Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 27-апрелиндеги  

№ 2022-П-14/27-3-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 27-апрелиндеги 

№ 2022-П-14/27-3-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 2-1-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 7 жана 29-пунктуларына ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

- 7-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын: 

««Олуттуу катышуу» жана «контролдукту» терминдери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 85-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт». 

««Кынтыксыз кызматтык аброй» түшүнүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 108-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт».»; 

- 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын) /катышуучуларынын бири катары чыкса, бул талап ага карата жайылтылбайт.»; 

- 17-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул Жободо каралган документтерди берүү менен бирге, өтүнүч ээси, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору, жеке адамдар жана юридикалык жактар Улуттук банкка жеке маалыматтары бериле турган адамдар боюнча ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдук берүүгө тийиш.»; 

- 19-пунктунун: 

13-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ;»; 

төмөнкү мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/ катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 13-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт.»; 

- 19-1-пунктунун: 

19-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам жараны болуп саналган өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди сунуштоосу зарыл, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документ;»; 

төмөнкү мазмундагы элүү төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/ катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун 2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт.»; 

- 39-пунктундагы «төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына/директорлор кеңешине» деген сөздөр «төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына же директорлор кеңешине (болгон учурда)» дегенге алмаштырылсын; 

- 47-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) соттолбогон болууга тийиш.»; 

- расмий тилдеги 2-тиркеменин сол бурчундагы «Анкета» деген сөздүн алды «(сүрөт үчүн жер)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-тиркеменин сол бурчундагы «Анкета» деген сөздүн алды «(сүрөт үчүн жер)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-тиркемеде жеке маалыматтарды толтуруу үчүн формалардан кийин: 

расмий тилдеги үчүнчү абзацындагы «международными договорами» деген сөздөрдөн кийин «.» тыныш белги «);» тыныш белгилерге алмаштырылсын;  

улуттук тилиндеги үчүнчү абзацындагы «.» тыныш белги «;» тыныш белгилерге алмаштырылсын; 

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«- банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине).». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 83-пункту төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын) /катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарынын талаптары ага карата жайылтылбайт.».