, акционерлерге бөлүштүрүү же төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын акцияларынын үлүшүнүн ордуна активдерди сатып алуу үчүн каралган дивиденддер).  

70. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тике же кыйыр ыкманы колдонуу менен операциялык иштен акча каражаттарынын жылышын көрсөтө алат.  

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына акча каражаттарынын келечектеги агымдарын баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыз кылган метод катары Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту берүү үчүн түз методду колдонуу сунушталат.  

71. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына операциялык, инвестициялык же финансылык иштен акча каражаттарынын жылышын ФОЭСтин «Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет» деген 7-стандартында каралгандай нетто-метод боюнча отчетто же дүң акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр түрүндө көрсөтүү сунушталат. 

72. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төмөнкүлөргө байланыштуу акча каражаттарынын жылышы өзүнчө чагылдырылышы керек: 

а) төлөнгөн же алынган пайыздар жана дивиденддер; 

б) пайда салыгы менен байланыштуу түшүүлөр; 

в) туунду, ассоциацияланган жана биргелешкен компанияларга инвестициялар; 

г) туунду компанияларды сатып алуу жана сатуу. 

Ар бир мындай түшүү же төлөм ФОЭСтин «Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет» деген 7-стандартынын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш. 

73. Инвестициялык жана финансылык операциялар, аларды жүзөгө ашырууда акча каражаттары жана алардын эквиваленттери талап кылбаса, финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө мындай инвестициялык же финансылык иш жөнүндө бардык тиешелүү маалыматтарды камтыган түрдө берилүүгө тийиш.  

74. “Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет” формасынын аталышы төмөнкүчө берилүүгө тийиш: «20__-жылдын ___- ___________ (кошо алганда) карата акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет». Мында чейректин, жылдын акырына карата дата көрсөтүлүүгө тийиш. 

9-глава. Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

75. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары туунду компанияга ээ/ээ эместигине жараша ар бир пункт боюнча анда төмөнкү маалымат чечмеленип көрсөтүлгөн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет берилүүгө тийиш: 

1) башкы уюмдун ээлик кылуучуларына жана контролдобогон катышуу үлүшүнө кирген жыйынтык суммаларды өзүнчө көрсөтүү менен бир мезгил ичиндеги жалпы жыйынды киреше; 

2) өздүк капиталдын ар бир компоненти боюнча ФОЭСтин (IAS) «Эсепке алуу саясаты, бухгалтердик баа берүүдөгү өзгөрүүлөр жана каталар» деген 8-стандартына ылайык таанылган ретроспективдүү колдонуу же ретроспективдүү оңдоо таасири; 

3) өздүк капиталдын ар бир компоненти боюнча - мезгилдин башталышына жана мезгилдин акырына карата баланстык наркты салыштырып текшерүү, мында төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыккан өзгөрүүлөрдү эң аз дегенде өзүнчө чечмелеп көрсөтүү зарыл: 

- пайда же чыгым; 

- башка жыйынды киреше; 

- ээлик кылуучулар катары иш алып баргандар менен операциялар, мында ээлик кылуучулардын салымдарын жана ээлик кылуучуларга бөлүштүрүүнү, ошондой эле туунду компанияларда контролду жоготууга алып келбеген ээлик кылуу үлүшүнүн өзгөрүүлөрүн өзүнчө көрсөтүү менен

76. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же эскертүүлөрүндө төмөнкүлөрдү чечмелеп көрсөтүүгө тийиш: 

- башка жыйынды кирешени статьялар боюнча талдоолор; 

- бир мезгил ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүү катары таанылган дивиденддердин суммасы, ошондой эле бир акцияга карата дивиденддердин тиешелүү суммасы; 

- бир мезгилдин башталышына жана отчеттук датага топтолгон пайданын же чыгымдын сальдосу жана бир мезгил ичиндеги өзгөрүү

- капиталдын курамында ар бир капиталдын резервинин мүнөзүн жана багытын көрсөтүү

10-глава. Финансылык отчеттуулукка эскертүүлөр 

77. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчеттуулугуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

1) төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн тандап алган жана колдонгон финансылык отчеттуулукту түзүү принциптери жана белгилүү бир эсепке алуу саясаты жөнүндө маалымат берүүгө

2) финансылык отчеттордун биринде да көрсөтүлбөгөн, ФОЭС талап кылган маалыматты чечмелеп көрсөтүүгө

3) финансылык отчеттуулуктун өзүндө көрсөтүлбөгөн, бирок берилген отчеттун түрлөрүнүн кайсынысы болбосун түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтын чечмеленишин камсыз кылууга. 

78. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдү колдонуучулар финансылык отчетту түшүнүүсүнө жана башка төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчеттору менен салыштырууга мүмкүндүк берген тартипте сунуштайт, анын ичинде: 

1) колдонулган эсептик саясаттын олуттуу аспектилеринин кыскача баяндалышы; 

2) финансылык абал жөнүндө отчетто, пайда жана чыгым жөнүндө отчетто (эгерде бар болсо), жыйынды кирешелер жөнүндө отчетто берилген статьялар боюнча кошумча маалыматты тиешелүү отчеттор жана ошол отчеттордогу линияларда көрсөтүлгөн статьялар түзүлгөн тартипте;  

3) маалыматты башкача чечмелөөлөр, анын ичинде төмөнкү маалыматты чечмелеп берүүлөр: 

- шарттуу милдеттенмелер; 

- пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча бааланган финансылык активдер жана милдеттенмелер; 

- амортизацияланган нарк боюнча бааланган финансылык милдеттенмелер; 

- дебитордук карыздар; 

- дебитордук карыздар боюнча жоготуулар; 

- «байланыштуу» тараптар менен операциялар; 

- финансылык эмес маалымат; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар. 

79. Акционердик коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары акционердик капиталдын ар бир классы боюнча төмөнкүлөрдү чечмелеп көрсөтүүгө тийиш: 

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны; 

- чыгарылган жана толук төлөнгөн акциялардын саны, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны; 

- акциянын номиналдык наркы же акциялардын номиналдык наркы жок экендигинин белгиси; 

- бир мезгилдин башталышында жана аяктаган күнү жүгүртүүдөгү акциялардын санын салыштырып текшерүү

- ушул класс үчүн каралган укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө жана капиталды кайтарууга чектөөлөр; 

- уюмдун өзүнүн же анын туунду же ассоциацияланган компанияларынын карамагында турган уюмдун акциялары; 

- опциондорго жана акцияларды сатуу келишимдерине ылайык чыгаруу үчүн резервге алынган акциялар, анын ичинде чыгаруу шарттары жана суммалар; 

- өздүк капиталдын курамында ар бир резервдин мүнөзүн жана максатын сыпаттоо. 

80. Жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 79-пунктуна ылайык талап кылынган эквиваленттүү маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш, мында өздүк капиталдагы үлүштүк катышуунун ар бир категориясы боюнча бир мезгил ичиндеги өзгөрүүлөрдү, ошондой эле капиталдагы үлүштүн ар бир категориясында каралган укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. 

81. Эгерде төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үлүштүк инструмент катары классификацияланган кайра сатуу укугуна ээ финансылык инструментти же уюмду үчүнчү жакка жоюлган учурда гана ишкананын таза активдеринин пропорционалдуу үлүшүн берүүгө милдеттендирген инструментти кайра классификацияласа, финансылык милдеттенмелер жана өздүк капитал категориялары боюнча, ал бир категориядан экинчисине кайра классификацияланган сумманы (финансылык милдеттенмелер же өздүк капитал) жана аны кайра классификациялоонун мөөнөттөрүн жана негиздерин ачып көрсөтүүгө тийиш. 

82. Кирешелердин же чыгашалардын тигил же бул статьялары олуттуу болгон учурда, уюм алардын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматты өзүнчө чечмелеп көрсөтүүгө милдеттүү

83. Өзүнчө чечмеленип көрсөтүлүүчү кирешелер же чыгашалар статьялары жөнүндө маалыматтарды эскертмелерде чечмелеп көрсөтүү зарыл, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- запастар наркынын бөлүгүн сатууга мүмкүн болгон анык баасына чейин эсептен чыгаруу же негизги каражаттар наркынын бөлүгүн алардын ордун толтуруучу өлчөмүнө чейин эсептен чыгаруу, ошондой эле ушул тартипте эсептен чыгарылган суммаларды калыбына келтирүү

- финансылык активдердин, негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин, кардарлар менен түзүлгөн келишимдер менен шартталган активдердин же башка активдердин баасынын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгымды таануу жана баанын түшүүсүнөн улам чыгым боюнча эсептен чыгарылган суммаларды калыбына келтирүү

- негизги каражаттарды сатып алуу боюнча келечектеги операциялар боюнча келишимдик милдеттенмелер; 

- өткөн мезгилдердеги каталарды оңдоо; 

- уюмдун ишин реструктуризациялоо жана реструктуризациялоого кеткен чыгымдарга карата ар кандай болжолдуу милдеттенмелердин суммасын калыбына келтирүү

- негизги каражат объекттеринин колдонуудан чыгышы; 

- инвестициялардын колдонуудан чыгышы; 

- токтотулган ишмердүүлүк; 

- соттук талаш маселелерди жөнгө салуу; 

- баалануучу милдеттенмелердин суммаларын калыбына келтирүү боюнча башка учурлар. 

84. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ошондой эле төмөнкүлөрдү чечмелеп көрсөтүү зарыл: 

- 1-тиркемеде көрсөтүлгөн схемага ылайык уюмдар тобунун түзүмү жана катышуучуларынын өз ара байланышы жөнүндө маалымат; 

- башкы компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар; 

- ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

- катышуучулардан алынган отчеттордун негизинде башка тобокелдиктердин концентрацияланышы жөнүндө маалымат; 

- сегменттер боюнча маалымат жана тиешелүү сегментти талдоо; 

- компаниялар тобунан чыгып кеткен мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар (компаниянын топтон бөлүнүшү); 

- «байланыштуу» тараптар ​​менен операциялар жөнүндө маалымат; 

- компаниялар тобунун бардык катышуучулары жөнүндө маалымат (ага ар бир туунду жана караштуу компания катышкан бардык туунду жана караштуу компаниялар жөнүндө, анын ичинде аталышы, ээлик кылуу пайызы, ишкердик түрү же түрлөрү жөнүндө); 

- башкы компаниянын менчигинин түзүмү жөнүндө, ошондой эле туунду жана караштуу компаниялардын менчигинин түзүмү боюнча маалыматтар; 

- башкы компаниянын ээлеринин туунду жана караштуу компаниялар менен бардык операциялары, ошондой эле башкы компаниянын ээлеринин туунду жана караштуу компаниялар менен мамилелери жөнүндө маалымат. 

85. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жарыяланган финансылык отчетто эч бир жерде көрсөтүлбөгөн маалыматты кошуп көрсөтүүгө, бирок аны чектебестен чечмелеп көрсөтүүгө тийиш: 

1) төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын туруктуу жайгашкан жери (юридикалык дареги) жана юридикалык формасы (эгерде ал юридикалык дарегинен айырмаланса, башка негизги иш орду) жөнүндө маалымат; 

2) төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларынын өзгөчөлүгүн чагылдыруу; 

3) башкы компаниянын жана топтун акыркы башкы компаниясынын аталышы; 

4) бир мезгилдин акырына карата кызматкерлердин саны жана отчеттук мезгил ичинде кызматкерлердин орточо тизмеленген саны. 

86. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө төмөнкүлөрдү чечмелеп берүүгө тийиш: 

1) финансылык отчеттуулук жарыяланганга чейин сунушталган же жарыяланган, бирок отчеттук мезгилде менчик ээлерине бөлүштүрүү катары таанылбаган дивиденддердин суммасы (акционердик коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары акцияга карата эсептелген тиешелүү сумманы да көрсөтүүгө тийиш); 

2) артыкчылыктуу кумулятивдик акциялар боюнча таанылбаган дивиденддердин суммасы. 

87. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр системалуу түрдө берилиши керек. Финансылык отчеттуулук компоненттеринин ар бир статьясы боюнча финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө тиешелүү маалыматка карата кайчылаш шилтеме келтирилүүгө тийиш. 

88. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдүн эсепке алуу саясаты бөлүгүндө кеминде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

1) финансылык отчеттуулукту түзүү үчүн колдонулган баалоо негизи (негиздери); 

2) финансылык отчетту туура түшүнүү үчүн маанилүү болгон эсепке алуу саясатынын аспектилери. 

Кошумча маалыматты чечмелеп көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөн жана отчеттук мезгилдердин маалыматтарынын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

89. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары колдонулган эсепке алуу саясатынын маанилүү аспектилери менен бирге, жетекчилик ошол уюмдун эсепке алуу саясатын колдонуу процессинде түзүлгөн жана финансылык отчеттуулукта таанылган суммаларга кыйла олуттуу таасирин тийгизген эсептик баалоолорго байланыштуулардан тышкары, ой жүгүртүүлөр жөнүндө маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан келечекке карата жол берүүлөрү, ошондой эле отчеттук мезгилдин акырына карата эсептик баалоого байланыштуу белгисиздиктин башка негизги булактары жөнүндө маалыматты чечмелеп көрсөтүү зарыл, алар өзүндө олуттуу тобокелдикти камтыгандыктан, кийинки финансылык жылга активдердин жана милдеттенмелердин баланстык наркын кыйла корректировкалоо талап кылынышы мүмкүн. Бул активдер жана милдеттенмелер боюнча эскертмелерде отчеттук мезгилдин акырына карата алардын өзгөчөлүктөрү жана алардын баланстык наркы кеңири чагылдырылууга тийиш. 

11-глава. Корутунду жоболор 

90. Финансылык отчеттуулукта көрсөтүлгөн, финансылык отчеттуулуктун, бухгалтердик документтердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтардын тууралыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчисине жүктөлөт. 

91. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарынын башкы бухгалтери финансылык отчеттуулукта бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсептин регистрлеринин жана финансылык отчеттуулуктун туура сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

92. ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жарыяланганда жана күчүнө киргенде, алар төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан ушул Жобого кошумча катары колдонулууга тийиш. 

  

 

  

 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

  

  

  

 

  

Уюмдар тобунун түзүмү жөнүндө маалымат 

 

_____________________________________________________________________________________________ 

(башкы компаниянын аталышы) 

___________________________________________карата абал боюнча_________________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызматы  

Аты-жөнү  

Кол тамгасы  

_________________________ 

___________________________________ 

_____________________________