Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 2-июнундагы  

№ 2022-П-14/35-4-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС)  

«Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Ар башка төлөм системаларынын системалар аралык интеграцияланышын камсыз кылуу жана QR-коддорду пайдаланган төлөөчүлөр үчүн төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча төлөм системаларынын бирдиктүү төлөм алкагын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Ушул токтомго карата тиркеменин 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кире турган 4 жана 8-пункттарын кошпогондо, токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери 2022-жылдын 30-сентябрына чейин QR-коддорду бирдейлештирүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген КМС 1348:2019 Финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин улуттук стандартына ылайык келтирүү боюнча иш-чараларды акырына чыгарсын. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 2-июнундагы  

№ 2022-П-14/35-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин  

бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «төлөмдөрдү» деген сөздөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын. 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин: 

1) аталышындагы «төлөмдөрдү» деген сөздөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 3-пункттагы «QR-коддорун» деген сөздөн кийн «/ төлөм шилтемелерин» деген сөз менен толукталсын. 

3) 5-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Төлөм инструменти колдонуучуга төлөмдөрдү кабыл алуу жана/же акча каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөм системасынын катышуучусунун төлөм тиркемеси жана/же техникалык чечими»; 

4) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Төлөм системаларынын катышуучулары төмөнкү шарттарды сактоо менен ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө тийиш: 

1) төлөм системаларынын бардык катышуучуларынын QR-коддорун генерациялоо системалары Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына толугу менен шайкеш келүүгө жана өз ара иш алып баруу операторуна кошулуу аркылуу төлөм системаларынын башка катышуучулары менен системалар аралык интеграциялоо үчүн функционалдык шайкештикти камсыз кылууга тийиш; 

2) төлөм системаларынын катышуучусунун QR-коддорду генерациялоонун өздүк системасында артыкчылыктарына жараша топтолгон QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү иштеп чыгуу төлөм системаларынын ошол катышуучусунун өздүк системасында жүргүзүлөт (иштелип чыгат)»; 

5) Эрежелер төмөнкү мазмундагы 6.1. жана 6.2-пункттар менен толукталсын: 

«6.1. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге (соода-тейлөө ишканасы) QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет жана өз ара иш алып баруу оператору менен макулдашуу (жактыруу) талап кылынбайт; 

6.2. Өз ара иш алып баруу операторуна Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген, атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган жана төлөм системаларынын башка катышуучуларына карата негизсиз артыкчылыктарды берүү жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө (өзүнүн операциялык эрежелеринде талаптарды белгилөөгө), Кыргыз Республикасынын бюджетине түздөн-түз багытталган төлөмдөрдү кошпогондо, айкын экономикалык мааниси жок жана/же тараптардын бири чыгым тартуу менен иш алып баруусун шарттаган келишимдик мамилелерди түзүүгө тыюу салынат.»; 

6) 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм системасынын катышуучусу тарабынан QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүсү төлөм системаларынын катышуучусунун өзү операциялык эрежелерге жана техникалык регламентке ылайык жүзөгө ашырылат, мында төлөм системаларынын катышуучусу QR-кодду пайдалануу менен төлөм жүргүзүүнү камсыз кылуу жана төлөөчүдөн акыркы алуучуга чейин акча каражаттарынын келип түшүүсү үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

7) 12-пункттун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- өз ара иш алып баруу операторунун системасы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташтырылууга тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш; 

- QR-кодду генерациялоо системасы Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш»; 

8) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ар башка төлөм системалары системалар аралык интеграциялоо үчүн төлөм системаларынын катышуучулары өз ара иш алып баруу оператору менен QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча туташуу келишимин түзүшөт.»; 

9) 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кандай гана туташтыруу болбосун, QR-коддун жана төлөм шилтемесинин колдонулушу Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына толугу менен ылайык келүүгө тийиш.»; 

10) 25-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат »; 

11) 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм системасынын катышуучусу QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн төлөм инструментинде QR-кодду сканерлөө жана/же төлөм шилтемеси аркылуу өтүү, жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө билдирмелерди алуу, ошондой эле пайдаланылып жаткан төлөм инструментинин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша QR-кодду генерациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.»;  

12) Эрежелер төмөнкү мазмундагы 39 жана 40-пункттар менен толукталсын: 

«39.Төлөм системаларынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка ушул Эрежелерге карата 2-тиркеменин формасына ылайык QR-код аркылуу жүзөгө ашырылган төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалыматтарды отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, кагаз түрүндөгү версиясын кошумча жөнөтүү менен электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясын) берүүгө тийиш. 

40. Төлөм системасынын катышуучулары QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү/белгилөө, анын ичинде төлөөчү кардардын контролго алынуучу жана шектүү операциялардын белгилери бар операцияларын аныктоо боюнча чараларды өз алдынча жүргүзүшөт.»; 

13) ушул Эрежелерге карата тиркеменин «тиркеме» деген сөздөн кийин «1» деген сан менен жана «төлөмдөр» деген сөздөн кийин «жана которуулар» деген сөздөр менен толукталсын; 

14) Эрежелер төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

 

«Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин  

(QR-код) пайдалануу менен  

төлөмдөрдү жана которууларды 

жүргүзүү эрежелерине карата  

2-тиркеме 

 

Төлөм системаларынын катышуучусунун аталышы 

________________________________ 

20__-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

QR-коддор аркылуу төлөмдөрдүн жана которуулардын жүзөгө ашырылышы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

№ 

QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн колдонулган төлөм инструментинин түрү 

Төлөм системасынын катышуучусу туташтырылган өз ара иш алып баруу оператору  

Которуулар 

Товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм 

Соода-тейлөө ишканаларынын (QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча суб-катышуучулардын) саны (бардыгы) 

Өз системасында 

Системалар аралык 

Өз соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына (чыг.) 

Алардын ичинен бюджетке төлөмдөр 

Системалар аралык 

төлөмдөр (чыг.) 

Саны 

Көлөмү 

Кирүүчү 

Чыгуучу 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Кирүүчү 

Чыгуучу 

Жалпы саны 

Алардын ичинен активдүү 

 

 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

 

 

 

 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

 

 

1. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи жетекчи  

(ал жок учурда - анын милдетин аткарган ________________ _____________ 

адам) (аты-жөнү) (кол тамгасы) 

 

Аткаруучу _____________________ ________________ ______________ 

(кызмат орду) (тел. номери) (аты-жөнү) (кол тамгасы)  

 

Отчетко кол коюлган күн 20__ жылдын «___» ___________________  

Мөөрү».