Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 1-декабрындагы  

№ 2021-П-14/66-1-(ПС) токтому 

 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» (кошо тиркелет) жобо бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 1-декабрындагы  

№ 2021-П-14/66-1-(ПС) 

Токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун / төлөм уюмдарынын бухгалтердик  

эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иштеген төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планын түзүүгө коюлган негизги талаптарды аныктайт. 

2. Эсептер планы бул түзүмү бар, экономикалык жактан негизделген эсептердин тизмесин билдирет, мында ар бир эсеп аталышка жана санарип белгиге ээ жана белгилүү бир классификация критерийи боюнча бөлүмгө жана топко киргизилген. 

3. Эсептер планы Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) ылайык төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында белгиленген тартипте ушул Жобонун, «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун, Ишкердик субъекттердин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерден тышкары) финансылык-чарбалык ишин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын колдонуу боюнча нускоонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен бекитилет.  

4. Эсепке алуу эсептер планына ылайык, финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

 

2-глава. Эсептер планына жалпы талаптар 

5. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген төлөм системаларынын операторлорунда/ төлөм уюмдарында бухгалтердик эсептер планын типтүү эсептер планы катары колдоно алышат. 

6. Эсептер планы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- ФОЭСке ылайык негизги финансылык отчетторду түзүүнү;  

- ийкемдүү болууну, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын түзүмү же иш чөйрөсү келечекте өзгөргөн учурда кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну;  

- негизги финансылык жана башкаруу отчетторун түзүү үчүн жетиштүү деңгээлде так берүүнү караштырууну. 

7. Эсептер планы экономикалык маанилерден алынып, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жүзөгө ашырып жаткан операциялардын багыты боюнча эсептердин классификациясына негизделет жана бухгалтердик эсепке алууда катталууга тийиш болгон эсептерди камтыйт. 

8. Эсептердин саны финансылык отчетту түзүү учурунда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын керектөөлөрү менен аныкталат. 

9. Эсептер планы менен бирге эсепке алынуучу операциялардын жана чектөөлөрдүн түшүндүрмөсү менен ар бир эсептин багыты көрсөтүлгөн түшүндүрмөсү бекитилет.  

 

3-глава. Эсептер планынын түзүмүнө карата талаптар 

10. Эсептер планы төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн бардык операциялардын, баланстык жана баланстан тышкаркы эсептердин эсепке алынуусун камсыз кылууга тийиш. 

11. Эсептер планы эсептердин төмөнкү бөлүмдөрүн жана топторун камтуусу зарыл:  

1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмү 

2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмү 

3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

5000 «Өздүк капитал» бөлүмү 

6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмү 

7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмү 

8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмү 

9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмү 

11000 «Баланстан тышкары эсептер» бөлүмү 

12. Эсептер топторунун бөлүмдөрүн жана өзүнчө эсептердин топторун бөлүштүрүүдө иерархиялык принцип колдонулууга тийиш: 

эсеп номеринин биринчи саны эсеп бөлүмүн чагылдырат;  

- экинчи жана үчүнчү сандар бирдей экономикалык маанидеги эсептерди топтогон эсептер тобун чагылдырат;  

- төртүнчү сан конкреттүү эсепке алуу объектисин көрсөтөт.  

 

4-глава. Бөлүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү 

13. 1000ден 5000ге чейинки бөлүмдөрдүн эсептери туруктуу эсептер болуп саналат жана алардын негизинде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы жөнүндө отчет түзүлөт. 6000ден 9000ге чейинки бөлүмдөрдүн эсептери убактылуу эсептер болуп саналат жана алардын сальдосу отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5999 «Кирешелер жана чыгашалар жыйындысы» эсебине которулат. 

14. 1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмүнүн эсептери активдүү эсептер болуп саналат, алар ликвиддүүлүгү жогору болгон төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын учурдагы активдерин чагылдырат. Активдүү эсептер боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

15. 2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмүнүн эсептери активдүү эсептер болуп саналат, алар төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында жайгашкан, «аз ликвидүү активдер» катары классификацияланган жүгүртүүдөн тышкаркы активдерди жана материалдык эмес активдерди чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

16. 3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмүнүн эсептери пассивдүү эсептер болуп саналат, алар 12 айга чейин төлөө мөөнөтү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык иши боюнча милдеттенмелерин чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

17. 4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмүнүн эсептери пассивдүү эсептер болуп саналат, алар 12 айдан ашык төлөө мөөнөтү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык иши боюнча милдеттенмелерин чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

18. 5000 «Өздүк капитал» бөлүмүндөгү эсептер пассивдүү эсептер болуп саналат жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ээлерине (катышуучуга /катышуучуларга/акционерлерге) таандык бардык каражаттарды чагылдырат. Бөлүштүрүлбөгөн киреше эсеби кредиттик же дебеттик калдыкка ээ болушу мүмкүн. 

19. 6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмүндөгү эсептер пассивдүү эсептер болуп саналат жана отчеттук жыл ичинде операциялык иштин натыйжасында төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары алган бардык кирешелерди чагылдырат. Кирешелер эсеби боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

20. 7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер активдүү эсептер болуп саналат. Алар төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары отчеттук мезгил ичиндеги негизги/операциялык ишинин натыйжасында тарткан бардык чыгашаларды чагылдырат жана убактылуу эсептер болуп саналат. Чыгашалар эсеби боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

21. 8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер активдүү эсептер болуп саналат. Алар товардык-материалдык запастардын өздүк наркына кирбеген жана даяр продукцияны, товарларды жана кызматтарды сатуу менен түздөн-түз байланышпаган отчеттук мезгилде тарткан бардык чыгашаларды чагылдырат жана убактылуу эсептер болуп саналат. Чыгашалар эсеби боюнча калдыктар дебеттик болуп саналат.  

22. 9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер убактылуу эсептер болуп саналат. Аларда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык эмес (инвестициялык жана финансылык) ишинен түшкөн кирешелерди жана чыгашаларды чагылдырылат. Кирешелер эсеби пассивдүү болуп саналат жана кредиттик калдыкка ээ, чыгашалар эсеби активдүү болуп саналат жана дебеттик калдыкка ээ.  

23. 11000 «Баланстан тышкары эсептер» бөлүмүндөгү эсептер системадан тышкаркы эсепке алына турган шарттуу активдер жана милдеттенмелер менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын чагылдырууга дайындалган. Бул эсептер кош жазуу ыкмасын колдонбостон жүргүзүлөт. Баланстан тышкаркы эсептер өз ара жана башка баланстык эсептер менен байланышпайт, алар активдүү жана пассивдүү да болушу мүмкүн. 

 

5-глава. Корутунду жоболор 

24. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси Эсептер планынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

25. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсептер планына кошумча эсептердин топторун киргизүүгө укуктуу. Ошол эле учурда, Улуттук банкка аралык финансылык отчетторду тапшырууда, топтун аталышын, бул топко кирген эсептерди жана алардын кыскача түшүндүрмөсүн көрсөтүү менен жаңы киргизилген эсептер жөнүндө кошумча маалымат берилет.