Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-14/47-7-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин жана «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                    З. Чокоев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-14/47-7-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:  

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;  

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;  

- аларды банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсеп ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- электрондук формада банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга кардарлардын бланктары жана анкеталары менен алмашууну уюштуруу жана банктык төлөм карттарын андан ары кардарларга берүү

- аларды банкка өткөрүп берүү максатында, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук капчыктардан пайдаланууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- аларды банкка өткөрүп берүү максатында, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу коддорун чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кардар жөнүндө маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулук шарттары сакталган учурда, обочо туруп аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн чыгарылган коддорду берүү;  

- аларды банкка өткөрүп берүү максатында кредиттерди тариздөөгө бланктарды берүү жана кабыл алуу;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу;  

- банктын кардарын, анын ичинде электрондук капчык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү

- локалдык электрондук акча системасынын электрондук акчаларын кабыл алуу жөнүндө акцептанттар менен келишимдерди түзүү

- электрондук капчыктарга эмгек акы төлөө боюнча коммерциялык уюмдар менен келишимдерди түзүү

- банктык карттардан, анын ичинде виртуалдык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- банктардын кардарларына сash-out функциясы бар төлөм терминалдарынан банктардын ошол кардарларынын эсептеринен нак акча каражаттарын берүү

- бюджетке төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары), анын ичинде мобилдик тиркемелерди жана QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу;  

- мамлекеттик үлүшү бар уюмдар/коммерциялык уюмдар менен эмгек акыны банктык төлөм карталарына төлөө боюнча келишимдерди түзүү

Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамына ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүнүн түрлөрү боюнча маалыматтарды банкка электрондук формада өткөрүп берүүгө жол берилет.». 

- 6-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын сактоого тийиш.»; 

- 34-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул талаптар, ушул нускоонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттерге, ошондой cash-out функциясы бар терминалдар аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм уюмдарына таркатылбайт.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген» деген сөздөр «2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген» дегенге алмаштырылсын.»; 

- 13-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

«Ошол эле учурда, эмитент алдын ала чыгарылган карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»