Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы  

№ 2021-П-12/75-2-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Мурабаха операциясын эсепке алуу 

тартибин бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби бекитилсин (тиркелет).  

2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

3.  Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар: 

- 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык маалыматтык банк системасын автоматташтыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштасын; 

- 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык келтирсин.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы  

№ 2021-П-12/75-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

 

Мурабаха операциясын эсепке алуу  

ТАРТИБИ  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин (мындан ары Тартип) аракети ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банктарга (мындан ары банк) таркатылат. 

2. Бул Тартипте Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (Accounting and Auditing Organization for Islamic Financial Institutions) тарабынан иштелип чыккан Ислам финансы мекемелери үчүн бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана башкаруу стандарттарына ылайык (мындан ары AAOIFI стандарттары) банктын мурабаха операцияларын эсепке алуу жана мурабаха боюнча кирешени таануу эрежелери аныкталган. 

3. Банк мурабаха операцияларын эсепке алуунун ички жол-жоболорун, ушул Тартиптин сакталышын камсыз кылган ички контролдоо системаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу болуп саналат. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

4. Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

арбун кардар тарабынан банкка төлөнгөн шерт пулдун суммасы, ал мурабаха бүтүмү келишилгенден кийин банк кардарынын карызынын бир бөлүгүн жабуу эсебине чегерилет. Эгерде мурабаха бүтүмү ишке ашпай калса, банк арбунду кардарга кайтарып бербөөгө укуктуу; 

мурабаха кардардын билдирмеси боюнча банк тарабынан сатылып алынган же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган активди (товарды) бөлүп төлөө шартында сатуу;  

үстөк баа банктын мурабаха келишими боюнча пайдасы, ал белгиленген сумма же активдин (товардын) өздүк наркынын үлүшү түрүндө белгиленет; 

баштапкы нарк кардар менен банктын ортосунда макулдашылган баага негизделген, активдин наркынан жана бүтүм боюнча банктын үстөк баасынан турган мурабаха боюнча дебитордук карыздын суммасы; 

хамиш джиддия мурабаха келишимин түзүү ниетинин олуттуу экендигин тастыктоо үчүн банкка кардар тарабынан төлөнгөн сумма. Эгерде мурабаха бүтүмү ишке ашпай калса, банк келип чыккан чыгым өлчөмүн хамиш джиддиянын эсебинен толтурууга укуктуу, андан калган сумма кардарга кайтарылып берилет; 

адилет нарк - эсептелинген акчалай сумма, тараптардын ар бири аны ишке ашыруу учурунда компетенттүү, кылдат жана мажбурлоосуз иш алып барган, талаптагыдай маркетингден кийинки коммерциялык бүтүмдө сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда баа берүү күнүнө карата мүлктү алмашуу ишке ашырылган нарк. 

 

3. Мурабаха бүтүмү боюнча сатуу үчүн каралган  

активди таануу жана андан ары баалоо 

5. Мурабаха бүтүмү боюнча андан ары сатуу үчүн банк тарабынан сатылып алынган активдер, бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/инвентарь» статьясын көбөйтүү менен өздүк наркы боюнча таанылат. 

6. Активдин өздүк наркында сатып алууга кеткен бардык сарптоолор, аларды ташууда тарткан, жумушчу абалга келтирүүдөгү башка сарптоолор, камсыздандыруу чыгашалары жана башка кандай болбосун агенттик чыгашалар менен комиссиялык төлөмдөр камтылууга тийиш. 

Кайсы болбосун кошумча кыйыр чыгашалар тиешелүү мезгилде банктын пайда жана чыгым жөнүндө отчетунда чагылдырылууга тийиш. 

7. Активди андан ары кайра сатуу үчүн аны сатып алууда банк тарабынан алынган арзандатуу (дисконт) банктын кирешеси катары саналбайт. Шариат кеңешинин тиешелүү чечими болгон учурларды эске албаганда, банк кардар үчүн товардын наркын арзандатылган суммага төмөндөтүүгө тийиш

Эгерде банк ошол товарды арзандатуу (дисконт) менен алган суммага кардарга мурабаха келишими боюнча өткөрүп берүү каралган активдин (товардын) наркын төмөндөтпөсө, анда мындай жеңилдетүү (дисконт) «мөөнөтүн узартып төлөө» бухгалтердик баланстын статьясында чагылдырылууга тийиш. 

8. Мурабаха боюнча сатууга каралган актив (товар) баштапкы таануудан кийин төмөнкүсү боюнча бааланат: 

1) банктын кардары активди өздүк наркына барабар же андан ашкан наркта сатып алууга милдеттендирилген учурларда, банк, эгерде бар болсо, активдин адилет наркынын өзгөрүүсүнө карабастан, активди өздүк наркы боюнча эсепке алууга тийиш. 

Эгерде мындай милдеттенменин аткарылышын күткөн банк милдеттенме менен байланышкан чыгымдарды тартса, анда банктын кардары активди сатып алууга милдеттендирилген болот жана ал үчүн милдеттүү болуп саналат; 

2) банктын кардары активди сатып алууга милдеттүү болбогон учурларда: 

- кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык таза баланстык нарктын (амортизацияны жана баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгымдарды кемиткенден кийинки нарк) жана которуу күнүнө карата адилет нарктын эң аз өлчөмү боюнча эсепке алынат; 

- кыймылдуу мүлк адилет нарк боюнча эсепке алынат. 

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн мүлк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык классификацияланат. 

9. Кардар мурабаха келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, банктын активди (товарды) сатып алууга байланыштуу чыгашалары AAOIFI стандарттарына ылайык хамиш джиддиянын же арбундун мурда алынган суммаларынын эсебинен жабылышы мүмкүн. 

 

4. Мурабаханын дебитордук карызын 

таануу жана андан ары баалоо 

10. Банк мурабаха келишими боюнча активдерди саткандан кийин өзүнүн финансылык отчетунда дебитордук карызды жана үстөк бааны чагылдырат. 

11. Мурабаха банктын балансында баштапкы наркы боюнча таанылат:  

1) сатылган активдин наркы бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча дебитордук карыз»/«мурабаханы каржылоо» статьясында чагылдырылат;  

2) актив боюнча үстөк баа бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча үстөк баа» статьясы боюнча башка активдерде жана «мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда» статьясы боюнча башка милдеттенмелерде бүтүндөй каржылоо мөөнөтү үчүн толук көлөмдө чагылдырылат. 

12. Мурабаха операциясы боюнча дебитордук карыз баштапкы таанылгандан кийин, ал потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды алып салуу менен төлөнбөгөн карыздын суммасында эсепке алынат. 

13. Мурабаха келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана аны түзүүгө байланыштуу операциялык чыгашалар, сатып алуучунун кайсы болбосун ордун жабууларын алып салуу менен тиешелүү мезгилде эсепке алынат. 

14. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин:  

1) хамиш джиддия кардар менен макулдашылган учурлардан тышкары, дебитордук карыздын эсебинде эсепке алынбайт;  

2) арбун кардардын дебитордук карызынан алынып салынууга тийиш. 

 

5. Мурабаха боюнча пайданы таануу 

15. Мурабаха операциясы боюнча пайда бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда» статьясын азайтуу эсебинде, акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшкөнүнө карабастан, операция ишке ашырылган ошол мезгил ичинде таанылат. 

16. Банк AAOIFI стандарттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы №33/4 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакылар өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобого ылайык, мурабаханы каржылоо мөөнөтүнө карабастан, бүтүм боюнча пайданын ченемин эсептөө үчүн эффективдүү пайыздык ченди колдонууга тийиш.  

17. Эгерде банк, мурабаха келишими боюнча карызды мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү же кандайдыр бир башка себептерден улам кардарга жеңилдик берсе, жеңилдик берилген сумма бухгалтердик баланста «мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда» жана «мурабаха боюнча үстөк баа» статьяларын төмөндөтүү менен чагылдырылууга тийиш.  

 

6. Потенциалдуу жоготууларга  

жана чыгым тартууларга кам түзүү жана маалыматты ачып көрсөтүү 

18. Мурабаха боюнча дебитордук карыз отчеттук мезгилдин акырында бааланат жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды алып салуу менен карыздын суммасына барабар болот.  

19.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги 11/2 токтому менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинде каралган учурларда мурабаха келишими боюнча кирешелерди чегерүү жана таануу токтотулууга тийиш. 

20. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүү максатында, үстөк баанын мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгү дегенден улам, бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча үстөк баа» жана «мурабаха боюнча келечекте алынуучу пайда» статьялары ортосунда айырма катары эсептелинген үстөк баанын 30 күн ичинде төлөнбөгөн өлчөмүн түшүнүүгө болот. 

21. Мурабаха келишиминин объектиси болуп саналган актив Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык банктын башка менчиги категориясына которулууга тийиш, эгерде: 

1) банк активди сатып алгандан кийин кардар мурабаха келишимин түзүүдөн баш тартса;  

2) кардар милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан же кардар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда мурабаха келишими боюнча карызды толугу менен же жарым-жартылай төлөнгөндө.  

22. Ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин банктын финансылык абалына жана ишинин натыйжаларына тийгизген таасирин түшүнүү максатында, банк мурабаха операциясы боюнча каржылоо жөнүндө маалыматты финансылык отчетунда ачып көрсөтүүгө тийиш. Банк мурабаха операциясы боюнча кредит портфелинин өлчөмүн, сапатын, концентрацияланышын жана реструктуризацияланышын, мурабаха операциясы боюнча өткөрүп берилүүчү активдердин (товардын) өлчөмүн, мурабаха операциясы боюнча келечекте алынуучу пайданын өлчөмүн жана банк ишинин алкагында орчундуу болуп саналган кайсы болбосун маалыматты ачып көрсөтүүсү зарыл.