Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 28-декабрындагы 

№ 2020-П-12/75-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып баруу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонду» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 28-декабрындагы 

№ 2020-П-12/75-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1-главасы төмөнкү мазмундагы 1.9-пункт менен толукталсын: 

«1.9. Банктын ички документтеринде классификацияланууга тийиш болгон ар бир активдин түрү боюнча аларга потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам өлчөмү тууралуу чечим кабыл алууну бекитүү үчүн жооптуу жактар/органдар/түзүмдүк бөлүмдөр аныкталууга тийиш.»; 

- 9.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.1. Банк классификацияланган кредит боюнча камсыздоо болуп саналган турак эмес мүлктү баланска кабыл алган учурларды кошпогондо, банктын активди төлөөгө кабыл алынган башка менчиги баланста баштапкы таанылгандан кийин «субстандарттуу» актив катары классификацияланат. Мындай башка менчик объектине банк күрөөлүк мүлктү баланска кабыл алган учурда, ал боюнча турак эмес мүлк камсыздоо болуп саналган кредитти классификациялоо категориясы ыйгарылууга тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген  «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 8.1-пунктунун: 

он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ошол эле бир банктын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасына чегерилген пайыздарды кошууга жана андан ары жалпы негизги суммага жана кошулган чегерилген пайыздарга пайыз чегерүүгө (пайыздарды капитализациялоого) тыюу салуу;»; 

төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«- жана башкаларды.»; 

- 55-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу менен);»; 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркемеде: 

- 22-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөнүн адилет (рыноктук) наркы;». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин»:  

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Күрөө менен ордун жабуу коэффициенти мүлктүн күрөөлүк наркынын кредиттин суммасына карата катышы (күрөө коэффициентин эске алуу менен). 

Күрөө коэффиценти кредитти камсыздоо катары кабыл алынган күрөөнүн рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициенти, анда мүлктү сатуу жана өндүрүп алуу боюнча чыгымдар, ошондой эле мүлктүн болжолдуу баасы эсепке алынат.»; 

- 11-пунктунун биринчи абзацындагы «башкармалыктын» деген сөз «бөлүмдүн» дегенге алмаштырылсын; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Берилген кредиттин суммасы банктын ички документтеринде жөнгө салынган күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин жана күрөө коэффициентинин өлчөмүн эске алуу менен аныкталууга тийиш.»; 

- 16-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«- күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин өлчөмү;   

- күрөөнүн түрүнө, анын ликвидүүлүгүнө жана башка өзгөчөлүгүнө жараша күрөө коэффициентинин маанисин колдонуу критерийлери;» 

- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын: 

«21-1. Банктын ички документтеринде мүлктү күрөө катары кабыл алууда банктын баалоочу кызматкеринин (ички баа берүү) сыяктуу эле, ишке тартылган көз карандысыз баалоочунун да банктын мүлкүн баалоо функциясынын көз карандысыздыгына коркунуч жараткан аракеттерге банк тарабынан жол берилбей тургандыгын камсыздаган талаптар каралууга тийиш, анын ичинде: 

- мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо күрөө менен ордун жабуунун максаттуу коэффициенти тууралуу (ички же болбосо ишке тартылган) баалоочуга маалымдоого;  

- кредитти же баалоо жүргүзүүнү бекитүү үчүн менчиктин минималдуу рыноктук наркы боюнча талапты көрсөтүүгө;  

- менчик белгилүү бир суммага бааланбагандыктан, көз карандысыз (тартылган) баалоочуга сый акыны төлөөдөн баш тартууга;  

- баалоочунун кызматын учурда же келечекте пайдалануу баалоочу (ички же ишке тартылган) мүлктү баалаган суммадан жана/же балоочу мүлктүн өзгөчүлүктөрүнөн көз карандылыгына жол берүүгө

- мүлктү баалоочу кызматкерге эмгек келишимин токтотууга чейин бир нече тартип жазасын колдонуу, же көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарк банктын ички документтерине ылайык мүлктү күрөөгө кабыл алуу үчүн белгиленген чектүү мааниге дал келбегендигине байланыштуу, баалоочу менен келечекте кызматташуудан баш тартууга. 

Эгерде банктын ыйгарым укуктуу кызматкери/көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган күрөөгө кабыл алынуучу мүлктүн рыноктук наркы Кредиттик комитет же кайсы болбосун башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра балоого жөнөтүлсө, мындай чечим кабыл алган жактарды/жакты так көрсөтүү менен кайра балоонун зарылдыгы боюнча кат түрүндө түшүндүрмөлөр берилип, жогорку башкаруу органына тааныштырылууга тийиш. 

Күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо жана анын рыноктук жана күрөөлүк наркын аныктоочу эрежелерден жана жол-жоболордон кандай болбосун четтөө жагдайы талаптагыдай документтештирилүүгө жана күрөөгө кабыл алынуучу мүлктү баалоо боюнча жоопкерчиликтүү банктын бөлүмүнүн жетекчилерине сунушталууга тийиш.»; 

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда күрөөнүн наркы карыз алуучунун банк/ФКУ алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабууга тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Кыймылсыз мүлк рыногу банктын/ФКУнун күрөөнү сатуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болорун эске алсак, күрөөнүн адилет наркынан тышкары жоюу наркын да эске алуу маанилүү.    

Буга байланыштуу, күрөө коэффициенти келечекте күрөөнүн баасы төмөндөшү мүмкүндүгүн эске алуу менен банк тарабынан бааланууга жана белгиленүүгө тийиш. Күрөө коэффициенти жана күрөө менен ордун жабуу коэффициенти да күрөөнү тез сатууга салыштырмалуу өлчөмдө белгиленүүсү зарыл. Алсак, атайын багыттагы турак эмес кыймылсыз мүлк объекттерин (заводдор, цехтер, мүлк комплекстери, өндүрүш же айыл чарба багытындагы курулмалар жана башка объекттер) сатуу тездиги, мисалы, кеңсе багытындагы турак эмес жайларга же турак жай мүлкүнө салыштырганда төмөн.»; 

- 27-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде банк тарабынан күрөө мүлкүнүн учурдагы наркы төмөндөгөндүгү аныкталса, анда ал бул фактыны күрөөнү текшерүү актына киргизүүсү зарыл.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Адилет конъюнктура өзгөрүп, күрөөнү сактоо шарттары талапка ылайык келбегендиктен күрөө предметинин наркынын төмөндөшүн жана абалынын начарлашын шарттаса же аны жоготуу коркунучу орун алса, банк/ФКУ карызгерден күрөөнү сактоо шарттарын талапка ылайык келтирүүнү же болбосо аны кыйла ликвиддүү күрөөгө  алмаштырууну, же болбосо кошумча камсыздоону талап кылууга тийиш.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«10. Банктын Директорлор кеңеши чейрек сайын кыймылсыз мүлктү сатуу маселесин кароого алуу жыйынтыгы жана банктын кат жүзүндөгү отчеттору менен таанышып турууга тийиш.  

Эгерде банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген мөөнөттө сата албаса, анда анын себеби тууралуу маселе Директорлор кеңеши тарабынан каралууга тийиш.  

Директорлор кеңеши Башкарманын башка кыймылсыз мүлктүн абалы жөнүндө чейректик отчетторунун негизинде ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген мөөнөттөн жогору банктын балансында турган башка кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча андан аркы чараларды аныктоо менен банк Башкармасынын башка кыймылсыз мүлк менен иш алып баруусу натыйжалуу экендигин кароого алып, баалоого тийиш.»;  

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«24. Башка кыймылсыз мүлктүн наркы кандай болбосун төмөндөгөн учурларда банк сатууга же күтүүгө кеткен чыгашаларды эсептен алып салуу менен анын адилет наркына чейин баанын түшүүсүнөн чыгымды таанууга тийиш. Эгерде кыймылсыз мүлктүн баасы төмөндөгөндөн кийин сатууга же күтүүгө кеткен сарптоолорду эсептен алып салгандан кийинки анын адилет наркы көбөйө турган болсо, банк буга чейин баанын төмөндөөсүнөн топтолгон чыгымдан ашпаган суммада гана аны таанууга тийиш.»; 

- 28-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Банкта үч жылдан ашык мөөнөт кармалып турган атайын багыттагы турак эмес башка кыймылсыз мүлктүн наркы көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу тарабынан эки жылда бир тастыкталып турууга тийиш.  

Бул талаптан турак эмес мүлктүн төмөнкү объекттери алып салынат: 

- сот тарабынан коюлган чектөөлөрдөн улам сатууга мүмкүн болбогон объекттер; 

- сот чечими менен сатуу баасы аныкталган объекттер; 

- банк алар боюнча финансылык ижарага берүү келишимдерин/кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу келишимдерин же башка ушул сыяктуу келишимдерди түзгөн объекттер. 

Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан тартып 6 (алты) ай ичинде мүлккө баштапкы кайра баалоо жүргүзүлүүгө тийиш.  

Көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочуга (анын ичинде баалоочу компания) банктын ошол эле бир башка кыймылсыз мүлкүн катары менен экиден көп жолу баалоосуна жол берилбейт.»; 

- 31-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« а) мүлктү банк менен байланыштуу болбогон жакка сатуу учурунда жалпы сатуу баасынын кеминде 15% түзгөн акча каражатынын суммасын сатып алуучудан алганда жана эгерде, банк калган бөлүгүн кредит берүү аркылуу каржылай турган болсо, банктын банк менен байланыштуу жактары же аффилирленген жактары аныктамасына кирген жакка мүлктү сатуудан кеминде 40% алган учурда. Мында, банктын катышуусу кредитор катары иш алып баруу менен гана чектелүүгө, б.а. шарттары (пайыздык чендери, төлөө мөөнөттөрү, амортизациясы ж.б.) банк ушул сыяктуу максаттарга берүүчү кредиттик продуктыларынын шарттарына ылайык болууга тийиш. Мүлктү сатуу, учурдагы рыноктук пайыздык ченден төмөн болгон чен боюнча берилген кредиттин эсебинен каржыланса, банк кредитти дисконттоо менен ал боюнча кирешени ФОЭСке ылайык рыноктук ченге ылайыкташтырууга тийиш;». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Алардын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн тартып таза суммардык капиталдын 14% чейинкини түзгөн, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттер жана активдер, ошондой эле банктын башка менчиги, кыймылсыз/кыймылдуу мүлк менен ишке ашырылган операциялар боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө, ошондой эле жүргүзүлүүчү операциянын шарттары макулдашылууга тийиш.».