Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 23-ноябрындагы №2022-П-07/72-3-(ДКП) токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын
2023-жылга каралган графиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2023-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн;
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага К. Боконтаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 23-ноябрындагы №2022-П-07/72-3-(ДКП) токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2023-жылга
КАРАЛГАН ГРАФИГИ
Отурум өткөрүлүүчү дата* |
Маселенин аталышы |
30-январь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
27-февраль |
1. 2022-жылдын IV чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
24-апрель |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
29-май |
1. 2023-жылдын I чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
31-июль |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
28-август |
1. 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
30-октябрь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
27-ноябрь |
1. 2023-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
*Эскертүү:
- эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлүүчү күн Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү боюнча отурумдары жагдайга жараша графиктен тышкары өткөрүлүшү мүмкүн.