Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 26-сентябрындагы  

№ 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кепилдик фонд» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 26-сентябрындагы  

№ 2022-П-33/59-4-(НФКУ)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кепилдик фонду акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн жана кепилдик берүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак.»; 

- төмөнкү редакциядагы 1-1-пункту менен толукталсын: 

«1-1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: 

1) кардар милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-насыялык уюм менен каржылоо келишими боюнча кепилдиги камсыз болгон ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу; 

2) кепилдик берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси; 

3) кепилдик иши кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү, кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш; 

4) кепилдиктерди берүү саясаты кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ; 

5) кепилдик инструменттери каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы; 

6) кепилдик портфель кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча белгилүү бир күнгө карата кепилдик фонддун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү

7) регресстик талап кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кепилдик фонду кепилдик берүү саясатына ылайык каттоодон өткөндүгү жөнүндө Улуттук банктын күбөлүгү болгон учурда, ишкер субъектилердин жана мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучуларынын (мындан ары кардарлар) милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

- 8-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмдөгү «фонддун мөөрү менен» деген сөздөрдөн кийин «(бар болсо)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- экинчи сүйлөмдөгү «документтерге кол коюуга жана Улуттук банкка сунуштоого» деген сөздөр «Улуттук банкка сунуштала турган документтерге кол коюуга ага» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы 9) пунктча менен толукталсын: 

«9) Кепилдик фондунун кепилдик берүү саясаты (эки нускада)»; 

- төмөнкү мазмундагы 30-1, 30-2 жана 30-3-пункттар менен толукталсын: 

«30-1. Кепилдик фондунун кепилдик берүү иши кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген кепилдиктерди берүү боюнча анын ички саясатына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

30-2. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши кепилдик берүү саясатынын шайкештигин, лимиттер системасын, тобокелдиктерди тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши зарыл учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, кепилдик фондунун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жараша, ошондой эле кепилдик фондунун кепилдик инструменттерин берүү процессине таасирин тийгизген операциялары өнүккөн жана өркүндөтүлгөн учурда да, бирок кеминде жылына бир жолу кепилдиктерди берүү саясатын кайра карап чыгууга милдеттүү

Кепилдик фондунун Башкармасы кепилдик фондунун кепилдиктерди берүү саясатынынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат, ал үчүн тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды кепилдик фондунун ишине жайылтууга милдеттүү

30-3. Кепилдиктерди берүү саясаты портфелдик кепилдиктерди кошо алганда, өзүнө кепилдик инструменттерин берүү процессин камтыган бардык негизги жоболорду камтууга тийиш: 

- жалпы жоболор жана терминдер; 

- кепилдик инструменттерин берүү жол-жоболорунун толук түшүндүрмөсү

- кепилдик инструменттерин берүү критерийлери; 

- финансы-кредит уюму тарабынан карызды өндүрүү боюнча көрүлүүчү, кепилдик фондунун кепилдик инструменти боюнча талаптарды аткаруусу үчүн зарыл чаралардын тизмеси; 

- Кепилдик фондунун негизги (операциялык) ишинин жүрүшүндө келип чыккан маселелерге жана мамилелерге тиешелүү башка жоболор.»; 

- 34-пунктундагы «2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген» деген сөздөр «2, 3, 4 жана 9-пунктчаларында белгиленген» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 56-пункту мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Кепилдик фонддун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн кепилдик фонду Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты сунуштайт: 

1) мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме); 

2) кепилдик фонддун катышуучуларынын жалпы жыйынынын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколун (эки нускада); 

3) 5-тиркемеге ылайык уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор тексти (эки нускада); 

4) кепилдик фонддун жаңы редакциядагы уставы (эки нускада); 

5) акционерлер реестри; 

6) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кепилдик фонддун болжолдонгон аталышына алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгүнө чейин окшош эмес же бирдей эместиги жөнүндө документ (кепилдик фонддун аталышы өзгөргөн учурда); 

7) каттоо органынын аталышка макулдук берүү жана резервге коюу жөнүндө корутундусу.»; 

- 58-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. Кепилдик фонду Улуттук банкка кепилдик фондунун ишин жүргүзүүгө күбөлүк берилген документтерге киргизилген башка өзгөрүүлөр тууралуу ошол өзгөрүүлөр киргизилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдайт.»; 

- 59, 61-63-пункттарындагы жалпы тексти боюнча «20 (жыйырма)» деген сандар жана сөздөр «10 (он)» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-тиркемесиндеги «ишкердик субъектилерине бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишкердикти колдонууга киргизүүгө жана жаңы ишканаларды ачууга багыттоосу үчүн кепилдик берүү аркылуу каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак болуп саналат. Мында, каржылоо дегенден улам кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды сунуштоону, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Мыйзамга ылайык, ислам каржылоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылган бүтүмдөрдү/операцияларды түшүнүүгө болот» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдик берүү ишин жүзөгө ашырган кепилдик фонду болуп саналат» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кепилдиктерди жана кепилдик инструменттерин берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу;»; 

- 2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кепилдик фонддор каржылоо келишими боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин бир бөлүгүнө кепилдик берүү аркылуу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары менен макулдашуу алкагында өз ишин жүзөгө ашырат.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: 

1) кардар милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-насыялык уюм менен каржылоо келишими боюнча кепилдиги камсыз болгон ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу; 

2) кепилдик берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси; 

3) кепилдик иши кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү, кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш; 

4) кепилдиктерди берүү саясаты кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ; 

5) кепилдик инструменттери каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы; 

6) регресстик талап кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу.»; 

- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кепилдиктерди берүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен кепилдик фонд, финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда кепилдик келишимин түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Портфелдик кепилдиктер финансы-кредит уюмдары менен кызматташуу боюнча тиешелүү келишимдердин алкагында берилген кепилдиктер. 

Кепилдик инструменттери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана кепилдик фонддун кепилдик берүү саясатына ылайык берилет. 

6. Кепилдик инструменттери каржылоо келишими боюнча кардардын милдеттенмелеринин бөлүгүнө берилет.»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кепилдик фонддун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акынын өлчөмү кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Кардарлардын кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыздалуучу милдеттенмелерин тандоо жана аларга карата талаптар кепилдик фонддун ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат.»; 

- 10-пунктундагы «кепилдик фонддордун гарантиялары улуттук валютада гана берилет» деген сөздөр «кепилдиктер улуттук валютада берилет» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 11-пунктунун: 

- алтынчы абзацындагы «коммерциялык банктардагы» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«- портфелдик кепилдиктер боюнча лимит.»; 

- 13-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кепилдик фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жободо аныкталган.»; 

- 23-1-пунктунун биринчи абзацындагы мамлекеттик тилдеги тексттин «уставдык капиталынан» деген сөздөр «өздүк капиталынан» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 23-2 пункту менен толукталсын: 

«23-2. Кепилдик фонддор портфелдик кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Финансы-кредит уюму менен кызматташуунун алкагында берилген портфелдик кепилдиктердин лимити бир финансы-кредит уюмуна карата кепилдик фонддун өздүк капиталынан 30% чегинде белгиленген.»; 

- 25-пунктундагы «кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 28 жана 29-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Эрежелердин 28-пунктунда каралган шарттардын аткарылгандыгы тастыкталган учурда, кепилдик фонд кепилдик келишимге жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу келишимине ылайык өз каражаттарынын эсебинен кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарат. 

29. Милдеттенмелер аткарылгандан кийин кепилдик фонд төлөнгөн (аткарылган) кепилдиктин суммасынын ордун толтурууну талап кылуу укугуна ээ болот. Финансы-кредит уюму кепилдик фонду милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып үч күндүн ичинде кепилдиктерди берүү саясатында каралган талап кылуу укугун ырастоочу документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.»; 

- 30-пунктундагы «кепилдик келишими» деген сөздөрдөн кийин «жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу келишими» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кепилдик инструменттерин берүү тартиби жана кепилдик инструменттеринин түрлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарды эске алуу менен кепилдик фонддун ички ченемдик документтеринде өз алдынча аныкталат.»; 

- 37-пунктундагы расмий тилдеги тексттин экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кепилдик фонддордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актында белгиленет.»; 

- 51-пунктундагы «жана толуктоолорду» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 64-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу иш катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке кепилдик фонддун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби таасир этүү чаралары боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 2-тиркемедеги «Экономикалык ченемдердин көрсөткүчтөрү» таблицаны төмөнкү мазмундагы он биринчи сабы менен толукталсын: 

« 

Портфелдик кепилдиктер боюнча лимити 

 

Портфелдик кепилдиктер/СК  

   

30% көп эмес 

   

».