Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-14/78-5-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-14/78-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Жобонун алкагында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдар (төлөм терминалдар), интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу обочо туруп/аралыктан сунуштоого болот.»; 

2) 3-1-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «банк» деген сөз «обочо туруп/аралыктан тейлөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу)» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөмүндөгү «Банк» деген сөз «Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу» дегенге алмаштырылсын; 

3) Жобо төмөнкү мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын: 

«3-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар обочо туруп/аралыктан кызмат көрсөтүүдө төлөмдөрдү өз убагында, коопсуз, ишенимдүү жүргүзүү жана алдамчылык операцияларына жол бербөө жагында маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү талаптарын сактоого милдеттүү.»; 

4) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Ушул Жободо колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында жана төлөм системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда колдонулган мааниде түшүнүү зарыл. 

Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар да колдонулат:  

1) Аутентификация сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу колдонуучунун өздүгүн аныктоо жол-жобосу. 

2) Жеке кабинет колдонуучунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун обочо туруп/аралыктан тейлөө системасындагы өзгөчө бөлүгү, ал эсептин/кредиттик лимиттин абалы жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалымат алууга, ошондой эле башка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонууга, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга билдирмелерди, тастыктоолорду жана тапшырмаларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.  

3) Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун мобилдик тиркемеси (мобилдик тиркеме) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга банктык жана төлөм кызматтарын обочо туруп/аралыктан сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берген, обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын инструменттеринин бири болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун мобилдик тиркемесине «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо каралган агенттердин мобилдик тиркемелери да кирет. 

4) Колдонуучунун БФКУ алдында милдеттенмелери колдонуучунун БФКУдан кредит алууда, ошондой эле жеке кабинетти башкаруудан улам келип чыккан милдеттенмелери.  

5) Колдонуучу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонгон жеке адам, юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.  

6) Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.  

7) Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы банкоматтарды, төлөм терминалдарын, интернет-банкингди, электрондук капчыкты, мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени жана обочо туруп/аралыктан тейлөөнүн башка ыкмаларын колдонуу менен банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн обочо туруп/аралыктан тейлөө үчүн колдонуучу жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу ортосундагы байланышты камсыз кылуучу телекоммуникациялардын, санариптик жана маалымат технологияларынын, программалык камсыздоонун жана жабдуулардын жыйындысы.  

8) Обочо туруп/аралыктан тейлөө обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен колдонуучу обочо туруп/аралыктан берген буйруулардын негизинде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун кызмат көрсөтүү ыкмасы.  

9) PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун өздүгүн тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер.»; 

5) 5-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-  обочо туруп/аралыктан тейлөөгө байланыштуу тобокелдиктер эске алынган, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптары камтылган, колдонуучулар менен өз ара иш алып барууда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жоопкерчилиги аныкталган маалымат коопсуздугу тобокелдигин тескөө боюнча ички саясат иштелип чыксын;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда ага таасир этүү жана чара көрүү тартиби жөнүндө ички ченемдик документ иштелип чыксын жана анын актуалдуу болушу камсыз кылынсын; 

- талаш маселелерди жөнгө салуу жана жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча акча каражаттарды колдонуучуга кайтарып берүү жол-жобосу иштелип чыксын;»; 

расмий тилдеги тексттин жетинчи абзацындагы «перемещении» деген сөз «передаче» дегенге алмаштырылсын; 

6) Жобо төмөнкү мазмундагы 6-2-пункт менен толукталсын: 

«6-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу санкциясыз операцияларды кошо алганда, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот, мында операциялар обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын тизмесине, тартибине жана шарттарына ылайык колдонуучунун өзүнүн күнөөсү боюнча ишке ашырылган учурлар эске алынбайт.»; 

7) Жобо төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуга обочо туруп/аралыктан тейлөө системасында атайын функцияларды же башка мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу, анын ичинде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үчүнчү жактар тарабынан сунушталган кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген чечимдерди караштыруу, ошондой эле аларга мындай функциялар жөнүндө маалымат берүү сунушталат.»; 

8) 9-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

9) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматы колдонуучу менен сунуштоочу ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууга жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- колдонуучуга кызмат көрсөтүү обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу сунушталган учурда, ал тууралуу маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын өздүгүн тастыктаган башка документтердеги маалыматтар) жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар); 

- сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө түрүндө жана обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу ыкмалары;  

- колдонуучунун жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

- колдонуучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү;  

- колдонуучу өзүнүн банктык эсебинин валютасынан башка валютада операцияларды жүргүзгөндө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан экинчи валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле валютаны конвертациялоо операцияларын жүргүзүүдө валютанын курсу жөнүндө кардарларга маалымдоо тартиби; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун банктык эсебиндеги, колдонуучунун БФКУ алдында милдеттенмелери боюнча же электрондук капчыктагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмалары;  

- колдонуучу тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптар, анын ичинде аутентификациялоо жана кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын колдонууга укуктарын тастыктоо (PIN-кодду, паролду, лимиттерди колдонуу, тиешелүү жабдуулар жоголгон же уурдалган учурда колдонуучунун иш аракеттери);  

- кызмат көрсөтүүнү  сунуштоочуга ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу жабдуулары жоголгондугу, уурдалгандыгы же колдонулгандыгы фактылары жөнүндө маалымдоо жол-жобосу;  

- ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан жабдуулар жоголгон, уурдалган же колдонулган учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен колдонуучу ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтото туруу жана токтотуу шарттары;  

- келишим шарттары өзгөргөн учурда, кардарга маалымдоо ыкмалары;  

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен, анын ичинде иштебеген жана дем алыш (майрам) күндөрү байланышуу үчүн байланыш маалыматтары; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптар ортосунда орун алуучу тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- талаш маселелерди кароо жана колдонуучунун даттанууларын жана сын-пикирлерин берүү/кабыл алуу тартиби, аларды кароо жана чечүү шарттары;  

- анын атынан электрондук кол тамга колдонулган колдонуучуну аныктоо механизми жана электрондук кол тамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети.»; 

10) 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууда жана тейлөө учурунда:  

1) банкомат аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө колдонуучу менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттар аркылуу же башка ыкмада накталай акча каражаттарын алуу, акча которууларды жана башка накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу, банктык эсеп боюнча ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу, ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрлөрү боюнча чек берүү же мобилдик телефонго смс-билдирүү жөнөтүү үчүн жүзөгө ашырылат. 

2) банкомат/төлөм терминалы транзакциялар жөнүндө маалыматты кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасына жөнөтөт. Транзакция иштелип бүткөндөн кийин банкомат/төлөм терминалы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык операцияларды жүргүзүү жөнүндө тастыктоочу документти берүүгө тийиш, анда төмөнкү милдеттүү реквизиттер камтылат:  

- чектин номери;  

- транзакция/төлөм жүргүзүлгөн күн жана убакыт;  

- транзакциянын/төлөмдүн суммасы;  

- комиссиянын өлчөмү

3) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу банкомат/төлөм терминалдары аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөөдө төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу учурунда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер, ошондой эле сак болуу чаралары жөнүндө кардарга маалымдоого;  

- банкоматтар жана төлөм терминалдары орнотулган жерде коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын документтештирүүгө;  

- колдоо борборлорун (колл-борборлор) уюштурууга жана алардын күнүмдүк жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга;  

- банкоматта/төлөм терминалында банктын/төлөм уюмунун таандык көрсөткүчүн, алардын карталары ошол банкомат жана төлөм терминалы аркылуу тейленүүчү төлөм системасынын логотибин жайгаштырууга.»; 

11) 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу интернет-банкинг аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу кардарларга маалымдоого;  

- интернет-банкинг аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин жана жол-жоболорун сактоо зарылчылыгы тууралуу (паролдун, коддордун, ачкычтардын үчүнчү тарапка берилишине жол бербөө) кардарларга маалымдоого;  

- финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүдө жана төлөмдөрдү өткөрүүдө купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга;  

- коргоого алынган тармактык протоколдорду колдонууга;  

- интернет-банкинг (колдонуучунун жеке кабинети) серверинин веб-баракчасын алмаштырып коюу алдамчылыгына бөгөт коюу механизмдерин колдонууга;  

- жүргүзүлүп жаткан операциянын тобокелдигине баа берүүнү эске алуу менен көп фактордук аутентификациялоо ыкмасын колдонууга (мисалы, пароль/код/бир жолку код жана PIN-код, биометрикалык каражаттар ж.б.);  

- татаал паролдорду колдонуу жана алардын мезгил-мезгили менен өзгөрүүсү каралган саясатты колдонууга;  

- паролдун автоматтык түрдө терилишине жол бербөө механизмдерин колдонууга;  

- колдонуучу белгили бир убакыт аралыгы өткөндөн кийин эч кандай аракеттерди жүргүзбөсө, интернет банкинг сервери менен туташуу сеансын блокировкалоо механизмин колдонууга.»; 

12) 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөөдө төмөнкүлөрдү караштырууга тийиш: 

- колдонуучуну кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда каттоо жана идентификациялоо шарттары;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын/мобилдик жабдууларды колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери жана жол-жоболору (пайдалануучу менен сунуштоочу ортосунда билдирүүлөр менен алмашууда жана өткөрүп берүүдө колдонуучунун макулдугусуз үчүнчү жактарга маалыматтарды берүүгө жол бербөө; финансылык билдирүүлөрдү жана төлөмдөрдү берүүдө купуялуулукту камсыз кылуу);  

- колдонуучунун маалыматтарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүү;  

- төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу тартиби;  

- ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген башка шарттар.»; 

13) 16-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «жана чекти, карт-чекти берилгендиги тууралуу тастыктоону жана смс-тастыктоону алган учурда» деген сөздөр «жана/же төлөм ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди алуу (чек берүү, смс-тастыктоону ж.б. алуу)» дегенге алмаштырылсын; 

14) 21-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча лимиттерди аныктоо жана баа берүү»; 

жетинчи абзацындагы «электрондук капчыктар» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы» дегенге алмаштырылсын; 

сегизинчи абзацтагы «интернет-банкингди» деген сөздөр алынып салынсын; 

15) 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонуу тобокелдиктерге баа берүү процессинде аныкталууга тийиш. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонууда төмөнкү аспекттер эске алынууга тийиш: обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын түрү (маалыматтык же операциялык), системалардын ар түрдүүлүгү (интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башкалар), кардардын статусу (юридикалык же жеке жак), система тарабынан уруксат берилген операциялардын түрү, көлөмү жана саны.»; 

16) 28-пунктундагы «авторизацияланбаган иш-аракеттерди» деген сөздөр «санкциясыз операцияларды» дегенге алмаштырылсын; 

17) 29-пунктундагы «авторизацияланбаган иш-аракеттерди» деген сөздөр «санкциясыз операцияларды» дегенге алмаштырылсын; 

18) 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү/операциялар боюнча фактылар аныкталган учурда кызматтарды сунуштоочу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынан жана зарыл учурда банк эсебинен жана башка инструменттерден колдонууну дароо токтотууга милдеттүү.»; 

19) 31-пунктундагы «Маалыматтык системаны» деген сөздөр «Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын» дегенге алмаштырылсын; 

20) 32-пунктундагы «аралыктан банкингди сунуштоо тууралуу Улуттук банкка кат түрүндө» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоону баштоо же токтотуу тууралуу Улуттук банкка алдын ала» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

21) 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Пайдалануучулар үчүн 

МААЛЫМАТ 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу операцияларды ишке ашыруу процессинде коопсуздукту камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн колдонуучуларга өз милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу маалымдалууга тийиш. 

1. Колдонуучу интернет-банкингди пайдаланууда:  

1) логинди, паролду жана башка маалыматтарды башка адамдарга ачыка чыгарбоого тийиш; 

2) жабдууларында же башка коргоого алынбаган жабдууларда логинди, паролду жана башка маалыматты (жеке компьютерде, уюлдук телефондо ж.б.) сактабоо зарыл; 

3) мезгил-мезгили менен паролду алмаштырып туруу зарыл, мында ысымы же туулган жылы сыяктуу коргоо деңгээли төмөн паролдорду колдонбоо зарыл. Пароль кеминде 6 белгиден турган комбинацияны камтууга тийиш: тамгалар (жазуу жүзүндө жана баш тамга), атайын символдор жана сандар;  

4) жеке маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш, мында башка адамдарга (паспорттун маалыматтары, электрондук почтанын дареги жана башка маалыматтар) жеке маалыматты ачык көрсөтпөө;  

5) эсеп боюнча жаңылыштыктарга же санкциясыз операцияларга көз салуу үчүн операциялардын таржымалын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип туруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга санкциясыз операциялар жөнүндө кайсы болбосун учурда дароо маалымдоо зарыл; 

6) веб-баракчанын тууралыгын жана коопсуздугун текшерүү зарыл, мында:  

- кайсы болбосун он-лайн операцияларды ишке ашыруунун же жеке маалыматты берүүнүн алдында интернет-банкингдин анык веб-баракчасы колдонулуп жаткандыгына ишенүү зарыл. Алдамчылык максатында түзүлгөн жасалма веб-баракчалардан сактануу зарыл;  

- унификацияланган ресурстар көрсөткүчтөрүнүн (URL) болушун текшерип, веб-баракчанын коопсуздугуна ынануу зарыл, алар «https» менен башталууга, ал эми интернет-браузердин статусунда коргоого алынган туташуу белгиси чыгууга тийиш;   

- дайым URL веб-баракчасын түздөн-түз интернет-браузерге киргизип, башка ишенимсиз баракчаларга жөнөтүлүшүнө же шилтемелердин пайда болушуна жол бербөө зарыл;  

- мүмкүнчүлүккө жараша, электрондук операцияларды ишке ашыруу процессинде маалыматка автоматтык түрдө шифр же код белгиленген программаны пайдалануу талап кылынат.  

7)  жабдууну (жеке компьютерин, уюлдук телефонун ж.б.) санкциясыз пайдалануудан жана зыян келтирүүчү программалардан коргоо зарыл;  

8) жабдуу кыска мөөнөткө гана кароосуз калтырылса да электрондук операциялар ишке ашырылган сайттан чыгып кетүүгө зарыл жана электрондук операциялар ишке ашырылгандан кийин системадан чыгууну унутпоого зарыл;  

9) интернет-банкинг системасынын коопсуздук саясаты менен таанышып чыгуу зарыл:  

- интернет-банкинг системасынын төлөмдөрдү, которууларды, эсепти дебеттөөнү/кредиттөөнү ишке ашырууга байланыштуу шарттар жана банктык тейлөөнүн башка шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл;  

- интернет-банкинг системасынын жеке финансылык маалыматты киргизүү алдында ошол маалыматты пайдалануу же таркатуу шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл. 

2. Колдонуучу мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени колдонууда:  

- PIN-кодду, обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын паролун, электрондук почта паролун жана обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда колдонуучунун атынан санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүшү ыктымал болгон башка маалыматтарды башка адамдарга ачыкка чыгарбоо зарыл;  

- мобилдик банкинг, мобилдик тиркеме үчүн колдонулуучу өзүнүн PIN-кодун, паролун мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек;  

- банктык операция ал аркылуу ишке ашырылган өз уюлдук телефонун башка адамдарга колдонууга жол бербөөгө тийиш;  

- уюлдук телефонун жоготуп же уурдатып жиберген учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуга маалымдоо зарыл;  

- паролду же PIN-кодду камтыган жеке маалыматты электрондук почта, социалдык тармактар жана маалыматтарды электрондук алмашуунун башка каражаттары аркылуу жөнөтпөөгө тийиш;  

- жаңылыштыктарга же санкциясыз операцияларга көз салуу үчүн операциялардын таржымалын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип турууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга санкциясыз операциялардын кайсы болбосун учурлары тууралуу дароо маалымдоо зарыл; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү коопсуздугу боюнча кандай болбосун маселе жаралган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга дароо билдирүүгө тийиш.  

Карттардын, алардын реквизиттеринин, PIN-кодду жана башка маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган.».