Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-12/81-8-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо, кыймылсыз мүлк 

менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»;  

- 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-12/81-8-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо,  

кыймылсыз мүлк менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4.1.1-пунктунун он жетинчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуунун алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору (мындан ары Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансы институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат.»; 

- 4.1.2-пунктунун төртүнчү абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 4.3.5-пунктунун бешинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5.1.2-пунктунун тексти боюнча «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5.1.3-пунктунун бешинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин: 

- 2-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

- «2. Атайын классификация колдонулуучу кредиттерди аныктоочу критерийлер». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30-1. Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.»;  

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Банк ушул жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо максатында, потенциалдуу карыз алуучуга түшүндүрмө берүүгө тийиш. Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө берүүчүгө кол койдуруу менен тиешелүү келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо кесепеттери түшүндүрүлүүсү зарыл (бул тууралуу тиешелүү келишимге кол коюшат). Кредитти бекитүү учурунда, ушул жобонун 30-пунктунда белгиленген талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик кредит берүү чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.»; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти (лизингди) каалаган убакта толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары жазуу жүзүндө макулдук берген шартта гана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бирине мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет;»; 

- 42-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, анын ичинде айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.»;  

- 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«  

  

«Кыргыз Республикасынын 

банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 

6-тиркеме 

 

Банк кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)  

жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

 

Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредит суммасы 

Келишимге ылайык көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда, билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм 

Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт. 

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) 

Кардардын өтүнүч каты боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) 

Эгерде келишимде кредиттик каражаттарды берүү боюнча банктын шексиз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызматтарына ж.б. төлөө

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн 

Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат. 

Кредит боюнча күрөөгө сунушталган депозит 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө толукталбагандыгы үчүн 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга милдеттүү болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда) 

Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгашалар (төлөмдөр) 

  

____________________________ 

_____________ 

_______________________ 

(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

  

  

  

____________________________ 

___________ 

___________________________ 

(банктын кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

 

». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин: 

- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыздалышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт.»; 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мында, эгерде күрөө предметинен өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусунда сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жай түрүндөгү кыймылсыз күрөө мүлкү ачык тооруктар аркылуу гана сатылат.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун:  

- 7-пунктунун д) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«д) эгерде бул маселелер банктын башка ички ченемдик документтеринде баяндалбаса, эсепке алууну жана отчет берүүнү;»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Банк, башка кыймылсыз мүлктү күтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгашалардын ордун жабуу үчүн ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө ижара келишимин (келишимдин формасын, мында башка кыймылсыз мүлк убактылуу ээликке жана/же убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт) түзүүгө укуктуу. Башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн бузууга жол берилген учурларда, банкка карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.»;  

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Директорлор кеңешинин/бардык мүчөлөрү кол койгон, аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен операцияларды колдоого алган отурумдун протоколунда, ошол аффилирленген/банк менен байланыштуу жак чечим кабыл алууга катышпагандыгы жана ал үчүн добуш бербегендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколго Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган, добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөр кол коюп, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдүн бардык шарттары жана жагдайы иликтөөгө алынып бүтүм банк үчүн адилет наркта, мыйзамдарга ылайык түзүлгөндүгүн тастыктаган стенограммадан көчүрмө кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Мында «кредит боюнча карыздын» кыймылсыз мүлктүн адилет наркынан кандай болбосун ашып кетүүсү, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобого (мындан ары Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобо) ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге чегерилүүгө тийиш.»; 

- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирбестен сатууга тийиш.»; 

- 31-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31-1. Банк кыймылсыз мүлктү финансылык ижарага берүү келишимин/кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу келишимин же башка ушул сыяктуу келишимди түзүүдө банк Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды 25% өлчөмүндө түзүү менен мындай активди (башка менчикти) «субстандарттык» актив катары классификациялашы мүмкүн. Төлөөлөр кечиктирилген шартта жана жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча ордун төлөө графиги бузууга жол берилген учурда, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун: 

- 17-пунтунун алтынчы жана жетинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 20-пунктун жетинчи жана сегизинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банк эмес финансы-кредит уюмдар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банк эмес финансы-кредит уюмунун ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификацияланышы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) келишимдин алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору (мындан ары Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен банк эмес финансы-кредит уюмдарынын кредиттерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген кредиттерди каржылоого жол берилбейт.»; 

- 40-пунктунун бешинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 43-пунктун төртүнчү жана бешинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 45-пунктунун бешинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 68-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.