Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-мартындагы  

№2022-П-09/16-1-(БС) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 36, 68 жана 138-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилешсин. 

 

2. Коммерциялык банктар үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун 5.1-пунктунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун 3.1.1 жана 3.1.2-пунктуларында белгиленген, ачык валюта позициясынын лимитинин (К4.1) мааниси казак теңгеси үчүн банктын таза суммардык капиталынан 1 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

 

3. Микрофинансылык компаниялар үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 токтому менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун 10-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген, ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн микрофинансылык компаниянын өздүк капиталынан 1 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.  

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

6. 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды, алмашуу бюролорун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо банк көзөмөлүн тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев