Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 17-августундагы  

№ 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтому 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомун, кредиттик бюролорду, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, алмашуу бюролорун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Төрага К. Боконтаев 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 17-августундагы  

№ 2022-П-33/52-3-(НФКУ)  

токтомуна карата тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

1) преамбуласындагы мамлекеттик тилде «жеке адамдар жана» сөздөрү алынып салынсын; 

2) 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

«Алмашуу бюросу» бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт. 

«Кошумча алмашуу бюросу» бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына жана каттоо жөнүндө катына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт. 

«Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ээ алмашуу бюролору гана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан жүзөгө ашыруучу нак чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу жана алмашуу боюнча операциялар. 

«Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары» бул юридикалык жактын бюджетке салык төлөөдөн бошотулган өздүк акча каражаттары, ал алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилет. Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1000000 (бир миллион) сомду түзгөн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролорун кошпогондо, 500000 (беш жүз миң) сомду түзөт. Юридикалык жактар тарабынан кошумча түзүлгөн, кошумча алмашуу бюросун ачуу учурунда алардын ар биринин жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1000000 (бир миллион) сомду түзгөн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан кошумча алмашуу бюролорун кошпогондо, 500000 (беш жүз миң) сомду түзөт. 

Эгерде юридикалык жактын алмашуу бюросу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жылда 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, анда бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500000 (беш жүз миң) сомду түзөт. 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жак тарабынан кошумча түзүлгөн ар бир алмашуу бюросуна жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 200000 (эки жүз миң) сомду түзөт.»; 

3) 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүсү, Улуттук банктын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын (1-тиркеме) алгандан кийин гана жүзөгө ашырылат. 

Алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошумча алмашуу бюросу тарабынан жүргүзүүсү, Улуттук банктан кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат алгандан кийин гана жүзөгө ашыра алат (5-тиркеме).»;  

4) 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат:  

1) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат (2-тиркеме);  

2) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтар (8-1-тиркеме);  

3) өтүнүч ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

4) уюштуруу документтери (мында, өтүнүч ээсинин уставында Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу көрсөтүлүүгө тийиш);  

5) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жана ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык алмашуу бюросунун жүгүртүүдөгү каражаттарын толуктоо жөнүндө уюштуруучунун каражатын киргизүү жөнүндө чечими; 

6) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;  

7) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;  

8) өтүнүч ээсинин (юридикалык жак) коммерциялык банктагы эсебинде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш); 

9) өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү;  

10) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук. 

11) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү

12) алмашуу бюросунун отчет берүүнү жөнгө салуучу ички жол-жобосу жана кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби.»; 

5) 9-1- пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган документтерди (документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген);»; 

6) төмөнкү мазмундагы 9-2-пункт менен толукталсын: 

«9-2. Өтүнүч ээси ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 12-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»; 

7) 14-16-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Сунушталган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча - өтүнүч ээсине нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия же кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилет. 

15. Кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат лицензияны алмаштырбайт жана өтүнүч ээсине алмашуу бюронун лицензиясы жок болсо нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун бербейт. 

16. Лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу чечими көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан өтүнүч кат жана ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталгандан кийинки 30 календардык күн ичинде кабыл алынат. 

Кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катты берүү/баш тартуу чечими жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан өтүнүч кат жана ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөндөн кийинки 30 жумуш күнү ичинде кабыл алынат.»; 

8) 18 жана 19-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат акысыз берилет. 

19. Алмашуу бюросуна лицензия берилгендиги жана кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат өтүнүч ээсинин же ал ыйгарым укук чегерген адамдын белгиленген талаптарга ылайык таризделген ишеним каты болушунда, инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган учурда берилет.»; 

9) 25-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген документтер;»; 

10) 25-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25-1. Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактын - лицензиаттын алмашуу бюросу жана кошумча алмашуу бюросу өз ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырса, анда лицензиат жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасын ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммаларга ылайык келтирүүгө жана Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

1) билдирүүнү;  

2) билдирүү берилген күнү лицензиаттын коммерциялык банктагы эсебинде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага ылайык улуттук валютада же билдирүү берилген күнү Улуттук банктын расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган маалымкатты;  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматты (8-1-тиркеме); 

4) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайра тариздөө тууралуу өтүнүч катты.»; 

11) 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Алмашуу бюросунун дарегинин өзгөрүшү

1) Алмашуу бюросунун дареги өзгөргөн шартта, лицензиат нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайра тариздөө үчүн алмашуу бюросунун жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кайрылуусу зарыл. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайра тариздөө үчүн лицензиат, жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

а) алмашуу бюросунун дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайра тариздөө тууралуу өтүнүч катты; 

б) ижара келишиминин көчүрмөсүн же алмашуу бюросунун жаңы жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн; 

в) мурунку дареги көрсөтүлгөн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын түп нускасын. 

2) кошумча алмашуу бюросунун дареги өзгөргөн шартта лицензиат ушул Жобонун талаптарына ылайык кошумча алмашуу бюросун Улуттук банкта жаңы дарек боюнча каттоо жөнүндө жаңы кат алуусу тийиш. Кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө катты кайра тариздөө үчүн лицензиат, Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

а) кошумча алмашуу бюросунун дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө катты кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат; 

б) ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча алмашуу бюросунун жаңы жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн; 

в) кошумча алмашуу бюросунун мурунку дареги боюнча каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасын.»; 

12) 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Лицензиат кошумча алмашуу бюросун ачуу үчүн кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө Улуттук банктын катын алууга милдеттүү. Кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты алганга чейин кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат.»; 

13) 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кошумча алмашуу бюросун каттоо үчүн лицензиат Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөрүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын;  

2) ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

3) коммерциялык банктагы өтүнүч ээсинин эсебинде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммаларга ылайык өлчөмдөрдө улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш); 

4) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучунун/катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү

5) кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

6) кошумча алмашуу бюросун ачуу жөнүндө чечимди же буйрукту; 

7) кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты (8-1-тиркеме).»; 

14) 32-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32-1. Эгерде юридикалык жактын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү аяктап жатса же мөөнөтү аяктагандан бери 30 (отуз) календардык күн өтө элек болсо, анда юридикалык жак кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө жаңы кат алуу үчүн ушул Жобонун 9-1-пунктуна ылайык жаңы лицензия алгандан кийин өтүнүч катын бере алат. 

Кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө жаңы кат алуу үчүн ушул Жобонун 9-1-пунктуна ылайык жаңы лицензия алгандан кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей юридикалык жак ушул Жобонун 32-пунктунун 1-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди жана ушул Жобого карата 8-1-тиркемеге ылайык кошумча алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу (эгер мурда берилбесе) жана/же жүгүртүү каражаттарынын суммасындагы айырма боюнча маалыматты (жүгүртүү каражаттары көбөйтүлсө) бере алат.»; 

15) 33-пунктун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул Жобонун 44-пунктунун 1-2, 6-7, 12-13 жана 15-17-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.»; 

16) 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Алмашуу бюролору нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курсу жөнүндөгү маалыматтарды чагылдырган такталар менен жабдылуусу зарыл. Ар бир алмашуу бюросунда кардарларга көрүнөө жерде төмөнкү маалыматтар илинип турууга тийиш: 

- ушул алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын аталышы; 

- алмашуу бюросунун лицензиясы (кошумча алмашуу бюролорунда лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 

- алмашуу бюросунун жетекчисинин аты-жөнү, кызматы; 

- ушул алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын алмашуу бюросуна ишке тартылган кызматкерлеринин аты-жөнү

- алмашуу бюросунун иштөө режими; 

- кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасы (кошумча алмашуу бюросу үчүн); 

- ушул Жобого карата 10-тиркемеге ылайык кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөө тартиби. 

Алмашуу бюросунун иш аймагында лицензияда көрсөтүлгөн иштер гана жүзөгө ашырылууга тийиш.»; 

17) 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн баш тартат: 

1) өтүнүч ээси лицензия алуу үчүн сунуштаган документтердеги маалыматтар так эмес болсо; 

2)  лицензия алуу үчүн ушул жобого ылайык талап кылынган документтер экиден көп жолу сунушталбаса/толук сунушталбаса жана/же белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер сунушталса; 

3) лицензия берилгендиги үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө

4) өтүнүч ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

5) иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга субъекттердин бул категориясына мыйзам актыларында тыюу салынса; 

6) алмашуу бюросунун (кошумча алмашуу бюросунун) жайы жана жабдуулары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген алмашуу бюролорунун иштөө шарттарына жана иш тартибине ылайык келбесе; 

7) акыркы 12 (он эки) айдын ичинде 2 (эки) жана андан көп жолу кассалык тартипти системалуу түрдө бузган учурда (эгерде колдонуудагы лицензиянын мөөнөтү бүтө элек болсо); 

8) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары оффшордук аймактарда каттоодон өткөртүлсө же катышуучулары катары оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактары болсо же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда жашаган жеке адамдары болсо; 

9) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы күрөшүү (ФАТФ) боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн аймагында каттоодон өтсө же жашаса жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаса, ошондой эле өтүнүч ээси же болбосо өтүнүч ээсинин катышуучулары түзүүгө жана жаңыртып турууга финансылык чалгындоо органы жооптуу болуп эсептелген Санкциялык тизмектерде жана аларга карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде бар болсо. 

Эскертүү: колдонулган терминдерди Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түшүнүү зарыл. 

10) өтүнүч ээсине карата иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо; 

11) акыркы үч жыл ичинде мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берилгендиги үчүн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынган өтүнүч ээси жана/же анын кайсы болбосун катышуучусу кайталап кайрылган учурда (анын ичинде жаңы юридикалык жакты түзүү же башка юридикалык жактын уставдык капиталында катышуу аркылуу); 

12) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жүгүртүлүүчү акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалымат ачык чечмеленип берилбесе;  

13) акча каражаттарын алуу булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келгендиги белгиленсе; 

14) юридикалык жактын-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана/же алмашуу бюросунун жетекчисинин экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана тындырылбаган соттуулугу болсо; 

15) юридикалык жактын-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун/катышуучусунун жана/же алмашуу бюросунун жетекчисинин нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу бузууларга жол бергендиги үчүн төлөнбөгөн карызы (айыптык төлөм) болсо; 

16) алмашуу бюросунун иши жана жайы ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүдө каршылык көрсөтүлсө

17) лицензиянын мөөнөтү аяктагандан кийин, анын ичинде Жобонун 9-1-пунктуна ылайык жаңы лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу учурунда же тиешелүү соттун чечими чыкканга чейин нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүлсө

18) Улуттук банк тарабынан документтер каралып жаткан учурда, өтүнүч ээсинин бюджет алдында карызы болсо.»; 

18) төмөнкү мазмундагы 44-1-пункт менен толукталсын: 

«44-1. Өтүнүч ээси ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздерди четтеткен шартта, кайра берилген өтүнүч кат жалпы негизде каралат.»; 

19) 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Лицензиянын аракети токтотулгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде лицензия берилген юридикалык жак лицензиянын түп нускасын жана кошумча алмашуу бюросу болсо кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.»; 

20) 51-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) алмашуу бюросу анын лицензиясында көрсөтүлгөн дарекке туура келбеген дарек боюнча жана/же кошумча алмашуу бюросу аны каттоо жөнүндө катта көрсөтүлбөгөн дарек боюнча иш жүргүзсө;»; 

21) Жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» Жобого карата 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна  

№ ______ ЛИЦЕНЗИЯ 

20__ жылдын «___» ____________ катталган 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

____________________________________________________________________________ 

(Бишкек ш., Ош ш./областтын аталышы) 

____________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы) 

нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун чегерет. 

Алмашуу бюросунун дареги: 

________________________________________________________________________. 

Алмашуу бюросу ушул лицензиянын негизинде жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан төмөнкү алмашуу операцияларын жүргүзө алат: 

а) нак чет өлкө валютасын накталай улуттук валютага сатып алуу; 

б) нак чет өлкө валютасын накталай улуттук валютага сатуу. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы нак чет өлкө валюталарын алмашуу операциялары боюнча орун алган тобокелдиктерге жооп бербейт. 

Лицензия, анда чагылдырылган нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун чегерет. 

Алмашуу бюросуна юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарды тартууга; акча каражаттарын (чет өлкө же улуттук валютаны) мурда макулдашылган алмашуу курсу боюнча алдын-ала төлөө катары кабыл алууга; лицензияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн башка операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Лицензияда көрсөтүлбөгөн операциялар жүргүзүлгөн шартта, мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат. 

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Бул лицензияда келтирилген укуктарды үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө болбойт. 

Лицензия ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонууда болот. 

(Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде ишке ашырган юридикалык жак үчүн анын иштөө мезгили көрсөтүлөт)

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызматкердин аты-жөнү)»; 

22) Жобого карата 5-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» Жобого карата 

5-тиркеме 

Кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө 

КАТ 

Ушул аркылуу 

___________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жайгашкан кошумча алмашуу бюросу  

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын аталышы жана негизги алмашуу бюросунун дареги) 

____________________________________________________________________________ 

(лицензия берилген күн жана лицензиянын мөөнөтү аяктаган күн) 

нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 20___ж. «___» __________________ №______ лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ________ номеринде каттоодон өткөртүлгөндүгү тастыкталат. 

Кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат жогоруда көрсөтүлгөн лицензияны колдонуу мезгил аралыгында гана жарактуу. 

Каттын көчүрмөсү жараксыз.  

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

23) Жобого карата 10-тиркемедеги «жеке адамдын аты-жөнү же» деген сөздөр алынып салынсын; 

24) Жобонун 10-тиркемесиндеги III главанын 2-пунктунун «Кассир (жооптуу кызматкер)» деген сөздөрдөн кийин «кардардын талабы боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

25) Жобо төмөнкү редакциядагы 12-тиркеме менен толукталсын: 

««Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» Жобого карата 

12-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________,  № ______ ______ 

   (документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө  тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук  даражасы  тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу  тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн  тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана квалификацияга тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым экендигин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун: 

1) 7-пунктундагы «Кард-Хасан» деген сөз «кард» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. МКК/МКАнын ушул жобого ылайык Улуттук банкка берилген, бир нече барактан турган уюштуруу документтеринин же башка чечиминин ар бир нускасы өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлуп, аларга МКК/МКАнын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө (бар болсо) тийиш. Мында, башка ыйгарым укук чегерилген адам да Улуттук банкка берилүүчү документтерге кол коюуга ыйгарым укуктары жөнүндө тиешелүү документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.»; 

3) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. МКК/МКА күбөлүк алуу үчүн (анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген МКК/МКА) анын жайгашкан орду боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме);  

2) МКК/МКАлардын уюштуруучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимди же анда төмөнкү чечимдер камтылган (бир катышуучу болсо) протоколду (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) (эки нускада):  

- МКК/МКАны түзүү жөнүндө;  

- директорлор кеңешинин/байкоо органынын төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо/дайындоо жөнүндө (аталган орган бар болсо); 

- аткаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин) (мындан ары жетекчи) шайлоо/дайындоо тууралуу;  

- Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелер жөнүндө;  

3) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:  

- башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же чакырылган бухгалтерди) (мындан ары башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө;  

- кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин (эгерде болгон болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин дайындоо тууралуу (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдардын сакталышы боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу кызматкерди дайындоо жөнүндө;  

- МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелер чөйрөсү, баш ийүүсү); 

4) МКК/МКАны түзүү жөнүндө уюштуруу келишимин (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) (эки нускада);  

5) МКК/МКАнын уставы (эки нускада);  

6) МКК/МКАнын директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин, кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин (көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары болсо), жетекчисинин, башкы бухгалтеринин анкеталарын (2-тиркеме), ошондой эле алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келгендигин тастыктаган маалыматтар жана документтер;  

7) эгерде уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) МКК/МКАнын уставдык капиталына Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 20 пайыздан жогору суммада акча каражаттарын салган болсо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген төмөнкүдөй маалыматтар камтылган документтерди:  

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган финансылык отчеттун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү;  

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде болгон болсо же мындай талап мыйзамда белгиленген болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер, ошондой эле алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

- юридикалык жактын ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;  

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн:  

- киреше тууралуу маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча каражаттарын, мүлктү ж.б. мурастап калууга укук, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер же алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

8) уюштуруучулардын (катышуучулардын) жеке адамдардын жана ушул пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдардын паспортунун көчүрмөлөрү;  

9) уюштуруучулар (катышуучулар) юридикалык жактар тууралуу маалымат (уюштуруу документтеринин жана ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөлөрү). 

Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтеринде уюштуруучулардын жеке адамдардын кол тамгалары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, катышуучунун-юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

МКК/МКАлар, жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 11-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш. Мындай макулдук берилбеген учурда, ал документтерди, анын ичинде МКК/МКАлардын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, башкы бухгалтерлерин, МККнын уюштуруучуларын (катышуучуларын, акционерлерин) жана МКАнын уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошо алганда, МКК/МКАнын кызмат адамдарын минималдуу талаптарга ылайыктыгын аныктоо маселелерине тиешелүү документтерди кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»; 

4) 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Эгер Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн берилген маалыматтарды жетишсиз деп эсептесе күбөлүк/лицензия берүүнүн, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоонун, кызмат адамдарын макулдашуунун, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүүнүн алкагында Улуттук банк өтүнүч ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш болгон уруксат документтерин берүү, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү жол-жоболору үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кыла алат.»; 

5) 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. МКК/МКАнын директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальнигинин/кызматкеринин (көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары болсо), жетекчиси жана башкы бухгалтери кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн: 

а) жогорку билиминин болушу; 

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;  

в) тиешелүү сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган корпоративдик башкаруу чөйрөсүн билүүсү;  

2) жетекчи үчүн:  

а) жогорку билиминин жана банктарда же финансы-кредит уюмдарда 2 (эки) жылдык иш стажынын болушу (кесиптик орто билими болгон учурда);  

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;  

в) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАнын жетекчиси үчүн тиешелүү сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билиминин болушу;  

3) башкы бухгалтер үчүн:  

а) экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билиминин же бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө 1 (бир) жылдык иш стажынын болушу (экономика жана финансы тармагында кесиптик орто билими болсо);  

б) талапкердин бухгалтердик эсепке алуу боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын же башка документтин болушу;  

в) МКК/МКАнын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган башкы бухгалтери үчүн Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттары чөйрөсүндө билиминин болушу;  

4) кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальниги жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери үчүн:  

а) экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билиминин же банктарда же финансы-кредит уюмдарда кредиттөө (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо) бөлүмүндө 1 (бир) жылдык иш стажынын болушу (экономика жана финансы тармагында кесиптик орто билими болсо);  

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;  

в) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери үчүн бул багытта окуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билиминин болушу.»; 

6) 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Улуттук банк төмөнкү учурларда МКК/МКАнын директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, кредиттөө бөлүмүнүн начальнигинин, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин кызмат ордуна талапкерлердин белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербегендигин аныктай алат: 

1) Улуттук банктын анын төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган бир же бир нече чечимдеринин болушу:  

- банктык жана микрофинансылык ишти жөнгө салган мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банк тарабынан финансы-кредит уюмга карата лицензиянын жана күбөлүктүн кайтарып алынышын жана акыркы 3 (үч) жыл ичинде убактылуу администрациясынын киргизилишин кошо алганда, таасир этүү чараларынын (эгерде мындай таасир этүү чаралары, анын ичинде кызмат адамын административдик жоопкерчиликке тартуу бир эле маселе боюнча бир гана жолу колдонулган учурда, финансы-кредит уюм аткарылгандыгы тууралуу отчет берген, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча финансы-кредит уюмга багытталган кабыл алынган жана аткарылган эскертүүлөрдү жана жазма буйрууларды эске албаганда) колдонулушуна алып келген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген катары;  

- финансы-кредит уюмунун алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышын шарттаган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар катары;  

2) талапкер Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын алгылыксыз ишкердик аброюна ээ экендигин тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматтын болушу;  

3) талапкер жооптуу болгон иш чөйрөсүндө мыйзам бузуулар орун алгандыгын тастыктаган Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын текшерүү материалдарынын болушу;  

4) талапкерге ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу; 

5) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда иш жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди МКК/МКАга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

6) Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди талап (талаптын электрондук версиясы) түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе. 

7) төмөнкү мазмундагы 22-1 жана 22-2-пункттар менен толукталсын: 

«22-1. Эгерде талапкер ушул Жобонун 21 жана 26-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына ылайык келбесе, көрсөтүлгөн адам Улуттук банктан билдирүү-кат алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде кызмат ордунан бошотулууга тийиш. 

22-2. Төмөндө көрсөтүлгөн фактылар бар болсо талапкер МКК/МКАда ушул Жобонун 21 жана 26-пунктарында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул Жобонун 22-пунктунун «а» пунктчасында тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 4 (төрт) жыл бою; 

- ушул Жобонун 22-пунктунун «б» пунктчасында талапкердин ишкердик аброюнун талапка жооп бербей тургандыгын күбөлөндүргөн аракеттенүү (аракеттенбей коюу) фактыларын аныктаган чечимди кабыл алган күндөн тартып 4 (төрт) жыл бою; 

- ушул Жобонун 22-пунктунун «в» пунктчасында текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жөнгө салуучу орган тарабынан бузуу фактысын аныктаган расмий документтерди каттаган күндөн тартып 4 (төрт) жыл бою.»; 

8) 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) жогорку билими тууралуу дипломунун; төрага үчүн укук жана/же финансылык ишкердик боюнча Шариат жагында жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу;  

2) ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган билиминин жана Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзам чөйрөсүндө билиминин болушу;  

3) ушул Жобонун 22-пунктундагы шарттарга туура келбеши.  

4) Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрү боло алышат.»; 

9) төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын: 

«26-1. Шариат кеңешинин төрагасы ушул пунктта белгиленген талаптарга кошумча, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун Шариат кеңешинде кеминде 1 (бир) жылдык иш стажына ээ болууга, же болбосо ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуу же изилдөө чөйрөсүндө (илимий иштер, статьялар, баяндамалар ж.б.) 4 (төрт) жылдан кем болбогон иш стажына ээ болууга тийиш.»; 

10) 38-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

11) төмөнкү мазмундагы 42-1, 42-2 жана 42-3-пункттар менен толукталсын: 

«42-1.  Улуттук банк менен МКК/МКАнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобого сунушталган өзгөртүүлөрдү (жаңы редакциясын бекитүүнү) макулдашуу үчүн МКК/МКА жайгашкан дареги боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) МКК/МКАнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч;  

2) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечими жана мындай чечимдин мөөр менен тастыкталган көчүрмөсү

3) жобо жана жобонун көчүрмөсү (МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган). 

42-2. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтерди 10 (он) жумуш күнү ичинде карайт. Документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык келген шартта жана четке кагуу үчүн негиздер жок учурда, Улуттук банк ушул жобонун 42-1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында белгиленген документтердин түп нускаларын кошо тиркөө менен МКК/МКАга филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берет. 

42-3. Филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүдөн кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде МКК/МКА Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:  

1) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, филиалды / өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, филиалды / өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө белги коюу менен Филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсүн.  

Улуттук банк филиалды / өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.»; 

12) 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Уюштуруу документтерине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду макулдашуу үчүн МКК/МКА анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч (6-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) уюштуруу келишиминин (катышуучулар/уюштуруучулар курамы өзгөргөн шартта) жана/же уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы, ошондой эле алардын МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

4) уставдык капиталын көбөйткөн шартта - өтүнүч кат сунуштаган күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепте уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине толук өлчөмдө акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө), мында уставдык капиталды бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүү эске алынбайт.  

Мында, уставдык капиталды көбөйтүү эсебине багытталган акча каражаттарынын суммасы кошумча капитал эсебинде эсепке алынууга тийиш жана ал МКК/МКА тарабынан толугу менен кайра каттоодон өткөнгө чейин кредиттөө, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга гана пайдаланылышы мүмкүн.  

Эгерде капитал:  

- Уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен көбөйтүлсө -кошумча капитал катары акча каражаттарын салуу жана мындай капиталдын кайтарылып алынгыстыгы жөнүндө келишим/макулдашуу (бир катышуучуда чечим) жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктагы эсептешүү эсебинен ошол акча каражаттардын салынгандыгы жөнүндө көчүрмө сунушталат;  

- аудит өткөрүлгөндөн кийин бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлсө уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) жалпы жыйынын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечими сунушталат;  

5) ушул жобонун (бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүнү эске албаганда) 17-пунктунун 7-пунктчасында белгиленген документтер тизмегине ылайык, Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 20%нан ашык суммадагы акча каражаттарынын МККнын уставдык капиталына уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер), алардын ичинде жаңы катышуучулар/акционерлер, тарабынан салынышында жана уставдык капиталдагы үлүштү сатып алууда, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалымат камтылган документтер;  

6) уставдык капиталды азайтууда уставдык капиталды азайткандан кийин МКК/МКАнын финансылык абалы тууралуу (финансылык абал тууралуу болжолдуу отчет) жана МКК/МКА тарабынан Улуттук банктын талаптарынын аткарылышына таасири, ошондой эле МКК/МКАлардын кредиторлор алдындагы милдеттерин аткаруусу жөнүндө болжолдуу эсептөөлөр;  

- кредиторлордун финансы-кредит уюмдардын МКК/МКАлардын уставдык капиталын азайтууга кат жүзүндөгү макулдугу (эгер болгон болсо);  

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар жана документтер; 

8) уставдык капиталдагы үлүштү сатып алууда арыз берилген күнгө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсеп боюнча уставдык капиталды сатып алуу эсебинде акча каражаттарынын бардыгын ырастоочу документ (банктагы алыш-бериш эсептен көчүрмө).»; 

13) төмөнкү мазмундагы 44-1-пункт менен толукталсын: 

«44-1. Кошумча капиталга каражаттарды чегерүүнү пландаштырган МКК Улуттук банкка кошумча капиталга каражаттарды чегерүү ниети жөнүндө билдирмени, кошумча капитал катарында акча каражаттарын киргизүү жөнүндө келишимди / макулдашууну / чечимди (бир катышуучу болсо) жана каражаттардын булактары тастыктаган документтерди жөнөтүүгө тийиш. 

Улуттук банк биринчи абзацта көрсөтүлгөн документтерди 10 (он) жумуш күн ичинде карайт. Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк МККга кошумча капиталга каражаттарды кошуу ниетине макулдук же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген каражаттардын келип чыгышынын булагын аныктоо мүмкүн эместиги жөнүндө кат жөнөтөт.  

Улуттук банктын макулдугун алгандан кийин МКК 3 (үч) жумуш күн ичинде кошумча капиталга акча каражаттары салынган күнү коммерциялык банктагы эсепте акча каражаттарынын толук көлөмдө болушун тастыктаган документти берүүгө милдеттүү.»; 

14) 74-пунктунун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ушул Жобонун 21 жана 26-пункттарында көрсөтүлгөн кызмат адамдары белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбеген учурда;  

4) ушул Жободо каралган же ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан суралган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде толук көлөмдө сунуштабаса;»; 

15) 77-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«77. МККнын кошумча банктык операциялары. 

1) Эгерде бул операциялар МККга берилген лицензияда көрсөтүлгөн болсо, ал төмөнкү банк операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:  

а) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 

б) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле;  

в) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу. 

2) Үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугун сатып алуу (факторинг) «ислам терезесинин» алкагында жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган МКК үчүн уруксат берилбейт.  

Эскертүү: Шариат стандарттарына ылайык, риба (пайыздык чендер) элементтери камтылгандыгына байланыштуу карыздык милдеттенмелер менен соода жүргүзүүгө тыюу салынат.»; 

16) 78-пунктунун 1-пунктчасындагы «, 9» саны алынып салынсын; 

17) 82-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«82. МКК тарабынан ушул Жободо белгиленген талаптар аткарылган шартта, Улуттук банк МККга ушул Жобонун 77-пунктунда каралган банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет (8-тиркеме).  

Документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан 10 (он) жумуш күнгө узартылышы мүмкүн.»; 

18) 88-89-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. МКК/МКА анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, акционерлеринин) чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. 

89. Кредиторлордун МКК/МКАны ыктыярдуу тартипте жоюуга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун Улуттук банкка сунуштоо учурларын эске албаганда, МКК/МКА кредиторлору, анын ичинде финансы-кредит уюмдары алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарбаса, ыктыярдуу тартипте жоюлуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт.»; 

19) 91- пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

20) төмөнкү мазмундагы 91-1, 91-2 жана 91-3-пункттар менен толукталсын: 

«91-1. Ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечимине ылайык МКК/МКА катары юридикалык жактын иши токтотулганда, микрофинансылык ишти ишке ашыруусуз юридикалык жак катары ишин улантууга ниеттенген МКК/МКА Улуттук банктын уруксат берүү документтеринде каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотуп, уюштуруу документтерине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен аталышындагы «микрокредиттик компания / микрокредиттик агенттик, МКК/МКА» деген сөздөрдү алып салуудан улам аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алууга милдеттүү

91-2. «Микрокредиттик компания / микрокредиттик агенттик, МКК/МКА» сөздөрүн алып салуудан улам аталышын өзгөртүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн МКК/МКА чечим кабыл алгандан тартып 10 (он) жумуш күн ичинде төмөнкүлөрдү берет: 

1) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч (6-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечиминин түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

а) аталышын өзгөртүү жөнүңдө

б) микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо жөнүндө жоболорун уюштуруу документтеринен алып салуу каралган уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;  

в) Улуттук банктын уруксат берүү документин тапшыруу жөнүндө

3) уюштуруу келишиминин жана/же уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы, ошондой эле алардын МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

4) Улуттук банктын күбөлүгүнүн жана/же лицензиясынын (болсо) түп нускасы. 

91-3. Ушул Жобонун 91-2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук жана туура болсо Улуттук банк ушул Жобонун 91-2-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын тиркеп МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдук берүү жөнүңдө кат берет.»; 

21) Жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрокредиттик компаниялардыжана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

УЛУТТУК БАНКЫ 

ӨТҮНҮЧ 

_________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

микрокредиттик компанияга / микрокредиттик агенттикке; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга ниеттенген микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга ниеттенген микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берүүнү өтүнөт.  

_________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: 

_________________________________________________________________________ 

Жетектөөчү кызматтагы кызматкерлердин тизмеси (директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык бөлүмдүн начальнигинин/кызматкеринин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин (аталган органдардын же кызмат адамдар болсо), жетекчинин, башкы бухгалтердин аты-жөнү):  

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Жетекчинин кол тамгасы  

 20___-жылдын «___» _______________»; 

22) Жобого карата 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого карата 

8-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

_____ ЛИЦЕНЗИЯ  

_____________________________________________________________________________ 

(микрокредиттик компаниянын толук аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

(кыскартылган аталышы) 

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү үчүн микрокаржылоо боюнча пайдаланууга мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:  

- _________________________________________________________________; 

- _________________________________________________________________; 

- _________________________________________________________________. 

Лицензия ага кол койгондон күндөн тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.  

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.  

Лицензия 20___-жылдын «____» ______________ каттоодон өткөртүлгөн. 

Мөөрү  

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

23) Жобого карата 9 жана 10-тиркемелер күчүн жоготкон катары таанылсын. 

24) Жобого карата 11-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобого карата 

11-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________,  № ______ ______ 

   (документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

             (аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле:  

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык);  

- жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине) менин жеке өзүмө гана тиешелүү болгон бардык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык берилишине.  

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: фамилияма, атыма жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүм өзгөрткөн күн жана ага түрткү берген себептер); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөө, эки ишти айкалышта аткаруу, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтардын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат.  

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тарабынан уруксат документтерин берүү жол-жобосун ишке ашыруу (анын ичинде кызмат адамдарын минималдуу квалификациялык талаптарга ылайыктыгын аныктоо, МККлардын иш чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү) максатында сунушталат. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.  

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана уруксат документтерин берүү максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт.  

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 33-пунктундагы жана Жобого карата 8-тиркемедеги «Кард-Хасан» деген сөздөр «кард» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: 

«10-1. Кредиттик союздар, жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 10-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»; 

3)  13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Эгерде Улуттук банкка ушул жободо белгиленген же ушул Жобонун 17-1-пунктуна ылайык талап кылынган документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык документтерди кароо мөөнөтү ичинде себептерин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып бере алат.»; 

4) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Лицензия алуу үчүн кредиттик союз жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензия берүүгө өтүнүч кат (2-тиркеме); 

2) төмөнкү чечимдер камтылган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында толтурулган протоколу (эки нускада): 

а) кредиттик союзду түзүү жөнүндө

б) Башкарманын, Байкоо кеңешинин (болгон шартта), Кредиттик комитеттин, Ревизиялык комиссиянын төрагаларын шайлоо/дайындоо жөнүндө

в) Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (эгерде кредиттик союз өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо); 

г) кредиттик саясатты/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясатты бекитүү тууралуу; 

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча; 

3) кредиттик союзду түзүү жөнүндө уюштуруу келишими (эки нускада); 

4) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген уставы (эки нускада); 

5) 3-тиркемеде белгиленген форма жана талаптар боюнча кызмат адамдарынын (башкарманын төрагасынын, байкоо кеңешинин (эгерде болгон болсо) төрагасынын анкеталары (эгерде кредиттик союз ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууга ниеттенип жатса Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкетасы да берилет), ошондой эле маалымат жана ушул жободо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын дал келүүсүн тастыктоочу документтер (сертификаттар жана/же башка ушул сыяктуу документтер, дипломдун көчүрмөлөрү, зарылчылыкка жараша - эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген жана төмөнкүлөрдү камтыган кредиттик саясат/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча саясат (кредиттөө/каржылоо боюнча колдонмо): 

- кредит/каржылоо алууга документтерди карыз алуучу тарабынан сунуштоо эрежелери жана тартиби; 

- кредит/каржылоо берүү шарттары жана эрежелери; 

- кредиттик комитеттин/каржылоо боюнча комитеттин функциялары жана ыйгарым укуктары; 

- кредиттик операциялар/каржылоо операциялары боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү эрежелери; 

- кредиттерге/каржылоого мониторинг жүргүзүү тартиби; 

7) тартылган сактык пайлардын көлөмү, кредит/каржылоо көлөмү жана кредиттик союздун катышуучуларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр; 

8) кредиттик союздун катышуучуларынын жана ушул пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын паспортторунун көчүрмөлөрү

9) кредиттик союздун катышуучулары - юридикалык жактар тууралуу маалыматтар (ошол юридикалык жактардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү); 

10) кредиттик союздун жалпы уюштуруу түзүмү тууралуу маалыматтар (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынып жаткан маселелер чөйрөсү же алар жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилген операциялар тизмеси, кимге караштуулугу; 

11) жайды ижарага алуу келишими же ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ (кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү). 

Ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтериндеги уюштуруучулардын жеке адамдардын кол тамгалары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, катышуучу юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасына юридикалык жактын мөөрү басылууга тийиш.»; 

5) төмөнкү мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын: 

«17-1. Эгер Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн берилген маалыматтарды жетишсиз деп эсептесе лицензиялоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү жол-жоболорунун алкагында Улуттук банк өтүнүч ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш болгон лицензиялоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү жол-жоболору үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кыла алат.»; 

6) 20-пунктундагы «Башкарманын төрагасы» деген сөздөрдөн кийин «жана мүчөлөрү» деген сөздөр алынып салынсын; 

7) 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик союздун кызмат адамдары төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Башкарманын төрагасы, байкоо кеңешинин төрагасы үчүн (бар болсо): 

- жогорку билимдин (экономикалык билиминин болушу артыкчылыктуу) же жетекчи кызматтарда 3 (үч) жылдык иш стажынын (атайын орто экономикалык билимге ээ болгон шартта) болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кредиттик союздардын ишин жөнгө салган, ошондой эле Улуттук банктын активдерди жана пассивдерди тескөө, кредиттөө жана күрөөнү өндүрүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын билүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же аталган багыттарда 1 (жыл) жылдан кем эмес иш стажы жок болгон учурда, ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздун төрагасы ушул пункттун талаптарына кошумча ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө жана ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (аны менен бирге Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын) билүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билимдер тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багыттарда окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш; 

2) Шариат кеңешинин төрагасы үчүн: 

- шариат чөйрөсүндө укук жана/же финансылык ишкердик багытында жогорку билими тууралуу дипломунун болуусу же болбосо жогорку билими тууралуу дипломунун жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун жетекчи кызмат орунунда кеминде 1 (бир) жыл иш стаж болушу; 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билими болууга тийиш. Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш; 

3) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн: 

- жогорку билими тууралуу дипломго ээ болууга; 

- Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдарын билүүгө

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери багытында билими болууга тийиш. 

Көрсөтүлгөн чөйрөдөгү билими тиешелүү сертификаттар жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталууга тийиш; 

4) башкы бухгалтер үчүн: 

- экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билими же бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө 1 (бир) жыл иш тажрыйбасы болушу (бухгалтердик эсепке алуу боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырууну кошо алганда, экономика жана финансы чөйрөсүндө кесиптик орто билими болгон шартта); 

- сертификат жана/же ушул багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталган эсепке алуунун жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын негиздерин билиши (Кыргыз Републикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамында каралган кошумча банктык операцияларды жүргүзгөн кредиттик союздар үчүн). 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырган кредиттик союздун башкы бухгалтери ушул пунктчанын талаптарына кошумча тиешелүү сертификаттар жана/же аталган багытта окутуудан өткөндүгү тууралуу башка документтер менен тастыкталган Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттарын билүүгө тийиш.»; 

8) төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын: 

«23-1. Эгер талапкер ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына ылайык келбесе, көрсөтүлгөн адам Улуттук банктан билдирүү-кат алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күн ичинде кызмат ордунан бошотулууга тийиш.»; 

9) 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«24. Ушул Жобонун 20-пунктунда белгиленген кредиттик союздун кызмат адамдары төмөнкү учурларда кызмат адамы боло албайт, эгерде: 

1) «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдын 18-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык келбесе; 

2) ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербесе; 

3) соттун талапкерге карата ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган жана/же аны экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жана/же кызматтык кылмыштарга жол бергендигин тааныган чечими болсо; 

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюн ырастаган чечими, корутундусу, текшерүү материалдары болсо; 

5) буга чейин Улуттук банк тарабынан колдонулган таасир этүү чараларынын алкагында талапкерди четтетүү жана алмаштыруу жөнүндө Улуттук банктын чечими болсо; 

6) Улуттук банктын финансы-кредит уюмунун лицензиясын/күбөлүгүн кайтарып алууга жана/же төлөөгө жөндөмсүздүгүнө алып келген мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн талапкерди күнөөлүү деп тааныган чечими болсо; 

7) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда иш жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди кредиттик союзга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

8) Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе.»; 

10) төмөнкү мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын: 

«24-1. Төмөндө көрсөтүлгөн фактылар бар болсо, талапкер кредиттик союзда ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок: 

- ушул Жобонун 24-пунктунун 3-пунктчасында соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде, соттун чечиминде мөөнөт жок болсо соттуулугу жоюлган күндөн тартып 4 (төрт) жыл бою; 

- ушул Жобонун 24-пунктунун 4-пунктчасында талапкердин алгылыксыз иш аброюн күбөлөндүргөн аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) жол бергендиги фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 4 (төрт) жыл бою; 

- ушул Жобонун 24-пунктунун 5 жана 6-пунктчаларында Улуттук банктын чечими кабыл алынган күндөн тартып (төрт) жыл бою.»; 

11) төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. Лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер кредиттик союздарды көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан кабыл алынат.»; 

12) төмөнкү мазмундагы 63-1-пункт менен толукталсын: 

«63-1. Кредиттик союз телефон, факс номерлери, электрондук дареги өзгөргөндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Улуттук банкка ошол өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү.»; 

13) төмөнкү мазмундагы 66-1-пункт менен толукталсын: 

«66-1. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмунун Шариат кеңешинин мүчөсү боло алат.»; 

14) 70-пунктунун 8-пунктчасында «жана мүчөлөрүнүн биринин» деген сөздөр алынып салынсын; 

15) 80-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«80. Кредиторлор Улуттук банкка кредиттик союзду ыктыярдуу тартипте жоюуга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берген учурларды эске албаганда, кредиттик союз кредиторлору, анын ичинде финансы-кредит уюмдары алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарбаса, ыктыярдуу тартипте жоюлуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт.»; 

16) Жобого карата 5, 6, 7 жана 8-тиркемелериндеги «Улуттук банктын төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам (Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүнүн начальниги/директору)» деген сөздөр «Улуттук банктын башкармалыгынын начальниги/областтык башкармалыгынын начальниги / өкүлчүлүгүнүн директору» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

17) Жобо төмөнкү мазмундагы 10-тиркеме менен толукталсын: 

«Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

10-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________,  № ______ ______ 

   (документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

             (аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө  тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук  даражасы  тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу  тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн  тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруусу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), кредиттик союздун ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 7, 9-пункттарындагы «Кард-Хасан» деген сөздөр «кард» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) 9-пунктта «шарика/мушарака мунтахийа биттамлик» деген сөздөр «кемүүчү мушарака» деген сөзгө алмаштырылсын; 

3) 8-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг)»; 

4) төмөнкү мазмундагы 15-1 жана 15-2-пункттар менен толукталсын: 

«15-1. Эгер Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн берилген маалыматтарды жетишсиз деп эсептесе лицензия берүү (лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу), МФКнын ишин кеңейтүү, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү алкагында Улуттук банк өтүнүч ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш болгон лицензиялоо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү жол-жоболору үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кыла алат. 

15-2. МФК, жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 16-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»; 

5) төмөнкү мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын: 

«19-1. МФК телефон, факс номерлери, электрондук дареги өзгөргөндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде Улуттук банкка ошол өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү.»; 

6) 27-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, банктык жана корпоративдик башкаруу мыйзамдары жагында, билими билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатына / лицензиясына ээ уюмдан алынган бул чөйрөдө окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен тастыкталган билимге ээ болууга;»; 

7) төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмунун Шариат кеңешинин мүчөсү боло алат.»; 

8)  31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимдүү болууга; 

2) төмөнкүдөй иш стажына ээ болууга: 

а) МФКнын Башкармасынын төрагасы - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 (үч) жылдык, анын ичинде жетекчилик кызмат ордунда кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болууга. 

Ушул пункттун максаттары үчүн жетектөөчү кызмат дегенден улам, ушул Жобонун 21-пунктунда каралган ишти жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн турбаган кызматты түшүнүүгө болот. Мында эмгек стажына коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарба иштерин жүзөгө ашырууга байланышкан, жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген иши кирбейт; 

б) Башкарма мүчөлөрү банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш стажы болууга; 

в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери банк жана/же финансы системасында талапкер дайындалып жаткан кызмат ордуна окшош (тиешелүүлүгүнө жараша, бухгалтердин, комплаенс-офицердин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн/«ислам терезесинин» жетекчисинин, активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн жетекчисинин, ички аудит кызматынын жетекчисинин) кызматта кеминде 1 (бир) жылдык иш стажы болууга; 

3) банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу багытында окуудан өткөндүгү тууралуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган сертификат же башка документ менен тастыкталган билими болууга. 

«Ислам терезесине» ээ болгон МФКнын Башкармасынын мүчөлөрүнүн бири жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын Башкармасынын мүчөлөрү, «ислам терезесинин» жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө тиешелүү сертификатка жана/же документтерге ээ болууга тийиш. 

Талапкердин иш стажы эмгек китепчесинин көчүрмөсү же башка документтер менен тастыкталат.»; 

9) 32-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкы бухгалтер кызматына талапкер ушул Жобонун 31-пунктунда белгиленген талаптарга кошумча, анын Эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттары жагында билимин тастыктаган билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдардан алынган сертификатка ээ болууга тийиш.»; 

10) 33-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ички аудит кызматынын жетекчиси кызматына талапкер ушул Жобонун 31-пунктунда белгиленген талаптарга кошумча Эл аралык аудит жана финансылык отчеттуулук стандарттары тармагында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдан алынган сертификаттарга ээ болууга тийиш.»; 

11) 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) ушул Жобонун 31-пунктунун талаптарына кошумча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында окуудан өткөндүгү тууралуу билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын/лицензиясын алган уюмдардан алынган сертификатка ээ болууга тийиш.»; 

12) 37-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Ошол эле МФКда директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү (тиешелүүлүгүнө жараша) кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган/дайындалган директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Ошол эле учурда шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо/дайындоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.»; 

13) 43 жана 43-1-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43.  Улуттук банк ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуудан баш тарта алат, эгерде: 

1) талапкерге карата финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган соттун чечими болсо; 

2) ал адам мүлккө, экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибине каршы кылмыш ишине жол бергендиги үчүн жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштуу иштер үчүн соттолуп, ал жоюлса; 

3) эгерде талапкерлер иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же башка финансы-кредит уюмунун кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же башка финансы-кредит уюмунан лицензия (күбөлүк) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруулары жана башка актылары болсо; 

4) талапкерлер «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе; 

5) талапкер тууралуу Улуттук банктын төмөнкүдөй корутундусу, чечими же башка актылары (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктары, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.) болсо:  

а) банкка/финансы-кредит уюмуна убактылуу администрация режимин киргизүүгө себеп болгон аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катышкандыгы жөнүндө;  

б) алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катышкандыгы жөнүндө;  

в) финансы, экономика жана чарбалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген болсо;  

6) жөнгө салуучу органдардын текшерүү ишинин жыйынтыгы боюнча талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөлөрүндө финансылык жана/же административдик маселелердин келип чыккандыгын тастыктаган материалдар болсо;  

7) талапкер иштөөнү болжолдогон чөйрөгө тиешелүү билими жетишсиз экендигин тастыктаган баарлашуунун алгылыксыз жыйынтыгы;  

8) талапкер баарлашууга жүйөлүү себепсиз экиден көп жолу келбей койсо (оору, алыскы аймактарда иш сапарында болуу, өлкөдө жок болуу ж.б.); 

9) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда иш жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди МФКга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

10) Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди талап (талаптын электрондук версиясы) түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе; 

11) банк мыйзамдарына ылайык, талапкер кынтыксыз иш аброюна ээ эмес же аны жоготкон катары саналса. 

43-1. Төмөнкү пункттарда белгиленген фактылар аныкталган учурда, талапкер ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок:  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 2-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же тындырылган күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 3-пунктчасында жана 5-пунктчасынын үчүнчү абзацында («б») тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5-пунктчасынын экинчи абзацында («а») бузууга жол берүү фактысы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5-пунктчасынын төртүнчү абзацында («в») бузууга жол берүү фактысы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 6-пунктчасында жөнгө салуучу орган тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бузууга жол берүү фактысын аныктаган расмий документтер катталган күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 43-пунктунун 11-пунктчасында талапкердин алгылыксыз иш аброюн күбөлөндүргөн аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) жол берүү фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жыл бою;»; 

14) төмөнкү мазмундагы 43-2-пункт менен толукталсын: 

«43-2. Улуттук банк МФКнын кызмат адамын макулдашуудан баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам Улуттук банктан макулдашуудан баш тартуу жөнүндө кат алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күн ичинде кызмат ордунан бошотулууга тийиш.»; 

15) 98 жана 99-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«98. МФКнын аталышынын өзгөрүшү:  

1) МФКнын аталышынын өзгөрүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. МФКнын аталышы өзгөргөн учурда анын лицензиясы (кошумча лицензиясы) алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш.  

Жаңы аталышын макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкүлөр берилүүсү зарыл:  

- анын уюштуруу-укуктук формасын камтыган болжолдуу толук жана кыскартылган аталышы менен МФКнын аталышын өзгөртүү тууралуу өтүнүч кат;  

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ошол аталыштын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоктугун ырастоосу, ошондой эле фирмалык аталыштарды коргоо жагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде аталган аталыштын жоктугун ырастоосу.  

Улуттук банк 1 (бир) ай ичинде чечим кабыл алып, МФКнын болжолдонуп жаткан жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы тууралуу жоопту МФКга жөнөтөт.  

2) МФКнын жаңы аталышы Улуттук банк менен макулдашылган учурда, МФКнын акционерлери акционерлердин жалпы жыйынында анын аталышын өзгөртүү жана МФКнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.  

3) Акционерлердин жалпы жыйынында чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде МФК жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- МФКнын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу уставга сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо жөнүндө МФКнын жетекчисинин колу коюлган өтүнүч катты;  

- акционердин МФКнын аталышынын өзгөртүлүшүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими (бир акционер болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынынын отурумунан протокол жана мындай чечимдин же протоколдун (МФКнын мөөрү менен тастыкталган) көчүрмөсү;  

- уставдын жаңы редакциясы жана анын көчүрмөсү (МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн). 

Улуттук банк 15 (он беш) жумуш күн ичинде үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында каралган, сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен МФКга анын аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдугун берет. 

4) МФК мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

- лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөөгө өтүнүч кат; 

- МФКнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

- МФКнын мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө лицензия (кошумча лицензия) берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 

- берилген лицензиянын (кошумча лицензиянын) түп нускасы. 

99. МФКнын жайгашкан жеринин өзгөрүшү:  

1) МФКнын жайгашкан жерин өзгөртүү ушул Жобонун 93-95-пункттарына ылайык макулдашылат жана ал мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

Мамлекеттик кайра каттоодон өтүү үчүн МФК кайра каттоодон кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө үчүн Улуттук банкка ушул Жобонун 98-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берет. 

2) МФКнын жайгашкан жери өзгөрүп, бирок мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү талап кылынбаса, МФКнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде МФК ушул Жобонун 93-пунктунун 4-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

- лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө жөнүндө арыз; 

- МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө жөнүндө чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн МФКнын тастыктоочу билдирмесинин көчүрмөсү

- МФКнын мурда берилген лицензиясынын (кошумча лицензиясынын) түп нускасы.»; 

16) төмөнкү мазмундагы 99-1 жана 99-2-пункттар менен толукталсын: 

«99-1. Документтер толугу менен сунушталып, алар мыйзам талаптарына ылайык келген учурда, Улуттук банк МФКнын жайгашкан жери жана/же аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө жөнүндө түшүндүрмө берүү менен лицензияны алмаштырат жана өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндө жазууну реестрге киргизет. 

99-2. МФКнын лицензиясы кайра таризделгенден кийинки 2 (эки) жумуш күн ичинде МФК жайгашкан жери жана/же аталышы өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.»; 

17) 123-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«123. МФКнын акцияларынын 5 (беш) жана андан көп пайызын чогуу сатып алуу үчүн юридикалык жак же жеке адам Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга тийиш.»; 

18) 124-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«124. МФКнын акцияларынын 5 (беш) жана андан көп пайызын чогуу сатып алууга ниеттенген кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды сатып алуу болжолдонгон күнгө чейинки отуз күн мурда Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:  

- ушул Жобонун 13 (жеке адамдар үчүн) жана 13-1-тиркемелерине (юридикалык жактар үчүн) ылайык форма боюнча анкетаны тиркөө менен чогуу алганда акциялардын 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга өтүнүч кат; 

- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын МФКнын акцияларын сатып алуу жөнүндө чечиминин түп нускасы;  

- эгер «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келген юридикалык жак МФКнын акцияларынын 20 (жыйырма) жана андан көп пайызын чогуу сатып алганга ниеттенсе, юридикалык жактын ушул Жобонун 14-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүсүн тастыктаган документтер; 

- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;  

- юридикалык жактын уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалымат;  

- МФКнын акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарын алуу булагын тастыктаган маалыматтар жана документтер;  

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугун тастыктаган документтер.  

Өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугу катары төмөнкүнү түшүнөбүз:  

- өтүнүч сунушталган күнгө карата Кыргыз Республикасынын бюджети жана салык органдары алдында төлөнбөгөн карызынын жоктугу;  

- өтүнүч сунушталган күнгө карата жеке адамдар жана юридикалык жактар алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелердин жоктугу;  

- өтүнүч сунушталган күнгө чейинки акыркы 2 (эки) жыл ичинде ишкердиктин пайда алуу менен жүргүзүлүп келиши (юридикалык жактар үчүн).  

Банктык жана/же финансылык чөйрөнү жөнгө салган мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген, аларга карата Улуттук банк тарабынан алардын алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бардыгын тааныган чечим кабыл алынган жеке адамдар МФКнын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын чогуу алгандагы 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга Улуттук банктан уруксат ала албайт.»; 

19) 138-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«138. МФКга кайра өзгөртүп түзүлгөн КС МФКга кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганга чейинки 2 (эки) жыл ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде аманаттарды кабыл алуу боюнча иш жүргүзгөн болсо МФКнын лицензиясын алган күндөн тартын 2 (эки) жылдын ичинде аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна кошумча лицензияны ала алат.»; 

20) 140-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) ушул Жободо каралган же ушул Жобонун 15-1-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан талап кылынган документтер суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күңдөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде толук көлөмдө берилбесе. Мындай кемчиликтер четтетилгенден кийин документтер жалпы негизде каралат;»; 

21) 144-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«144. Аманатчылар жана кредиторлор Улуттук банкка МФКны ыктыярдуу тартипте жоюуга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берген учурларды эске албаганда, МФК аманатчылар жана кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса, ыктыярдуу тартипте жоюулуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт»; 

22) 145-пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

23) Жобого карата 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

7-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Микрофинансылык компаниянын айрым банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна 

№ ________ ЛИЦЕНЗИЯ 

20___-жылдын «____» _____________ 

«___________________________________» (толук аталышы) микрофинансылык компаниясы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн,  

МФКнын юридикалык дареги: 

________________________________________________________________________ 

Кыскартылган аталышы: ___________________________________________________ 

1. Бул лицензия төмөнкү айрым банк операцияларын жүзөгө ашырууга уруксат берет: 

1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү

2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алуу; 

3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 

4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 

5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

2. Айрым банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. 

Лицензия кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. 

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү

Айрым банктык операцияларды 

улуттук валютада жүргүзүү укугуна  

20___-жылдын «____» __________берилген  

№ _______ лицензияга карата 20___-жылдын «___» ______________ 

№ ______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

«____________________________________________» микрофинансылык компаниясы 

(толук аталышы) 

Банктык операциянын катар номери 

Чектөөлөрдүн белгилениши (бар/жок) 

Чектөөлөр күчүнө кирген күн 

Эскертүү 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

24) Жобого карата 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

8-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Микрофинансылык компаниянын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 20__-жылдын «___» ______________ 

№ ________ ЛИЦЕНЗИЯ 

«__________________________________________________________________________», 

(толук аталышы) 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания,  

МФКнын юридикалык дареги:  

_____________________________________________________________________________ 

Кыскартылган аталышы: _______________________________________________________ 

Бул лицензия ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөнкү операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга уруксат берет:  

1. Төмөнкү бүтүмдөр боюнча каржылоо:  

1) «Мудараба»;  

2) «Шарика/мушарака» жана «Кемүүчү мушарака»;  

3) «Мурабаха»;  

4) «Иджара» жана «Иджара мунтахийя биттамлик»;  

5) «Кард» (микрокаржылоо берүү үчүн гана);  

6) «Салам». 

2. кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, аманаттарды «мудараба» бүтүмү боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кабыл алуу; 

3. банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 

4. бир карыз алуучуга микрокаржылоонун максималдуу өлчөмүнүн микрокаржылоо (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

Лицензия кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. 

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)» 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

20__-жылдын «____» ______________ берилген 

№ _______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

20__-жылдын «___» _______________ 

«________________________________________________» микрофинансылык компаниясы 

(толук аталышы) 

Банктык операциянын катар номери 

Чектөөлөрдүн белгилениши (бар/жок) 

Чектөөлөр күчүнө кирген күн 

Эскертүү 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

25) Жобого карата 9-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

9-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Микрофинансылык компаниянын айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

№ _______ ЛИЦЕНЗИЯ 

20__-жылдын «___» _______________ 

«________________________________________________» микрофинансылык компаниясы 

(толук аталышы) 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн,  

МФКнын юридикалык дареги:______________________________________________ 

Кыскартылган аталышы: __________________________________________________ 

1. Бул лицензия төмөнкү айрым банк операцияларын жүзөгө ашырууга уруксат берет:  

1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;  

2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кабыл алуу;  

3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрүндө аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу (факторинг); 

4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 

5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

2. Айрым банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. 

Лицензия кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. 

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

Мөөр  

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү

Айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна  

20__-жылдын «__» ____________ берилген № ______ лицензияга карата  

20__-жылдын «___» ______________ 

№ ______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

«________________________________________________» микрофинансылык компаниясы (толук аталышы) 

Банктык операциянын катар номери 

Чектөөлөрдүн белгилениши (бар/жок) 

Чектөөлөр күчүнө кирген күн 

Эскертүү 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

26) Жобого карата 10-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

10-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Микрофинансылык компаниянын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна 

20__-жылдын «__» __________ 

№ _________ ЛИЦЕНЗИЯ 

«________________________________________________» микрофинансылык компаниясы  

(толук аталышы)  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн, 

МФКнын юридикалык дареги:___________________________________________________ 

Кыскартылган аталышы: ________________________________________________________ 

Бул лицензия ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөнкү операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга уруксат берет:  

1. Төмөнкү бүтүмдөр боюнча каржылоо:  

1) «Мудараба»;  

2) «Шарика/мушарака» жана «Кемүүчү мушарака»;  

3) «Мурабаха»;  

4) «Иджара» жана «Иджара мунтахийя биттамлик»;  

5) «Кард» (микрокаржылоо берүү үчүн гана);  

6) «Гарантиялар»;  

7) «Салам».  

2. кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, аманаттарды «мудараба» бүтүмү боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кабыл алуу; 

3. банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле; 

4. бир карыз алуучуга микрокаржылоонун максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

Лицензия кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берет. 

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

Мөөр  

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору  _______________ _______________________ (кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна  

20__-жылдын «___» _____________ берилген 

№ _______ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

20__-жылдын «___»  _____________ 

«________________________________________________» микрофинансылык компаниясы 

(толук аталышы) 

Банктык операциянын катар номери 

Чектөөлөрдүн белгилениши (бар/жок) 

Чектөөлөр күчүнө кирген күн 

Эскертүү 

Мөөр 

Башкармалыктын начальниги / 

областтык башкармалыктын начальниги /  

Улуттук банктын  

өкүлчүлүгүнүн директору _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызмат адамынын аты-жөнү)»; 

27) Жобонун 14-тиркемесинин 2 жана 3-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Төмөнкү шарттарды аткарган учурда чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар: 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде, донор-өлкөлөрдүн (мисалы, GTZ, TASIS, JICA, ТIСА) өкмөттүк уюмдарды микрокаржылоону өнүктүрүү долбоорлору боюнча акыркы беш жыл ичинде кредит берүүчү катары иштеп жаткандар жана/же мурда иштегендер; 

б) кеминде үч жылдык иш тажрыйбасына ээ болгондор; 

в) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына колдоо көрсөткөндөр. 

3. Төмөнкү шарттарды аткарган учурда банк (микрокаржылоо) жана/же финансылык ишин жүргүзгөн юридикалык жактар: 

а) финансылык абалы туруктуу жана акыркы эки жыл ичинде кирешелүү иш жүргүзгөн шартта; 

б) Микрофинансылык секторго баа берүү фондунда (Microfinance Rating and Assessment Fund) катталган рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган ортодон жогору рейтингге ээ банк ишин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн; 

в) тышкы аудит тарабынан акыркы эки жыл үчүн берилген корутундунун болушу; 

г) финансы-кредит уюмуна карата таасир этүү чараларын же башка санкцияларды колдонуунун натыйжасында анын иш боюнча чектөөлөрдүн жоктугу.»; 

28) Жобо төмөнкү мазмундагы 16-тиркеме менен толукталсын: 

««Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө»  

жобого карата 

16-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________,  № ______ ______ 

   (документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

             (аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө  тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук  даражасы  тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу  тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн  тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендигин боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруусу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) акцияларды сатып алууга, микрофинансылык компаниянын ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм.  

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген  

Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо: 

1) 2- пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) төмөнкү мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын: 

«17-1. Адистештирилген финансы мекемеси, жеке адамдар жана юридикалык жактар ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка сунушталууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 7-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»; 

3) Жобого карата 4 жана 5-тиркемелердеги «Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү» деген сөздөр «Башкармалыктын начальниги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

4) Жобо төмөнкү мазмундагы 7-тиркеме менен толукталсын: 

««Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобого карата 

7-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын “__”___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнүмө (мурдагы аты-жөнүм өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтарга (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтарга (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтарга, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтарга, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтарга; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтарга; эмгек жолума тиешелүү маалыматтарга (аскердик кызмат өтөө, эки ишти айкалышта аткаруу, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтарга; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтарга, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтарга; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтарга, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтарга, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруусу максатында (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү, адистештирилген финансы мекемесинин ишмердигин кеңейтүү) иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. «___» _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 7-пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Насыялык бюро телефон, факс номерлери, электрондук дареги өзгөргөндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде Улуттук банкка ошол өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү.»; 

3) төмөнкү мазмундагы 11-1 жана 11-2-пункттар менен толукталсын: 

«11-1. Ушул Жободо каралган документтерди сунуштоо менен бирге насыялык бюро, жеке жана юридикалык жактар Улуттук банкка жеке маалыматтары сунушталууга тийиш болгон жактарга тиешелүү ушул Жобого карата 5-тиркемеге ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш. 

11-2. Насыялык бюро тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык Улуттук банкка берилген, бирден ашык барактан турган документтин ар бир нускасы өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлуп, насыялык бюронун жетекчисинин кол тамгасы коюлууга жана насыялык бюронун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө (бар болсо) жана тастыкталууга (тастыктоо жөнүндө мыйзам талаптары болсо) тийиш.»; 

4) 29-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Насыялык бюронун лицензиясында мамлекеттик кайра каттоону шарттаган маалыматтар өзгөргөн учурда, насыялык бюронун тиешелүү органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде насыялык бюро лицензияны кайра тариздетүү үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү:»; 

5) төмөнкү мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын: 

«29-1. Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө алып келген насыялык бюронун лицензиясы өзгөргөдүгүнө байланыштуу лицензияны кайра тариздөө ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык макулдашылып жана ушул Жобонун 29-пунктунун биринчи, экинчи, төртүнчү, бешинчи абзацтарында жана 42-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди аталган пункттарда каралган мөөнөттөргө ылайык берилгенден кийин ишке ашырылат.»; 

6) Жобонун 2-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 

2-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

УЛУТТУК БАНКЫ 

Насыялык бюронун ишти жүзөгө ашырууга 

20___-жылдын ___ ____________ № ____ 

ЛИЦЕНЗИЯСЫ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

_________________________________________________ 

насыялык бюронун толук аталышы 

_________________________________________________ 

насыялык бюронун кыскартылган аталышы 

_________________________________________________ 

насыялык бюронун юридикалык дареги 

насыялык бюронун ишин Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашыруу укугун ыйгарат. 

Ушул лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

Ушул лицензияда каралган укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

Башкармалыктын начальниги _______________ _______________________  

(кол тамгасы) (кызматкердин аты-жөнү)»; 

7) Жобо төмөнкү мазмундагы 5-тиркеме менен толукталсын: 

««Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 

5-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Кыргыз Республикасынын насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун Улуттук банктын (анын ичинде кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды жөнөтүүдө, уставдык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) ишке ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___ _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелери»: 

1) төмөнкү мазмундагы 13-1-пункту менен толукталсын: 

«13-1. Насыялык бюро чек ара аркылуу насыялык маалымат алмашуу каралган эл аралык макулдашуунун долбоорун Улуттук банкка макулдашуу үчүн жиберүүгө милдеттүү

Көрсөтүлгөн эл аралык макулдашуулардын долбоорлоруна Улуттук банктын сунушталган долбоор менен макулдугу жөнүндө катын алгандан кийин кол коюулуусу мүмкүн.»; 

2) төмөнкү мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын: 

«14-1. Насыялык маалыматтын топтолушу, сакталышы, иштелип чыгышын жана алмашуусун камсыз кылган насыялык бюронун маалыматтык системалары Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин»: 

1) 1-пункт «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсында» сөздөрүнөн кийин «, кепилдик фонддордо» сөздөрү менен толукталсын. 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо: 

1) 2-пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) төмөнкү мазмундагы 11-1-пункту менен толукталсын: 

«11-1. Компания, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге Жобонун 9-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо берүүгө тийиш.»; 

3) 25-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) Аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна талапкер финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттары тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу аталган багыттар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу милдеттүү.»; 

4) 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси (түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта ички аудитор), кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери («ислам терезеси») боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ болушу;  

2) финансы-кредит уюмдарынын ишин, тобокелдикти тескөөнү жана корпоративдик башкарууну жөнгө салган мыйзамдардын кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелери боюнча сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган билимге ээ болушу; 

3) төмөнкү иш тажрыйбасынын болушу:  

а) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда кеминде бир жыл;  

б) Башкарма мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде эки жыл;  

в) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында бухгалтер катары кеминде бир жыл;  

г) ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын бир жылы ички аудитордук кызматтын жетекчиси же аудитор катары;  

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн («ислам терезеси») жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында кеминде бир жыл тиешелүүлүгүнө жараша кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн же ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн («ислам терезеси») жетекчиси катары;  

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында комплаенс-офицер катары кеминде бир жыл;  

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;  

5) Ички аудит кызматынын жетекчиси - билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынган тиешелүү сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган аудиттин эл аралык стандарттары жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимге, билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга; 

6) Компаниянын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкер дайындалганга чейинки акыркы үч жыл ичинде кредиттик союздун катышуучусу же кредиттик союздун кызмат адамы болбоого тийиш.»; 

5) төмөнкү мазмундагы 32-1-пункту менен толукталсын: 

«32-1. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдун Шариат кеңешинин мүчөсү боло алат.»; 

6) төмөнкү мазмундагы 42-1-пункту менен толукталсын: 

«42-1. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыра алат. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол тамга коет жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, Компаниянын иши жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелбестен, талапкердин иш аброю, анын мурдагы иши, ишк боюнча жана туугандык байланыштарына тиешелүү суроолор берилет.»; 

7) 43 жана 44-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Компанияда ошол эле кызматка жаңы мөөнөткө шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт. 

Компанияда тиешелүүлүгүнө жараша директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Ошол эле учурда кайра шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш. 

44. Улуттук банк ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) макулдашуудан баш тарта алат, эгерде:  

1) талапкерлерге карата соттун чечими менен талапкерлердин финансы-кредит системасында иштөөсүнө тыюу салган айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;  

2) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө жана/же кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;  

3) эгерде талапкерлер иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-кредит уюмунун кызмат адамы болсо жана натыйжада банктын жана/же финансы-кредит уюмунун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруктары жана башка актылары болсо;  

4) анык эмес жана/же атайы бурмаланган маалымат тапшырылса;  

5) талапкер банк мыйзамдарына ылайык кынтыксыз кызматтык аброюна ээ болбогон же аброюн жоготкон катары эсептелсе;  

6) талапкерлер «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана ушул Жобонун талаптарына жооп бербесе. 

7) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда иш жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди Компанияга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата мүмкүн болуучу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

8)  Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе; 

9) талапкер иштөөнү болжолдогон чөйрөгө тиешелүү билими жетишсиз экендигин тастыктаган баарлашуунун алгылыксыз жыйынтыгы;  

10) талапкер жүйөлүү себептерсиз баарлашууга экиден көп жолу келбей койсо (оору, алыскы аймактарда иш сапарында болуу, өлкөдө жок болуу ж.б.).»;  

8) төмөнкү мазмундагы 44-1-пункту менен толукталсын: 

«44-1. Төмөнкү пункттарда белгиленген фактылар аныкталган учурда, талапкер ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок:  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 2-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же жоюлган күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 3-пунктчасында тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 7 (жети) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 44-пунктунун 4-пунктчасында бузуу фактысы аныкталган күндөн тартып 1 (бир) жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 44-пунктунун 5-пунктчасында талапкердин алгылыксыз иш аброюн күбөлөндүргөн аракеттерди (аракеттенбей коюуларды) жасоо фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде.»; 

9) Жобонун 1, 2, 4 жана 5-тиркемелеринде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү» сөздөрү «Башкармалыктын начальниги» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

10) Жобо төмөнкү мазмундагы 9-тиркеме менен толукталсын: 

««Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 

9-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), “ФККС” ААКтын ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

1) преамбуласындагы ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөр «банк мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2) 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Алмашуу бюросу валюталарды алмашуу ишин лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин эле токтотууга укуктуу. Мында алмашуу бюросу 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул иш багытын токтотуу себептери көрсөтүлгөн катты жана лицензиянын түп нускасын Улуттук банктын кароосуна берүүгө тийиш. 

Кошумча алмашуу бюросун ачкан алмашуу бюросу кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты да берүүгө тийиш.»; 

3) 11-пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

4) 8-пунктунун 18, 19, 20, 21 жана 22-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18) МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы (түп нускасы) болууга тийиш. Кошумча алмашуу бюросунда каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасы жана аны ачкан юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн алмашуу бюросунун лицензиясынын көчүрмөсү болууга тийиш; 

19) алмашуу бюросунун / кошумча алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин ар бир кызматкери менен эмгек келишим жана материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлүшү зарыл; 

20) лицензиянын аракети токтотулган шартта, анын түп нускасы 3 жумуш күнү ичинде тапшырылууга тийиш. Кошумча алмашуу бюросун ачкан алмашуу бюросу кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты да тапшыруусу зарыл; 

21) алмашуу бюросунун / кошумча алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин жайгашкан дареги, телефон номери өзгөргөн учурда, ал тууралуу 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө

22) алмашуу бюросу лицензиясынын колдонуу мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле дареги өзгөргөн шартта алмашуу бюросунун лицензиясын же кошумча алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты кайра тариздегенге чейин операцияларды ишке ашырууну токтотуп турууга тийиш;»; 

5) 40-1-пунктунда «8-1» саны «5» санына алмаштырылсын; 

6) Жобо төмөнкү мазмундагы 5-тиркеме менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу 

операцияларын жүргүзүү тартиби 

жөнүндө» жобого карата  

5-тиркеме 

Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары катары сунушталуучу документтердин болжолдуу тизмеги:  

1) Юридикалык жактар:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган бухгалтердик баланстын, пайда жана чыгымдар боюнча отчеттордун көчүрмөлөрү же;  

өтүнүч кат ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттун, декларациянын же анын финансылык абалы тууралуу башка документтердин көчүрмөлөрү;  

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамда белгиленген болсо);  

2) Жеке адамдар маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча-каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары.  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.  

Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бирден ашык барактан турган документтердин ар бир бети өз-өзүнчө болууга, номер коюлууга, көктөлүүгө, тиешелүү түрдө кол коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш, документтерди басмакана ыкмасында басылып чыккан китепче түрүндө да сунуштаса болот.  

Чет тилде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү кыргыз жана/же орус тилдерине которулуп, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.». 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобо: 

1) төмөнкү мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын: 

«8-1. Кепилдик фонд, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо берүүгө тийиш.»; 

2) 15-пунктунда ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамга» деген сөздөр «банк мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

3) төмөнкү мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:  

«22-1. Ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыра алат. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коет жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, кепилдик фонддун ишмердиги жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелип калбастан, талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, иш боюнча жана туугандык байланыштарына тиешелүү суроолор берилет.»; 

4) 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Кызмат адамдарын дайындоо. 

1) Ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары шайланган/дайындалган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде, ошондой эле кызмат адамдарынын курамына өзгөртүүлөр киргизилген шартта кепилдик фонду жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен кызмат адамдары шайлангандыгы/дайындалгандыгы же өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу билдирүү берүүгө милдеттүү:  

а) кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү); 

б) белгиленген форма боюнча анкеталар (2-тиркеме); 

в) ушул главага ылайык ар бир кызмат адамы үчүн талап кылынган башка документтер. 

2) Ошол эле кепилдик фондунда ошол эле кызмат ордунда жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин, Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш эмес. 

Ошол эле кепилдик фонддо директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт. 

Ошол эле учурда шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш. 

3) Улуттук банктын туунду кепилдик фонддорунда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди макулдашууда, бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 2-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө катты кепилдик фондго жөнөтөт.»; 

5) 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«28. Улуттук банк төмөнкү учурларда ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына кызмат адамдарын макулдашуудан баш тартууга укуктуу, эгерде: 

1) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине же кызматтык иш боюнча кылмышка жол бергендиги үчүн, анын ичинде белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишкердикти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен айыптоо өкүмү чыгарылса; 

2) талапкер мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган (иши жөнгө салынган) банкта же башка финансы-кредит уюмунда кызмат ордун ээлеген жана ага карата Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин алардын кандайдыр бир аракеттеринин (аракеттенбей коюусунун) натыйжасында ошол банктын же башка финансы-кредит уюмунун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынгандыгы таанылган чечими, Улуттук банктын жазма буйруктары же башка актылары болсо; 

3) талапкерлер «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө», «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдардын жана ушул Жобонун, анын ичинде кынтыксыз ишкердик аброй боюнча талаптарына жооп бербесе; 

4) Улуттук банктын талапкердин төмөнкү иштерге катыштыгы бар экендигин тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жыйынтыгы боюнча отчет ж.б.): 

а) анын натыйжасында банктын/финансы-кредит уюмунун лицензиясы (эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү) кайтарылып алынышын же болбосо убактылуу администрация режиминин киргизилишин шарттаган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар экендиги жөнүндө

б) алгылыксыз же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө

в) финансы, экономика жана/же чарба иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жана башка укукка жатпаган иштерге жол берсе; 

6) талапкер соттун чечими боюнча башка иш чөйрөсүндө кынтыксыз иш аброюнан ажыратылса; 

7) жөнгө салуучу органдардын ошол талапкер жооптуу болгон иш участкаларында финансылык жана/же административдик проблемалар келип чыккандыгын тастыктаган текшерүү материалдары бар болсо; 

8) талапкер кызмат ордуна ылайыктыгын аныктоо алкагында Улуттук банк тарабынан суралган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе; 

9) баарлашууда талапкердин болжолдонгон иш чөйрөсүнө тиешелүү билими жетишсиз экендигин көрсөтүлгөн терс жыйынтык чыгарылса;  

10) талапкер баарлашууга жүйөөлүү себепсиз (ооруп калуу, иш сапарда болуу, шаарда жок болуу ж.б.), 2 (экиден) көп жолу келбей койсо.»; 

6) төмөнкү мазмундагы 28-1-пункту менен толукталсын:  

«28-1. Төмөндө белгиленген фактылар аныкталган учурда талапкер ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын кепилдик фонддо ээлөөгө укугу жок: 

- ушул Жобонун 28-пунктунун 4 «а», 4 «б» пунктчасында бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 28-пунктунун 4 «в», 7 пунктчасында бузууга жол берүү фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 28-пунктунун 6-пунктчасында тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде.»; 

7) Жобо төмөнкү мазмундагы 6-тиркеме менен толукталсын: 

««Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» 

жобого карата 

6-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- кепилдик фонддордун иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддордун иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке (кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), кепилдик фонддун ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

20__-ж. ___- _________________ 

___________________ 

Кол тамгасы                                                        Аты-жөнү». 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«6. Ушул Жобонун талаптарына ылайык ТСККнын Улуттук банкка берилген, бир барактан ашык нускасынын ар бири өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлуп, аларга ТСККнын жетекчисинин колу коюлууга жана ТСККнын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө (бар болсо) жана тастыкталууга (тастыктоо жөнүндө мыйзам талаптары болсо) тийиш.»; 

2) төмөнкү мазмундагы 6-1 жана 6-2-пункттары менен толукталсын:  

«6-1. Эгер Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн берилген маалыматтарды жетишсиз деп эсептесе лицензия берүүнүн, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоонун, кызмат адамдарын макулдашуунун, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүүнүн алкагында Улуттук банк арыз ээлери тарабынан суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш болгон лицензиялоо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктоо, кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук берүү жол-жоболору үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кыла алат. 

6-2. ТСКК, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге алардын жеке маалыматтары Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтарын ушул Жобого карата 12-тиркемеге ылайык топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун берүүгө тийиш.»; 

3) 25-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) ушул Жободо каралган же ушул Жобонун 6-1-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан суралган документтер (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде толук көлөмдө берилбесе. Мындай мүчүлүштүктөр четтетилген учурда документтер жалпы негиздер боюнча каралат;»; 

4) 59-пунктунун 3-пунктчасында «2 жана 3» сандары «1 жана 2» сандарына алмаштырылсын; 

5) 67-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«67. Башкарманын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, тобокелдик менеджеринин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат ордуларына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимдүү болууга; 

2) төмөнкүдөй эмгек стажына ээ болууга: 

- ТСККнын Башкармасынын төрагасы банк жана/же финансы системасында кеминде үч жылдык, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда кеминде эки жылдык; 

- Башкарма мүчөлөрү банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызматтарда кеминде эки жылдык; 

- башкы бухгалтер экономика/финансы/банк иши чөйрөсүндө жогорку билими жана акыркы 3 (үч) жыл ичинде банк же финансы системасында, анын кеминде 1 (бир) жылы бухгалтер катарында иш стажы болууга; 

- тобокелдик менеджери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык, анын кеминде 1 (бир) жылы талапкер дайындалып жаткан кызмат ордуна окшош кызматта (тиешелүүлүгүнө жараша бухгалтердин, комплаенс-офицердин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, активдерди жана пассивдерди тескөөгө жооптуу бөлүмдүн жетекчисинин, ички аудит кызматынын жетекчисинин) иш стажына ээ болууга; 

3) банктардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган мыйзамдар жана тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу маселелери боюнча билими болууга жана алар бул багыттарда окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталууга тийиш.»; 

6) 65-пункттунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар» деген сөздөр «Банктар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

7) төмөнкү мазмундагы 70-1-пункт менен толукталсын:  

«70-1. Ушул Жобонун 65, 67, 68, 69 жана 70-пункттарында көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызмат адамдарынын окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар жана башка документтер билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатын / лицензиясын алган уюмдан алынышы зарыл.»; 

8) төмөнкү мазмундагы 71-1-пункт менен толукталсын:  

«71-1. Ошол эле ТСККда ошол эле кызмат ордуна жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин, Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт.  

Ошол эле ТСККда тиешелүүлүгүнө жараша директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банкка менен макулдашылбайт. 

Ошол эле учурда шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.»; 

9) төмөнкү мазмундагы 73-1-пункт менен толукталсын:  

«73-1. Ушул жобонун 63-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыра алат. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коюшат жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, ТСККлардын иши жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелбестен, талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, иш боюнча жана туугандык байланыштарына тиешелүү суроолор берилет.»; 

10) төмөнкү мазмундагы 75-1-пункт менен толукталсын:  

«75-1. Улуттук банк ТСККнын кызмат ордуна макулдашуудан баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам Улуттук банктан макулдашуудан баш тартуу жөнүндө кат алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө кызмат ордунан бошотулууга тийиш.»; 

11) 77-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«77. Улуттук банк ушул Жобонун 63-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди төмөнкү учурларда макулдашуудан баш тарта алат: 

1) банктык мыйзамдарга ылайык, талапкер кынтыксыз ишкер абройго ээ эмес же андан ажыраган катары эсептелсе; 

2) соттун чечими менен талапкерлерге карата финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса; 

3) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине жол бергендиги жана/же кызматтык кылмыш иши үчүн айыптоо өкүмү чыгарылса; 

4) эгерде талапкерлер мурда иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган (жөнгө салынган) банктын жана/же финансы-кредит уюмунун кызмат адамы болсо жана алардын натыйжасында банктан жана/же финансы-кредит уюмунан лицензия (күбөлүк) кайтарылып алынган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар деп тааныган Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, Улуттук банктын жазма буйруулары же башка актылары болсо; 

5) Улуттук банктын (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруусу, текшерүү боюнча отчеттор ж.б.) талапкерлерди төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо: 

- анын натыйжасында банкта убактылуу администрация режими киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар катары таанылса; 

- алгылыксыз жана/же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар катары таанылса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе; 

6) талапкерлер ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе; 

7) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча финансы-кредит уюмдарында же атаандаштык рынокторунда ишмердик жүргүзгөн уюмдарда кызмат ордун ээлеген талапкерди ТСККга кызматка дайындоо кызыкчылыктардын кагылышына алып келсе. 

Кызыкчылыктардын кагылышына баа берүүдө Улуттук банк төмөнкүлөрдү эске алат: 

- калктын аманаттарынын сакталышына карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекеттик катышуусу бар уюмдардын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- мамлекетке же мамлекеттин кепилдиги алдында карызы бар финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна карата потенциалдуу тобокелдиктерди; 

- талапкер иштеген уюмдардын пикирин; 

8) Улуттук банк тарабынан талапкердин кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоонун алкагында талап кылынган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе; 

9) баарлашууда талапкердин болжолдонгон иш чөйрөсүгө тиешелүү билими жетишсиз экендиги көрсөтүлгөн терс жыйынтык чыгарылса;  

10) талапкер баарлашууга жүйөлүү себепсиз (оору, алыскы аймактарда жумуш сапарда болуу, өлкөдө жок болуу ж.б.) экиден көп жолу келбей койсо.»;  

11) 78-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«- ушул Жобонун 77-пунктунун 1-пунктчасында талапкердин талаптагыдай эмес ишкердик аброюн күбөлөндүргөн аракеттерди (аракеттенбей коюусун) жасоо фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жыл аралыгында.»; 

12) 94-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«94. ТСКК Улуттук банкка ТСКК ыктыярдуу тартипте жоюуга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугун берген учурларды эске албаганда, катышуучулар жана кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса, ыктыярдуу тартипте жоюулуу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт.»; 

13) Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын: 

««Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» 

жобого карата 

12-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъекттин макулдугу 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-___________ 

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн 

__________________________________________________ атынан иш алып барган 

(аты-жөнү

_________________________________________________________________________ 

дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______ 

(документтин түрү

берилди _________________________________________________________________ 

(берилген күнү, ким тарабынан берилген) 

________________________________________________________________негизинде 

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына); 

- турак жай-сактык кредиттик компаниялардын иш чөйрөсү жаатындагы мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине). 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендигин боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке (кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), ТСКК ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм. 