Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 7-декабрындагы  

№ 2022-П-14/76-6-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет): 

- 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 7-декабрындагы 

№ 2022-П-14/76-6-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелеринин: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринде (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасында майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында (мындан ары - Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн, алуучунун жана банк-алуучунун (мындан ары биргелешип катышуучулар) жана Системанын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ара иш алып баруусу жана милдеттенмелери аныкталган: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндөгү» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө» нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында электрондук төлөм документтеринин жана майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери).». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясаттын: 

- 2-главасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жободо белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун з) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

з) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 7-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр ««Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө»» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 7-пунктунун он биринчи жана он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Олуттуу катышуу» жана «контролдоо» деген терминдер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

«Кынтыксыз ишкердик аброй» түшүнүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 45-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө»» деген сөздөр ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө»» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.».  

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 106-пунктундагы ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.».