Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 2-июнундагы  

№ 2022-П-12/35-1-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын,  

депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин. 

2. Коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үч ай мөөнөт ичинде өз маалымат базасын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин. 

3. Турак жай-сактык кредиттик компаниялары 2022-жылдын төртүнчү чейрегине чейинки мөөнөттө өз маалымат базасын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

6. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 2-июнундагы  

№ 2022-П-12/35-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча  

НУСКОО  

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын (мындан ары банк) аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча бул нускоо (мындан ары Нускоо), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырып жаткан коммерциялык банктар  маалымат базасын ушул Нускоого ылайык жүргүзүүсү зарыл.  

3. Аталган Нускоодо Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө бөлүгүндө берилген аныктамалар колдонулат. 

 

2-глава. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери  

жөнүндө маалымат базасын түзүү  

4. Банк аманаттар (депозиттер) боюнча гарантияланган ордун толтуруунун суммасы боюнча эсепке алууну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) эсебин жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалымат базасын (мындан ары - маалымат базасы) түзүүгө жана аны туруктуу негизде жүргүзүүгө тийиш. 

5. Маалымат базасы банк тарабынан жумалык негизде жүргүзүлүп турат жана ар бир айдын бирине карата абал боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата жыйынтыкталууга тийиш. 

6. Ушул Нускоого ылайык түзүлгөн маалыматтар, гарантиялык учур келип жеткен шартта, банктын аманатчыларына компенсация катары төлөнүп берилүүгө тийиш болгон сумманы аныктоо жана түзүү үчүн негиз болуп саналат.   

Мындан тышкары, банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык банкты реструктуризациялоодо корголууга тийиш болгон каражаттардын көлөмүн аныктоо үчүн банк тарабынан маалымат базасы түзүлүшү жана берилиши зарыл. 

7. Ушул Нускоого ылайык маалымат базасын түзүүдө гарантиялык учур келип жеткен шартта аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумма, эгерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жана гарантиялар боюнча талаш-тартыштар же соттук териштирүүлөр (мындан ары мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар) болбосо, аманатчыга берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин жана аманатчынын өтүнүчү боюнча банк тарабынан берилген мөөнөтү өтүп кеткен гарантиялардын калдыгынын суммасына азайтылышы каралган. 

8. Маалымат базасы маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөө мүмкүнчүлүгү менен ушул Нускоонун 1-тиркемесине ылайык XML жана XLS форматтарында түзүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда аныктык, функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк сыяктуу негизги критерийлер сакталууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган электрондук маалымат базаларына, программаларга карата жалпы талаптар сакталууга тийиш. 

9. «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон, банкка жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалыматтар» таблицасы (ушул Нускоого карата 1-тиркеме) 2-тиркемеде көрсөтүлгөн тартипке ылайык толтурулат. 

10. Ар бир банкта маалымат базасынын тууралыгы жана Нускоого ылайык келүүсү жагында текшерүү үчүн жооптуу кызматкер дайындалууга тийиш. Банктын жооптуу кызматкери чейрек сайын банктын жетекчилигине жогоруда көрсөтүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.  

11. Банктын жетекчилиги маалымат базасында чагылдырылган банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

 

3-глава. Корутунду жоболор  

12. Гарантиялык учур келип жеткен шартта, убактылуу администратор/жоюучу гарантиялык учур келип жеткенден кийинки 10 календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, ушул Нускоонун талаптарына ылайык эсептелген, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматты Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке сунуштоого милдеттүү.     

13. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык түзүлгөн маалымат базасынын негизинде Агенттик, гарантиялык учур келип жеткен учурда, банктын аманатчыларына-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилүүчү компенсациялык төлөөлөрдүн суммасын аныктайт жана түзөт.  

14. Гарантиялык учур келип жеткен учурда, аманат (депозит) боюнча кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар гарантиялык учур келип жеткен датага карата эсептелет. Мындай пайыздар банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен боюнча кошуп эсептелет, бирок Улуттук банктын гарантиялык учур келип жеткен датага карата эсептик ченинен жогору болбоого тийиш.  

15. Аманатчыга гарантияланган аманаттар боюнча төлөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.  

16. Жоюлуучу банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылуучу төлөөлөрдүн суммасына азайтылат. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин калган суммасы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөнүп берилүүгө тийиш. 

 

Тиркеме: 

 1-тиркеме. Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалымат;  

 2-тиркеме. Таблицаларды толтуруу тартиби. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин  

________________________________________________ 

(банктын аталышы) компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө маалымат  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоого карата 

1-тиркеме 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ п/п 

Аманатчынын толук аты-жөнү 

Инсандыгын тастыктаган документи, 

№ жана берилген датасы, ким тарабынан берилгендиги  

Күбөлүктүн/патенттин № 

ИНН 

Аманатчынын жашаган дареги, телефон номери 

Банктык тейлөөгө алуу келишиминин аталышы жана/же № (банктык аманат, карт эсеби ж.б.)), карыз алуу / гарантия келишими, келишим түзүлгөн дата 

Депозит валютасынын, утурлама талаптардын түрү 

Башкы китептин эсебинин номери 

Аманат эсебинин, карт эсебинин, ссудалык карыз эсебинин, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын, ссудалык карызга чегерилген пайыздардын номери 

Салынган аманаттын (депозиттин) суммасы, ошондой эле аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын саны 

Банктын аманатчыга мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын суммасы 

Эсептештирүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчыга карата милдеттенмелеринин/талаптарынын калдыгы 

Сом эквивалентинде өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчы алдындагы милдеттенмелеринин калдыгы 

Аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон компенсациянын суммасы, бирок аманатчынын жана банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын өз ара чегерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (Депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында белгиленген суммадан ашык эмес 

Сом эквивалентинде компенсация суммасын төлөгөндөн кийин чегерилген пайыздарды эсепке алуу менен аманаттардын (депозиттердин) калдыгы 

Төлөмдөр токтотулган, аларга карата сот жана тергөө органдарынын камакка алуу жөнүндө чечими (токтом) бар депозиттер 

Инсандыгын тастыктаган документтин №  

Берилген датасы, ким тарабынан берилген  

Аманат боюнча аманат валютасындагы учурдагы калдыктын суммасы 

Сом эквивалентинде аманаттын учурдагы калдыгынын суммасы 

Аманат валютасында чегерилген пайыздардын суммасы 

сом эквивалентинде аманаттар (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын суммасы 

сом эквивалентинде бардыгы 

талаптын валютасындагы негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

сом эквивалентиндеги негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

талаптын валютасында чегерилген банктык пайыздар боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын чегерилген пайыздары боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын жалпы суммасы 

мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын кепилдиктери боюнча талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр жөнүндө маалымат 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги чегерилген пайыздар боюнча калдыктын суммасы 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги негизги карыздын калдыгынын суммасы 

сом эквивалентинде милдеттенмелердин/талаптардын калдыктары боюнча бардыгы 

4-1 

10 

11 

12 

13 

14 

15=12+14 

16 

17 

18 

19 

20=17+19 

21 

22=14+20 

23 

24 

25 

26 

27=24-26 

28 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

Мисалы: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

1. 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19. 

08. 2002Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрындагы №50 Банктык аманат келишими 

KGS 

  

  

  

250 000,00  

  

5 000,00  

155 000,00  

  

  

  

  

-  

 

5 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19. 

08. 2002Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрындагы №50 Банктык аманат келишими 

USD 

  

  

2 000,00  

80 000,00  

100,00  

4 000,00  

84 000,00  

  

  

  

  

-  

 

4 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19. 

08. 2002Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрындагы №50 Банктык аманат келишими 

EUR 

  

  

100,00  

5 000,00  

  

  

5 000,00  

  

  

  

  

-  

 

-  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19. 

08. 2002Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрындагы №50 Банктык аманат келишими 

EUR 

  

  

  

  

  

  

-  

- 2 500,00  

- 125 000,00  

- 60,00  

- 3 000,00  

- 128 000,00  

 

- 128 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

Аманатчылар боюнча жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ХХХ  

335 000,00  

ХХХ  

9 000,00  

344 000,00  

ХХХ  

- 125 000,00  

ХХХ  

- 3 000,00  

- 128 000,00  

 

- 119 000,00  

216 000,00  

216 000,00  

216 000,00  

200 000,00  

16 000,00  

ХХХ  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Банк боюнча бардыгы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк Башкармасынын төрагасы ___________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы бухгалтер ________________________________________ Жооптуу аткаруучу ________________________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктын, турак жай-сактык  

кредиттик компаниясынын,  

депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар  

алдындагы милдеттенмелери  

жөнүндө маалымат базасын  

жүргүзүү боюнча нускоого  

карата 

2-тиркеме 

 

«Жеке адамдардын банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жана жеке ишкерлердин банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары жөнүндө маалыматтар» таблицаларын толтуруу  

ТАРТИБИ 

(мындан ары - таблица) 

 

1. Таблицаны толтурууда 1-графада банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын (мындан ары - банк) аманатчыларынын катар номери көрсөтүлөт. 

2. Аманатчы жөнүндө толук маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга жана тиешелүүлүгүнө жараша, 2,3,4,5,6,7-графаларда чагылдырылууга тийиш: 

- инсандыгын тастыктоочу документке ылайык аманатчынын толук аты-жөнү

- инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, анын ичинде документтин номери жана берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги; 

- ИНН (бар болсо, жок болгон учурда толтурулбайт); 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрбөй (патент) ишкердик жүргүзүү фактысын ырастоочу документтин реквизиттери; 

- аманатчынын жашаган (катталган) жеринин же убактылуу жашап турган жеринин толук дареги, телефону, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги. 

3. 7-графада келишимдин номерин жана келишим түзүлгөн датаны көрсөтүү менен аманатчынын банк менен аманат (депозит) сыяктуу эле, кредит боюнча да (мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар, эгер болсо) келишимдери жөнүндө маалыматтар камтылган. 

4. 8-графада келишим боюнча валютанын түрү көрсөтүлөт (АКШ доллары, евро, сом ж.б.). 

5. 9-графада аманаттын (депозиттин) эсептеринин номерлери, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар1, мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап жана мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап боюнча чегерилген пайыздар көрсөтүлөт. Банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талабы боюнча чегерилген пайыздар чегерилбеген статусуна ээ кредиттер боюнча чегерилген пайыздар да кирет; айып пул, туумдар жана кредит боюнча башка төлөмдөр. 

6. 10-графага аманаттын (депозиттин) өздүк эсебинин номери, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар, мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап жана мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап боюнча чегерилген пайыздар ар бир сап боюнча өзүнчө киргизилет. 

7. Аманаттардын калдыктары жана чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар жөнүндө маалыматтар, тиешелүүлүгүнө жараша, 11 жана 13-графаларда чагылдырылат. Таблицадагы калдыктардын суммалары жүздүк үлүшүн көрсөтүү менен валюта бирдиктеринде чагылдырылат. 

8. Эгерде банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен гарантиялык учур келип жеткен датага карата Улуттук банктын эсептик ченинен ашса, анда 13, 14-графаларда чегерилген пайыздардын суммасы гарантиялык учур келип жеткен датага карата Улуттук банктын эсептик чени боюнча, башка учурларда, банктык аманат келишиминин ченине ылайык эсептелүүгө тийиш. 

Аманаттар (депозиттер) боюнча калдыктар жана чет өлкө валютасындагы аманаттар (депозиттер) боюнча чегерилген пайыздар сом эквивалентине которулат жана 12 жана 14-графаларда чагылдырылат. 

9. Эгерде 11 жана 13-графаларда көрсөтүлгөн калдыктар сом менен чагылдырылса, анда алар дароо 12 жана 14-графаларда чагылдырылат. 

10. Чет өлкө валютасынын сом эквивалентин чагылдырган графаны толтурууда Улуттук банктын учурдагы операциялык күнүнө колдонулуучу расмий алмашуу курсу колдонулат. 

11. 15-графада аманаттар (депозиттер) боюнча калдыктардын жалпы суммасы жана аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар сом эквивалентинде чагылдырылат, 15-графа боюнча жыйынтыкталган сумма акыркы сапта 12 жана 14-графалардын суммасына барабар болууга тийиш. 

12. Банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын калдыктары боюнча маалыматтар аманаттардын калдыктары жөнүндө маалыматтарга окшош эле 16-19-графаларга киргизилет. Банктын аманатчыга болгон талаптарынын калдыгы терс белги (-) менен чагылдырылат. 

13. 20-графада банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын сом эквивалентиндеги жалпы суммасы чагылдырылат. 20-мамыча боюнча жыйынтыкталган сумма акыркы сапта 17ден 19-графага чейинки суммага барабар болушу зарыл. 

13.1. 21-графада мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын гарантиялары боюнча талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Алар болгон учурда, банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптары өз ара чегерилбейт, б.а. 22-25-графалар толтурулбайт жана ошого жараша, 26, 27-графалар мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана гарантиялар эсепке алынбастан толтурулат. 

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын гарантиялары боюнча соттук талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр болбосо, анда бул графа толтурулбайт. 

14. 22-25-графалардагы ар бир аманатчы боюнча жыйынтыктоочу сапта өз ара чегеришүүнүн натыйжасы боюнча банктын милдеттенмелеринин/талаптарынын суммасы чагылдырылат. Өз ара чегеришүү сом эквивалентинде жыйынтык суммалары боюнча жүргүзүлөт. 

15. Алгач банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын жыйынтык суммасы аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын жыйынтык суммасы менен, андан кийин аманаттардын (депозиттердин) калдыктарынын жыйынтык суммасы менен чогуу эсепке алынат. 

16. 22-графанын акыркы сабында аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар менен аманатчыга банктын талаптарын өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча калдыктар жазылат, мында 22-графа 14 жана 20-графалардын суммасына барабар болот. 

17. 23 жана 24-графалар аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар менен аманатчыга банктын талаптарын өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча толтурулат, мында: 

а) аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар банктын кардарга карата талаптарынын ордун жапкан учурда, б.а. 22-графанын суммасы оңөлдөн чоң же барабар) болсо, анда 23-графа 12-графага, ал эми 24-графа 22 жана 23-графалардын суммасына барабар болот; 

б) эгерде аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын суммасы банктын кардарга карата талаптарынын ордун жаппаса, б.а. 22-графанын суммасы терс (нөлдөн аз) болсо, анда 23-графа 12 жана 22-графалардын суммасына, ал эми 24-графа 23-графанын суммасына барабар болот. 

18. 25-графа транзиттик графа болуп саналат жана төмөнкүчө толтурулат: 

а) эгерде аманатчынын банкка койгон талаптары анын банк алдындагы милдеттенмелеринен ашып кетсе, б.а. 24-графанын акыркы сабындагы сумма оң болсо, анда 25-графа 24-графага барабар болот; 

б) эгерде аманатчынын банкка койгон талаптары анын банк алдындагы милдеттенмелеринен аз, б.а. 24-графанын суммасы терс болсо, анда 25-графа нөлгө барабар болот.  

19. Эгерде өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчыга карата талаптары калса (24-графадагы жыйынтык сумма терс болсо), анда 26, 27-графалар толтурулбайт. 

20. 26-графанын акыркы сабында сом менен компенсациянын суммасы чагылдырылат. Кардардын бардык аманаттары боюнча компенсацияланууга тийиш болгон жыйынтыкталган сумма Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган компенсациянын суммасынан ашпоого тийиш. 

21. Аманаттар жана кардардын аманаты (депозити) боюнча чегерилген пайыздар боюнча калдык 27-графанын жыйынтыктоочу сабында чагылдырылган жана 24 жана 26-графалардын суммаларынын ортосундагы айырма катары эсептелет. 27-графа 24-графада көрсөтүлгөн банкка карата талаптардын суммасы 26-графада көрсөтүлгөн компенсациянын суммасынан көп болгон учурда гана толтурулат. 

22. Бүтүндөй банк боюнча жыйынтыкталган суммалар 12,14,15, 17, 19, 20, 22-27-графаларда толтурулат, алар банктын филиалдары боюнча бардык жыйынтык суммаларынын суммасына барабар болууга тийиш. 

23. 28-графада: качан, кайсы сот же тергөө органы тарабынан жеке адамдардын же жеке ишкерлердин аманаттарына арест салуу жөнүндө чечим (токтом) кабыл алынгандыгы жөнүндө маалыматтар чагылдырылышы керек. 

____________________________________________________________________________________________________ 

1Аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздар банктын ички эсеп саясатына ылайык чегерилет.