Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 10-августундагы  

№ 2022-П-09/50-1-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы №45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18, 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы №45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобонун:  

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«15. Уюмдун Улуттук банктан алган кредиттерди Улуттук банктын акча-кредит саясатынын инструменттери менен операцияларды, банктар аралык рыноктогу, валюта рыногундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы операцияларды, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды жана чийки заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу максаттарына гана ишкер субъекттерди кредиттөө үчүн пайдаланууга тийиш. Уюм ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды бузууга жол берген учурда, ага карата Башкы келишимдин 5.3. жана 5.5-пунктуларында көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.»;  

Жобого карата 1-тиркеменин:  

- 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.5. Уюмдун Улуттук банктан алган кредиттерди Улуттук банктын акча-кредит саясатынын инструменттери менен операцияларды, банктар аралык рыноктогу, валюта рыногундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы операцияларды, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок. Уюм Улуттук банктан алган кредиттерди Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды жана чийки заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу максаттарына гана ишкер субъекттерди кредиттөө үчүн пайдаланууга тийиш. Уюм ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды бузууга жол берген учурда, ага карата Башкы келишимдин 5.3. жана 5.5-пунктуларында көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.»; 

- 5.5-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Уюм Жобонун 5-пунктунда жана Башкы келишимдин 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузууга жол берген учурда, Улуттук банк Уюмдан кредиттин суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, кредитти пайдаланган айкын убакыт үчүн чегерилген пайыздарды төлөөнү талап кылууга жана Улуттук банк берген кредиттин суммасынын 1 (бир) пайызы өлчөмүндө айып пул чегерүүгө укуктуу.»; 

- Ушул Жобого карата Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү жөнүндө Башкы келишимдин 1-тиркемесинин 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.1. Уюмдун Улуттук банк тарабынан берилген кредиттерди Улуттук банктын акча-кредит саясатынын инструменттери менен операцияларды, банктар аралык рыноктогу, валюта рыногундагы жана баалуу кагаздар рыногундагы, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы операцияларды, ошондой эле өз инсайдерлери менен операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок.». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага К. Боконтаев