Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 27-январындагы 

№ 2021-П-12/4-6-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайда коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги  

№ 2020-П-12/20-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы  

№ 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун: 

- биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтары 2021-жылдын 1-февралынан тартып; 

- төртүнчү абзацы 2021-жылдын 1-мартынан тартып; 

2) Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-мартындагы  

№ 2020-П-12\19-1-(БС) «COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун 1, 2, 3 жана 4-пункттары; 

3) Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги  

№ 2020-П-12/25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун  

4-пунктчасынын а) жана б) абзацтары. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги  

№ 2020-П-12/20-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Токтом 2021-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, Банктарды жоюу боюнча агенттикти, «Ак Банк» ААКтын жоюучусу К.Шаршекееваны, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов