Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 5-октябрындагы  

№ 2022-П-33/61-3-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарын, кредиттик союздарын, турак жай-сактык кредиттик компанияларын жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 5-октябрындагы  

№ 2022-П-33/61-3-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес  

финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына  

тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.1.1., 2.2. жана 5.1-пунктулары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5.2.2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«УК салымдарды тарткан МФК үчүн Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген минималдуу уставдык капитал.»; 

- 7.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.4. Финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү микрокредиттик компаниянын өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 4.3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 20-пунктунун 5-пунктчасы «баа берүү» деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: 

«, ошону менен бирге карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 9-пунктунун 5-абзацында «, ушул эрежелердин 10-пунктунун талаптарын эске алуу менен» деген сөздөр жокко чыгарылсын; 

- 10-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МФК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МФК, ижара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МФКнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу.  

МФК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл:  

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш;  

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МФКнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш;  

3) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (кардарга киреше алып келген активдерге ээ болуу укугу, иштеген жеринен кардардын эмгек акысы жөнүндө маалым кат, патент, күбөлүк ж.б.у.с.) болушу, ошондой эле МФКнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же МФКнын башка кызматкердин корутундусу менен тастыкталган кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү;  

4) кардардын каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;  

5) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.» 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. МФКлар Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш.»; 

- 24-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш;»; 

- 42-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 42-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МКК, ижара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МККнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. Ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. 

МКК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл:  

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш;  

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МККнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш; 

3) ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;  

4) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле каржылоо боюнча саясатына жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашыруу;  

5) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасынын сунушталышы, ошол эле учурда каржылоо алууга билдирме-анкетада тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш; 

6) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.».  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун: 

- 8-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 28-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) МКК үчүн - өтүнүч кат сунушталган күнү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык минималдуу уставдык капитал өлчөмүндөгү акча каражаттарынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган топтолмо эсепке салынгандыгын тастыктаган документ.». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 33-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«2) Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда аныкталган өлчөмдөгү суммардык капитал.»; 

- 40-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда аныкталган өлчөмдөгү суммардык капитал.». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

- 5 жана 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 58-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«5) Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине МФКнын уставдык капиталы катары каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документ. Топтоо эсебинде турган каражаттар уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан лицензия алганга чейин кандайдыр бир максаттарга колдонулбайт;»; 

- 71-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген өлчөмдө уставдык капиталы болууга тийиш;»; 

- 74-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине МФКнын уставдык капиталы катары каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документти;»; 

- 131-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«131. Эгерде МФКга кайра өзгөртүп түзүлө турган МКК/МКА/КСтин уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда МФК үчүн белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салууга тийиш.»; 

- 132-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине МФКнын уставдык капиталы катары каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документ. Топтоо эсебинде турган каражаттар МФКга кайра өзгөртүп түзүү лицензиясын алганга чейин МКК/МКА/КС уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) тарабынан негизги уставдык максаттарын (кредиттөө, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо) эске албаганда, кандайдыр бир максаттар үчүн колдонулушуна жол берилбейт;»; 

- 139-1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда МФКлар үчүн белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш;». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө” жобонун: 

- 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 35-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) өтүнүч кат сунушталган күнү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган топтоо эсебине минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ (Кепилдик фондду мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө).». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 13-пунктунун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кепилдик фонддор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген.». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- 18-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине ТСККнын уставдык капиталы катары Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген өлчөмдө каражат салынгандыгын тастыктаган документ. Топтоо эсебиндеги каражаттарды уюштуруучулар/акционерлер лицензия алганга чейин кандайдыр бир максатка колдоно алышпайт;» 

- 30-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.