Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2021-П-33/53-10-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө». 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, кепилдик фонддорду, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2021-П-33/53-10-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын  

28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тышкы аудит финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана башка маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, колдонуучулардын финансылык отчеттуулуктун баардык маанилүү аспекттеринде аныктыгына ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында, микрофинансылык уюм менен тышкы аудитордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде микрофинансылык уюмдун ишине жүргүзүлүүчү көз карандысыз текшерүү.»; 

 

- 3.2-пунктундагы «2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2» деген сөздөр жана сандар «2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА)» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын; 

 

- 3.9-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын  

11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы аудитор квалификациялык сертификатынан/лицензиясынан ажыратылган (кайтарылып алынган) болсо;»; 

 

- 3.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.12. Өз ишине тышкы аудитти жыл сайын жүргүзүүчү МКК банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык отчетторду жарыялоого милдеттүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКК, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 3.13-пункт менен толукталсын: 

«3.13. Мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык ишти жүзөгө ашырган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ МКАнын отчетторун жарыялоо банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, кепилдик фонддордун» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. КСФКнын финансылык отчету (финансылык абал жөнүндө отчет, жыйынды киреше жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, финансылык отчетко карата эскертүүлөр, өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет) Улуттук банктын КСФКнын отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчету Улуттук банктын адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Кепилдик фонддун отчету Улуттук банктын кепилдик фонддун финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.»; 

 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.»; 

 

- 58-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 5-пунктунун он биринчи абзацындагы «ушул Жобонун» деген сөздөр «ушул Эрежелердин» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 96-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, Улуттук банктын Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү жөнүндө талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.».