Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 20-апрелиндеги  

№ 2022-П-12/25-2-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

активдерди классификациялоо боюнча кошумча  

убактылуу чечимдери жөнүндө  

 

 

Банк системасынын туруктуулугун сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 87-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна (мындан ары программа) катышкан коммерциялык банктар: 

1) Мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) келишимдин алкагында түзүлгөн фонддун (мындан ары Фонд) кепилдиги менен камсыздалган активдин бөлүгүн, төмөнкү бардык шарттар бир мезгилде сакталган учурда, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды 0 пайыз өлчөмүндө түзүү менен «нормалдуу актив» катары классификациялай алышат:  

- Фонд тарабынан кепилденген кредиттердин көлөмү программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банкта жайгаштырылган Фонддун каражаттарынын калдыгынан эки эседен ашпоого тийиш; 

- Фонд менен банктын ортосундагы кепилдик келишимде 5 жумуш күнү ичинде банкта ачылган жана тейленүүчү Фонддун күндөлүк эсептеринен Фонддун кепилдиктери менен кепилденген милдеттенмелер боюнча банк алдында келип чыккан мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр боюнча банктын акцептсиз тартипте акча каражаттарын эсептен алып салуу укугу каралууга тийиш; 

- банктагы күндөлүк эсептердеги Фонддун акча каражаттарынын минималдуу калдыгы, программа толук ишке ашырылганга чейин, Фонддун кепилдиги менен берилген банктын кредиттеринин баланстык наркынан 10 пайыздан кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш; 

- Фонддун кепилдиктери менен кепилденген банктын алдында келип чыккан милдеттенмелер боюнча Фонддун акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салган учурда, Фонд үч жумуш күнү ичинде банктагы күндөлүк эсепти кеминде эсептен алынып салынган каражаттардын суммасына толтурууга тийиш; 

2) жогоруда көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган учурда, кредиттерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жободо белгиленген мүнөздүү белгилерге ылайык классификациялоого тийиш; 

3) Фонддун кепилдиктери менен кепилденген аккредитивдерди баалоодо 50% өлчөмүндө кредиттик конверсия факторун Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык колдонушсун. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен программага катышкан коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев