Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы 

№ 2020-П-33/73-13-(НФКУ) 

токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына  

жана башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансы уюмдарын, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, кепилдик фонддорду, кредиттик бюролорду, турак жай-сактык кредиттик компанияларды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы 

№ 2020-П-33/73-13-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына  

жана башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана  

2.2-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын: микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын, кепилдик фонддордун, насыялык бюролордун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук берилген.»; 

- 2.1-пунктунун «г» пунктчасындагы «МФК» деген аббревиатура ««БФКУ» деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

- 2.2-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) банк/БФКУ ишин, банктын/БФКУнун кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка/БФКУга, анын акционерлерине (катышуучуларына), банктын/БФКУнун кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу;». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл» жөнүндө жобонун: 

- 1.2-пунктундагы «Кредиттик союздардын финансы компаниясы»» ААКсы (мындан ары Финансы компаниясы)» деген сөздөрдөн кийин «, насыялык бюролорго, кепилдик фонддорго, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 18-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык, ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5 (беш) пайызынан, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

-  17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Кредиттик союздар ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банк ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5 (беш) пайызынан, бирок кредиттик союздун активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, кредиттик союздан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин:  

-  30-38-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 71-78-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы «турак жай-сактык кредиттик компанияларды,» деген сөздөрдөн кийин «насыялык бюролорду» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- токтомдун аталышындагы «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алынып салынсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун:  

- Жобонун аталышындагы «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-главасынын биринчи абзацындагы «, адистештирилген финансы-кредит мекемелерине/уюмдарына, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына» жана «кепилдик фонддорго» деген сөздөр алынып салынсын.

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 64-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу иш катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке кепилдик фондунун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.».  

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:  

- 101-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк тарабынан ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасын белгилөө жана ага ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо белгиленген.».