Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 30-ноябрындагы  

№ 2022-П-17/74-6-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмегин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмегин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16 жана 26-беренелеринин негизинде банктардын менчигинин түзүмү ачык-айкын болушун камсыз кылуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:»; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеңилдетилген салыктык режим сунуштаган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтарды сунуштоо жана ачык-айкын көрсөтүү  каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмегинин: 

- 11-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 20-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 28-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 42-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 43-пункт менен толукталсын: 

«43. Кюрасао».  

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактарды 3 (үч) жумуш күнү ичинде тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев