Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 15-июнундагы  

№ 2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

кредиттик союздарды жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын «15» июнундагы 

№2022-П-33/37-2-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- «II. Терминдер жана аныктамалар» бөлүмүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

5.1-пунктунун: 

-  экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө тышкы карыз алуулардын суммасына, кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамында каралган жана мамлекеттик программалар боюнча карыз алуулары камтылат.»; 

-  үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.2. Биринчи жыл иштеген кредиттик союздар үчүн, ошондой эле мамлекеттик программалар боюнча карыз алуучу кредиттик союздар үчүн, тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н1 () СК х 4 

Тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеминин (Н1) мааниси суммардык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.»; 

-  5.1.3-пунктундагы «8 жылдан» деген сан жана сөз «1 жылдан» деген сан жана сөзгө алмаштырылсын; 

-  5.2.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.3. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2), төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н2 = МК / СК х 100 () 20%, мында: 

МК - бир карыз алуучуга берилген кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыздын максималдуу өлчөмү

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы. 

Бир карыз алуучуга карата максималдуу тобокелдиктин ченеминин мааниси (Н2) суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.»; 

-  5.3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3.3. Кредиттик союздун Улуттук банктан лицензия алышкан, финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестицияларынын суммасы суммардык капиталдын 15% ашпоого тийиш. 

Финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3) төмөндөгү формула боюнча аныкталат: 

Н3 = СИ / СК х 100 () 15%, бул жерде: 

СИ - КСФКнын капиталына инвестицияларды кошпогондо, Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын чогуу алгандагы суммасы; 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы.»; 

-  5.3.4-пунктундагы «10» саны «15» деген санга алмаштырылсын; 

-  5.4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.4.2. Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү (Н4) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н4 = НК/СК х 100 () 20%, мында: 

НК - негизги каражаттарга инвестициялардын суммасы (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары); 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы; 

Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуулар сыяктуу (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары) кредиттик союз тарабынан өзүнүн чарба иштерин жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон негизги каражаттарга чогуу алгандагы салымдары, суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.»; 

-  5.5.1-пунктунун экинчи жана сегизинчи абзацындагы «5%» деген сан жана белги «2%» деген санга жана белгиге алмаштырылсын; 

-  5.6.2-пунктунун экинчи абзацындагы «100» деген сандан кийин « 10%» саны жана белгилери менен толукталсын; 

-  5.6.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Институционалдык капиталдын шайкештиги ченеминин мааниси (Н6-1) 10% кем болбоого тийиш.»; 

-  5.6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.6.3. Суммардык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н6-2 = СК / СА х 100 15%, мында: 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы; 

СА - кредиттик союздун суммардык активдери. 

Суммардык капиталдын шайкештик ченеминин мааниси (Н6-2) 15% кем болбоого тийиш.»; 

-  5.6.4 жана 5.6.5-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

-  6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде кредиттик союздун бардык операциялары нак эмес түрдө жүргүзүлсө жана/же бардык операциялар коммерциялык банктагы эсептешүү эсеби аркылуу жүргүзүлсө, кассалык жайдын болушу талап кылынбайт.»; 

-  79-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик союз жоюу чечимин кабыл алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны (кошумча лицензияны кошо алганда) жана кредиттик союздун жалпы жыйынына катышкан бардык катышуучулардын колу коюлган, кредиттик союздун ыктыярдуу жоюлуусу жөнүндө жалпы жыйындын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн протоколун Улуттук банкка тапшырууга тийиш;».