Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 16-ноябрындагы  

№ 2022-П-12/70-1-(НПА) Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна 

өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/14 «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-3-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. «Ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын негизинде улуттук жана/же чет өлкөлүк валюталарда иш алып барган коммерциялык банктар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен аларды алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин берсин. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 16-ноябрындагы  

№ 2022-П-12/70-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин:  

БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ деген 1-бөлүгүнүн «З. «Банк тарабынан «ислам терезесинин» алкагында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «А.Активдер» графасынын:  

- 3-пунктунун «в)» пунктчасындагы «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун «г)» пунктчасындагы «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун «в)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун «г)» пунктчасындагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун «в)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун «г)» пунктчасындагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пункту «к) кард келишими боюнча» пунктчасы менен толукталсын; 

- 12-1-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ деген 1-бөлүгүнүн «З. Банк тарабынан «ислам терезесинин» алкагында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «Б. Милдеттенмелер» графасынын:  

- 17-пунктунун «в)» пунктчасындагы «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 17-пунктунун «г)» пунктчасындагы «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 18-пунктунун «в)» пунктчасындагы «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 18-пунктунун «г)» пунктчасындагы «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун «в)» пунктчасындагы «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун «г)» пунктчасындагы «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

ТҮШКӨН ПАЙДА ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ деген 2-бөлүктүн «2А. «Банк тарабынан «ислам терезесинин» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «А. Операциялардан алынган кирешелер» графасынын:  

- 5-пунктунун «б)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-пунктунун «в)» пунктчасындагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пунктунун «б)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пунктунун «в)» пунктчасындагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

ТҮШКӨН ПАЙДА ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ деген  

2-бөлүктүн «2А. «Банк тарабынан «ислам терезесинин» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «Б. Операциялар боюнча чыгашалар» графасынын: 

- 18-пунктунун «б)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 18-пунктунун «в)» пунктчасындагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- «КРЕДИТТЕР ЖАНА ЛИЗИНГДЕР (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» 15.4-бөлүгүнүн 361-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- «КРЕДИТТЕР ЖАНА ЛИЗИНГДЕР (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» 15.4-бөлүгүнүн 493-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- «КАПИТАЛ ЖАНА КАПИТАЛДЫН ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮНҮН (ШАЙКЕШТИГИНИН) КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ» 15.7-бөлүгүнүн «15.В. «Каржылоо (уландысы)/башка активдер» бөлүкчөсүнүн 360-пунктундагы «Иджара» деген сөз «иджара» дегенге алмаштырылсын; 

- «15.В. Каржылоо (уландысы)/башка активдер» бөлүгүнүн 370-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобонун:  

2.1-главасынын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1-глава. Мудараба келишими»; 

- 1-пунктундагы «келишимдин негизинде түзүлгөн бүтүм» деген сөздөр «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Мудараба келишимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:  

Чектелген (атайын) мудараба анын шарттарына ылайык инвестор активдердин же ишкер тарабынан инвестициялануучу объекттердин тизмеги белгилеген мудараба келишими, мында инвестициялоонун ар бир объектисине ишкер жана инвестор менен өзүнчө келишим түзүлөт. Бул учурда инвестор ар бир бүтүм боюнча, өзүнчө келишимде аныкталган каражаттарды пайдалануудан алынган пайданын бөлүгүн алууну болжолдоого укуктуу.  

Чектелбеген (жалпы) мудараба анын шарттары боюнча ишкер Келишимдин алкагында жана Келишим предметине ылайык, өзүнүн билиминин, тажрыйбасынын негизинде кандай гана болбосун чектөөлөрсүз инвестициялоо үчүн объектти өз алдынча аныктай турган мудараба келишими.  

Ачык мудараба анын шарттары боюнча инвестор биринчи эле талап боюнча мударибге берилген акча каражаттарын андан мөөнөтүнөн мурда алууга укугу каралган мудараба келишими. Бул учурда банк (эгерде ал мудариб катары иш алып барса) инвесторго акыркы толук мезгил үчүн (ай, жыл) пайданы төлөп берет.». 

3-пунктундагы: 

- «Мудараба бүтүмү» деген сөздөр «мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын; 

6-пунктундагы: 

- «Мудараба бүтүмү боюнча» деген сөздөр «мудараба келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктундагы: 

- «бүтүм боюнча» деген сөздөр «келишим боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

11-пунктунун «д» пунктчасындагы: 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мурабаха» деген сөз «мурабаха» дегенге алмаштырылсын; 

- «Иджара» деген сөз «иджара» дегенге алмаштырылсын; 

- «Истиснаа» деген сөз «истиснаа» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

11-пунктунун «ж)» пунктчасындагы: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

12-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

- «а)» пунктчасындагы ар башка түрдөгү «Мудараба бүтүмү» деген сөздөр тиешелүү түрдөгү  «мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- «б)», «в)», «г)» пункчаларындагы «бүтүмдөр боюнча» деген сөздөр «келишимдер боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

- «Банкка» деген сөз «банкка» дегенге алмаштырылсын; 

- «д)» пунктчасындагы «Банкка» деген сөз «банкка» дегенге алмаштырылсын: 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

2.2-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2-глава. Шарика/мушарака келишими»; 

1-пунктундагы: 

- «Шарика келишими» деген сөздөр «Шарика/мушарака келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктунун: 

- биринчи, бешинчи абзацтарындагы «Шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын;  

- алтынчы абзацтагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштөрдүн бири үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө экинчи өнөктөштүн үлүшүн акырындап сатып алуу убадасы каралат.»; 

3-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы «Мушарака бүтүмүндө» деген сөздөр «кемүүчү мушарака келишиминде» дегенге алмаштырылсын; 

- «Шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун экинчи абзацындагы, 6, 7, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 19, 20, 22, 24, 27, 28, 29, 33, 34-пункттарындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

35-пунктунун: 

- биринчи, экинчи абзацтарындагы «шарика бүтүмү боюнча» деген сөздөр «шарика/мушарака келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

2.3-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3-глава. Мурабаха келишими»; 

1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мурабаха келишими бул банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды сатуу келишими. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөө (транспорттук чыгашалар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат. Үстөк баа төмөнкүчө белгилениши мүмкүн:  

- так белгиленген бир жолу төлөнүүчү сумма;  

- мурубаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.»; 

2-пунктундагы: 

- «Мурабаха бүтүмүнүн» деген сөздөр «Мурабаха келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы «Мурабаха бүтүмү» деген сөздөр «мурабаха келишими» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацындагы «Мурабаха бүтүмүнүн» деген сөздөр «мурабаха келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

4, 5, 7-пункттарындагы: 

- «Мурабаха» деген сөз «мурабаха» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктунун:  

- тогузунчу, он үчүнчү, он төртүнчү, он алтынчы абзацтарындагы «Мурабаха» деген сөздөр «мурабаха» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктчасындагы «ошол бүтүмдөн» деген сөздөр «келишимдин шарттарына ылайык» дегенге алмаштырылсын; 

- он жетинчи, он сегизинчи, он тогузунчу, жыйырманчы, жыйырма биринчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төмөнкү учурларда банктын мурабаха келишимин түзүүгө укугу жок:  

а) алтын, күмүш, валюта сыяктуу товарларга карата;  

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен операцияларда;  

в) милдеттенмелерди кайра каржылоо учурунда.  

Кемүүчү мушараканы түзүү учурунда тараптардын биринин мурабаханын жардамы менен накталай төлөөлөр же мөөнөтү узартылган милдеттенмелер шарттарына катышуусуна тыюу салынат.»; 

13-пунктундагы: 

- «Банк» деген сөз «банк» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мурабаха бүтүмү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

14-пунктундагы: 

- «Мурабаха бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

15-пунктундагы: 

- биринчи абзацтагы «Мурабаха бүтүмү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- төртүнчү абзацтагы «ошол бүтүмдүн» деген сөздөр «ошол келишимдин» дегенге алмаштырылсын; 

2.4-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4-глава. Иджара келишими»; 

1-пунктундагы: 

- «бүтүм» деген сөз «операция» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган, же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө, белгилүү бир суммада акы төлөө менен пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир суммада акы төлөө менен ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот.». 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул (иджара келишиминин шарттарын камтыган) келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.»;  

4-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы «Иджара бүтүмү» деген сөз «иджара келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзацындагы «Иджара бүтүмүнө» деген сөз «иджара келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

5-пунктунун: 

- экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда келип чыккан зыяндын ордун жабуу, ошондой эле ижарачынын макулдугу менен сатып алуу-сатуу келишими боюнча мүлктү сатып алуу үчүн алдын ала төлөм катары же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары гана пайдаланылат.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Ижарага берүүчү ижарачы менен макулдашуу боюнча акча каражаттарынын көрсөтүлгөн суммасын мудараба келишиминин негизинде инвестициялоо үчүн пайдалана алат.»; 

6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген шартта сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.»; 

12-пунктунун: 

- экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камсыздандыруу чыгашалары ижарага берүүчүгө жүктөлөт, алар ижарачы тарабынан ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш.»; 

13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«13. Иджара келишимин аткаруу үчүн банк мүлктү менчигине сатып алат же кызмат көрсөтүү укугуна ээ болот.»;  

20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Иджара келишиминин негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле иджара келишиминин предметин тастыктоого жетиштүү болгон маалыматтар; 

б) тараптардын иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө/сунуштоого байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

г) башка шарттар. 

36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Иджара келишиминин предмети жок кылынган же бузулган жана аны андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон учурда, калган ижара төлөмдөрү төлөнбөйт»; 

40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«40. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин мөөнөтү аяктаганда; 

3) мүлктү ижарачыга сатууда; 

4) тараптарга көз каранды болбогон башка себептер боюнча.»; 

глава төмөнкү мазмундагы 40.1-пункт менен толукталсын: 

«40.1. Иджара келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу негизде токтолушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) ижара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаса же токтотулган учурда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.»; 

42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«42. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат»; 

2.5-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5-глава. Кард келишими»; 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кард бул келишим, ага ылайык бир тарап келишимдин негизинде экинчи тарапка акча каражаттарын кайтарып берүү шартында, же кайрымдуулук максатында пайызсыз насыя түрүндө берет. 

Банк кард келишимин акча каражаттарын тартуунун бир формасы катары же кандайдыр бир акы албастан, кайтарып берүү шартында ссуда берүүнүн бир формасы катары карайт.»; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот. 

Кард келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- учурдагы эсепти жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм.»; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардар аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен эсеп ээсин тейлей алат. Бул учурда банк күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн эсеп ээсинен төлөмдөрдү алышы мүмкүн. 

Айрым учурларда банк кард келишиминин шарттарында кардарга ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.»; 

4, 5, 6-пункттарда: 

- «Кард Хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

4-пунктундагы: 

- «Банктын» деген сөз «банктын» дегенге алмаштырылсын; 

7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Акча каражаттарын тартуу боюнча кард келишими мазмуну боюнча депозиттик операцияларга (мөөнөттүү пайызсыз депозиттер) теңдештирилет жана К5 экономикалык ченемдер (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми) менен чектелет. Ошондой эле бул жобого ылайык, анын ичинде кард операциялары боюнча банк концентрация тобокелдигин аныктайт жана ички жоболорго ылайык аларды тескейт. 

Мындан тышкары, кард келишимдерин эсепке алуу эсептери милдеттүү камдык талаптардын эсебине кошулат. Ликвиддүүлүктүн коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого ылайык банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат.»; 

8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кард операциялары боюнча жайгаштырылган активдер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет, демек, кредиттерди жайгаштырууга байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

Капиталдын адекваттуулугунун коэффициентин эсептөөдө жана тобокелдиктин даражасы боюнча аларга баа берүүдө кард операциясы боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдиктин даражасындагы кредиттерге теңдештирилет. 

Банк менен байланыштуу адамдар менен кард келишимдери банк тарабынан Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар жөнүндө нускоого ылайык ишке ашырылат.»; 

2.6-главасынын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6-глава. Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими»; 

1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Истиснаа келишими бул, анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын жыйынтыгын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим.»; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (объектти жок кылып, жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын жыйынтыгын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат.  

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3. Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачы алдында белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт.»; 

13-пунктундагы: 

- «Истиснаа бүтүмү» деген сөздөр «истиснаа келишими» дегенге алмаштырылсын; 

43-пунктундагы: 

- «Банктын инвестициялары Истиснаа бүтүмдөрүндө» деген сөздөр «банктын инвестициялары истиснаа келишимдеринде» дегенге алмаштырылсын; 

48-пунктундагы: 

- «Истиснаа жана Параллель Истиснаа бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

49-пунктундагы: 

- «Истиснаа жана Параллель Истиснаа бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

2.7-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7-глава. Гарантия жөнүндө келишим»; 

1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Гарантия жөнүндө келишим боюнча (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) бир тарап экинчи тараптын алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат.»; 

11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Эгерде банк мудараба же кемүүчү мушараканын негизинде келишим түзсө, ага валюта курсунун өзгөрүшүнө гарантия берүүгө жол берилбейт.»; 

2.8-главанын: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «2.8-глава. Салам келишими»; 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.»; 

2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу жөнүндө сунуштоочу менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада башка буйрутмачыга сатат, ал экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөйт.»; 

15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Салам келишими боюнча сунуштоочу болуп саналган кардардын карызын капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.»; 

39-пунктундагы: 

- «Салам бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «салам келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- «Банктын» деген сөз «банктын» дегенге алмаштырылсын; 

43-пунктундагы: 

- «Салам бүтүмү боюнча» деген сөздөр «салам келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 44-пунктундагы «Салам бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «салам келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

2.10-главанын: 

13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Эгерде келишим валюта алмаштыруу менен байланыштуу болсо, кемүүчү мушарака же мудараба өнөктөштөрүнүн бирине экинчи өнөктөштүн гаранты болууга уруксат берилбейт. Бирок, эгерде бул гарантия контрактта көрсөтүлбөсөүчүнчү жак өз эрки менен гарант боло алат.»  

2.12-главанын: 

- аталашы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.12-глава. Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери»; 

1-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ишенимдүү сактоо келишими (вадиайад аманат).»; 

1.1-пунктчасындагы: 

- «Вади'а Йад Амана бүтүмү (келишими)» деген сөздөр «Вадиайад аманат келишими» дегенге алмаштырылсын; 

1.2-пунктчасындагы: 

- «Вади'а Йад Амана» деген сөздөр «вадиайад аманат» дегенге алмаштырылсын; 

2.13-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Хиба сый акысы кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негизде башка депозиттик (аманаттык) операциялар шарттарында акча каражаттарын жайгаштырган банктын кардарларына төлөнүүчү материалдык колдоо.  

Кард, вади'айад дамана жана башка пайызсыз негизде башка депозиттер (аманаттар) келишимдеринде гарантияланган кирешелүүлүк каралбагандыктан, хиба сый акысы банк ишинин жыйынтыгына жараша, анын эрки боюнча төлөнөт.  

Кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негизде башка депозиттер (аманаттар) келишимдери боюнча ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жөнүндө маалыматты жайгаштырууда банк, ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жөнүндө банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү келишимдерде потенциалдуу кардарларга (аманатчыларга) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүргүзүүдө алгылыктуу натыйжага жетишилген шартта, аманатчыларга алар салган аманаттын (депозиттин) өлчөмүнө жараша хиба сый акысын колдоо түрүндө төлөп бериши мүмкүндүгүн маалымдоого милдеттүү.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:  

2.1-главасынын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1-глава. Мудараба келишими»; 

2.1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.1 Мудараба келишими бул келишим, ага ылайык бир тарап - инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) ошол капиталды кабыл алып, пайда алуу максатында аларды тескөөгө алат. Мында алынган пайда келишим шарттарына ылайык, тараптар ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Мударибдин же башка тараптын инвестор алдында карызын/милдеттенмесин мудараба келишиминде капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.»;  

2.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.2 Мудараба келишимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 

Чектелген/атайын мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мудариб инвестициялоосу үчүн активдердин түрлөрүн же долбоорлорун аныктайт. 

Чектелбеген/жалпы мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб каражаттарды иш чөйрөсүнүн кайсыл болбосун багытына өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу. 

Ачык мудараба бул мудараба келишими, анын шарттарына ылайык, инвестор мудариб тарабынан берилген каражаттарды мөөнөтүнөн мурда (биринчи эле талап боюнча) алууга укуктуу. Мында банк (эгерде ал мудариб катары саналса) инвесторго акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы төлөп берет. 

Тараптар инвестор капиталды акырындап кайтарып алуусун макулдашышы мүмкүн.»; 

2.1.3., 2.1.6., 2.1.7-пункттарында: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2-глава. Шарика/мушарака келишими»; 

2.2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2.1. Шарика/мушарака келишими эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталындагы салымына жараша өз мойнуна алат»; 

2.2.2.-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат.»; 

2.2.3.-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кемүүчү мушарака келишиминде шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелери колдонулат жана кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка компаниянын капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алып коюу укугун бере турган кандайдыр бир пунктту киргизүүгө тыюу салынат»; 

2.2.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2.11. Тараптар шарика/мушарака келишиминин негизинде бекитилген, компаниянын каражаттарын тескөө боюнча кызмат көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматын кандайдыр бир башка формада сунуштаган, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызмат көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сый акыларды төлөө караштырышы мүмкүн. Мында шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык иштеп тапканына караганда, пайданын көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.»;  

2.2.16-пунктундагы: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

2.3-главанын: 

- аталышындагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.3.1 Мурабаха келишими бул банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды кийин төлөө шартында сатуу келишими. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөө (транспорттук чыгашалар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат.»;  

2.3.2-пунктундагы: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.3-пунктундагы: 

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.7-пунктунун он жетинчи, он сегизинчи, он тогузунчу, жыйырманчы, жыйырма биринчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Төмөнкү учурларда банктын мурабаха келишимин түзүүгө укугу жок:  

а) баалуу металлдарга (алтын, күмүш) жана кайсыл болбосун валютага байланыштуу төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган милдеттенмелер боюнча;  

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен;  

в) милдеттенмелерди кайра каржылоо учурунда.»; 

Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишиминде же тараптардын биринин экинчи тараптын шарика/мушарака келишиминде катышуусун (үлүшүн) же кийинкиге калтырылган милдеттенмелерин мурабаха келишими аркылуу нак акча каражаттарына сатып алуу милдеттенмеси каралган келишиминде катышууга тыюу салынат.»;  

2.4-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4-глава. Иджара келишими»; 

2.4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.1. Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө үчүн пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот.»; 

2.4.3-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмүндөгү «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгү «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.4. Ижарачы тараптардын макулдугу боюнча убадасын аткаруу гарантиясы катары мерчемдүү өлчөмдөгү сумманы салуу менен мүлктү ижарага алат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда келтирилген зыяндын ордун жабуу, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатып алуу-сатуу келишими боюнча сатылып алынган мүлк үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат.  

Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарага берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын мудараба келишиминин негизинде инвестициялоого пайдаланышы мүмкүн. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө үчүн кабыл алынышы мүмкүн.» 

2.4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.5. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген шартта сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.»; 

2.4.39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.39. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө

3) мүлк ижарачыга сатылганда; 

4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.»; 

2.4.40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.40 Иджара мунтахия биттамлик келишими - бул (иджара келишиминин шарттары камтылган) келишим, ага ылайык кардар келишимдин шарттарына ылайык ижарага алынган мүлктү сатып алууга милдеттенет.»; 

төмөнкү мазмундагы 2.4.48-пункт менен толукталсын: 

«2.4.48 Иджара келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу негизде токтотулушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) иджара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаганда же токтотулганда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.»; 

2.4.1-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.1-глава. Иджара сервис келишими»; 

2.4.1.1-пунктундагы: 

- «Сервис» деген сөз «сервис» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.2., 2.4.1.3-пункттарындагы: 

- «Иджара Сервис бүтүмү» деген сөздөр «иджара сервис келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.4-пунктундагы: 

- «бүтүмдөр» деген сөз «келишимдер» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.5., 2.4.1.11., 2.4.1.12., 2.4.1.13., 2.4.1.14-пункттарындагы: 

- «Иджара Сервис» деген сөздөр «иджара сервис» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.10-пунктундагы: 

- «Иджара Сервис бүтүмүнүн» деген сөздөр «иджара сервис келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.5-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.5-глава. Кард келишими»; 

2.5.1-пунктундагы: 

- «Кард хасан бүтүмү» деген сөздөр «кард келишими» дегенге алмаштырылсын. 

2.5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот. 

Кард келишиминде төмөнкү негизги параметрлер жана шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- күндөлүк эсепти жүргүзүү үчүн банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө өлчөмү жана шарттары.»; 

2.5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардар аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Банк учурдагы ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин жана милдеттенмелерди өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүн кармап туруу үчүн кассадагы же корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн колдоп турууга тийиш. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү ала алат. 

Айрым учурларда банк кардарга кард келишиминин шарттарында ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.»; 

2.5.4-пунктундагы: 

- «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

2.6-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6-глава. Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими»; 

2.6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.1. Истиснаа келишими анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим.»; 

2.6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (объектти жок кылып, жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын жыйынтыгын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат.»; 

2.6.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.3 Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачы алдында белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт.»; 

2.6.13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6.13. Истиснаа келишимин пайыз алуу менен жөнөкөй каржылоо каражаты катары пайдаланууга жол берилбейт.»; 

2.7-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.7-глава. Гарантия жөнүндө келишим»; 

2.7.1-пункту төмөнкү абзацтар менен толукталсын: 

«2.7.1. Гарантия жөнүндө келишим (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) боюнча бир тарап экинчи тарап алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат. Милдеттенмелер бир эле убакта бир нече ыкмада аткарылышы мүмкүн.  

Төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча шек жаратпаган, кынтыксыз иш аброюна ээ кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак гарант боло алат.»;  

2.8-главанын:  

- аталышындагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.8.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.8.1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.»; 

2.8.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.8.2. Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана буйрутмачы менен белгилүү бир товарды кийин берүү шартында сатып алуу жана келишимге кол койгон учурда төлөө жөнүндө келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка буйрутмачыга сатат.»; 

2.8.17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Баалуу металлдар (алтын, күмүш) келишимдин предмети боло албайт.»; 

2.8.39-пунктундагы: 

- «бүтүмдөрүндө» деген сөз «келишимдеринде» дегенге алмаштырылсын; 

2.10-главанын 2.10.4-пунктундагы: 

- «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.10.13-пунктундагы: 

- «мушарака бүтүмдөрүнүн» деген сөздөр «кемүүчү мушарака келишимдеринин» дегенге алмаштырылсын; 

2.11-главанын 2.11.1-пунктундагы: 

- «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.12-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.12-глава. Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери»; 

1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Вадиайад аманат келишими»; 

1-пунктунун 2.12.1.1-пунктчасындагы: 

- «Вади'а йад аманат бүтүмү (келишими)» деген сөздөр «Вадиайад аманат келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Вадиайад дамана келишими.»; 

2-пунктунун 2.12.2.1-пунктчасындагы: 

- «Вади'а йад даман бүтүмү» деген сөздөр «Вадиайад дамана келишими» дегенге алмаштырылсын. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун: 

2-главасынын 2.1.9-пунктундагы: 

- «бүтүмүн» деген сөз «келишимин» дегенге алмаштырылсын; 

- «в)» пунктчасындагы «бүтүмдөрдү» деген сөз «милдеттенмелерди» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.2.5. пунктун в) пункчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) үстөк баанын өлчөмү келишимдин шарттарына ылайык банк ала турган сый акы»; 

- 3-главасынын 3.1-пунктундагы: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын. 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун 3-тиркемесинин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«КАРДАРДЫН иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети боюнча 

БИЛДИРМЕСИ.»; 

- «бүтүмдүн шарттары» деген сөздөр «келишимдин шарттары» дегенге алмаштырылсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

30-сентябрындагы № 39/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3 Банктын эсепке алуу саясаты түзүү ыкмасынан көз карандысыз, банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган төмөндө келтирилген операциялардын ар бир түрү боюнча бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү түшүндүрмөсүн камтууга тийиш: 

- мурабаха операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мудараба операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кемүүчү мушарака операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- салам жана параллель салам операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- истиснаа жана параллель истиснаа операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- иджара жана иджара мунтанхийя биттамлик операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кард операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'айад аманат операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'айад дамана операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- валюталык операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- пайдаларды теңдештирүү үчүн резервдерди эсепке алуу принциптери.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча» нускоонун:  

24-пунктунун «5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)» бөлүгүнүн «е)» пунктчасынын: 

- экинчи, үчүнчү абзацтардагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

24-пунктунун «7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 400%)» бөлүгүндө:  

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:  

23-3-пунктунун төртүнчү абзацындагы: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

24-4-пунктунун сегизинчи абзацындагы: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

1.А.БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ бөлүгүнүн: 

4-пунктунун: 

- «в)» пунктчасындагы «хасан» деген сөз алып салынсын; 

- «г)» пунктчасындагы «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын;  

8-пунктунун «г)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«шарика/мушарака/кемүүчү мушарака келишими боюнча»; 

9-пунктунун «г)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«шарика/мушарака/кемүүчү мушарака келишими боюнча»; 

- 20, 21-пункттардын «в)» пунктчасында «хасан» деген сөз алып салынсын; 

- 20, 21-пункттардын «г)» пунктчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын;  

- 25-пунктунун «б)» пунктчасында хасан» деген сөз алып салынсын; 

- 25-пунктунун «в)» пунктчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

«ПАЙДА, ЧЫГЫМ ЖАНА ЖЫЙЫНДЫ КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ» деп аталган 2-бөлүгүнүн: 

7, 8, 20-пункттарынын «в)» пунктчасында «шарика/мушарака мунтахийя биттамлик» деген сөздөр «шарика/мушарака/кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«КАРЖЫЛОО (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» деп аталган 15.4-бөлүгүнүн 370-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

5-главасынын 30-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1, 2, 7, 8, 11, 12-пункттарындагы «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/14 «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1, 2, 7, 8, 11, 12-пункттарындагы «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

2-пунктунун төртүнчү абзацындагы: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

41-пунктунун 1-пунктчасындагы: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

42-пунктунун 3, 4-пунктчаларындагы: 

- «бүтүмдөрдү (келишимдерди)» деген сөздөр «келишимдерди» дегенге алмаштырылсын; 

42-пунктунун 22-пунктчасындагы: 

- «бүтүмдөр» деген сөз «келишимдер» дегенге алмаштырылсын; 

48-пунктунун 4-пунктчасындагы: 

- «бүтүмдөрдү» деген сөз «келишимдерди» дегенге алмаштырылсын; 

76-пунктунун 1-пунктчасындагы: 

- «бүтүмдөрү» деген сөз «келишимдери» дегенге алмаштырылсын; 

76-пунктунун 2-пунктчасындагы: 

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын. 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

2-главасынын:  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Вади'айад дамана гарантиялык сактоо келишими, анын шарттарына ылайык банк ага ишеним менен берилген каражаттарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укуктуу. Вади'айад дамана депозитине карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эрежелери таркатылат.»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кард бул, ага ылайык бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка анын биринчи эле талабы боюнча гарантиялык кайтаруу шарттарында насыя түрүндө (сактоо) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган келишим.»; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Хиба (сый акы) акча каражаттарын кард, вади'айад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк аманатчыларына төлөнүүчү материалдык сый акы түрү.»; 

12-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «хасан» деген сөз алып салынсын;  

14-пунктунун экинчи абзацындагы «кард хасан/вади'айад даман» деген сөздөр «кард/вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп бул, талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп. Талап боюнча төлөнүүчү депозит эсеби кард же вади'айад дамана келишимдери боюнча тейленет.   

Кард келишиминин шарттары боюнча аманатчы банкка акча каражаттарын карызга кайтарымдуулук жана ал үчүн акы алуусуз, кардар аларды эркин пайдалануусу шартында сунуштайт, ал эми банк, өз кезегинде, тартылган ресурстарды инвестициялык саясатына ылайык пайдаланышы мүмкүн.   

Кард, вади'айад дамана келишимдерине ылайык гарантияланган киреше каралбайт, ал эми сый акы (хиба) банктын чечими боюнча төлөнөт.   

Кард жана вади'айад дамана келишим шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо төлөм картын пайдалануу менен тейлеши мүмкүн.   

Кард жана вади'айад дамана келишиминде банктын күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө суммасы да көрсөтүлүшү мүмкүн.   

Банк ишинде кард, вади'айад дамана келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозит катары каралат.   

Банк күндөлүк ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин, ошондой эле кард жана вади'айад дамана келишими боюнча милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого алуу максатында, кассада же болбосо корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын жетиштүү көлөмү болуусу зарыл.   

Банктын кардарлардан алган акча каражаттарын толук көлөмдө кайтарылышын гарантиялоосу кард жана вади'айад дамана келишимдеринин өзгөчөлүгү болуп саналат. Кардар банктын тобокелдиктери үчүн жоопкерчилик тартпайт жана банктын кирешесине да катышпайт.   

Кард жана вади'айад дамана келишими боюнча ачылган жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине кардардын өздүк каражаттарынан тышкары, анын эмгек акысы, автордук гонорарлары, пенсиясы, алименттери, социалдык жөлөк пулдары, башка банктык эсептеги каражаттары, мураска байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине таандык жеке мүлктү сатуу үчүн төлөм, акча которуулар жана каржылоо боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын кард жана вади'айад дамана талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен кардар өз төлөмдөрүн, анын ичинде жеке максатта сатып алган товарлары (сунушталган кызматтар) үчүн төлөмдөрдү, каржылоо үчүн төлөөлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана өзүнө тиешелүү башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү ишке ашырышы мүмкүн.»; 

16-пунктунун он биринчи абзацындагы «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобонун:  

2-главасынын: 

11-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Вади'айад аманат келишиминин шарттары боюнча операциялар». 

11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Мурабаха келишиминин шарттарындагы операцияларды:   

- баалуу металлдарды өзүнүн атынан кардардын эсебинен спот эсептөө шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында келишим боюнча төлөө дароо ишке ашырылат;  

- баалуу металлдарды өзүнүн атынан өз эсебинен спот эсептешүү шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында келишим боюнча төлөө дароо ишке ашырылат.»;  

11-пунктунун 3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Нак жана нак эмес формада кард келишиминин шарттарында операцияларды.». 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-3-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча» нускоонун: 

1-главасынын: 

3-пунктунун он үчүнчү абзацындагы: 

- «кард хасан, вади҆ а йад дамана» деген сөздөр «кард, вади҆ айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

2-главасынын: 

12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«12. Банк каржылоо портфелинин пулуна банктын капиталын (ликвиддүү активдер/нак акча каражаттары түрүндө жеткиликтүү), мудараба (мударабанын чектелбеген эсептеринде), кард жана вадиайад дамана депозиттериндеги акча каражаттарын бириктире алат. Мында, банк кард жана вадиайад дамана келишимдеринин негизинде күндөлүк депозиттердин бардык тобокелдиктерин өзүнө алат. Андыктан банк пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн банктын жайгаштырылган капиталы менен кард жана вадиайад дамана күндөлүк депозиттерин бириктириши мүмкүн.».  

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин

4-пунктунун: 

- экинчи абзацындагы «бүтүмдөр» деген сөз «келишимдер» дегенге алмаштырылсын; 

- алтынчы абзацындагы «бүтүм боюнча» деген сөздөр «келишимдер боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- жетинчи абзацындагы «мурабаха бүтүмү ишке ашпай калса» деген сөздөр «мурабаха келишими ишке ашпай калса» дегенге алмаштырылсын. 

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун тиркемесинин: 

«Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/Башка активдер» таблицасынын 361, 493-графаларындагы: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын.