Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 24-августундагы  

№ 2022-П-14/53-4-(ПС) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) 

«Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү жана төлөм системасынын бардык катышуучуларын туташтыруу үчүн QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын /төлөм уюмдарынын операторлору жана алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө

1) кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча банктык продуктуну/тиркемени/кызмат көрсөтүүнү сунуштоону камсыз кылсын. 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген тизмекке ылайык, Кыргыз Республикасынын соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын. 

3) Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу боюнча окутуу жагында соода-тейлөө ишканаларына зарыл болгон консультациялык-техникалык жардам көрсөтсүн. 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин 3-тиркемесине ылайык, кардарлар QR-коддорду колдонгон учурда коопсуздукту жана мүмкүн болуучу санкцияланбаган операциялардан коргоо чараларын жакшыртууга багытталган түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзсүн. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 24-августундагы  

№ 2022-П-14/53-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин:  

4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамына, «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамдарына жана төлөм системалары боюнча башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандарты (мындан ары - Улуттук стандарт), ошондой эле төлөм системалары үчүн EMV QR-кодунун (EMV QRCPS Merchant-Presented Mode), 2017-жылдын июль айындагы 1.0 версиясы, NEQ эл аралык стандартына (мындан ары - Эл аралык стандарт) ылайык иштелип чыккан. 

1) 1-тиркемесинин: 

- «Берилүүчү маалыматтардын ТҮЗҮМҮ» деген бөлүмдүн аталышындагы бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«- төлөм жана которуу провайдеринин хостунун аталышы баштапкы абалы боюнча төлөм системасынын катышуучусунун доменин камтыйт (төлөм жана которуу провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) жана төлөм системаларынын бардык катышуучуларынын төлөм инструменттери ортосунда операциялык шайкештикти камсыз кылуучу өз ара аракеттешүү операторунун доменине андан ары өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл;»; 

- «Иштин принцибин чагылдыруу» деген бөлүмдүн аталышындагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«- төлөмдөр жана которуулар провайдеринин хостунун аталышы баштапкы абалы боюнча төлөм системасынын катышуучусунун доменин камтыйт (төлөм жана которуу провайдеринин хостунун аталышы ар кандай болушу мүмкүн) жана төлөм системаларынын бардык катышуучуларынын төлөм инструменттери ортосунда операциялык шайкештикти камсыз кылуучу өз ара аракеттешүү операторунун доменине андан ары өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл»; 

- «Иштин принцибин чагылдыруу» деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: 

«Эскертүү

(1) Эгерде төлөөчүнүн шилтеменин фрагменттик бөлүгүн (төлөм реквизиттери) иштеткенди билген тиркемеси жок болсо, анда ал төлөмдөр жана которуулар провайдеринин хостуна кайра багытталат (баштапкы абалы боюнча https://төлөм системасынын катышуучусуна)), ал жактан ага QR-коду боюнча төлөм каналы сунушталат жана ошондой эле шилтеменин фрагменттик бөлүгүн иштеп чыга турган тиркемелердин тизмеси жайгаштырылган өз ара аракеттешүү операторунун доменине өтүү ишке ашырылат. 

(2) Эгерде төлөөчүнүн шилтеменин фрагменттик бөлүгүн (төлөм реквизиттерин) иштеткенди билген өз ара аракеттешүү операторунун катышуучуларынын биринин тиркемеси болсо, бирок сканерден өткөрүлө турган QR-кодду түзгөн төлөм системасынын катышуучусунун төлөм тиркемеси болуп саналбаса, анда ал төлөмдөр жана которуулар провайдеринин хостуна жөнөтүлөт (баштапкы абалы боюнча https://төлөм системасынын катышуучусу/тиркеме ээси), ал жактан ага QR-код боюнча төлөм каналы берилет. Ошол эле учурда сканерден өткөрүлүүчү QR-кодду түзгөн төлөм системасынын катышуучусу менен өз ара аракеттешүү оператору аркылуу ишке ашырылат. 

(3) Эгерде төлөөчүнүн шилтеменин фрагменттик бөлүгүн (төлөм реквизиттерин) иштеткенди билген тиркемеси болсо жана ал бул төлөм системасынын катышуучусунун (сканерден өткөрүлүүчү QR-кодду түзгөн) тиркемеси болуп саналса, анда ага QR-код боюнча төлөм каналы сунушталат.». 

- таблицанын экинчи сабында ID «32» Төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат менен объект, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык сунуштоочулары үчүн объект милдеттүү болуп саналат» деген бөлүмдүн аталышында «URI фрагментинин маалыматтар түзүмү төлөм реквизиттери» төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

Аталышы 

ID 

Форматы 

Узундугу 

Белгиси 

Комментарий 

Уникалдуу идентификатор  

00 

ans 

«32» чейин 

Баштапкы абалы боюнча объект төлөм системасынын катышуучусунун доменин камтыйт жана андан кийин өз ара аракеттешүү операторунун доменине өтүү мүмкүнчүлүгү бар. 

 

- «Эсептешүү агентинин төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү пункттары үчүн кошумча маалымат (мындан ары - ПСП)» деген бөлүмдүн аталышынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«Төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери (бардык операциялык системаларда) төлөм системасынын бардык катышуучуларынын төлөм инструменттери ортосунда операциялык шайкештикти камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттешүү оператору https://домени менен байланышты жөнгө салуусу зарыл.»; 

«- Эсептешүү агентинин төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү пункттары үчүн кошумча маалымат (мындан ары ПСП)» бөлүмүндөгү Эскертүүлөрдүн 1 жана 2-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын.».  

 

2) Эреже төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

3-тиркемеси  

 

QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жана  

которууларды жүргүзүүдө коопсуздуктун 

МИНИМАЛДУУ ЧАРАЛАРЫ 

 

QR-коддорун колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө тобокелдиктерди азайтуу үчүн төлөм системасынын катышуучулары/өз ара аракеттешүү операторлору коопсуздуктун төмөнкүдөй минималдуу талаптарын сактоого тийиш: 

- кардар/колдонуучу төлөмдү ырастаганга чейин төлөм реквизиттерин (которуу суммасы, алуучунун аты ж.б.) текшерип коюусу зарыл; 

- эгерде бул функциялар ишке ашырылса, пин-коддорду, лимиттерди колдонуу; 

- кокустан табылган QR-коддорду же тиешеси жок билдирүүлөрдү сканерден өткөрбөө

- жана өз ара аракеттешүү оператору/төлөм системасынын катышуучусу тарабынан сунушталган башка коопсуздук чаралары; 

өз ара аракеттешүү оператору/төлөм системаларынын катышуучулары жылына кеминде бир жолу социалдык инженерия жана фишингдик чабуулдардын ыкмалары жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тийиш; 

өз ара аракеттешүү оператору/төлөм системаларынын катышуучулары QR-коддорду сканерлөөгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон алдамчылык операциялары жөнүндө маалымат камтылган эскертмелерди/баракчаларды иштеп чыгууга жана/же кардарга көрүнөө жерге жайгаштырууга жана/же расмий веб-сайттарга, мобилдик тиркемелерге QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга тийиш

өз ара аракеттешүү оператору/төлөм системаларынын катышуучулары системага туташуу учурунда соода жана тейлөө ишканаларынын кызматкерлерин чейрек сайын жана зарыл учурда/суроо-талап болгон шартта окуудан өткөрүүгө жана коопсуздук чаралары боюнча нускама менен таанышып чыгуу үчүн берүүгө милдеттүү.».