Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-12/81-7-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:   

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»; 

2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокре-диттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддор-дун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республи- касынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен  Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-12/81-7-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.5.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.4. Улуттук банктын МФКлардын ишине карата коюлган талаптарынын алардын тарабынан аткарылбагандыгы, маалыматтарды бербей койгондугу, ошондой эле аларды өз учурунда бербегендиги же такталбаган маалыматтарды бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

- 5.5.2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 6.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Микрофинансылык компаниялар экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды сунуштабагандыгы, ошондой эле өз учурунда бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы МФКга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиттик союздардын катышуучуларынын таламдарын коргоо максатында, бардык кредиттик союздар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.»; 

- 5.3.2, 5.5.1 жана 5.5.2-пункттарындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 3.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.9. Тышкы аудитор тышкы аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКАнын жетекчилигине катты, аудит программасына киргизилүүгө тийиш болгон сунуш-көрсөтмөлөр, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетторду МКК/МКАга сунуштоого тийиш.  

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана башка аудитордук уюмду тартуу менен кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу:  

- Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жашыруу фактылары аныкталса;  

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы аудитор квалификациялык сертификатынан/лицензиясынан ажыратылган (кайтарылып алынган) болсо; 

- тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса.  

Жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, Улуттук банк мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудит жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап жүргүзүлгөн аудит МКК/МКАнын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. 

Эгерде ушул аудитордук уюмдун же аудитордун мурунку аудитордук корутундусу кабыл алынбаса же Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган болсо, МКК/МКА кийинки финансылык жылы ал аудитордук уюмду же аудиторлорду аудит жүргүзүү үчүн тартууга укугу жок.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамында бекитилген функцияларды аткаруунун алкагында кредиттик союздун финансылык абалына;». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамында жана «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жободо бекитилген функцияларды аткаруусунун алкагында МКК/МКАнын финансылык абалына;»; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктунун «а» пункчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жободо бекитилген функцияларды аткаруусунун алкагында МФКнын финансылык абалына;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобонун: 

- 5.2.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбай коюу же талапка ылайыксыз аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 5.2.6-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу;»; 

- 2-тиркеменин таблицасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «мамлекеттик органдарда каттоо кызматынын» дегенге алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 18-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. КСФК туунду же караштуу компанияларды түзгөн шартта же сатып алган учурда Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 5 жана 6-бөлүгүнүн жана 79-беренесинин жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу тартибин аныктаган талаптары аткарылууга тийиш.»; 

- 8-главанын аталышындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 34-пунктундагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 52-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«52. КСФК тарабынан ушул Эрежелерде белгиленген экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбагандыгы, маалыматтар берилбегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалымат берилгендиги, экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчетторду жарыялоо мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы фактылары аныкталса, ошондой эле иште башка бузууларга жол берилсе, Улуттук банк КСФКга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»;  

- 1-тиркеменин: 

«Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө 20__-жылдын «__» ________ карата абал боюнча МААЛЫМАТ» деген таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

« «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы тарабынан экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышы жөнүндө  

20__-жылдын «__» ________ карата абал боюнча  

МААЛЫМАТ 

 

Ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1 

СЗ   

ЧСК 

 

25% жогору эмес 

 

Капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты 

К2.1 

ЧСК 

ЧРА 

 

12% кем эмес 

 

К2.2 

ЧКПУ 

ЧРА 

 

6% кем эмес 

 

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К4 

ЛА 

О 

 

30% кем эмес 

 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги орточо маанилер 

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

Ай ичинде орточо маани 

ЛА - Ликвиддүү активдер  

 

 

О - КСФКнын милдеттенмелери 

 

К4 ченеми = ЛА / 0 * 100% 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

»; 

«14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет» деген таблицада «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

« «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» 

ААКсы ишин жөнгө салуунун эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

«Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы тарабынан  

20__-жылдын «__» ______ карата абал боюнча 20__-жылдын ______ чейреги ичинде экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышы жөнүндө  

МААЛЫМАТ (*)  

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Ченемдин айкын мааниси 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу 

өлчөмү (К1)  

25% жогору эмес 

   

Суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты (К2.1)  

12% кем эмес 

   

Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты (К2.2)  

6% кем эмес 

   

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К4)  

30% кем эмес 

   

(*) Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 65-беренесине ылайык ачып көрсөтүлүүгө тийиш.».  

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. МФУ өз ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУнун уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү.»; 

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын: 

«5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.»; 

- 24-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кредит (лизинг) боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, карызды кайсы убакта болбосун кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрсүз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө;»; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда же талапка ылайык аткарылбаган учурда анын кесепеттери менен кол койдуруп, түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун 9) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу;»; 

- 35-пункттун 5-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта өз бөлүгүндө толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, МФУ кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн.»; 

- 3-тиркеменин таблицасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «мамлекеттик органдарда каттоо кызматынын» дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.»; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда же талапка ылайык аткарылбаган учурда анын кесепеттери менен кол койдуру, түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 33-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз активдин ордун каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда активди толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу;». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоодо: 

- 1-тиркеменин таблицасынын № 9-сабындагы «Эсептик» деген сөз «Расмий» дегенге алмаштырылсын. 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоодо: 

- тиркеменин таблицасынын № 9-сабындагы «Валютанын эсептик курсу» деген сөздөр «Валютанын расмий курсу» дегенге алмаштырылсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин»: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Микрофинансылык уюм милдеттүү түрдө аткарууга жана сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык белгилөө ушул Эрежелердин максаты болуп саналат.»;  

- 28-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. МФК экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.».  

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин»: 

- 22, 31 жана 33-пункттарындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын. 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары - мыйзамдар), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.»; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары - мыйзамдар), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.»; 

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун бирдиктүү формасы аныкталган.». 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 14-тиркемесинин 2-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын. 

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 9.2-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөздөр «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын; 

- 19-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Адистештирилген финансы мекемелери автоматташтырылган эсепке алуу жана отчет берүү системаларына ээ болууга тийиш, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-20/72-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.». 

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 22-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын, ТСККнын ички документтеринде МФКнын, ТСККнын кызмат адамдарын кредиттөө жөнүндө талаптар камтылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:»;  

- 26-пунктунун 1-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын. 

 

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына» деген сөздөр «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына»; 

- 9-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын; 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.»; 

- 23-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын.  

 

19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун сегизинчи абзацындагы, 4-пунктунун экинчи абзацындагы, 6-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы, 6-пунктунун 4-пунктчасынын тогузунчу абзацындагы жана 10-пунктундагы «Өкмөт» деген сөздөр «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын. 

 

20. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 15-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын. 

 

21. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөлдөйт жана жөнгө салат.»; 

- 8-пунктунун 1-пунктчасындагы жана 87-пункттун тогузунчу абзацындагы «Өкмөтү» деген сөздөр «Министрлер Кабинети» дегенге алмаштырылсын; 

- 9-пунктунун төртүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» дегенге алмаштырылсын. 

 

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. БФКУ, алардын акционерлери/катышуучулары/уюштуруучулары жана кызмат адамдары алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылууга тийиш эмес.»;  

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банк алардын аракеттери (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банк тажрыйбасы катары таанылган кайсы болбосун БФКУга, анын акционерлерине/катышуучуларына/уюштуруучуларына жана кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн, анын ичинде лицензияны/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алышы мүмкүн.»; 

- 22-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Жазма буйрук негизги сыяктуу эле, кошумча таасир этүү чарасы катары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. БФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдер, талаптар жана чектөөлөр бузулган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү өлчөмдөрдө айып пул салууга укуктуу: 

1) активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө БФКУга карата; 

2) төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кызматтык маяна, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдө БФКУнун кызмат адамына карата. 

Айып пул негизги сыяктуу эле, кошумча таасир этүү чарасы катары да колдонулушу мүмкүн.»; 

- 31-пунктундагы «бузуулар» деген сөздөр «укук бузуулар» дегенге алмаштырылсын; 

- 54-пунктунун 1-пунктчасындагы жана 55-пунктундагы «ченемдердин» деген сөздөр «жана талаптардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. Адистештирилген финансы-кредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген негиздер боюнча кабыл алынат.»; 

- 1-тиркеменин: 

расмий тилдеги текстинин 7 жана 19-пункттарындагы «Невыполнение» деген сөз «Неисполнение» деген сөзгө алмаштырылсын; 

16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банк тарабынан колдонулган жазма буйруктарды жана/же башка таасир этүү чараларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарбоо.».