Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы №2022-П-14/32-3-(ПС) «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет). 

2. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду жана Санарип сом концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун жана коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. ЧокоевКыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы 

№ 2022-П-14/83-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Санарип сом концепциясынын:  

 

1) 9-бөлүгүнүн 2-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

№ 

Иш-чара 

Баштоо датасы 

Аяктоо датасы 

1.  

Санарип сом платформасынын баштапкы үлгүсүн ишке киргизүү боюнча долбоордук топтун негизги жоболорун (талаптарын/функцияларын/милдеттерин) иштеп чыгуу 

2023-ж. 

I чейреги 

2023-ж. 

I чейреги 

2.  

Дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө, борбордук банктардын санарип валютасын колдонууга киргизүү жана ишке ашыруу боюнча долбоорлорго мониторинг жүргүзүү, долбоорлорду башкаруу боюнча окутуудан/борбордук банктарда такшалуудан өтүү 

2023-ж. 

I чейреги 

туруктуу негизде 

3.  

Санарип сомду ишке ашыруу жана андан ары колдонууга киргизүү үчүн долбоордук топ түзүү, программист-иштеп чыгуучуларды жана долбоордук топко башка мүчөлөрдү ишке тартуу  

2022-ж. 

IV чейреги 

2023-ж. 

II чейреги 

 

2) 9-бөлүгүнүн 3-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

№№ 

Иш-чара 

Баштоо датасы 

Аяктоо датасы 

11. 

Санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү 

2023-ж.  

III чейреги 

2026-ж.  

I чейреги 

 

3) 9-бөлүгүнүн 4-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

№№ 

Иш-чара 

Баштоо датасы 

Аяктоо датасы 

11. 

Санарип сом платформасынын баштапкы прототибинин иштеп чыгуу жана жайылтуу 

2023-ж. 

III чейреги 

2025-ж.  

II чейреги 

 

4) 9-бөлүгүнүн 5-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

№№ 

Иш-чара 

Баштоо датасы 

Аяктоо датасы 

11. 

Санарип сомдун баштапкы прототибин апробациялоо 

2025-ж.  

II чейреги 

2025-ж.  

IV чейреги 

 

5) 9-бөлүгүнүн 6-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

№№ 

Иш-чара 

Баштоо датасы 

Аяктоо датасы 

11. 

Санарип сомду колдонууга киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу  

2026-ж.  

II чейреги 

2026-ж.  

IV чейреги