Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-12/78-8-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-12/78-8-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча Нускоонун: 

- 28-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфте сакталган буюмдарга арест соттук актынын негизинде коюлушу мүмкүн.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер соттук актынын негизинде гана тергөө органдары тарабынан козголгон кылмыш иштери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер, ошондой эле аларга арест коюу банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин катышуусунда мыйзамдардын жана банктын ички документтерине ылайык ишке ашырылат. Мында, сейфте сакталган буюмдарга опись түзүлөт, ага катышкан банк кызматкерлери кол коюуга тийиш, ошондой эле сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу же алып чыгуу, ошондой эле сейфте сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча Нускоонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан лицензия алынган шартта, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди жана башка акча каражаттарын тартуу банктардын операцияларынын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.»; 

- 35-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептерге арест соттук актынын негизинде коюлушу мүмкүн.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептердеги акча каражаттарды конфискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо Тартибинин: 

- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого жана Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык жүргүзүлөт.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча Нускоонун: 

- 11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Карыздык каражаттардын эсебинен уставдык капиталды түзүүгө, банктын акцияларын сатып алууга, ошондой эле банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга тыюу салынат.»;  

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Банк өз акцияларын күрөөгө кабыл алууга жана сатып алууга укугу жок.»; 

- 21-пунктунун 5-пунктчасынын биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 43-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана көрсөткүчтөрдүн бузулушуна алып келсе;»; 

- Нускоого карата тиркеменин «Капитал жана капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттери» бөлүгүндөгү

800, 850 жана 950-статьялары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

810-статьясы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бардыгы болуп, Биринчи деңгээлдеги базалык капитал (710-790-ст. суммасы)».