Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 8-сентябрындагы  

№ 2021-П-14/50-2-(ПС) 

токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.  

5. Төлөм системаларынын башкармалыгы: 

- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын жана коммерциялык банктарын тааныштырсын; 

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жөнөтсүн. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 8-сентябрындагы  

№ 2021-П-14/50-2-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун: 

- таблицанын 4-бөлүгүнүн «Бюджеттик эмес мекемелердин жана жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, активдер жана милдеттенмелери үчүн төлөөлөр»: 

«Башка категорияларга кирбей калган товарлар» 411-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

41100000 

Башка категорияларга кирбей калган товарлар  

41100100 

Түрү боюнча классификацияланбаган почта пакеттери   

41100200 

Түрү боюнча классификацияланбаган атайын операциялар жана товарлар  

41100300 

Монетардык эмес алтын (алтын кендеринен жана кошулмаларынан башка)  

41100400 

Кеңсе товарларын сатып алуу 

41100500 

Күйүүчү-майлоочу материалдарын (бензин, дизель, башка күйүүчү отун) сатып алуу 

41100600 

Запастык бөлүктөрдү сатып алуу 

»; 

«Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү» 46-категориясы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

46000000 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү 

46001100 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү 

46001200 

Басмаканалардын кызмат көрсөтүүлөрү 

46001300 

Жарнама-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр  

46001400 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

46001900 

Жана башка кызмат көрсөтүүлөр 

»; 

«Төлөмдөр жана которуулар» 552-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

55200000 

Төлөмдөр жана которуулар  

55201000 

Банктар аралык которуулар  

55202000 

Активдер менен алмашуу  

55203000 

Эсепти толуктоо  

55204000 

Эсепти тейлегендик үчүн төлөө  

55205000 

Валютаны нак акчага айландыруу үчүн төлөө  

55206000 

Банктар аралык клиринг системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр  

55207000 

Гросс үчүн төлөөлөр  

55208000 

Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактабагандык үчүн төлөө  

55209000 

Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактагандык үчүн компенсациялар  

55210000 

Туура эмес же артыкча чегерилген акча каражаттарынын суммасын кайтаруу  

55211000 

Төлөм тапшырмасында реквизиттердин туура эмес көрсөтүлүшүнө байланыштуу акча каражаттарынын кайтарылышы (сторно)  

55212000 

Казыналыктын күндөлүк эсебинин сальдосун жабуу  

55213000 

Туунду компанияларга инвестициялар  

55214000 

Акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу  

55220000 

Референдумдун шайлоо / үгүттөө фонддорунун эсептерине акча каражаттарынын түшүүсү

55221000 

- талапкердин жеке каражаттары 

55222000 

- саясий партиялардын жеке каражаттары 

55223000 

- жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулугу 

55224000 

- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу 

55299000 

Башка төлөмдөр жана которуулар  

»