Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 10-февралындагы  

№ 2021-П-14/6-1-(ПС) 

токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы  

№ 38\4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы № 38\4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелген) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 10-февралындагы  

№ 2021-П-14/6-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы № 38\4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатынын: 

- 13-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «үч» деген сөз «эки» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- система төлөмдөр/которуулар санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 75 пайызын иштеп чыкса»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- финансылык тобокелдиктер жана/же финансылык эмес тобокелдиктер, операциялык же техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, система башка катышуучуларда жана төлөм системаларында системадагы бузулууларды шарттаса («домино эффектиси»);»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- система финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча эсептешүү үчүн колдонулса;»; 

 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Төлөм системасы, эгерде анда эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бири колдонулса, ал маанилүү төлөм системасы катары таанылат:  

- система отчеттук жарым жыл ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35 пайызын иштеп чыкса; 

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50 пайызы кошулса; 

же төмөнкү критерийлердин экөө тең колдонулса:  

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин санынан кеминде 35 пайызын түзсө

- система отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бардык бюджеттик төлөмдөрүнүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10 пайызын иштеп чыкса.»; 

 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин кеминде экөөсү ага тиешелүү болсо, ал юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызматтарды көрсөткөн провайдер катары таанылат:  

- отчеттук жарым жыл ичинде улуттук/чет өлкө валютасында төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25 пайызын иштеп чыкса/маршрутун түзсө

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана агенттик түйүндөрдүн санынан 25 пайыздан ашыгын камтыган болсо; 

- Кыргыз Республикасынын банк системасынын катышуучулары менен өз ара байланышы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын 50 пайыздан ашыгын тейлесе; 

- системалуу мааниге ээ же маанилүү төлөм системасынын транзакцияларынын санынын жана/же көлөмүнүн 25 пайыздан ашыгынын маршрутун түзсө.»; 

 

- 16-пунктунун «б» пунктчасындагы «системалуу мааниге ээ, маанилүү жана жаңы төлөм системаларынын» деген сөздөр «системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын» дегенге алмаштырылсын; 

- Саясат төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: 

«16-1. Мониторингдин алкагында жаңы пайда болгон продуктылар/системалар жөнүндө маалыматтар топтолот, ошондой эле ушул продуктылардын/системалардын олуттуу тобокелдиктерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн талдоо жүргүзүлөт. Төлөм системаларынын катышуучулары учурда иштеп жаткан системаны өркүндөтүүдө жана жаңы продуктыларды/системаларды колдонууга киргизүүдө, системага киргизүү болжолдонуп жаткан өзгөртүүлөр/толуктоолор жана жаңы иштелип жаткан продукт/система жөнүндө кеңири маалыматты сунуштоо менен Улуттук банкка алдын ала маалымдоого тийиш. Продукт/система боюнча сын-пикирлер болгон учурда Улуттук банк 30 календардык күн ичинде төлөм системасынын катышуучусуна сын-пикирлерин/сунуш-көрсөтмөлөрүн жөнөтөт.»; 

 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Улуттук банк системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын иши мыйзам талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө жана төлөм системалары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берет.»; 

 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Төлөм системаларынын ишине баа берүү мониторинг жүргүзүүнү натыйжасында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, оператордун өзүнө-өзү баа берүү (өз системасын баалоо) жыйынтыгында төлөм системаларынын ишин жогоруда аталган стандарттарга ылайык келишине баа берүү методикасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүргүзүлөт.»; 

 

- 20-пунктунун биринчи абзацындагы «Өзүнчө иштеп жаткан жана жаңы» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 22-пунктунун биринчи абзацындагы «, иштеп жаткан жана жаңы» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 2-тиркеменин «II.Төлөм системасынын оператору (катышуучулары) тарабынан баа берүү» главасынын:  

 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

 3-пунктундагы «, жаңы» деген сөз алынып салынсын;  

 4-пунктундагы «талаптарынын аткарылышына» деген сөздөр «талаптарынын шайкештигине» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.