Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 14-июлундагы  

№ 2021-П-12/38-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

 

3. Юридика башкармалыгы:   

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;   

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларды, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорду, турак жай-сактык кредиттик компанияларды тааныштырсын. 

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 14-июлундагы  

№ 2021-П-12/38-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 2.2.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.2. Тике банктык көзөмөлдү ишке ашырууда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм операцияларын жүргүзүүсүн контролдоо үчүн зарыл учурларда Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банктарда/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында ишке ашырылган операциялар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлери ишке тартылышы мүмкүн.»; 

 

- 2.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндөгү токтомунда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздер;  

- таасир этүү чарасын колдонуу мөөнөтү;  

- банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана контролёр/контролёрлор тобунун жетекчиси бере турган отчеттордун түрү жана мезгил аралыгы;  

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын (филиалдарды/өкүлчүлүктү/агенттик түйүндү жана башка обочо түзүмдүк бөлүмдөрдү кошо алганда) жана контролёрдун/контролёрлор тобунун (анын ыйгарым укугун кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары/режими; 

- контролёрдун (контролёрлордун) кол тамгасынын үлгүсү (үлгүлөрү); 

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын Улуттук банкка жана контролёрлорго/контролёрлор тобуна карата милдеттери.»; 

 

- 2.5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. Банктын эсептешүү жана кассалык операцияларына контролдукту болжолдогон тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууда Көзөмөл боюнча комитет төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:   

- банк эсептешүү жана кассалык операцияларын (бардыгын же айрымдарын) кол тамгасынын үлгүсү Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда көрсөтүлгөн контролёр менен макулдашкандан жана анын колу коюлгандан кийин гана жүргүзүүгө тийиш экендиги талабын;   

- банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу боюнча контролёрдун/контролёрлор тобунун ыйгарым укуктарын жана ал боюнча чечимдерди Улуттук банктын жетекчилиги менен макулдашуу тартибин;   

- эсептешүү жана кассалык операциялары боюнча суммалардын максималдуу өлчөмүн, банк көрсөтүлгөн суммадан жогору өлчөмдө операцияларды кол тамгасынын үлгүсү Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда көрсөтүлгөн контролёр менен макулдашуусуз жана анын кол коюусуз жүргүзүүгө укугу жок;     

- банкта тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу контролёрго макулдашуу жана/же ага маалымдоо тартибин көрсөтүү менен банктын анда контролёр дайындалбаган филиалдары (сактык жана көчмө кассалары) тарабынан эсептешүү жана кассалык операцияларын жүргүзүү режимин.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.6-2. пункту менен толукталсын: 

«2.6-2. Контролёр/контролёрлор тобу зарыл учурларда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы менен банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди 3 (үч) жумуш күнү ичинде макулдашуусу мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт, эгерде зарыл болсо, кошумча 3 (үч) жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн. 

Бул талап террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам ченемдерине ылайык операциялар (бүтүмдөр) убактылуу токтотулган учурларга таркатылбайт.  

Операция кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу деп шектелип, операция (бүтүм) убактылуу токтотулган учурда, мындай операцияны (бүтүмдү) токтото туруу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

Банк эсептешүү жана кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча ыкчам жана туура чечимдерди кабыл алуу үчүн контролёрго/контролёрлор тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү

Контролёр/контролёрлор тобу банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын токтоткон учурда, банк мындай токтотууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды өзүнө алат.»; 

 

- 2.7.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7. Тике банктык көзөмөл киргизилген күндөн жана банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын жеринде контролго ала турган контролёр/контролёрлор тобу дайындалган күндөн кечиктирбестен, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тике банктык көзөмөл киргизилген уюмга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунда белгиленген контролёрлордун кол тамга үлгүлөрүн сунуштайт. Аралыктан тейлөө системасы аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму аралыктан тейлөө системасында жүргүзүлүүчү эсептешүүлөр боюнча макулдашуу функциясын контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине берүүгө тийиш. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда төлөм уюмун тейлеген банк тике банктык көзөмөл киргизилген мезгил ичинде аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине маалымдоого тийиш (бул пункт банк менен төлөм уюму ортосунда кол коюлган келишимде камтылууга тийиш). Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунда анын кол тамгасынын үлгүсү бар контролёрдун кол тамгасы жок болгон учурда банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын кол тамгалары анык эмес деп эсептелет. 

Макулдашылган операция боюнча документте контролёрдун кол тамгасынын болушу, контролёрдун банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун операцияны ишке ашыруу ниети менен тааныш экендигин жана аны ишке ашырууга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тиешелүү токтомунда белгиленген талаптарга ылайык макулдугун билдирет. 

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму, жүргүзүлүп жаткан операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши үчүн толугу менен жооп берет.»; 

 

- 2.8.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүлө турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилери жана контролёрлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Көзөмөл боюнча комитетке/Төлөм системасы боюнча комитетке сунушталуучу отчетторду берүү мезгилинин аралыгын аныктайт. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет отчетторду жана/же Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн маалыматтарын кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдү узартууга же токтотууга (мөөнөтүнөн мурда) укуктуу.»;  

 

- 2.10-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «контролёрлор тобуна» деген сөздөр «контролёрго/контролёрлор тобуна» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- 4.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Көзөмөл боюнча комитет банкта тике банктык көзөмөлдүк чарасынын талаптарын аткаруучу контролёрдун/контролёрлор тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана милдеттерин аныктайт, негизгилерден болуп: 

- банктын финансылык абалын жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулукту, абалдын начарлап кетүүсүн шарттаган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы гана болбосун иш багытын кылдат иликтөөгө алуу, анализдөөлөрдү жүргүзүү

- банктын бүтүндөй финансылык абалына туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторингди, банктын жана/же анын кызмат адамдарынын операцияларына жана аракеттерине мониторинг жүргүзүү

- операцияларды убактылуу токтотуусун кошо алганда, банктын эсептешүү жана кассалык операцияларына, ошондой эле операциялар боюнча Көзөмөл боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөргө контролдук; 

- финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча Улуттук банк сунуштаган жана банктын өзү тарабынан иштелип чыккан бардык чаралардын аткарылышына контролдук; 

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган банктын туруктуу негизде берилүүчү отчетторунун берилишин контролдоо; 

- отчеттордун даярдалышы жана алардын Улуттук банктык тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө, Улуттук банктын жетекчилигине берилиши; 

- Улуттук банктын жетекчилигине банкта түптөлгөн жагдай жана көрүлгөн чаралар тууралуу дайыма жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, банктын жана анын кызмат адамдарынын банктын жалпы жана финансылык абалына коркунуч туудурган аракеттери же банктын Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операция жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, банктагы жагдайга таасир эте турган факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде банкка жана анын кызмат адамдарына карата андан ары көрүлө турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо.»; 

 

- 4.4.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.4. Тике банктык көзөмөл шартында банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иши, анын ичинде банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы, операциялар/бүтүмдөр боюнча эсептөөлөрдүн тууралыгы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди төмөндөтүү, алардын ишиндеги бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролёрго/контролёрлор тобунун жетекчисине банкты/төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын түптөлгөн жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, туруктуу негизде берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат.»;    

 

- 4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги контролёрго/контролёрлор тобуна көмөк көрсөтүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин (болгон учурда) жана банк Башкармасынын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды кошо алганда, так жана туура маалыматтар менен документтерди берүүгө милдеттүү.  

Тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү максатында контролёр/контролёрлор тобу банктан/төлөм системаларынын операторунан/төлөм уюмунан кандай болбосун зарыл маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Маалымат берүүдөн баш тарткан/бербеген учурда же толук эмес/так эмес маалыматтарды берген учурда, ошондой эле маалыматты өз убагында бербеген учурда, контролёр/контролёрлор тобу банктан/төлөм системаларынын операторунан/төлөм уюмунан же кызматкерден/катыштыгы бар адамдардан жана алардын жетекчилеринен тактоолорду/түшүндүрмөлөрдү берүүсүн талап кылууга укуктуу. 

Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу/бербөө же болбосо толук эмес/так эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматты өз убагында бербөө тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүүгө барабар жана Улуттук банк тарабынан тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга негиз болуп саналат. 

Ошондой эле банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды (жай, компьютер, байланыш каражаттары ж.б.) камсыз кылууга милдеттүү.  

Банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилиги (банк башкармасынын мүчөлөрүөлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун аткаруу органы) төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

- контролёрго/контролёрлор тобуна банкта/төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда аудио/видео жаздыруу үчүн каралган аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө;  

- контролёрго/контролёрлор тобуна бөлүп берилген жайга үчүнчү жактар аудио/видео жабдууларды орнотуу боюнча кандай болбосун аракеттерине бөгөт коюуга;  

- банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун жана контролёрдун/контролёрлор тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылууга;  

- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга;  

- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;  

- банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролёрдун/контролёрлор тобунун компьютердик жумушчу станцияларында толук купуялуулук режиминин сакталышын камсыз кылууга.»; 

 

- 4.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.6. Банк ишине тике банктык көзөмөл банктын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын, ошондой эле контролёрдун/контролёрлор тобунун төмөнкү маалыматтарды камтыган отчетторун жана маалыматтарын кошо алганда, банктын отчетторунун (мезгил аралыгы Комитет тарабынан аныкталат) негизинде жүзөгө ашырылат: 

- проблемалуу (мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген, классификацияланган, пролонгацияланган, реструктуризацияланган) активдер жөнүндө (активдин сапатынын начарлап кетүү себептерин иликтөө, активдерди/кредиттерди, анын ичинде банктын системадан тышкары эсепке алуусундагы суммаларды кайтарып алуу боюнча көрүлгөн чаралар, ликвиддүүлүк жана күрөөлүк камсыздоонун абалы жөнүндө маалыматтар ж.б.); 

- ири тобокелдикти камтыган активдерди жана күрөө менен камсыз болбогон активдерди бөлүп көрсөтүү менен бардык активдердин классификациясы, анын ичинде зарыл болгон учурда жакынкы аралыкта (бир жумадан ашпаган мөөнөттө) активдердин сапатындагы өзгөрүүлөргө жана классификациялануусуна баа берүү/болжолдоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түзүлгөн камдардын өлчөмү тууралуу (мындан ары РППУ) маалыматтарды.  

Мында активдерди классификациялоо контролёр/контролёрлор тобу тарабынан банктын тобокелдик профилин, ошондой эле зарылчылыкка жараша кылдат изилденүүгө тийиш болгон тобокелдикти тескөө сапатын эске алуу менен тандалма негизде каралат;  

- ликвиддүүлүктүн учурдагы абалы (банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү; күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышы боюнча болжолдоо, каржылоо булактары боюнча маалыматтар, активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүндөгү айырмачылыктарды талдап-иликтөө, ж.б.); 

- банк жетекчилигинин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда, мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу ишти камсыз кылууга жөндөмдүүлүгүөндөмсүздүгү).»; 

 

- 4.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.8. Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомун аткаруудан баш тарткан же тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан учурда, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун ченемдерин, анын ичинде Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун айрым пункттарын бузууга жол берген учурда, контролёр/контролёрлор тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу акт түзүлүп (мындан ары - каршы аракеттенүү тууралуу акт), ага контролёр/контролёрлор тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн, ошондой эле тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлеринин колу коюлат (1 жана 2-тиркеме).  

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму каршы аракеттенүү тууралуу актыга кол коюудан баш тарткан учурда, түзүлгөн актынын банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун өкүлүнүн колу коюлбаган бир нускасына кол коюудан баш тартылгандыгы жөнүндө белги коюлуп, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна жөнөтүлөт. 

Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актыда датаны, кирген номерин жана ушул документти каттаган адам жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, кирген корреспонденция катары банкта/төлөм системаларынын операторунда/төлөм уюмунда катталууга тийиш. 

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актыны кабыл алуудан жана каттодон баш тарткан учурда, акт контролёрлор тобу тарабынан Улуттук банкка тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдук жараткан жактарга чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.  

Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу акт Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна же анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. 

Банк/төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмдары тарабынан ушул жобонун, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомдорунда белгиленген тике банктык көзөмөл режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банк жана төлөм мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Улуттук банк ага карата чечим кабыл алган кайсыл болбосун жак ушул жободо белгиленген тартипте териштирүү ишин жүргүзгөн адамга же органга бул чечим боюнча даттанууга укуктуу.»;  

 

- 11-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) банктын же башка юридикалык жактын аталышы жана дареги, анын ичинде электрондук дареги;»;  

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) эгерде апеллянт жеке адам болсо - аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, айкын жашап турган дареги, анын ичинде электрондук дареги;»; 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) талапка ылайык тариздетилген ишеним каттын негизинде, апеллянттын атынан териштирүү жүргүзгөн адамдын аты-жөнү, иштеген жеринин дареги, электрондук дареги жана телефон номери (ишеним каттын көчүрмөсү арызга кошо тиркелет, ал эми анын түп нускасы териштирүү ишин жүргүзгөн адамга же органга сунушталат);»; 

 

- 16-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Жогоруда көрсөтүлгөн пикир апеллянтка электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридика башкармалыгынын пикири ушул пунктта каралган мөөнөттөрдө апеллянт апелляциялык арызда көрсөткөн электрондук дарекке жөнөтүлсө, апеллянт маалымат менен тиешелүү түрдө тааныштырылган болуп саналат.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 151-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде талапкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банктын башка расмий документтеринде камтылса, анда мыйзам бузуу аныкталган күндөн тартып 1 (бир) жылга чейин;». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Банктын жоюучусуна карата белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жак банктын жоюучусу боло алат.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдору, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары менен таризделген формада колдонулушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн документтер аткарууга милдеттүү деп саналат.  

Улуттук банк Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунда же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же талаптарында камтылган талаптар аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн кыйла катуулатылган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Жазма буйрук - Улуттук банктын таасир этүү чарасы, анда белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, жазуу жүзүндөгү көрсөтмө камтылат. 

Жазма буйрук банктын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү үчүн жана аларды өз убагында четтетүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөгөн учурда келип чыгышы ыктымал болгон көйгөйлөргө алдын ала чара көрүү, корректировкалоо жана алдын алуу максатында колдонулат. 

Жазма буйрукта банк, анын акционерлери жана кызмат адамдары бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна айкын шилтемелер, ошондой эле аларды четтетүү мөөнөтү көрсөтүлөт.  

Аныкталган бузууларга, ошондой эле банк ишинин туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч жараткан тобокелдиктерге жараша жазма буйрукта төмөнкүдөй талаптар камтылышы мүмкүн:  

- бузууларды четтетүү жөнүндө (милдеттүү ченемдердин, ачык валюта позициясынын лимиттеринин маанилерин белгиленген деңгээлге келтирүү жөнүндө; кредиторлор жана аманатчылар алдында милдеттенмелерди аткаруу жана башка жөнүндө);  

- банк ишин талапка ылайык келтирүү;  

- белгилүү бир иш-аракеттерди, анын ичинде банктын айрым операцияларды жүргүзүүдөүтүмдөрдү келишүүдө орун алган тобокелдик деңгээлин төмөндөткөн/оптималдаштырган иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө.»; 

 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү белгиленген мөөнөт ичинде жазма буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдойт жана ал аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда дароо тиешелүү чараларды, анын ичинде катуулатылган таасир этүү чараларын колдонот.»; 

 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Айыптык төлөм бул, банк/банктын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берген шартта, ошондой эле Улуттук банктын башка таасир этүү чараларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын акчалай түрдө өндүрүү таасир этүү чарасы деп аталат.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү өлчөмдө айыптык төлөм салууга укуктуу:   

1) банкка карата уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө;   

2) банктын кызмат адамына карата төлөөнүн бардык түрлөрүн кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.). 

Орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

B/3/29,6*365,  

мында: 

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салганда, төлөөнүн бардык түрлөрүн (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы; 

3 айлардын саны; 

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны; 

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны.»;  

 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Талап коюу Улуттук банктын банкты төмөнкүлөр боюнча иш-аракеттерди же чараларды аткарууга милдеттендирген таасир этүү чарасы:   

- банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;  

- банкта кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүү;   

- банктын акцияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатуу;  

- администрациялык чыгашаларды кыскартуу;   

- банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү;   

- банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү.».  

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» жобонун: 

24-пунктунда: 

биринчи абзацта «билдирилет» деген сөз «билдирет» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банкта инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөн же талап кылынган маалыматты сунуштоодон баш тарткан банктын өкүлдөрү эки нускада түзүлгөн каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө актыга кол коюшат. Түзүлгөн актынын бир нускасы банкка берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын инспекторлорунда сакталат. Банк каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, актынын бир нускасына кол коюудан баш тарткандыгын белгилөө менен банктын өкүлүнүн кол тамгасыз эле Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка жөнөтүлөт. Каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт Улуттук банктын банк/анын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмуна же анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн.».