Кайта келүү

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 19-майындагы 

№ 2021-П-12/25-2-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА)  

«Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары  

тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын  

жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелеринин: 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Эгерде ошол кредит 2020-жылдын 1-мартынан тартып 3 (үч) жолудан көп эмес реструктуризацияланса жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн киргизилген чектөөлөрдүн таасиринен улам банктар карыз алуучунун акча агымдарынын жана финансылык абалынын өзгөрүүсүнө байланыштуу активдерди классификациялоо категориясын рестуктуризациялоо учурунда начарлатпоого укуктуу: 

- реструктуризацияланган актив боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз 180 күндөн ашпаса; 

- сунушталган реструктуризациялоо планы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө карыз алуучу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тастыктаган, банк карыз алуучунун финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзсө (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөрү менен).»; 

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. 2020-жылдын 1-мартынан тартып реструктуризацияланган (реструктуризациялоо санына карабастан) активдер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыкса, мындай активдер ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген классификациялоо категориясынын белгилерине ылайык классификацияланат.»; 

- 14 - пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Активдерди төртүнчү жана андан кийин да реструктуризациялоодо классификациялоо категориясын банк кеминде 1 категорияга начарлатууга тийиш.». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин 12 жана 14-пунктуларынын колдонуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленсин. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонду» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов