Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 31-мартындагы  

№ 2022-П-12/19-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо  

боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө  

 

 

Өлкөнүн банк системасынын туруктуулугун сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 87-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтому; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому. 

 

2. Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан тышкы экономикалык жагдайлардын карыз алуучулардын ишине тийгизген терс таасирлеринин кесепетинен улам акча агымдары жана алардын финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча комиссиялык жана башка төлөмдөр чегерилбесин жана алынбасын. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

 

 

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонду» ААКты тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 31-мартындагы  

№ 2022-П-12/19-4-(НПА) 

токтомуна карата тир 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерде (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларынан улам, ошондой эле азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу сапаты начарлаган же начарлап жаткан активдерди коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК (мындан ары - банктар) тарабынан классификациялоонун убактылуу эрежелерин белгилейт.  

Бул Убактылуу эрежелердин талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча берилген кредиттерден жана ошондой эле ушул Убактылуу эрежелердин 7-главасында көрсөтүлгөн кредиттерден тышкары, банктардын жаңыдан берилген кредиттерине карата таркатылбайт.»; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Карыз алуучу (жеке адам же юридикалык жак) бир банктан же банктык топ ичинде бир нече кредит алган учурда, финансылык абалы коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларынан улам, ошондой эле геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу начарлаган же начарлап жаткан карыз алуучунун кредитине эң эле төмөн категория ыйгарылса, банк бардык кредиттер үчүн эң эле төмөн классификациялоо категориясын колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда банк классификациялоо категориясын ар бир кредитке өз-өзүнчө категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык колдонушу мүмкүн.»; 

- 3-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5- пунктундагы төртүнчү пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн азайышы мүмкүндүгү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун өзгөрүшү) же гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат;»;  

- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун: 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин төмөндө келтирилгендерди эске албаганда, кайсыл болбосун башка кредити боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтү өткөрүлгөн карызынын болушу:  

- ошол банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;  

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөөгө жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалар боюнча берилген кредиттер;  

- коронавирус инфекциясынын жайылышынан же ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер; 

- азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирлердин терс натыйжасынан улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер;»; 

- 4-пунктчадагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Активдерди бешинчи жолу жана андан кийинки реструктуризациялоодо, банк классификациялоо категориясын кеминде бир категорияга начарлатууга тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 12-1-пункту менен толукталсын: 

«12-1. Банктар, эгерде бул актив 2022-жылдын 1-мартынан тартып бир жолу реструктуризацияланган болсо, учурдагы геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасынан улам карыз алуучунун акча агымдарынын жана финансылык абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу активди реструктуризациялоодо (буга чейин реструктуризациялангандыгына карабастан), анын классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу. 

Жогорудагы активдерди кийинки реструктуризациялоо «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.3-пунктунун шарттарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.»; 

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Реструктуризацияланган (реструктуризациялоо санына карабастан) активдер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыкса, мындай активдер ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген классификациялоо категориясынын белгилерине ылайык классификацияланат.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптарына ылайык реструктуризацияланган активди классификациялоо категориясы «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.6-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун 14-пунктунун шарттарына ылайык жакшыртылышы мүмкүн.»;  

- төмөнкү мазмундагы 7-глава менен толукталсын: 

«7-глава. Жаңыдан берилген кредиттерге кошумча талаптар 

18. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген жаңыдан берилген кредиттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.  

19. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш. 

Ошондой эле эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкини түзсө, банк 15% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш. 

20. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк 25% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «субстандарттык» актив катары классификациялоого тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.1.1-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондусу, мындан ары - Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн караган кредиттерге да таркатылат.».