Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 12-апрелиндеги 

№ 2021-П-33/17-2-(НФКУ) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ)  

«Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 20-пунктундагы «аманаттарда (депозиттерде) жана коммерциялык банктардын эсептеринде» деген сөздөр «коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарда (депозиттерде)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын: 

«20-1. Мында, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында, кепилдик фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы мөөнөттүү аманаттарга (депозиттерге) жайгаштыруу лимиттерин кепилдик фонддун өздүк капиталынан 40% чегинде белгилөөгө жол берилет.». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

-  токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомун, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов