Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 27-октябрындагы  

№ 2021-П-12/59-4-(НПА) 

токтому  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА)  

«Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары  

тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын  

жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин 11-1-пункту 2022-жылдын 27-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонду» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 27-октябрындагы  

№ 2021-П-12/59-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин: 

- 6-пункту мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын эмес төлөө каралган учурда, 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен кредиттерди «байкоого алынган активдер» катары таануу зарыл, мында негизги сумманын 80% көбүн төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн аякташы боюнча төлөө каралган: 

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан аз болсо;  

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан жогору болсо, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген жана кредитти төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил берүү каралган кредиттер;  

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалардын алкагында берилген кредиттер;  

- банктар аралык кредиттер, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген кредиттер;  

- чогуу алганда бир карыз алуучуга берилген таза суммардык капиталдан 1% аз суммага.  

Бул кредиттер ушул Убактылуу эрежелердин 3-пунктуна ылайык классификацияланууга тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күндөн жогору мөөнөткө созулса, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш, мында «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.»; 

 

-12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Эгерде актив 2020-жылдын 1-мартынан тартып 4 (төрт) жолудан көп эмес реструктуризацияланса жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн киргизилген чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун акча агымдары жана финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу ошол активди рестуктуризациялоодо банктар аны классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу:  

- аны реструктуризациялоо учурунда реструктуризацияланган актив боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз 180 күндөн ашпаса;  

- банк карыз алуучунун финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүп (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөрү менен), карыз алуучу сунушталган реструктуризациялоо планы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин тастыктаса.  

Мында, жогоруда көрсөтүлгөн талаптар банктын таза суммардык капиталынын (ЧСК) жалпы карызынын 2% жогору кредиттерине карата колдонулбайт. Мындай кредиттер кайталап реструктуризациялоодо «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.3-пунктунун талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш.»; 

 

- 14-пунктундагы «төртүнчү» деген сөз «бешинчи» дегенге алмаштырылсын.