Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 19-майындагы 

№ 2021-П-12/25-3-(НПА) 

токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому; 

- 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтому. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 19-майындагы  

№ 2021-П-12/25-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1.2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдин бөлүгүн, төмөнкү шарттардын бардыгы бир мезгилде аткарылган учурда, «нормалдуу актив» катары классификациялашы мүмкүн: 

- кепилдик фондунун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз актив болуп саналат; 

- кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш. 

Ушул пункттун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл: 

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын катышуу үлүшүнүн болушу; 

- улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүлө турган банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине чектөөлөрдүн жоктугу; 

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо; 

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу.»; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин: 

- 4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.