Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 15-декабрындагы  

№ 2021-П-12/70-3-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө». 

 

2. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

3.  Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 6-пунктунда каралган операциялык тобокелдиктерди жабуу үчүн керектүү капиталды эске алуу менен, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан (К2.1) суммардык капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөө боюнча талаптарды аткаруу мөөнөтү 2022-жылдын 1-июлунан тартып белгиленсин. 

 

4. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 9-пунктунда каралган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан (К2.4) левераж коэффициентин эсептөө боюнча талаптарды аткаруу мөөнөтү 2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин. 

 

5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн төмөнкү маанилерди сактоо белгиленсин: 

1) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3.2-пунктунда каралган (К2.2) биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 7,5%; 

2) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3.2-пунктунда каралган (К2.3) биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6%. 

 

6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган системалуу мааниге ээ банктар үчүн төмөнкү маанилерди сактоо белгиленсин: 

1) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3.2-1-пунктунда каралган (К2.1) суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 12,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 14%; 

2) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3.2-1-пунктунда каралган (К2.2) биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 7,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 9,5%; 

3) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3.2-1-пунктунда каралган (К2.3) биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 8%. 

 

7.  Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн техникалык жана программалык продуктулар менен байланышкан материалдык эмес активдерди алып салууга тиешелүү Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 19-1-пунктунун 2-пунктчасынын колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын январына чейин белгиленсин. 

 

8. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

9. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «БАКАЙ БАНК» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

10. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 15-декабрындагы  

№ 2021-П-12/70-3-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- Нускоого карата тиркеменин: 

«Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» бөлүгүндө 595-статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

595 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ милдеттенмелер 

 0 

10% 

100% 

». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесиндеги:  

15.5. «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» бөлүгүндө 595-статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

595 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ милдеттенмелер 

 0 

10% 

100% 

»; 

15.Г. «Ислам терезеси» алкагында банктын баланстан тышкары милдеттенмелери» бөлүкчөсүндө 510-статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

510 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ милдеттенмелер 

 0 

10% 

100% 

». 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

28-декабрындагы №51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 5-пунктунун «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) өздүк (регулятивдик) капитал биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат.»; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдердин (мындан ары - активдердин) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары - баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнүшүнө негизделген ислам банкынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери:  

а) суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) коэффициенти (К2.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.1 = (ЧСК / ((ЧРА- ЧРАм) + П * Кор)) *100%, мында: 

 

ЧСК  

– 

таза Суммардык капитал, ал биринчи деңгээлдеги капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат.  

ЧРА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы. 

ЧРАм 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн, чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы

П 

– 

коммерциялык банктар үчүн - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн - 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине каршы келген сан); 

Кор 

– 

операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

б) биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

К2.2 = (КПУ / (ЧРА- ЧРАм)) *100%, мында: 

 

КПУ 

– 

биринчи деңгээлдеги капитал ушул нускоонун 15-пунктуна ылайык аныкталат

 

в) Биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) коэффициенти (К2.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.3 = (БКПУ / (ЧРА- ЧРАм)) *100%, мында: 

 

БКПУ 

– 

Биринчи деңгээлдеги базалык капитал 

 

Улуттук банк тобокелдиктерди баалоого жана системалуу мааниге ээ банктардын негизинде капиталдын шайкештик коэффициенттеринин минималдуу өлчөмүн жогорулатууга укуктуу.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Левераж (К2.4) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.4 = (КПУ / (СА+ЗО) *100%, мында: 

 

СА 

– 

материалдык эмес активдерди жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен банктын суммардык активдери; 

ЗО 

– 

ушул Нускоодо аныкталган кредиттик конверсиянын факторлорун эске алуу менен ал боюнча банк алдын ала билдирүүсүз кайсы болбосун учурда шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ, аларга карата мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулушу мүмкүн болгон ошол милдеттенмелерди кошпогондо, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Мында, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын суммасы баланстан тышкаркы милдеттенмелерден (кредиттик конверсия факторлору колдонулгандан кийин) өлчөнгөн баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасынын чегинде алынып салынат.»;  

 

- 9-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.1. Банктын финансылык туруктуулугун жана анын ишинин туруктуулугун сактоо максатында дивиденддерди төлөө үчүн «банктын капиталынын кошумча запасын» («капиталдын буфери» индексин) колдоо талабы белгиленген. «Капиталдын буфери» индекси потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн, чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата таза суммардык капиталынын катышы катары аныкталат. Банктардын «капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.»;  

- 19.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19.1. Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин), биринчи деңгээлдеги капиталдын, биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин жана “левераж” коэффициентин эсептөөгө чейин биринчи деңгээлдеги базалык капиталдан төмөнкү элементтер эсептен алынып салынат: 

1) өтүп жаткан жылдын чыгымы; 

2) кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн арттырууга багытталган техникалык жана программалык продукттар (мисалы, биометрикалык идентификациялоо үчүн, смарт контракттар ж.б.) менен байланыштуу активдерди эске албаганда, материалдык эмес активдер, алар төмөнкү талаптарга ылайык келет: 

- чечим жаңыча болууга же учурдагы сунуштардан кыйла айырмаланып турууга же болбосо учурдагы технологияларды жаңыча пайдалануу сунушталууга тийиш, алар рынокту изилдөөлөр жана технологиянын негизги мүнөздөмөлөрүн салыштыруу менен тастыкталат; 

- чечим кардарларга анык тике же кыйыр пайда алууну сунуштоого (мисалы, жогору коопсуздукту камсыздаган техникалык тапшырма, тейлөө сапаты, натыйжалуу, продукциянын сапаты, кыйла төмөн баалар, жогоруда айтылгандардын айкалышы) жана зарыл учурларда банктын сандык баа берүүлөргө салыштырма талдап-иликтөөсү менен бекемделүүгө тийиш. 

Техникалык тестирлөөнүн натыйжалары бар болгон учурда, алар Улуттук банкка жеткиликтүү болууга тийиш. Альтернатива катары көз карандысыз үчүнчү тараптан аталган чечимдин техникалык ишенимдүүлүгүнүн тастыктамасы берилиши мүмкүн.  

Аталган техникалык жана программалык продукттар банк тарабынан баланстык наркы боюнча эске алынууга тийиш; 

3) шарика/мушарака өнөктөштүгү келишимдери боюнча жүзөгө ашырылган инвестицияларды (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө) эске албаганда, башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар. Эгерде банк ушул уюмдарга Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же Экинчи деңгээлдеги капиталды инвестициялаган болсо, бул инвестициялар тиешелүү капиталдан алынып салынууга тийиш; 

4) убакыт боюнча айырмаларга байланыштуу мөөнөтү жылдырылган салыктык активдерди эске албаганда, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелинген, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды болгон, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган бардык салыктык активдер. Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык активдер, эгерде ФОЭС 12 шарттары аткарылса, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер менен бирге эсепке алынышы мүмкүн; 

5) өздүк акцияларга тике же кыйыр инвестициялар. Банк акцияларды сатып алгандан кийин аларды сатып өткөрүү үчүн акцияларды сатуу жөнүндө алдын ала келишим түзсө жана өздүк акцияларды сатып алуу чечими кабыл алынган күнгө чейинки 5 (беш) жыл ичинде банктын иши чыгым тартуусуз жүзөгө ашырылган шартта, банк өздүк акцияларын аларды кийинчерээк кыйла жогору баада сатуу үчүн гана сатып алуу укугуна ээ. Банк бул акцияларды алар сатылып бүткүчө эсептен чыгарып турат. 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды эсептөөдө банктар бирдей ыкманы пайдалануу менен инвестицияларды өзүнүн биринчи деңгээлдеги өздүк кошумча капитал эсебине чыгарууга жана өзүнүн экинчи деңгээлдеги капиталын эсептөөдө инвестицияларды алардын өздүк экинчи деңгээлдеги капиталына чыгарууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма көбөйүшүнө алып келген капиталдык өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө алынып салынууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансы жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестициялар үчүн «алып салууга тиешелүү ыкманы» колдонууга тийиш. Бул алып салуу эгерде ал банктын өзү тарабынан чыгарылган болсо, ал үчүн капитал ушундай эле квалификацияланган капиталдын ошол эле компонентине колдонулууга тийиш дегенди түшүндүрөт.». 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Бул Нускоонун алкагында капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) баалоо кредиттик тобокелдикке карата жүргүзүлөт, б.а. активдердин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардарга активдин толук же жарым-жартылай кайтарылышын камсыз кыла албаган тобокелдик, ошондой эле ушул Нускоонун 6-пунктунун «а» пунктчасына ылайык суммардык капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөө жагында операциялык тобокелдик.»; 

- 29-пунктундагы: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик конверсия фактору 10%:»; 

«үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ.»;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 44-пункт менен толукталсын: 

«44. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аткаруу жана аларды эсептөө жөнүндө маалымат банктар тарабынан ай сайын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамында берилет.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү туралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин: 

14-бөлүгүнүн Б бөлүкчөсү «Б. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) экономикалык ченемдеринин жана ликвиддүүлүк (көрсөткүчү) ченеминин жана банк капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» индекси») колдоого алуу жөнүндө талабынын сакталышы жөнүндө ОТЧЕТ» төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Б. Капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) экономикалык ченемдеринин жана ликвиддүүлүк (көрсөткүчү) ченеминин жана банк капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» индекси») колдоого алуу жөнүндө талабынын сакталышы жөнүндө отчет  

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген мааниден четтөө 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми 

К2.1 

ЧСК 

-----  ----- 

(ЧРА- ЧРАм) + П * Кор 

 

12% /14%** кем эмес 

 

К2.2 

КПУ 

-----  ----- 

ЧРА- ЧРАм 

 

7,5% /9,5%** кем эмес 

 

К2.3 

БКПУ 

-----  ----- 

ЧРА- ЧРАм 

 

6% /8%** кем эмес 

 

К2.4 

КПУ 

-----  ----- 

СА + ЗО 

 

6% кем эмес 

 

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү

К3.1 

ЛА 

-----  ----- 

ОБ 

 

 

45% кем эмес 

 

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери индекси»)    

 

ЧСК 

-----  ----- 

ЧРА- ЧРАм) 

 

 

__ % кем эмес (маанисин көрсөтүңүз) 

 

Эскертүү

П коммерциялык банктар үчүн - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн - 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине каршы келген сан); 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат; 

КПУ  Биринчи деңгээлдеги капитал; 

БКПУ  Биринчи деңгээлдеги базалык капитал; 

** системалуу мааниге ээ банктар үчүн мааниси 

 

 

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума 

6-жума  

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер  

 

 

 

 

 

 

 

 

ОБ Банктын милдеттенмелери  

 

 

 

 

 

 

 

 

К3 ченеми =ЛА/ОБ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

кызмат орду: ______ аты-жөнү:_____________ кол тамгасы:___________  

 

Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө  

1 жыл ичинде таза киреше  

… 

2 жыл ичинде таза киреше  

… 

3 жыл ичинде таза киреше 

… 

б 

15% 

Кор 

 

»; 

- «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» 15.5-бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

№ 

Статьялар 

Баланс боюнча 

Кредиттик конверсиянын фактору, % 

Кредиттик тобокелдик, % 

Өлчөнгөн маани  

530 

Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер  

 

 

 

530.1 

 

 

100% 

0% 

 

530.2 

 

 

100% 

10% 

 

530.3 

 

 

100% 

20% 

 

530.4 

 

 

100% 

50% 

 

530.5 

 

 

100% 

100% 

 

530.6 

 

 

100% 

150% 

 

530.7 

 

 

100% 

400% 

 

540 

Каржылоо боюнча жалпы гарантиялар, камдык аккредитивдер жана акцепттөө боюнча гарантиялар  

 

 

 

 

540.1 

 

 

100% 

0% 

 

540.2 

 

 

100% 

10% 

 

540.3 

 

 

100% 

20% 

 

540.4 

 

 

100% 

50% 

 

540.5 

 

 

100% 

100% 

 

540.6 

 

 

100% 

150% 

 

540.7 

 

 

100% 

400% 

 

550 

Конкреттүү бүтүмдөргө байланыштуу милдеттенмелер 

 

 

 

 

550.1 

 

 

50% 

0% 

 

550.2 

 

 

50% 

10% 

 

550.3 

 

 

50% 

20% 

 

550.4 

 

 

50% 

50% 

 

550.5 

 

 

50% 

100% 

 

550.6 

 

 

50% 

150% 

 

550.7 

 

 

50% 

400% 

 

560 

Соода бүтүмдөрүнө байланыштуу милдеттенмелер  

 

 

 

 

560.1 

 

 

50% 

0% 

 

560.2 

 

 

50% 

10% 

 

560.3 

 

 

50% 

20% 

 

560.4 

 

 

50% 

50% 

 

560.5 

 

 

50% 

100% 

 

560.6 

 

 

50% 

150% 

 

560.7 

 

 

50% 

400% 

 

570 

Кийинчерээк сатып алуу менен сатуу жөнүндө макулдашуу 

 

 

 

 

570.1 

 

 

100% 

0% 

 

570.2 

 

 

100% 

10% 

 

570.3 

 

 

100% 

20% 

 

570.4 

 

 

100% 

50% 

 

570.5 

 

 

100% 

100% 

 

570.6 

 

 

100% 

150% 

 

570.7 

 

 

100% 

400% 

 

580 

Мурабаха келишимине негизделген аккредитив, анда камсыздоо болуп камсыздандырылган күрөө саналат 

 

 

 

 

580.1 

 

 

20% 

0% 

 

580.2 

 

 

20% 

10% 

 

580.3 

 

 

20% 

20% 

 

580.4 

 

 

20% 

50% 

 

580.5 

 

 

20% 

100% 

 

580.6 

 

 

20% 

150% 

 

590 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз каалаган убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ болгон милдеттенмелер 

 

10% 

100% 

 

600 

Валюталык операциялар 

 

 

 

 

600.1 

1 жылга жетпеген 

 

 

 

 

 

2% 

20% 

 

 

2% 

100% 

 

600.2 

1 жылдан 2 жылга чейин  

 

 

 

 

 

5% 

20% 

 

 

5% 

100% 

 

600.3 

ар бир кийинки жылга  

 

 

 

 

 

 

20% 

 

 

 

100% 

 

610 

Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

610.1 

 

 

 

 

 

610.2 

 

 

 

 

 

610.3 

 

 

 

 

 

620 

БАРДЫГЫ БОЛУП баланстан тышкаркы милдеттенмелер (530-610 ст. суммасы) 

 

 

 

 

630 

Потенциалдуу жана лизингдик жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга атайын камдар (мындан ары - чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдар) 

 

 

 

 

630.1 

Баланстык активдер боюнча чыгымдардын ордун жабууга атайын кам  

 

 

 

 

630.2 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча чыгымдардын ордун жабууга атайын кам 

 

 

 

 

640 

Чыгымдарды жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер (450-ст. плюс 620-ст. минус 630)  

 

 

 

 

».