Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 27-январындагы 

№ 2021-П-07/4-5-(ДКП)  

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) 

«Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» 

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн багытталган камдык активдердин төмөнкү курамы бекитилсин: 

1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары;  

2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери; 

3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары. 

- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: 

2-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн камдык активдердин курамына камтылган активдердин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин: 

1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары үчүн ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде; 

2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери үчүн - ушул пунктчада көрсөтүлгөн активдердин жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде; 

3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары үчүн ушул токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы суммасынан 30,00 пайыз деңгээлинде.». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом 2021-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов