Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 22-февралынын 

№ 2021-П-07/8-2-(ДКП) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,50 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2021-жылдын 24-февралынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов