Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын   

2022-жылдын 14-декабрындагы   

№ 2022-П-14/78-6-(ПС) токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

2. 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) «Санарип сом концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Санарип сом концепциясынын

2-бөлүктүн 15-абзацындагы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

6-бөлүктүн 3-абзацы төмөнкү редакциясында берилсин

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында акча бирдиги болуп сом саналат, ал эми акча эмиссиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан гана жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренеси, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 5 жана 20-беренелери). Улуттук банкы тарабынан эмитирленүүчү санарип сом Кыргыз Республикасында милдеттүү түрдө төлөм каражаты катары кабыл алынган расмий акча бирдиги болуп саналат.». 

6-бөлүктүн 8-абзацындагы « «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

2. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду жана Санарип сом концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев