Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-8-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу,  

баа түзүү, туунду жана караштуу компаниялар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банк» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорду, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                 З. Чокоев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-8-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу,  

баа түзүү, туунду жана караштуу компаниялар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ФКУдин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясаты жана негизги принциптери»; 

- 1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктык кызматтарды Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде сунуштаган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын, башка юридикалык жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинде монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, баа түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо (мындан ары - монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдары) жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталгандыгын контролдойт.»;  

- 1.3.-пунктундагы: 

«башка» деген сөз «банк эмес» дегенге алмаштырылсын; 

«төлөм уюмдары,» деген сөздөрдөн кийин «башка юридикалык жактар,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Саясат аркылуу Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар (мындан ары ФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка таасирин тийгизген мамилелер жөнгө салынат.»; 

- 2.1.-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Бул Саясатта төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган иш-аракеттер) бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу, анын далили катары банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүн талдап-иликтөөлөр болушу мүмкүн; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарга жана жеке адамдарга көрсөтүлүүчү операциялары жана кызматтары; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абал ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын банктык кызмат көрсөтүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берген жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна Кыргыз Республикасынын башка ФКУларынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын аралашуусуна кыйынчылык келтирген өзгөчө абалы; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруусунун жалпы шарттары, анын ичинде кызмат көрсөтүү сегменттери боюнча бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы монополиялык ишкердик бул, ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, жактар тобунун өз басымдуулук абалынан кыянаттык менен пайдаланышы, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер, ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (жактар тобунун) атаандаштыкка бөгөт коюуга, чектөөгө же четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары); 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилетсиз атаандаштык ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына жана адатта жүргүзүлгөн иштерге каршы келген, банктык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда аттандаш башка ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон же алардын ишкердик абройуна шек келтирген негизсиз артыкчылыктар; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешесиз жарнамалык иш-аракеттер ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жалпы жана/же атайын талаптарын бузган иш-аракеттери; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу Кыргыз Республикасынын аймагында ФКУлардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишкердик чөйрөсү же керектөөчүлөргө банктык кызматтарды көрсөтүү жерине жараша аныкталган анын бөлүгү;»; 

- 3.3.-пунктунун «г» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) башка ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна же төлөм уюмдарына банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна аралашуусуна тоскоолдуктарды жаратуу;»; 

- 4.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ишкердигин жүргүзүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтириши мүмкүн болгон же алардын ишкердик аброюна шек келтириши ыктымал болгон же болбосо керектөөчүлөр укугунун бузулушуна алып келген адилетсиз атаандаштыкка жол бербөөгө тийиш. Мына ушундай аракеттердин катарына төмөндөгүлөр таандык: 

а) башка ФКУ, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары жөнүндө жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу; 

б) жарнама чөйрөсүндө мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жарнама иштеринин формаларын жана ыкмаларын бузуу; 

в) Кыргыз Рөспубликасынын майзамдарында каралган учурларды эске албаганда, ээсинен макулдук алуусуз кызматтык же коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды алуу, пайдалануу жана таркатуу; 

г) сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө атайылап жалган, такталбаган, ачыкталбаган же бурмаланган, анын ичинде керектөөчүлөрдөн кошумча чыгым талап кылган маалыматтарды берүү менен кардарларды адаштыруу аркылуу тартуу; 

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген башка иш-аракеттер формалары.»; 

- 5.2.-пунктундагы «тарифтерди» деген сөздөр «бааларды» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 7.1.-пунктунун: 

7.1.5.-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

7.1.6.-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.1.6. Төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат: 

«а) ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө

б) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылар бузулгандыгы жөнүндө, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга каршы келген макулдашууларды толугу менен же жарым жартылай жараксыз катары таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу; 

в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларды бузуунун натыйжасында алынган пайдаларды мамлекеттик бюджетке чегерүү тууралуу сотко кайрылуу; 

г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы жөнүндө арызды, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларды бузууларга байланыштуу кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү жөнүндө.»; 

- төмөнкү мазмундагы 7.2-пункт менен толукталсын: 

«7.2. Улуттук банк монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ФКУларга, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»; 

- 8.2.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.2. ФКУнун, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы басымдуу абалы Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобого ылайык аныкталат.»;  

- 8.4.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган, ошондой эле тышкы көзөмөлдүктү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу процессинде аныкталган маалыматтардын негизинде, ФКУлар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптары сакталбаган төмөнкү жагдайларды кароого алат: 

- монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө иш-аракеттерди; 

- баа түзүү тартибин бузууга жол берүү, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөргө монополиялык жогорку (төмөн) бааларды белгилөө, колдоого алуу; 

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүн талдап-иликтөө анын далили мүмкүн болгон атаандаштыкты чектөө максатында келишип алуу; 

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда талапка жооп бербеген жарнамалык иш-аракеттер; 

- банктык кызматтардан керектөөчүлөрдүн мыйзам бузууларга жол берилгендигин далилдеген документтерди кошо тиркөө менен кат түрүндө арызы.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобонун: 

1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) тарабынан көзөмөлдүккө алынган Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.»; 

- 1.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Бул Жобонун максаттарында Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясатында жана негизги принциптеринде көрсөтүлгөн түшүнүктөр пайдаланылат.»; 

- 2.5.-пункту төмөнкү редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Басымдуулук абалынан кыянаттык менен пайдалануу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын иш-аракеттери, алар жыйынтыгында банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты олуттуу чектөөгө ээ же ээ болушу мүмкүн жана/же башка атаандаш банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын таламдарына доо келтириши мүмкүн.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин: 

- 1.4.-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык аларга карата чектөөлөр белгиленген жактар компаниянын катышуучулары болуп саналса.»; 

- 1.5.-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Инвестицияларды жүзөгө ашырууда талаптар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 50-беренесине ылайык белгиленген.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 3.7.-пункт менен толукталсын: 

«3.7. Банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган туунду же караштуу компания түзгөндө жана/же сатып алганда, компанияда өз Шариат кеңешин түзүүгө тийиш. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси Улуттук банкка берилиши керек.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 7-пунктунун 10-пунктчасындагы «пайыздык чендерин» деген сөздөр «, комиссиялык сый акыларын» деген сөздөр менен толукталсын

- 11-пунктунда «пайыздык чендердин өлчөмү» деген сөздөр «, комиссиялык сый акысы» деген сөздөр менен толукталсын.».