Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 29-августундагы  

№ 2022-П-14/54-4-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин үч жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Коммерциялык банктар он беш күн ичинде өз ишин ушул токтомго ылайык келтирсин. 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 29 - августундагы 

№ 2022-П-14/54-4-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин 

бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелеринин: 

- 2.3-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Которулган акчаны алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында өз тандоосу боюнча которулган акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акчаны алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка акча каражатын которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыгын алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу.»; 

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) алуучу үчүн банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда.»; 

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Катышуучу банк эсебин ачуусуз эле акча которуу системасы аркылуу акча которууда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктаган «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарын сактоого милдеттүү.  

Талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 3-главасынын талаптарына ылайык, тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен акча которуу жөнөтүүчүнү талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.»; 

- 4.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:  

«Эгерде акча которууну жөнөтүүнүн бир жолку суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген суммага барабар же андан ашса, катышуучу «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу кардарды талаптагыдай текшерүүгө тийиш. 

Эгерде акча которуунун бир жолку суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген суммадан ашпаса, катышуучу «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 12-главасында белгиленген талаптарды сактоого тийиш.»; 

- 4.8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акча которуу системасы аркылуу алынган акча каражаттарын алуучуга берүүдө катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттери алуучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш.»; 

- 4.9-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын; 

документтин расмий тилдеги текстинин бешинчи абзацындагы «;» тыныш белги «.» тыныш белгиге алмаштырылсын; 

- 4.10-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Эгерде жөнөтүүчү жана/же алуучу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар болсо, катышуучу жөнөтүүчүнүн акча которуусун жөнөтүүдөн баш тартууга жана/же алуучу акча которууну алуусуна жол бербөөгө тийиш.»; 

- 6.6-пунктунун биринчи абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын.