Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 30-январындагы 

№ 2023-П-07/6-1-(ДКП) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 13, 63 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 13,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2023-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев