Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-6-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына таасир этүү чаралары боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банк» ачык акционердик коомун, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-6-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

таасир этүү чаралары боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «д» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) банктарга, алардын акционерлерине жана БФКУларга карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө;»; 

- 2.1-1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- чейректик негизде инспектордук текшерүүлөрдүн жана тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча банктар/БФКУлар экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле банктарга, БФКУларга, кредиттик бюролорго жана алмашуу бюролоруна карата жөнгө салуучу көзөмөлдөө чараларын колдонуу жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматтарын;  

- жарым жылдык негизде инспектордук текшерүүлөрдүн жана тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча БФКУлар экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү региондордогу областтык башкармалыктарынын көзөмөл бөлүмдөрүнүн начальниктери жана Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директору сунуштаган БФКУларга жана алмашуу бюролоруна карата жөнгө салуучу көзөмөлдөө чараларын колдонуу жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды.»; 

- 2.2-пунктунун: 

«в» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) банктын/БФКУнун ишин, банктын/БФКУнун кызмат адамдарынын иш-аракеттерин/аракеттенбей коюуларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракеттери (аракеттенбей коюулары) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка/БФКУга, анын акционерлерине (катышуучуларына), банктын/БФКУнун кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу;»;  

«к» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«к) Комитет алар боюнча чечим кабыл алган маселелер боюнча тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өткөрүп берүү жөнүндө чечим;».  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат (мындан ары - банк/банктар).»; 

- 1.2-пунктундагы «жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларга» деген сөздөр «депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарга» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- акционерлердин, банктын жана акционерлердин кызыкчылыктарына жооп берген кызмат адамдарынын, алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ кызмат адамдардын, аффилирленген жактардын жана байланыштуу жактардын кызыкчылыктарына туура келген, бирок банктын финансылык абалына же банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына зыян келтире турган аракеттери же аракеттенбей коюулары;»; 

- 3.3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк жетекчилигинин (Директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөлөрү) тез-тез алмашып туруусу (1), ушундан улам Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка талаптарын аткарбай коюу/талаптагыдай аткара албай калууга жол берилип, банк ишин банктык мыйзамдарга жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга банк жетекчилигинин жөндөмсүздүгү орун алып, ишти андан ары улап кетүү мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учурап, ички контролдук системасынын начарлоосу;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо жоюучуга карата квалификациялык жана башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктарды жоюу чараларын ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү белгиленген.»; 

- 9-1-пунктунун: 

алтынчы абзацындагы «182» деген сан «115» дегенге алмаштырылсын; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Административдик чыгашалар үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт, алар Мыйзамдын 116 жана 121-беренелерине ылайык жоюучунун административдик чыгашаларына кирет, ошондой эле жоюучу тарабынан кредиторлордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарынан кезексиз орундатылууга тийиш.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Жоюучу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган учурларда алмаштырылат.»; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Банкты жоюу мөөнөтү 24 (жыйырма төрт) айдан ашпоого тийиш. Зарыл учурда, бул мөөнөт мажбурлап жоюуда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн. 

Өз ыктыярдуу жоюулууда мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн. 

Бул учурда, банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейинки 3 (үч) ай мурда жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылчылыгын шарттаган себептерди жана негиздерди көрсөтүү менен өткөн мезгил үчүн отчетту кошо тиркеп, акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн Улуттук банкка жөнөтөт. Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде өтүнүчтө көрсөтүлгөн банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты кароого алат. Банкты жоюу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз катары жоюу жол-жобосун белгиленген мөөнөт ичинде аяктоого олуттуу тоскоолдуктарды жараткан жана кредиторлордун таламына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон негиздер саналат. Жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн: 

1) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү

2) жоюучунун өтүнүчүнө макулдук берүү, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө узартуу менен; 

3) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө.  

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт. 

Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу үчүн негиз болгон сын-пикирлерди четтетип, кайталап өтүнүч кат сунуштоого же ушул жободо белгиленген тартипте банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко (мажбурлап жоюуда) же болбосо Улуттук банкка (өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда) кайрылууга тийиш. 

Мажбурлап жоюу учурунда жоюучунун өткөн мезгил үчүн отчетун сот тарабынан, ал эми өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда Улуттук банк тарабынан кароого алуусуз жана бекитүүсүз жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын: 

«19-1. Банкты жоюу мезгилинде Улуттук банктын макулдугу менен жоюучунун жүйөлүү арызы боюнча сот жоюу жол-жобосун 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө токтото алат. 

Бул учурда банкты жоюучу банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 (үч) ай мурда Улуттук банкка банкты жоюу жол-жобосун токтотуп туруу зарылдыгын шарттаган негиздерди жана себептерди көрсөтүү менен акыркы отчеттук датага карата жоюлуп жаткан банктын өткөн мезгил үчүн отчетторун тиркеп банкты жоюу жол-жобосун токтотуп туруу жөнүндө өтүнүчтү жөнөтөт. Ошондой эле өтүнүчкө анын ишин улантуу үчүн зарыл болгон чыгашалар, ошондой эле банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу үчүн негиздерди жоюу боюнча жоюучу тарабынан сунушталган чаралар жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш. 

Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу зарылчылыгы жөнүндө өтүнүчтө көрсөтүлгөн маалыматтарды карайт. 

Банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу үчүн негиз катары учурда банкты жоюу боюнча зарыл чараларды көрүүнү улантууга мүмкүндүк бербеген объективдүү себептер болууга тийиш. 

Жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн: 

1) жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү

2) жоюучунун өтүнүчүн канааттандырууга, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө токтото туруу менен; 

3) жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт. 

Улуттук банк жоюу жол-жобосун токтото туруудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө макулдашуудан баш тартууга негиз болгон сын-пикирлерди жокко чыгарууга жана Улуттук банкка кайталап өтүнүч менен кайрылууга же банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко кайрылууга тийиш. 

Эгерде сот жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алса, банкты жоюу мөөнөтү сот тарабынан жоюу жол-жобосун токтото туруу мөөнөтүнө пропорционалдуу түрдө узартылат.»; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Жоюу процесси жүргүзүлүп жаткан банктар жоюу формасына ылайык ушул жободо каралган тартипте жана көлөмдө бухгалтердик, статистикалык отчетторду жана башка отчетторду Улуттук банкка сунуштоого тийиш.»; 

- 21-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк жоюучудан жоюучунун ишине тиешелүү, анын ичинде банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча пландаштырылган жана иш жүзүндө административдик чыгашалар жана алардан четтөө себептери боюнча маалыматты талап кылууга укуктуу.»; 

- 22-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «ссуда» деген сөз «кредиттерди» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган кезекте банктын кредиторлорунун алдын ала талаптарынын тизмеси;»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Жоюу жол-жобосу башталган күнгө карата банктын активдеринин абалы жөнүндө отчетто активдер камсыздалгандыгына жараша «толугу менен камсыздалган», «жарым-жартылай камсыздалган» жана «камсыздалбаган» боюнча, ошондой эле « камсыздоонун башка түрлөрү менен камсыздалган милдеттенмелер» боюнча бөлүштүрүү менен классификацияланат.»; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Жоюу жол-жобосу башталган мезгилге карата банктын финансылык абалы жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө катта төмөнкү маалымат чагылдырылат: 

- активдердин ар бир статьясына карата сатып өткөрүү наркын негиздөө

- күрөө менен камсыздалган, жарым-жартылай камсыздалган жана күрөө менен камсыздалбаган милдеттенмелер, ошондой эле активдердин жана милдеттенмелердин башка камсыздоо түрлөрү боюнча маалыматтарды чечмелөө

- системадан тышкары эсепке алынуучу активдердин наркы жөнүндө маалымат; 

- банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коргоого алынуучу аманаттар боюнча төлөөлөр жөнүндө маалымат.»; 

- 32-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кайра баалоо үчүн негиздер жана баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу фактылары;»; 

- 38-пунктундагы расмий тилде «вне системно» деген сөздөр «внесистемно» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-главасынын расмий тилдеги аталышындагы «ликвидации» деген сөз «ликвидация» дегенге алмаштырылсын; 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банктын өз ыктыярдуу жоюлушу милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган жоюу жөнүндө жалпы талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 43-пунктундагы расмий тилде «2/3» деген сандар «двумя третями» дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктунун: 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) банктын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген ыктыярдуу түрдө жоюулуу планы;»; 

төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: 

«6) мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык тоорук түрлөрү жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү формасы, анын баштапкы сатуу баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу мөөнөттөрү жана формалары тууралуу маалыматтар камтылган активдер (мүлктөр) тизмеги.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Улуттук банк тарабынан лицензия кайтарылып алынгандан жана ыктыярдуу түрдө жоюу башталгандан тартып, жоюучунун корутунду отчетун, банкты жоюу балансын бекитүүнү жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечими кабыл алууну кошпогондо, акционерлердин жалпы жыйынына тиешелүү бардык ыйгарым укуктар банкты жоюучуга өтөт.»;  

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосун ишке ашыруунун жүрүшүндө, банк кредиторлорунун жана башка кызыкдар жактардын укуктарын бузууга жол бербөө максатында, жоюучу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган талаптарды так сактоого милдеттүү.»; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучуга банк акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынган корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим берилүүгө тийиш. Андан кийин жоюучу Улуттук банкка тиешелүү кайрылуу жөнөтөт.»; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Банкты мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негиздер боюнча демилгеленет.»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайтарылып алынгандан кийин Улуттук банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо өтүнүчү менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банкта активдердин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайтарып алуу учуруна карата анда убактылуу администрация режими киргизилген болсо, сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин ал өз ыйгарым укуктарын аткарат.»; 

- 56-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Жоюу планы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 58-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. Улуттук банк Башкармасынын жоюу планын макулдашуу жөнүндө чечим, ал Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына жооп берген шартта жана жоюулуп жаткан банктын кредиторлорунун укуктары камсыздалган учурда кабыл алынат.»; 

- 59-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу сотко корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана банкты жоюу жол-жобосун аяктоо тууралуу өтүнүч менен кайрылат.»; 

- 61-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Соттун корутунду отчетту бекитүү жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу аныктамасы күчүнө киргенден кийинки 15 (он беш) календардык күн ичинде жоюучу банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат, банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгаруу тууралуу жазууларды чагылдыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга соттун чечимин сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.»; 

- 69-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзацы менен толукталсын: 

«Өз ыктыярдыгы боюнча жоюлууда мүлк жоюу планына ылайык сатылат.»; 

- 83-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«83. Жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жоюлуп жаткан банкка карата бардык карыздык милдеттенмелер боюнча кошумча акыларды (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздарды кошуп эсептөө токтотулат.»; 

- 84-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«84. Банкты жоюуда чегерилген кошумча акылар (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздар Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген кезектүүлүккө жараша төлөнүп берилүүгө тийиш.»; 

- 102-пунктунда расмий тилде «Ликвидатор» деген сөз «ликвидатор» дегенге алмаштырылсын; 

- 111-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«111. Ушул жободо белгиленбеген башка учурларда, жоюучу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга таянуу менен иш алып барат.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жободо Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында чагылдырылган аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:»;  

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администратор - банкта/төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда убактылуу администрация режимин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу администратор же убактылуу администрациянын жетекчиси.»; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администрацияны жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү банктын/төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун (филиалдын/туунду компаниянын) башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле убактылуу администратор же убактылуу администрация жетекчиси/мүчөсү Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында жана ушул жободо аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүнчүлүк бербеген банк/төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу башка жактардын аракеттенүүсү же аракеттенбей коюулары.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Убактылуу администрация банкка/төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген негиздер орун алган шартта киргизилет.»; 

- 21-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети төмөнкү учурларда башка убактылуу администраторду дайындоого укуктуу:»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- убактылуу администратордун Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана ушул жобого ылайык жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жок болсо;»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Убактылуу администратор ишин Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынган банктарда, банк эмес финансы-кредит уюмдарда же башка юридикалык жактарда, ошондой эле башка уюмдарда кызмат орундарын ээлөө менен, анын ичинде айкалыштырып иштөөгө жол берилбейт (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштеринен тышкары).»; 

- 30-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм системаларында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системаларында жыйынтыктап эсептешүү эрежелери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосун баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык жөнгө салынат.»; 

- Жобо төмөнкү редакциядагы 46-1-пункт менен толукталсын: 

«46-1. Акционерлердин жалпы жыйыны ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, ал убактылуу администратор тарабынан бекитилет.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Банкка/төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторуна убактылуу администрация режими киргизилген күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө убактылуу администратор банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун учурдагы финансылык абалы жана ишине баа берүү жөнүндө отчетту даярдап, Улуттук банк Башкармасына/Көзөмөл боюнча комитетине/Төлөм системасы боюнча комитетине сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудиторду ишке тартуу менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсү үчүн нарк убактылуу администрация боюнча чыгашаларга кошулат. Убактылуу администратордун отчетунда алар банкты жоюуда, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору банкроттукка учураган шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, милдеттенмелердин жана калган капиталдык ресурстардын толук көлөмү, ошондой эле тиешелүү негиздеме берүү менен төмөнкүдөй сунуш-көрсөтмөлөрдүн бири камтылууга тийиш:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу же четтетилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү;  

- банктын лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюуну баштоо;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу;  

- банкты реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү

- акционерлердин жалпы чогулушунун сунушу менен ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет убактылуу администратордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

- көйгөйлөр четтетилгендигине байланыштуу же четтетилгенден кийин банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун өз алдынча ишин калыбына келтирүү жөнүндө;  

- мыйзам талаптарына ылайык, банктын лицензиясын кайтарып алуу жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө;  

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун лицензиясын кайтарып алуу тууралуу;  

- банкты реструктуризациялоону баштоо сунушун колдоо тууралуу; 

- банктын акционерлеринин жалпы жыйынын сунушу менен ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра катталуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү колдоо тууралуу. 

Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, убактылуу администратор Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде банктын/төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун андан аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин кароосуна сунуштайт.»; 

- 52-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын; 

- 66-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«66. Системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнүп берилген каражаттарды тартуу менен системалуу мааниге ээ банкты кайра капиталдаштыруу, ушул жобонун 64-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин капиталдаштырууга катышуусу жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин системалуу мааниге ээ банктарды кайра капиталдаштыруу боюнча биргелешкен ченемдик укуктук актысына ылайык кабыл алынат.»; 

- 68-пунктундагы «Системалуу» деген сөз «Системалуу мааниге ээ» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 69-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. Убактылуу администратор банктын катышуучуларына (акционерлерине) банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен кайрыла алат.  

Банктын катышуучулары (акционерлери) жана кредиторлору банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн зарыл суммадагы акча каражаттарын капиталдаштыруу жөнүндө сунуш менен убактылуу администраторго кайрыла алышат. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү Улуттук банк менен макулдашуу аркылуу убактылуу администратор тарабынан аныкталат.»;  

- 70-пунктунда «катышуучулары» деген сөздөн кийин «(акционерлери)» деген сөз менен толукталсын; 

- 73-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«73. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банк активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай болбосун көлөмдө жана катышта Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.»; 

- 74-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланат.»; 

- 86-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«86. «Өтмө» банкты уюштуруу тууралуу билдирүү Улуттук банктын лицензиясы берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен расмий жарыяланат.»; 

- 89-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«89. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында жана ушул жободо каралган убактылуу администрация киргизүү натыйжалары «өтмө» банкка карата колдонулбайт.»; 

- 91-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«91. Юридикалык жак катары «өтмө» банк реструктуризацияланган банктын мураскери болуп эсептелбейт жана ал Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана ушул жобого ылайык ага өткөрүп берилген милдеттенмелерди кошпогондо, кайсыл болбосун башка милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартпайт.»; 

- 107-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын эсебинен убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегине төлөө үчүн сарпталган чыгашалар убактылуу администрация ишин токтоткон учурда банк/төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тарабынан, ал эми банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте, кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгүнө ылайык төлөнөт.»; 

- 134-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«134. Убактылуу администрация мөөнөтү Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими менен 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.»; 

- 136-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«136. Убактылуу администрация узартылгандыгы тууралуу билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат.»; 

- 137-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«137. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин убактылуу администрацияны токтотуу жана убактылуу администраторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып убактылуу администрация токтотулат. 

Улуттук банк Башкармасынын убактылуу администрацияны токтотуу тууралуу чечими убактылуу администратордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин убактылуу администрацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:  

1) убактылуу администрацияны киргизүү үчүн негиз болгон себептер четтетилсе;  

2) убактылуу администрация киргизилген мөөнөт аяктаса;  

3) соттун чечими менен жоюучу дайындалса; 

4) банктын ишин өзгөртүү жана микрофинансылык компанияга кайра каттоо боюнча иш-чаралар бүткөн учурда.»; 

- 146-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«146. Убактылуу администрация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланат.»; 

- 2-тиркеменин 1-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болгон башка маалыматтар.»; 

- 7-тиркеменин 11-пунктунун экинчи абзацындагы «административдик» деген сөз алынып салынсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан, «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары банктар) карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат.  

Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу максаты катары банктардын жана банк системасынын туруктуулугун колдоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополиялык ишкердикке тыюу салуу, аманатчылардын, башка керектөөчүлөрдүн жана башка кредиторлордун таламдарын коргоо үчүн ыкчам чара көрүү, кемчиликтерди жөнгө салуу жана четтетүү саналат. Улуттук банк келечекке баа берүүнүн негизинде жөнгө салуу чараларын колдонуу максатында банк ишине байланыштуу тобокелдиктердин келип чыгышын шартташы мүмкүн болгон тобокелдүү ишкердикти жүргүзгөн банкка карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган негизде жана тартипте өз алдынча колдонулат. Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте сыяктуу эле, тандоо аркылуу да жол берилген кемчиликтердин мүнөзүнө, түрүнө жана банктын финансылык абалына жараша колдонулушу мүмкүн. Улуттук банк банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрүн (түрлөрүнүн айкалыштарын) жана тартибин өз алдынча аныктайт.  

Кыргыз Республикасында банк ишин бузуу катары банктардын, алардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келген аракеттери (аракеттенбей коюусу) саналат.»; 

- 2-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын кызмат адамдарынын жана акционерлеринин Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткаруусу;»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Банктарга, алардын акионерлерине жана кызмат адамдарына алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга жол берилбейт.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк иши алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган катары таанылган кайсыл болбосун банкка, анын акционерине жана кызмат адамына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу чарасын да колдонушу мүмкүн.»; 

- 19-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунда же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же талаптарында камтылган талаптар аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн лицензияны кайтарып алууга чейинки кыйла катуулатылган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

- 20-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) убактылуу администрация режимин киргизүү;»; 

- 21-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Жазма буйрук негизги сыяктуу эле, кошумча чара катары да колдонулушу мүмкүн.»;  

- 24-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Айыптык төлөм бул, банк/банктын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берген шартта, ошондой эле Улуттук банктын башка таасир этүү чараларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын акчалай өндүрүү түрүндөгү таасир этүү чарасы.»;  

пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Айыптык төлөм негизги сыяктуу эле, кошумча чара катары да колдонулушу мүмкүн.»; 

- 27-пунктунда расмий тилде «не устранения» деген сөздөр «неустранения» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Мындан тышкары айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык белгилениши мүмкүн.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Жаза чарасын колдонуу тууралуу чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык Улуттук банктын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.»; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Улуттук банк банктан финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.  

Банкта финансылык кыйынчылыктар жана проблемалар орун алган учурларга каралган, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген финансылык абалды чыңдоо планы болууга тийиш. 

Банктын финансылык абалын чыңдоо планы ушул Жобого карата 2-тиркемеде камтылган талаптарга ылайык түзүлөт. План 1 (бир) календардык жылга түзүлөт жана ал сунуштала турган календардык жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Планда банк ишинин туруктуулугун калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.  

Банк финансылык абалды чыңдоо планынын шайкештигине баа берип турууга милдеттүү.»; 

- 36-4-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдер жана талаптар бир нече жолу (12 ай ичинде эки же андан көп) бузууга жол берилсе.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Улуттук банк төмөнкү учурларда банк акционеринин акцияларын Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил аралыгында ал менен байланыштуу болбогон адамдарга сатуу талабын коюшу мүмкүн:  

- эгерде анын негизинде банктын капиталына катышуу үчүн Улуттук банктын уруксаты алынган анык эмес (жалган) маалыматтарды берүү фактылары аныкталса; 

- эгерде жак мыйзамда каралган уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлуучу талаптарга жооп бербей калса.  

Мында, эгерде өтүнүч ээсине мурда акцияларды сатып алууга уруксат берилсе Улуттук банк мындай уруксатын кайтарып алат.  

Банктын уюштуруучусу (акционери) уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлган талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу анын акцияларын сатуу жөнүндө талап коюлган учурда, мыйзамдар талаптарына ылайык, уюштуруучуга (акционерге) акцияларды сатып алууга берилген уруксатты кайтарып алуу менен бирге банктын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын 10 (он) же андан ашык пайызына (биринчи чектүү маанисине) ээлик кылууга Улуттук банк тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. 

- эгерде ал Улуттук банктын уруксатын алганга чейин акцияларга менчик укукту мурастап алса же Улуттук банк менен макулдашуу талап кылынган өлчөмдө аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу сатып алса же болбосо ал адамдарга Улуттук банк тарабынан уруксат берүүдөн баш тартылса;  

- эгерде акционер Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмек жана көлөм боюнча юридикалык ишке киргизүү үчүн акцияларга менчик укугу жөнүндө маалыматты банкка сунуштоодон баш тартса;  

- банктык холдингдик компаниянын курамына кирген банктын капиталында чектүү катышууга уруксат жокко чыгарылса;  

- эгерде банктын олуттуу катышуучулары болуп саналган компаниялардын банктын капиталында чектүү катышууга уруксаты жокко чыгарылса жана аларга карата Улуттук банк тарабынан банкта олуттуу катышууну токтотуу талабы коюлса;  

- эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз жеке адам же юридикалык жак тарабынан сатылып алынса жана мындай жак аны алуу үчүн белгиленген мөөнөттө арыз менен документтерди жөнөтпөсө же мындай жак чектүү катышууга уруксат берүүдөн баш тартса; 

- эгерде банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдукка алынган юридикалык жактарга банкта олуттуу катышуучу болуу укугуна уруксат жокко чыгарылса жана аларга карата Улуттук банк тарабынан банкта олуттуу катышууну токтотуу талабы коюлса.  

Мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде, мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер анык эмес болуп саналат.  

Бузууга жол берген адам Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында ал менен байланыштуу болбогон жакка тиешелүү акциялар топтомун сатууга милдеттүү. Бул талап аткарылбаган учурда Улуттук банк анын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу талабы менен сотко кайрылат.»; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Экономикалык ченемдер жана көрсөткүчтөр, талаптар жана чектөөлөр бузууга жол берилген учурда, ошондой эле банк ишинде начарлоо тенденциясы байкалган шартта, бирок ошол эле учурда банк тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери жана талаптары сакталган болсо, Улуттук банк ал банкка карата жаңы жана/же күчөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.»; 

- 51-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды жана чектөөлөрдү өзгөртүүгө.»; 

- 54-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) эгерде мындай жагдай банктын экономикалык ченемдеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бузулушуна алып келсе;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган башка учурларда.»; 

- 55-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«55. Банк инвестицияларды чектөө талаптарын, анын ичинде кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмгө келишүү, ошондой эле банктын экономикалык, анын ичинде капитал шайкештиги ченемдерин жана көрсөткүчтөрүн сактоосуна таасирин тийгизген башка бүтүмдөргө келишүү боюнча талапты жана чектөөнү бузган шартта, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети инвестициялоого жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар ж.б. боюнча бүтүмдөргө келишүүгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөөгө укуктуу.»; 

- 59-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«59. Эгерде акционер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги фактылары белгилүү болсо жана алар тастыкталса, анын ичинде ушул Жобонун 40-пунктунда каралган учурларда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан ага карата банк ишинде андан ары катышууга чектөөлөрдү белгилөө же тыюу салуу чечими кабыл алынат. Акцияларды кандай болбосун тескөө, анын ичинде аларды сатуу Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылууга тийиш.»; 

- 66-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- убактылуу администрацияны киргизүү.»; 

- 69-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. Банктын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген негиздер боюнча, ошондой эле «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» жана «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берилген учурларда ишке ашырылат.»; 

- 71-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«71. Лицензиянын кайтарылып алынышы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган тартипте жана негиздер боюнча анын жоюлушуна алып келет.»; 

- 1-тиркемеде: 

7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Мыйзамдардын шектүү операцияларды жана/же айкын экономикалык мааниге ээ болбогон операцияларды жана/же террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берүүнү аныктоо жагында талаптарды аткарбаса.»; 

18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө жазма буйруктардын жана Улуттук банк тарабынан колдонулган башка таасир этүү чараларынын аткарылбашы же талаптагыдай аткарылбашы.»;  

- 4-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул тартип уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдар боюнча белгиленген өлчөмдөрдү өз убагында түзүү талаптарын аткарбаган банктарга карата колдонулат, мында бул банктардын капиталы милдеттүү түрдө убактылуу администрация режимин киргизүүнү талап кылган деңгээлде болбоого тийиш. Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлге чейин уставдык же өздүк (жөнгө салуучу) капиталды түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон банк Улуттук банкка ишин өзгөртүү жана кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен микрофинансылык компанияга кайра каттоо же өз ыктыярдуу түрдө жоюулуу өтүнүчү менен кайрыла алат. Банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо же ыктыярдуу түрдө жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленет.».  

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Убактылуу администрация режими киргизилген же жоюу жол-жобосу башталган учурда банктардын айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө»; 

- 1-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пунктунун: 

1-пунктчасындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) эгерде банк тоорук жана/же төлөм системасына акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууга кайтарылгыс тапшырманы банкта убактылуу администрация же жоюу режими башталгандан кийин берсе, убактылуу администратор же жоюучу системанын операторуна банкта убактылуу администрация же жоюу режимин баштоо жөнүндө которуу тапшырмалары кайтарылгыс катары таанылганга чейин эле белгилүү болгондугун далилдей алса, тапшырмалар юридикалык күчкө ээ болбойт жана ал үчүнчү жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш эмес.»; 

- 5-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«убактылуу администратор - банкта убактылуу администрацияны жүргүзүү максатында Улуттук банк тарабынан убактылуу администратор же убактылуу администрациянын жетекчиси катары дайындалган жак;»; 

онунчу абзацындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

жыйырма төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«проблемалуу банк - убактылуу администрация киргизилген же жоюу жол-жобосу колдонулган банк (мындан ары - банк);»; 

- 3-главанын аталышындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Банкка убактылуу администрация режимин киргизүү чечими Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.»; 

- 9-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 10-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 17-пунктунун 1-пунктчасындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Ушул жобонун максаттарында төмөнкүлөр жыйынтык операция болуп эсептелинет: 

1) оператор банкка убактылуу администрация режимин киргизүү жөнүндө билдирме алганга чейин жана киргизилген учурга чейин тоорук жана/же төлөм системасына өткөрүлүп берилген Катышуучунун акча каражаттарын же баалуу кагаздарын, ошондой эле башка катышуучулардын банктын пайдасына акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасын аткаруу. Мындай тапшырмалар кайтарылып алынгыс катары таанылат жана алар доо коюу күчүнө ээ, ошондой эле алар үчүнчү жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Системанын операторлору бүтүмдү жыйынтыктап, жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

2) эгерде картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар убактылуу администрация режими банкка киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, алар кайтарылып алынгыс катары таанылса, банктык төлөм карттар менен эсептешүү системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр. Катышуучу башка катышуучулар менен эсептешүүнү милдеттүү түрдө банктык төлөм карттары менен эсептешүү системасында белгиленген мөөнөттө жүргүзөт; 

3) чекене төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр, анын ичинде алар төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат банкка убактылуу администрация режими киргизилген учурга чейин келип түшкөн Мамлекеттик бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын сунуштаган уюмдардын төлөмдөрү. Мындай төлөмдөр кайтарылып алынгыс болуп таанылат жана алар боюнча эсептешүүлөр банктар аралык төлөм системасынын иш регламентинде белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылат; 

4) эгерде төлөмдөр банкка убактылуу администрация режими киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс катары таанылса, ал эми эсептешүү күнү банкка убактылуу администрация режими киргизилген мезгилге дал келсе, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр. Катышуучу алар боюнча эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзөт. Банкка убактылуу администрация режими киргизилген учурда чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү бул системанын оператору жана банк-корреспонденти менен тиешелүү келишимде белгилениши зарыл; 

5) эгерде мындай бүтүмдөр банкка убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин келишилген болсо, башка катышуучулар менен своп жана репо операциялары, кайра каржылоо операциялары, «активдер менен алмашуу» операциялары боюнча, конверсиялык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча эсептешүүлөр; 

6) электрондук акчаларды колдонуу менен операция банкка убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин ишке ашырылып, алар кайтарылып алынгыс катары таанылса, электрондук акча менен эсептешүү системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр. Катышуучу милдеттүү түрдө башка катышуучулар менен эсептешүүнү электрондук акча менен эсептешүү системасынын эрежелеринде белгиленген мөөнөт ичинде жүзөгө ашырат; 

7) ушул жобонун талаптарына ылайык ишке ашырылган башка банктар аралык операциялар боюнча эсептешүүлөр.»; 

5-главанын аталышындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 20-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде, убактылуу администрация режими киргизилген учурда, банктын репо жана своп-операциялары, Улуттук банк алдындагы улуттук валютадагы депозиттик операциялары боюнча милдеттенмелерин төлөө мөөнөтү келип жетсе, эгерде Улуттук банктын чечиминде же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечиминде башкасы белгиленбесе, анда мындай милдеттенмелер түзүлгөн келишимдерге (же ага теңдештирилген башка документтерге) ылайык толук көлөмдө аткарылууга тийиш.»;  

- 21-пунктунун биринчи абзацындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 23-пунктундагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Эгерде банкноттор менен операцияларды жүргүзүү учурунда, проблемалуу банк чет өлкө банкы үчүн «лоро» эсебин ачып, ошол эсепке чегерүү үчүн нак акча каражаттарын алууга үлгүргөн болсо, убактылуу администратор төмөнкү шарттарды сактоо менен операцияларды токтотууга жана каражаттарды банк-корреспондентке кайтарып берүүгө укуктуу: 

1) нак акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, банкка убактылуу администрация режими киргизилгенге чейин каражаттар чегерилбесе; 

2) ушул жобонун 9-пунктуна ылайык Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон болсо; 

3) банк-корреспондент, акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, ошол бүтүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса жана 1 жумуш күнү ичинде бардык уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде тиешелүү чыгашаларды төлөө, проблемалуу банктын имаратынан акча каражаттарын кайтара алып кетүүгө жана транспортировкалоого милдеттенсе. 

Жогоруда белгиленген шарттар аткарылбаган учурда убактылуу администратор каражаттарды банктын «лоро» эсебине чегерүүгө укуктуу.»; 

- 6-главанын аталышындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пунктунда расмий тилде «Временной администрации» деген сөздөр «временной администрации» дегенге алмаштырылсын; 

- 28-пунктунда расмий тилде «Временной администрации» деген сөздөр «временной администрации» дегенге алмаштырылсын; 

- 29, 30, 31-пункттарындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 32, 33-пункттарында расмий тилде «Временной администрации» деген сөздөр «временной администрации» дегенге алмаштырылсын; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Банктын убактылуу администратору проблемалуу банктын мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылган кардарларына банкка убактылуу администрация режими киргизилгендиги жана алардын мамлекеттик баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп берүү укугу жөнүндө убактылуу администрация режими киргизилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуунун эсебинен акча каражаттарын башка банктан алуу ниетин билдирсе, анда ал мамлекеттик баалуу кагаздар өткөрүлүп бериле турган банктын аталышын жана башка банкка которулуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен аларды башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарлары - мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын тизмесин аныктоо жана алардан арыздарды кабыл алуу жоопкерчилиги банктын убактылуу администраторуна жүктөлөт.»; 

- 35-пунктунун биринчи абзацындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 37-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Убактылуу администратор» деген сөздөр «убактылуу администратор» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-главанын аталышындагы «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Банк бажы кызматы жана/же салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле коммуналдык жана байланыш кызматтарын сунушташкан уюмдар менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү Улуттук банктын чечиминин негизинде жүргүзүшү мүмкүн.»; 

- 46-пунктунун биринчи сүйлөмүндө расмий тилде «Временной администрации» деген сөздөр «временной администрации» дегенге алмаштырылсын; 

- 58-пунктунун: 

төртүнчү сүйлөмүндөгү расмий тилде «Ликвидатор» деген сөз «ликвидатор» дегенге алмаштырылсын; 

бешинчи сүйлөмүндөгү «Убактылуу администрация» деген сөздөр «убактылуу администрация» дегенге алмаштырылсын; 

- 59-пунктундагы расмий тилде «Ликвидатор» деген сөз «ликвидатор» дегенге алмаштырылсын.