Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы 

№ 2020-П-14/73-17-(ПС) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтомду белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн. 

4. Токтом 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.  

5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.  

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы 

№ 2020-П-14/73-17-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун: 

- таблицадагы «Мамлекеттик бюджетке киреше боюнча төлөмдөр» деген бөлүктө 

11120000 «Атайын режимдер боюнча салыктар» чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

11120000 

Атайын режимдер боюнча салыктар  

11121000 

Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр  

11121100 

Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык  

11122000 

Патенттин негизинде салык  

11122100 

Милдеттүү патенттин негизинде салык  

11122200 

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык  

11123000 

Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык 

11123100 

Чекене сатуудан салык алуунун негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык 

11124000 

Майнингге салыгы 

11124100 

Майнингге салыгы 

»; 

11420000 «Акциз салыгы» чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

11420000 

Акциз салыгы  

11421000 

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же сатылып өткөрүлүүчү товарларга акциз салыгы  

11421100 

Алкоголдук продукция  

11421110 

Этил спирти  

11421120 

Арак жана ликер-арак ичимдиктери, алкоголу аз ичимдиктер 

11421130 

Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар  

11421140 

Шараптар  

11421150 

Коньяктар  

11421160 

Шампан шарабын кошкондо атылуучу шарап  

11421170 

Идишке куюлган пиво  

11421180 

Идишке куюлбаган пиво  

11421190 

Шарап материалдары  

11421200 

Тамеки буюмдары  

11421210 

Чыпкалуу тамеки чылымдары  

11421220 

Чыпкасыз тамеки чылымдары  

11421230 

Сигаралар жана сигариллалар  

11421240 

Түтүктүү тамеки, тарта турган, чайнай турган, соро турган, жыттай турган тамеки, кальян (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекини кошпогондо) 

11421250 

Ысытыла турган тамеки азыктары (ысытыла турган тамеки таякчасы, тамеки салынып ысытыла турган капсула ж.б.) 

11421260 

Электрондук тамекилерде колдонуу үчүн картридждердеги, сактагычтардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук 

11421290 

Башка буюмдар 

11421300 

Мунай заттары  

11421310 

Бензин, жеңил жана орточо дистилляттар жана башка бензиндер  

11421320 

Реактивдүү отун  

11421330 

Дизель отуну, газойль, оор дистилляттар 

11421340 

Мазут  

11421350 

Май, майлоочу майлар, башка майлар жана газ конденсаты 

11421360 

Битум материалдарынан алынган чийки мунай жана чийки мунай заттары  

11421370 

Мунай заттары менен бирдей максаттарда колдонулуучу, коргошун бирикмелеринин негизиндеги башка антидетонаторлор 

11421380 

Битум сыяктуу тектерден алынган мунай же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошулмалар 

11421390 

Башка мунай заттары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) 

11421400 

Башка акциздик товарлар  

11421410 

Алтын, платина же күмүштөн зер буюмдары  

11421490 

Башка акциздик товарлар  

11423000 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы  

11423100 

Алкоголдук продукция  

11423110 

Этил спирти  

11423120 

Арак жана ликер-арак ичимдиктери, алкоголу аз ичимдиктер 

11423130 

Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар  

11423140 

Шараптар  

11423150 

Коньяктар  

11423160 

Шампан шарабын кошкондо атылуучу шарап  

11423170 

Идишке куюлган пиво  

11423180 

Идишке куюлбаган пиво  

11423190 

Шарап материалдары  

11423200 

Тамеки буюмдары  

11423210 

Чыпкалуу тамеки чылымдары  

11423220 

Чыпкасыз тамеки чылымдары  

11423230 

Сигаралар жана сигариллалар  

11423240 

Түтүктүү тамеки, тарта турган, чайнай турган, соро турган, жыттай турган тамеки, кальян (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекини кошпогондо) 

11423250 

Ысытыла турган тамеки азыктары (ысытыла турган тамеки таякчасы, тамеки салынып ысытыла турган капсула ж.б.) 

11423260 

Электрондук тамекилерде колдонуу үчүн картридждердеги, сактагычтардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук 

11423290 

Башка буюмдар 

11423300 

Мунай заттары  

11423310 

Бензин, жеңил жана орточо дистилляттар жана башка бензиндер  

11423320 

Реактивдүү отун  

11423330 

Дизель отуну, газойль, оор дистилляттар 

11423340 

Мазут  

11423350 

Май, майлоочу майлар, башка майлар жана газ конденсаты 

11423360 

Битум материалдарынан алынган чийки мунай жана чийки мунай заттары  

11423370 

Мунай заттары менен бирдей максаттарда колдонулуучу, коргошун бирикмелеринин негизиндеги башка антидетонаторлор 

11423380 

Битум сыяктуу тектерден алынган мунай же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошулмалар 

11423390 

Башка мунай заттар (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) 

11423400 

Башка акциздик товарлар  

11423410 

Алтын, платина же күмүштөн зер буюмдары  

11423490 

Башка акциздик товарлар  

11424000 

Үчүнчү өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы  

11424100 

Алкоголдук продукция  

11424110 

Этил спирти  

11424120 

Арак жана ликер-арак ичимдиктери, алкоголу аз ичимдиктер 

11424130 

Күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар  

11424140 

Шарап жана шарап материалдары  

11424150 

Коньяктар  

11424160 

Шампан шарабын кошкондо атылуучу шарап  

11424170 

Идишке куюлган пиво  

11424180 

Идишке куюлбаган пиво  

11424190 

Ликер-арак ичимдиктери  

11424200 

Тамеки буюмдары  

11424210 

Чыпкалуу тамеки чылымдары  

11424220 

Чыпкасыз тамеки чылымдары  

11424230 

Сигаралар жана сигариллалар  

11424240 

Түтүктүү тамеки, тарта турган, чайнай турган, соро турган, жыттай турган тамеки, кальян (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекини кошпогондо) 

11424250 

Ысытыла турган тамеки азыктары (ысытыла турган тамеки таякчасы, тамеки салынып ысытыла турган капсула ж.б.) 

11424260 

Электрондук тамекилерде колдонуу үчүн картридждердеги, сактагычтардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук 

11424290 

Башка буюмдар 

11424300 

Мунай заттары  

11424310 

Бензин, жеңил жана орточо дистилляттар жана башка бензиндер  

11424320 

Реактивдүү отун  

11424330 

Дизель отуну, газойль, оор дистилляттар 

11424340 

Мазут  

11424350 

Май, майлоочу майлар, башка майлар жана газ конденсаты 

11424360 

Битум материалдарынан алынган чийки мунай жана чийки мунай заттары  

11424370 

Мунай заттары менен бирдей максаттарда колдонулуучу, коргошун бирикмелеринин негизиндеги башка антидетонаторлор 

11424380 

Битум сыяктуу тектерден алынган мунай же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошулмалар 

11424390 

Башка мунай заттар (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) 

11424400 

Башка акциздик товарлар  

11424410 

Башка акциздик товарлар  

»; 

12110000 «Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

12110000 

Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111000 

Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111110 

Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111120 

Полис боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)  

12111130 

Юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111140 

Чакан жана орто ишкер субъектилерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан/бөлүп төлөөдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү 

12111210 

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111220 

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча полис боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү  

12111230 

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча чакан жана орто ишкер субъектилерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан/бөлүп төлөөдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү 

»; 

13330000 «Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан алынган каражаттар» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

13330000 

Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан алынган каражаттар  

13331000 

 Республикалык бюджеттен Социалдык фонддун бюджетине алынган каражаттар  

13331100 

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү  

13331210 

Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар  

13331220 

Алыскы жана барууга кыйын райондордо иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар  

13331230 

Көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине жеңилдетилген пенсиялар  

13331300 

Калктын айрым категориялары боюнча пенсиялар  

13331400 

Аскер кызматкерлерине пенсиялар  

13331500 

Аскер кызматкерлери курман болгондо, майып болгондо мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу  

13331610 

Электр энергиясы үчүн пенсияларга компенсациялык төлөөлөр  

13331620 

Чернобыль АЭС авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектен майып болгондорго компенсациялык төлөөлөр 

13331700 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын же кирешелерин жоготууларды компенсациялоо 

13331800 

Пенсияларга үстөк акылар  

13332000 

Республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине алынган каражаттар  

13332100 

Республикалык бюджеттен мамлекеттик базалык медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар  

13332210 

Республикалык бюджеттен 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332220 

Республикалык бюджеттен пенсионерлерди милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332230 

Республикалык бюджеттен социалдык жөлөк пул алуучуларды жана бала кезинен майып адамдарды милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332240 

Республикалык бюджеттен баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин алар 21 жашка чыкканга чейин милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332250 

Республикалык бюджеттен калктын жумуш менен камсыз болуу боюнча мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332260 

Республикалык бюджеттен мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин милдеттүү камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332300 

Республикалык бюджеттен соттун чечимдерин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн алынган каражаттар  

13332900 

Республикалык бюджеттен алынган жана башка каражаттар  

»; 

13340000 «ММКФнын камсыздандыруу төгүмдөрү» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

13340000 

ММКФнын камсыздандыруу төгүмдөрү  

13341000 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төгүм төлөөчүлөр тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөнүүчү төгүмдөр  

13341100 

Жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341200 

Жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341300 

Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик чарба) чарбалары тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341400 

Айыл чарба кооперативдери тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341900 

Негизги категорияларга кирбеген милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

»; 

14510000  «Башка салыктык эмес кирешелер» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

14510000 

Башка салыктык эмес кирешелер  

14511000 

Башка салыктык эмес кирешелер  

14511110 

Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер 

14511120 

Экономикалык амнистия боюнча мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер 

14511200 

Курстук пайда/чыгым  

14511400 

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр  

14511900 

Башка салыктык эмес кирешелер  

14512000 

Пенсиялык топтомо каражаттарынын түшүшү  

14512100 

МТПФга башкаруучу компаниялардан пенсиялык топтомо каражаттарынын түшүшү  

»; 

- Таблицадагы «Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар боюнча төлөмдөр» деген бөлүктө  

26310000 «Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

26310000 

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар  

26311000 

Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер  

26311100 

Теңдөөчү трансферттер  

26311200 

Максаттуу трансферттер  

26311300 

Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдеринин ортосундагы максаттуу трансферттер  

26313000 

Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттар  

26313100 

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү  

26313210 

Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдик берилген пенсиялар  

26313220 

Алыскы, барууга кыйын райондордо иштегендиги үчүн жеңилдик берилген пенсиялар  

26313230 

Көп балалуу энелерге жана тубаса майып балдардын энелерине жеңилдик берилген пенсиялар  

26313300 

Калктын айрым категорияларына пенсиялар  

26313400 

Аскер кызматкерлерине пенсиялар  

26313500 

Аскер кызматкерлери курман болгондо, майып болгондо милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу  

26313610 

Электр энергиясы үчүн пенсияларга компенсациялык төлөөлөр  

26313620 

Чернобыль АЭС авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектен майып болгондорго компенсациялык төлөөлөр 

26313700 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын же кирешелерин жоготууларды компенсациялоо 

26313800 

Пенсияларга үстөк акылар  

26314000  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна бөлүнгөн каражаттар  

26314100  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна бөлүнгөн каражаттар  

26315000  

Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

26315100  

Социалдык фондунун бюджетинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна берилүүчү каражаттар  

26315200  

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү каражаттар  

26315300  

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна берилүүчү каражаттар  

26316000  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

26316100  

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

»; 

27210000 «Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул» деген чакан тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

27210000 

Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул  

27211000 

Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул  

27211100 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул  

27211200 

Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул  

27211300 

Бала 3 жашка чыкканга чейин энеге жөлөк пул  

27211400 

Жумушсуздук боюнча жөлөк пул  

27211500 

Калкка социалдык төлөөлөр  

27211600 

Баккан адамынан айрылганына байланыштуу компенсациялык төлөөлөр  

27211700 

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими шартында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө же медициналык жардам көрсөтүү учурунда эмгектик милдеттерин аткарып жатканда инфекция жуккандан улам каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөө 

27212000  

Башка социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр  

27212100  

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул  

27212200  

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул  

27212300  

Сөөк коюуга жөлөк пул төлөө  

27212400  

Убактылуу турак жайды жалдоо үчүн аскер кызматкерлерине компенсациялык төлөөлөр  

27213000  

Жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер  

27213100  

Жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер  

27214000  

Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча башка чыгашалар  

27214100  

Кесиптик окутууга чыгашалар  

27214200  

Коомдук иштерди уюштурууга чыгашалар  

27214300  

Микрокредиттөөгө чыгашалар  

27214400  

Жумуш орунуна чек  

27215000  

Ден соолукту чыңдоо иш-чараларына чыгашалар  

27215100  

Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо иш-чараларына чыгашалар  

27215200  

Ар дайым багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага жеке ассистентке чыгашалар   

27216000  

Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган калкка кайтарымсыз жардам  

27216100  

Жаратылыш кырсыктардан жабыркаган калкка кайтарымсыз жардам  

»; 

таблицанын «Активдер жана милдеттенмелер» деген бөлүгү

«31211120  Дан өсүмдүктөрүн сатуу» деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:  

« 

31211130 

Дары-дармектерди сатуу 

»; 

- «31211220 Дан өсүмдүктөрүнүн запастарын сатып алуу» деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:  

« 

31211230 

Дары-дармектердин запасын сатып алуу 

»; 

- Б тиркемесинде (маалымат катары)

Кирешелердин классификациясын, Чыгашалардын экономикалык классификациясын жана Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын колдонуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөлөрдүн «II. Кирешелердин классификациясы» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

II. Кирешелердин классификациясы 

Кыргыз Республикасынын бюджет кирешелеринин классификациясы Кыргыз Республикасынын бюджет системасынын бардык бюджет деңгээлиндеги киреше булактарынын тобу болуп саналат жана ал бюджет системасынын бардык бюджет деңгээлиндеги киреше алуу булактары аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка актыларына негизденет.  

Кыргыз Республикасынын бюджет кирешелеринин классификациясы өзүндө киреше категорияларынын, топторунун, чакан топторунун, статьяларынын, кичи статьяларынын жана элементтеринин кодун камтыйт.  

Кыргыз Республикасынын бюджет кирешелеринин классификациясынын сегиз орундуу кодунун түзүмү төмөнкү түрдө көрсөтүлгөн:  

Кирешелер классификациясы 

Категория Топ Чакан топ Статья Кичи статья Элемент 

хх ххх хххх ххххх хххххх хххххххх 

2 3 4 5 6 8 

«Кирешелер» бөлүгүндө кирешелердин төмөнкү категориялары камтылат:  

11 - салыктык кирешелер;  

12 - социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр;  

13 - алынган расмий трансферттер;  

14 - салыктык эмес кирешелер.  

Кирешелердин ар бир категориясы кирешелер тобунан турат. Кирешелер кодунун чакан топторун андан ары такташтыруу тиешелүү статьялар жана кичи статьялар боюнча жүргүзүлөт.  

Элементтин коду эки белгиден турат жана ал акциздик товарлар, казылып алынган пайдалуу кендер жана казылып алынган пайдалуу кендерден, жер алдындагы суулардан алынган товардык продукциялар, ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн ижара төлөмү топторунун кодун түшүндүрөт.  

Акциздик товарлар топтору боюнча элементтер коду Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген товарлардан түшкөн акциздик салыкты (1142) эсептөөдө колдонулат.  

Казылып алынган пайдалуу кендер жана казылып алынган пайдалуу кендерден, жер алдындагы суулардан алынган товардык продукциялар топтору боюнча элементтер коду жер алдындагы кендерди пайдалануудан түшкөн салыкты (1146) эсептөөдө колдонулат.  

Калктуу пункттарда, жайыттарда, айыл четиндеги талаада, кеңири пайдаланылуучу аймактардагы жайыттарда жана жайлоолордо ижарага берилген жерлердин топтору боюнча элементтердин коду жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн ижара төлөмүн эсептөөдө колдонулат (14152).  

«Салыктык кирешелер» категориясы (11)  

Салыктар классификациясынын схемасы салык салуу объекти аркылуу аныкталат. Бул классификациялоо категориясында төмөнкү киреше топторунун түшүүсү каралат:  

111 - киреше салыгы жана пайда;  

113 - менчикке салык;  

114 - товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салык;  

115 - эл аралык соода жүргүзүүгө жана тышкы операцияларга салык;  

116 - башка салыктар жана жыйымдар.  

Салык жана бажы мыйзамдарынын колдонулуп жаткан ченемдерин бузгандыгы үчүн жана белгилүү бир салыкка байланыштуу айыптык төлөмдөр, туумдар жана санкциялар ошол салык менен бирге эсепте көрсөтүлөт.  

Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык белгиленген айыптар «Салыктык эмес кирешелер» деген 14-категорияда «Айыптык төлөмдөр» элементинде (14311110) эсепке алынат.  

«Киреше салыгы жана пайда» тобу (111) өзүндө эки чакан топту камтыйт:  

1111 Киреше салыгы жана пайда  

1112 Атайын режимдер боюнча салык.  

1111 Киреше салыгы жана пайда чакан тобунун 11111 Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адамдардан киреше салыгы статьясында төмөнкү түшүүлөр эсепке алынат:  

жумуш берүүчү (уюм, ишкана, мекеме) жалданган жумушчунун кирешесинен которуучу киреше салыгы; бул учурда жумуш берүүчү салык агенти болуп саналат - салыкты кармап, бюджетке чегерет (11111100);  

салык төлөөчү - жеке адамдар кирешесин жана мүлкүн декларациялоодо календардык жылдын жыйынтыгы боюнча төлөнгөн бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы (11111200);  

11112 Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактарынын кирешесинен салык статьясында Кыргыз Республикасынын резидент эмес жеке адамдарынын жана юридикалык жактарынын дивиденд жана пайыздар, камсыздандыруу төлөмдөрү, аткарылган иштер жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр боюнча автордук гонорарлар жана резидент эмес жактардын Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган башка кирешелери түрүндө алынган киреше салыктары эсепке алынат.  

11113 Пайда салыгында юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин пайдасынан салык алуунун жалпы шарттарына ылайык түшкөн пайда салыгы (11113100), ошондой эле пайыздар салыгы (11113200) эсепке алынат.  

Атайын салык режими боюнча алынуучу салыктарды эсепте көрсөтүү үчүн «Атайын режимдер боюнча салык» 1112 чакан тобунун коддору колдонулат. Ушул чакан топто төмөнкүдөй статьялар колдонулат: бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр (11121), патенттин негизинде салык (11122), салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык (11123), майнингге салык (11124). 

11121 Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр  

11121100 Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салык  

11122 Патенттин негизинде салык «Милдеттүү патенттин негизинде салык» (11122100) жана «Ыктыярдуу патенттин негизинде салык» (11122200) элементтеринен турат. 11122 Патенттин негизиндеги салык милдеттүү жана ыктыярдуу патенттерден турат. 

11122100 Милдеттүү патенттин негизиндеги салык 

11122200 Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 

11123 Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык  

11123100 Чекене сатуудан салык алуунун негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык 

11124 Майнингге салык 

11124100 Майнингге салык 

1113 «Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар» өзүндө «Кумтөрдөн түшкөн дүң кирешеден алынуучу салык» (11131) статьясын, «Кумтөрдөн түшкөн дүң кирешеден алынуучу салык» (11131100) элементин камтыйт, анда «Кумтор ГОЛД Компании» ЖАКтан түшкөн салыктар эсепке алынат.  

«Менчикке салык» тобу (113) өзүндө эки чакан топту камтыйт:  

1131 «Мүлк салыгы»  

1132 «Жер салыгы»  

1131 «Мүлк салыгы» чакан тобу «Кыймылсыз мүлк салыгы» (11311) жана «Кыймылдуу мүлк салыгы» (11312) статьяларына бөлүнөт.  

«Кыймылсыз мүлк салыгы» (11311) статьясы төмөнкү элементтерден турат:  

Ишкердик ишин жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлк салыгы (11311100) жана Ишкердик ишин жүргүзүү үчүн 2 жана 3-топтордо (11311200, 11311300) колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы (11311200).  

«Кыймылдуу мүлк салыгы» (11312) статьясы төмөнкү элементтерден турат: Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык (11312100) жана жеке адамдардын транспорттук каражаттарына салык (11312200).  

1132 «Жер салыгы» статьясы төмөнкү элементтерге бөлүнөт: короо жай жана бак тигилген жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы (11321100), айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы (11321200) жана калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына каралбаган жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы (11321300).  

«Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салык» тобу (114) өзүндө үч чакан топту камтыйт:  

1141 «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салык»  

1142 «Акциз салыгы»  

1146 «Жер казынасын пайдалануу үчүн салык»  

1141 «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жалпы салык» чакан тобу төмөнкүдөй статьяларга бөлүнөт:  

11411 Кошумчаланган нарк салыгы, мында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумчаланган нарк салыгынын түшүүсү (11411100), Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарларга кошумчаланган нарк салыгынын түшүүсү (11411300) жана Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинген товарларга кошумчаланган нарк салыгынын түшүүсү (11411400) эсепке алынат.  

11412 Сатуудан салык, мында товарларды сатып өткөрүүдө, иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү салык эсепке алынат. Эсепке алуу үчүн 11412100 элементи колдонулат.  

1142 «Акциз салыгы» чакан тобунда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн акциздик товарлар боюнча түшүүлөр (11421), Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарларга акциз салыгы (11423), Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинген товарларга акциз салыгы (11424) боюнча түшүүлөр эсепке алынат. 11421490 жана 11423490 «Башка акциздик товарлар» элементтери акциздик товарлар боюнча акциз салыгына тиешелүү карыздык түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн каралган, алар Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексине ылайык алынып салынган, эгерде болгон болсо. 11423 статьясында Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинүүчү акциз элементтери боюнча эсеп жүргүзүлөт жана чагылдырылат. 11424 статьясында Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинген акциз элементтери боюнча эсеп жүргүзүлөт жана чагылдырылат.  

1146 «Жер казынасын пайдалануу үчүн салык» чакан тобунда бонустардын (11461) жана роялтинин (11462) түшүүлөрү эсепке алынат. Бул чакан топто башка мамлекеттик башкаруу органынын жеке менчигинде турган пайдалуу кенди казып алууга, казылып алынуучу отундарды жана башка орду толтурулбоочу ресурстарды казып алууга салыктарды камтыйт.  

«Эл аралык соода жана тышкы операциялар үчүн салыктар» тобу (115). Бул категорияда кошумча нарк салыгы жана акциз салыгынан тышкары, Бажы биримдигинин бажы аймагына товарларды алып кирүүдө алынуучу бажы төлөмдөрү камтылат.  

1151 Бажы төлөмдөрү  

11511 Ташылып келинген продукциядан бажы төлөмдөрү  

11511200 ЕАЭБге кошулуу жөнүндө келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар - бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын бажы ишине тиешелүү мыйзамына ылайык белгиленген, бажы органдары тарабынан алынуучу алым түрлөрү;  

11511400 Алып кирүү үчүн ЕТТ чендери боюнча төлөнгөн жана ЕАЭБге кошулуу жөнүндө келишимге ылайык чегерилген бажы алымдары, бул элементте ЕАЭБге кошулгандан кийин алып кирүү үчүн бажы алымдарынан түшкөн акча каражаттардын эсеби жүргүзүлөт;  

11511500 Бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү чендери боюнча бажылык төлөм;  

11511600 «Бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү чендери боюнча бажылык төлөм».  

Жогоруда көрсөтүлгөн коддорго жеке адамдар жеке колдонуу үчүн каралган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө төлөгөн бажылык төлөмдөрү кирет.  

11512 Ташылып чыгарылган продукциядан бажы төлөмдөрү.  

11512100 Экспорттук бажы алымы (ташып чыгарууга бажы алымы) - товарларды экспорттоодо мамлекет тарабынан алынуучу бажы алымы;  

11512200 Экспорттук мезгилдик бажы төлөмү - мында белгилүү бир мезгил аралыгында товарларды ташып чыгарууну ыкчам жөнгө салуу үчүн белгиленген ташып чыгаруу үчүн бажы алымы эсепке алынат.  

11513 Бажылык жыйымдар - бул бажы органдары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан бажы кызматтарын сунуштоо боюнча ар кандай иштерди аткаргандыгы үчүн алган акчалай төлөмдөр.  

11513100 Чет элдик авто ташуучулардан жыйымдар, мында чет элдик авто ташуучулар атайын уруксаты жок жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттердин аймагына же үчүнчү мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу үчүн төлөгөн жыйымдар эске алынат;  

11513200 Бажылык тариздөө үчүн жыйым, мында бажы органдары тарабынан товарларды жана транспорттук каражаттарды декларациялоодо бажылык тариздөө жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар эске алынат.  

11514 Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр.  

11514100 Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр.  

11515 Аларды ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин эсебине чет өлкө валютасында которуулар токтотулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары - казыналыктын эсебине түшкөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге бөлүштүрүлгөн акча каражаттардын эсеби жүргүзүлөт, бирок аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эсебине которуу убактылуу токтотулган.  

11515100 Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которуулар токтотулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11515200 Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которуулар токтотулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11515300 Россия Федерациясынын эсебине чет өлкө валютасында которуулар токтотулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11515400 Армян Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которуулар токтотулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары.  

11516 ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары:  

11516100 Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11516200 Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11516300 Россия Федерациясынын эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11516400 Армян Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары;  

11516500 Кыргыз Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган, ташып келүүлөргө бөлүштүрүлгөн бажы алымдары.  

11517 Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө протоколго ылайык чет өлкө валютасында эсепке которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар:  

11517100 Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11517200 Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11517300 Россия Федерациясынын эсебине чет өлкө валютасында которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11517400 Армян Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11517500 Кыргыз Республикасынын эсебине чет өлкө валютасында которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11516 жана 11517 деңгээлинде Кыргыз Республикасынын казыналыгынын эсебине түшкөн бажы алымдарын бөлүштүргөндөн кийин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге которулган акча каражаттардын эсеби жүргүзүлөт.  

11518 Казыналыктын эсебине түшүүчү такталбаган суммалар:  

11518100 Казыналыктын эсебине түшүүчү такталбаган суммалар:  

1152 Ташып келүүлөргө бажы алымдары - ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан бөлүштүрүлгөн жана Кыргыз Республикасына которулган бажы алымдары боюнча акча каражаттар эсепке алынат.  

11521 ЕАЭБге кошулуу жөнүндө келишимге ылайык мүчө мамлекеттерден түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдары:  

11521100 Казакстан Республикасынан түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдары;  

11521200 Беларусь Республикасынан түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдары;  

11521300 Россия Федерациясынан түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдары;  

11521400 Армян Республикасынан түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдары;  

11522 Ташып келүүлөргө бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча мүчө мамлекеттер тарабынан милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар:  

11522100 Ташып келүүлөргө бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасы тарабынан милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11522200 Ташып келүүлөргө бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасы тарабынан милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11522300 Ташып келүүлөргө бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясы тарабынан милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11522400 Ташып келүүлөргө бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армян Республикасы тарабынан милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар.  

11523 ЕАЭБдин бажы аймагында бажы аркылуу өтүүчү транзиттин жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы органдарына берилүүчү бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүлүп алынган акча каражаты:  

11523100 Казакстан Республикасынан түшкөн бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүлгөн акча каражаты;  

11523200 Беларусь Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүлгөн акча каражаты;  

11523300 Россия Федерациясынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүлгөн акча каражаты;  

11523400 Армян Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүлгөн акча каражаты.  

11524 Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө макулдашууга ылайык төлөнгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар:  

11524100 Казакстан Республикасынан түшкөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11524200 Беларусь Республикасынан түшкөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11524300 Россия Федерациясынан түшкөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11524400 Армян Республикасынан түшкөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар.  

11525 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө мамлекеттер милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар  

11525100 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11525200 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11525300 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар;  

11525400 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армян Республикасынын милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар.  

11526 Эсептерге чет өлкө валютасындагы которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар:  

11526100 Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкө валютасындагы эсептерине которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11526200 Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкө валютасындагы эсептерине которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11526300 Россия Федерациясынын эсебине чет өлкө валютасындагы эсептерине которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;  

11526400 Армян Республикасынын эсебине чет өлкө валютасындагы эсептерине которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар.  

116 «Башка салыктар жана жыйымдар» тобунда Салык кодексине киргизилген төмөнкүдөй өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, жокко чыгарылган республикалык жана жергиликтүү салыктардын түшүүсү эсепке алынат:  

- (11611100) элементинде республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик уюмдардын атайы каражаттары боюнча салыктар, жана республикалык бюджетке тиешелүү жокко чыгарылган салыктар эсепке алынат;  

- (11611200) элементинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодон жана чекене сатуудан түшкөн салык, курорт салыгы, мейманкана салыгы, жарнама салыгы, ошондой эле эгерде болгон болсо, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик уюмдардын атайы каражаттары боюнча салыктар эсепке алынат.  

(12) «Социалдык камсыздоого жана социалдык керектөөлөргө төгүмдөр/чегерүүлөр» категориясы  

«Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр» категориясы төмөнкү топтордон турат:  

121 - Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төгүмдөр/чегерүүлөр  

121 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төгүмдөр/чегерүүлөр» тобунда милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү эсепке алынат.  

12111110 «Пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү»;  

12111120 «Полис боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)»;  

12111130 «Юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын камсыздандыруу төгүмдөрү»;  

12111140 «Чакан жана орто ишкер субъектилерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан/бөлүп төлөөдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү» 

12111210 «Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү» 

12111220 «Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун полиси боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү»  

12111230 «Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча чакан жана орто ишкер субъектилерине камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан/бөлүп төлөөдөн түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү»  

122 Социалдык фонддун башка кирешелери  

122 «Башка кирешелер» тобунда төмөнкүлөр эсепке алынат:  

12211100 Пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалар - мында иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсацияларды дайындоо жана төлөө үчүн каралган капиталдаштырылган каражаттардын түшүшү эсепке алынат.  

12211200 Регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар - мында Социалдык фонд тарабынан төлөнгөн жана кайтарылууга тийиш болгон каражаттарды өндүрүү боюнча Социалдык фондунун регресстик доолору боюнча акча каражаттарынын түшүшү эсепке алынат.  

12211300 Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар - мында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы бар жана оор финансылык абалынан улам аны төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес камсыздандыруучунун камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар жана айыптык төлөмдөр боюнча карызын төлөөнү кийинкиге жылдыруу үчүн эсептелген пайыздардын түшүүсү эсепке алынат.  

12211400 Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү кечиктирүү же толук эмес көлөмдө чегерүү үчүн эсептелген туумдар жана айыптык төлөмдөр - мында камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандыруучуларга жана камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке адамдар) милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү кечиктиргендиги же толук эмес көлөмдө чегергендиги, ошондой эле белгиленген мөөнөттө эсептик көрсөткүчтөрдү сунуштабагандыгы (же кечиктиргендиги) үчүн эсептелген туумдар жана айыптык төлөмдөр эсепке алынат.  

12211900 Социалдык фонддун башка кирешелери, негизги категорияларга кирбеген, ошондой эле камсыздандырылган адамдар боюнча маалымат базаларын жүргүзүү, иштеп чыгуу жана аны актуалдуу абалда кармап туруу үчүн түшүүлөр 

1222 Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар  

12221 Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар  

12221100 Социалдык фонддун кирешелери боюнча пайыздар  

1223 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери  

12231 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери  

12231100 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун башка кирешелери  

123 - ММКФнын башка кирешелери  

1231 ММКФнын башка кирешелери  

12311 МКМФнын башка кирешелери  

12311200 ММК полисин берүүдөн түшүүлөр  

12311300 Келишимдик милдеттенмелерди талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарынан соттук жана соттон тышкаркы тартипте өндүрүлүүчү каражаттар;  

12311400 Соттун чечиминин негизинде зыяндын ордун толтуруу суммасын кошо алганда, материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар;  

12311500 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттик каражаттарын мыйзамсыз же максатсыз пайдалануунун натыйжасында өндүрүлүп алынган каражаттар;  

12311700 Кайрымдуулук фонддордон, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк жарандардан түшүүчү каражаттар;  

12311900 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.  

Бюджеттин бул категориясы Социалдык фонд жана ММКФ тарабынан гана пайдаланылууга тийиш жана анда Социалдык фондго жана ММКФга бардык булактардан түшкөн төгүмдөрдүн бардыгы эсепке алынат. Анда ошондой эле кызматчылардан, алардын атынан жумуш берүүчү тарабынан салынган жана жеке ишкердикти жүзөгө ашырган адамдар тарабынан салынган каражаттар камтылат.  

(13) «Алынган расмий трансферттер»  

Грант - мамлекеттик мекемелер адатта мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен же эл аралык уюмдардан, башка мамлекеттердин өкмөттөрүнөн каражаттарды акысыз алуусу же (милдеттүү эмес) трансферттер саналат.  

Бул категорияда ошондой эле, теңдештирүүчү жана максаттуу трансферттерди кошо алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер камтылат.  

Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн, ошондой эле эл аралык уюмдардан келген трансферттер капиталдык же күндөлүк катары классификацияланышы мүмкүн.  

«Алынган расмий трансферттер» категориясы төмөнкү топтордон турат:  

131 - чет өлкөдөн алынган трансферттер;  

133 - мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери.  

131 Чет өлкөдөн алынган трансферттер;  

1311 Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн түшкөн трансферттер  

13111 Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн түшкөн трансферттер  

13111100 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күндөлүк чыгашаларды жүргүзүүсү үчүн чет мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан берилген трансферттер эсепке алынат.  

13111200 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү капиталдык чыгашаларды жүргүзүүсү үчүн чет мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан берилген трансферттер эсепке алынат.  

1312 Эл аралык уюмдардан түшкөн трансферттер  

13121 Эл аралык уюмдардан түшкөн трансферттер  

13121100 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күндөлүк чыгашаларды жүргүзүүсү үчүн каралган, эл аралык уюмдардан алынган трансферттер (гранттар, демөөрчүлүк жардам) эсепке алынат.  

13121200 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү капиталдык чыгашаларды жүргүзүүсү үчүн каралган, эл аралык уюмдардан алынган трансферттер (гранттар, демөөрчүлүк жардам) эсепке алынат.  

133 Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери  

1332 Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер  

13321 Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер  

Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер, ченемдик актылардын бюджеттери бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, республикалык бюджеттен берилет, аларга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашасы көбөйөт же кирешеси азаят, тиешелүү суммалар республикалык бюджеттен компенсацияланат.  

13321100 Теңөөчү трансферттер  

Теңөөчү трансферттер - бул жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин деңгээли менен керектөөлөрү ортосундагы финансылык ажырымдын ордун жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.  

13321200 Максаттуу трансферттер  

Максаттуу трансферттер - бул бюджеттин бир деңгээлинен башка бюджетке белгилүү бир максаттарга берилүүчү каражаттар.  

13321300 Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдери ортосундагы максаттуу трансферттер  

1333 Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери түрүндө алынган каражаттар  

13331 Социалдык фонд тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар. Бул статья Социалдык фонд үчүн Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшүн түзүү үчүн ачылган.  

13331100 Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү  

13331210 Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар  

13331220 Алыскы, барууга кыйын райондордо иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялар  

13331230 Көп балалуу энелерге жана тубаса майып балдардын энелерине жеңилдетилген пенсиялар  

13331300 Калктын айрым категориялары боюнча пенсиялар  

13331400 Аскер кызматкерлеринин пенсиялары  

13331500 Аскер кызматкерлери курман болгон, майып болгон учурлары боюнча аларды милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу  

13331610 Электр энергиясы үчүн пенсияларга компенсациялык төлөөлөр  

13331620 Чернобыль АЭС авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектен майып болгондорго компенсациялык төлөөлөр 

13331700 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын же кирешелерин жоготууларды компенсациялоо 

13331800 Пенсияларга үстөк акылар  

13332 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар  

13332100 Республикалык бюджеттен мамлекеттик базалык медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар  

13332210 Республикалык бюджеттен 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332220 Республикалык бюджеттен пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332230 Республикалык бюджеттен социалдык жөлөк пул алуучулардын жана бала кезинен майып адамдардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332240 Республикалык бюджеттен баштапкы кесиптик окуу жайлардын студенттерин, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттерин, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттерин 21 жашка чыкканга чейин милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332250 Республикалык бюджеттен калкты иш менен камсыздоо мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332260 Республикалык бюджеттен мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкаркы кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары алынган каражаттар  

13332300 Республикалык бюджеттен сот чечимин аткаруу боюнча компенсацияларды төлөө үчүн алынган каражаттар  

13332900 Республикалык бюджеттен алынган башка каражаттар  

1334 ММКФга камсыздандыруу төгүмдөрү  

13341 Төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү  

13341100 Жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341200 Жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341300 Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик чарба) тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341400 Айыл чарба кооперативдери тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

13341900 Негизги категорияларга кирбеген милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү 

1335 Социалдык фонд бюджетинен алынган каражаттар  

13351 Социалдык фонд бюджетинен алынган каражаттар  

13351100 Милдеттүү медициналык камсыздандырууга Социалдык фонд бюджетинен алынган каражаттар  

1336 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар  

13361 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар  

13361100 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен алынган каражаттар эске алынат.  

14 «Салыктык эмес кирешелер» категориясы  

«Салыктык эмес кирешелер» категориясы төмөнкү топтордон турат:  

141 - Менчиктен кирешелер жана пайыздар;  

142 - Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер;  

143 - Айып акылар, санкциялар, конфискациялар;  

144 - Гранттардан тышкары, ыктыярдуу трансферттер;  

145 - Башка салыктык эмес кирешелер.  

141 Менчиктен кирешелер жана пайыздар  

1411 Пайыздар  

14111 Депозиттер боюнча пайыздар  

14111100 Бул деңгээлде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептеринде турган каражаттар калдыгына кошуп эсептелген пайыздар эсепке алынат.  

14111200 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттери боюнча пайыздар.  

14111300 Бул деңгээлде Социалдык фонддун убактылуу бош акча каражаттарын коммерциялык банктарда кыска мөөнөттүү депозиттерде, мамлекеттик баалуу кагаздарга, Улуттук банктын ноталарына жайгаштыруудан улам түшкөн пайыздар эсепке алынат.  

14111400 Бул деңгээлде Социалдык фонддун жана Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун коммерциялык банктардагы эсептериндеги акча каражаттарынын күндөлүк калдыгына эсептелген пайыздар эсепке алынат.  

14111500 Бул элемент Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын эсепке алуу үчүн гана колдонулат. Мында пенсиялык топтомо каражаттарын депозиттерге, мамлекеттик баалуу кагаздарга, кыргыз эмитенттеринин облигацияларына, ипотекалык баалуу кагаздарга жайгаштыруудан алынган пайыздар эсепке алынат.  

14111600 Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемелери тарабынан ошол мамлекеттин коммерциялык банктарында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттери боюнча пайыздар эсепке алынат.  

14111700 Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар.  

14112 Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар  

14112100 Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден берилген кредиттер боюнча пайыздар эсепке алынат  

14112200 Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринен берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар чагылдырылат.  

1412 Дивиденддер жана пайда  

14121 Дивиденддер  

14121100 Мамлекеттик, муниципалдык акциялардын пакетине кошуп эсептелген, дивиденддер түрүндө алынган кирешелер эсепке алынат.  

14121200 Мында Социалдык фондго таандык болгон ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер түрүндө алынган кирешелер эсепке алынат  

14122 Пайда  

14122100 Мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пайдадан чегерүүлөр камтылат.  

14122200 Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы эсепке алынат  

1415 Ижара төлөө жана ресурстарды колдонуу жана иштетүү үчүн жыйымдар  

14151 Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду издөө, чалгындоо, колдонуу жана иштетүү укугу үчүн жыйымдар, ошондой эле жерди пайдалануу укугу, анын ичинде пайдалуу кен же казып алынуучу отун чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү үчүн акча каражаттар, издөө-баалоо ишинин жыйынтыгы боюнча алгылыктуу баа берилген, пайдалуу кен чыккан жерлердин өнөр жай маанисин аныктоо максатында ишке ашырылган иштердин жана изилдөөлөрдүн жыйындысы үчүн жыйымдар эсепке алынат.  

14151100 Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отун чыккан жерлерди иштетүү укугу үчүн, анын ичинде аукциондук жана сынактык кен пайдалануу объекттерин, ошондой эле кенди пайдалануу укугуна сынакка жана/же аукционго катышуу үчүн катышуучу (төлөөчү) тарабынан төлөнүүчү жыйымдар эсепке алынат.  

14151200 Кыргыз Республикасында пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштеп чыгуу максатында кендерди пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар эсепке алынат.  

14152 Табигый ресурстарды пайдалангандык үчүн жыйымдар жана төлөмдөр эсепке алынат - жер, токой, суу фондуларын колдонуу үчүн кирешелерди камтыйт.  

14152100 Калктуу пункттардагы жерлерди ижарага алуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14152200 Жайыт жерлерине малды жаюу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14152300 Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана чыгымдардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм эсепке алынат  

Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм. Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) Кыргыз Республикасынын «Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан республикалык бюджетке төлөм жоготуулардын ордун толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммасы төлөнүп берилет. Айыл чарба жана токой чарба жоготуулардын ордун толтуруудан каражаттар - республикалык бюджетке, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан алынган каражаттар - жергиликтүү бюджетке түшөт  

14152400 Алынбай калган пайданын ордун толтуруудан жергиликтүү бюджетке төлөм эсепке алынат  

14152600 Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара төлөмү эсепке алынат  

14152700 Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый объекттерин, мамлекеттик токой фондунун жана козу карындарды колдонуу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14152800 Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалангандык үчүн төлөм эсепке алынат.  

14152900 Жогоруда келтирилген классификация элементтеринде каралбаган жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн башка төлөмдөр кирет.  

14153 Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым  

14153100 Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14153200 Керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон, сымап камтылган буюмдарды импорттоочулардан, өндүрүүчүлөрдөн түшүүлөр эсепке алынат  

142 Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер  

1421 Ижарага берилүүчү төлөмдөр эсепке алынат  

14211 Мүлктү ижарага берүүдөн төлөмдөр эсепке алынат  

Мүлктү ижарага берүүдөн төлөм мамлекеттик менчик (14211100) жана муниципалдык менчик (14211200) болуп саналган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдөн, ошондой эле башка мүлктү ижарага берүүдөн (14211900) түшүүлөр болуп бөлүнөт. Ижара төлөмү, ижара тууралуу мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана шартта мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижарачы тарабынан төлөнөт. Ижара тууралуу келишимде каралган коммуналдык кызматтар үчүн төлөө ижарага берүүчүлөрдүн эсептерине которулат. Башка мүлктү ижарага берүүдөн түшүүлөргө, мисалы, жабдууну же инвентарды, транспорттук каражаттарды пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмү кирет.  

14211100 Мамлекеттин менчигинде турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдөн төлөмдөр эсепке алынат.  

14211200 Муниципалдык менчикте турган жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, техникаларды ж.б. ижарага берүүдөн төлөмдөр эсепке алынат.  

14211900 Башка мүлктү ижарага берүүдөн төлөм эсепке алынат  

14212 Материалдык эмес активдерди ижарага берүүдөн төлөм эсепке алынат  

14212100 Радио жыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна сынак өткөрүүдөн түшкөн төлөмдөр эсепке алынат  

1422 Жыйымдар жана төлөмдөр  

14221 Төлөмдөр  

14221300 Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшүүлөр эсепке алынат  

14221400 Көзөнөкчөлөрдү сатуудан төлөмдөр эсепке алынат 

14221500 Мөөнөттүү аскер кызматынын ордуна кызматтардын жана жыйымдардын түрлөрүнөн өткөндүгү үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14221600 Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр эсепке алынат  

14221700 Радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктардын (аукцион, сынак) жыйынтыгы боюнча радио жыштык спектрин пайдаланууга, номер ыйгарууга бөлүнгөн ресурс үчүн алынуучу жыйымдар эсепке алынат  

14221800 Баалуу металлдардан зер буюмдарына жана башка тиричилик буюмдарына сапат белгисин басуу, анализдөө жана эн тамгасын басуу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14221900 Бюджеттик классификациянын жогоруда келтирилген элементтеринде каралбаган акча каражаттар эсепке алынат.  

14222 Алымдар  

Алым - бул тиешелүү мамлекеттик органдар - сот, нотариат жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууда жана юридикалык маанидеги документтерди берүүдө алуучу акчалай жыйым. Жеке адамдар жана юридикалык жактар алым төлөөчүлөр болуп эсептелет.  

14222100 Бул деңгээлде Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн мамлекеттик алым эсепке алынат.  

14222200 Бул деңгээлде юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым эсепке алынат, анын ичинде:  

1) нотариалдык конторалар жана нотариалдык иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан нотариалдык ишти жүргүзүүсү, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөсүн (дубликатын) берүү үчүн;  

2) жарандык абал актыларынын жазууларына өзгөртүүлөр, толуктоолор, оңдоолор жана калыбына келтирүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, жарандык абал актыларын жана күбөлүктөрдү каттоодон өткөрүү жөнүндө жарандарга кайрадан күбөлүктөрдү берүү үчүн;  

14222300 Бул деңгээлде, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароо жөнүндө даттанууларды эске албаганда, сот органдары кароого сунушталган доо жана башка арыздардан жана даттануулардан, ошондой эле сот документтердин көчүрмөсүн бергендиги үчүн алынуучу мамлекеттик алымдар эсепке алынат;  

14222400 Интеллектуалдык менчик объекттери, салттуу билим, аттестация жана патентке ишеним берилгендерди каттоого укук берүү үчүн патенттик жана башка алымдар, жыйымдар эсепке алынат.  

Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктер, товардык белгилерди каттоо, тейлөө белгилери, товардын чыккан жеринин аталышын пайдалангандык үчүн патенттөөдөн түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жүргүзүлөт.  

14222500 Мамлекеттик алым декларациялоодо нотариалдык иш-аракеттер үчүн алынат.  

14222600 Чарба жүргүзүүчү бир субъектте чет өлкөлүк жумушчулар үчүн белгиленген лимиттин чегинде жана белгиленген лимиттен ашык, чет өлкөлүк адиске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жумушка орноштурууга байланыштуу ишке укук үчүн, чет өлкөлүк жеке ишкерлерге, жогорку квалификациялуу, жогорку билимдүү адистерге иштөөгө уруксат алуу үчүн мамлекеттик алым эсепке алынат.  

14222700 Менчик формасына карабастан бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер жана лицензияланууга тийиш болгон ишкердикти жүргүзүүгө ниеттенген жарандар тарабынан лицензия берүү үчүн төлөнгөн мамлекеттик алымдар эсепке алынат.  

14222800 Ишкердик иштин жана анын натыйжаларынын милдеттүү түрдө мамлекеттик талаптарга шайкештиги, инвестициялык жана башка документтерди милдеттүү түрдө макулдашуу жөнүндө ар кандай документтерди, маалым каттарды, сертификаттарды, уруксаттарды берүүдөн түшкөн мамлекеттик алымдар эсепке алынат.  

14222900 Мамлекеттик башка алымдар эсепке алынат  

14223 Бир жолку декларациялык төлөм  

14223100 Бир жолку декларациялык төлөм  

14224 Жыйымдар  

Мамлекет тарабынан белгиленген жана мамлекеттик органдар бир жолу сунуштоочу кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү акча төгүмдөрү эсепке алынат. Жыйымдын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтын наркына байланыштуу.  

14224100 Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар, анын ичинде автомототранспорттук каражаттарды жана атайын продукцияларды, юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик (салыктык, эсептик) каттоо үчүн, ошондой эле аларды кайра каттоо, ишти токтотууну мамлекеттик каттоо үчүн, эсептик каттоо, эсептик каттоодон чыгаруу үчүн, жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо үчүн, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн, кыймылдуу мүлк күрөөсүн мамлекеттик каттоо үчүн, транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо үчүн, ошондой эле аларды кайра каттоо үчүн жыйымдар эсепке алынат. Ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн жыйым эсепке алынат.  

14224200 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген, калктуу пункттардын таштандысын/калдыктарын чыгаруу үчүн жыйымдар эсепке алынат.  

14224300 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын жабдылган же бөлүнгөн жерге автотранспорт каражаттарын токтотуу жана токтотмо жайына коюу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14224410 Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14224420 Өндүрүү жана жүгүртүүгө лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашырууга жыйымдар эсепке алынат  

14224500 Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин салмактоо жана өлчөө, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөгөн жүктөр менен транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар; жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар, жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча жүрүү үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14224600 Апостиль коюу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14224700 Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу үчүн жыйымдар эсепке алынат  

14224800 Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жаатындагы мыйзамдарга ылайык, товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берүү үчүн жыйым эсепке алынат  

14224900 Жогоруда келтирилген элементтер боюнча каралбаган жыйымдар эсепке алынат  

1423 Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр  

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине ылайык мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кирешелери чагылдырылат  

14231 Медициналык кызмат көрсөтүүлөр  

14231100 Амбулатордук деңгээлде (фельдшерлик-акушердик пункттар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, үй-бүлөлүк медицина борборлору, жалпы дарыгерлер практикасы боюнча борборлор, улуттук, областтык жана республикалык борборлор) Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөгү консультативдик-диагностикалык жардам үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14231200 Амбулатордук деңгээлде (дарылоо процедураларын дайындоо, рецепттерди жазуу, пациенттерге медициналык документтерди жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү) Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашык дарылоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14231300 Жарандарга медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлбөгөн стационар ордундагы бөлүмдөрдө медициналык жардам көрсөтүүлөр үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14231400 Адистештирилген стационарларда Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашык (терапевттик, педиатрдык, хирургиялык, акушер-гинекологиялык профилдеги жана башка) медициналык жардам көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14231500 Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо көлөмүнөн ашык көрсөтүлгөн кызматтардын наркын төлөөдө жарандардын катышуусу катары түшкөн каражаттар эсепке алынат  

14231600 Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашык стоматологиялык жардам көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14231700 Табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинсекциялык, дезинфекциялык жана дератизациялык чараларды жүргүзүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат  

14231800 Технологиялык медициналык жардам түрлөрүн (квотадан белгиленгенден тышкары) көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14231900 Жогоруда келтирилген бюджеттик классификация элементтеринде каралбаган медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат  

14232 Билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр  

14232100 Мамлекеттик окуу жайларда (жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлар) контракттык окутуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232200 Өзгөчө үлгүдөгү документтерди алууга талапкер жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн тесттен өткөрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232300 Кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучулары даярдаган продукцияны сатуудан түшүүлөр, ошондой эле жатаканаларда, мейманканаларда жашоо үчүн төлөмдөр чагылдырылат  

14232400 Окуу программаларын терең үйрөнүү үчүн кошумча сабактар, ийримдер түрүндө мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматтарын көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232500 Программаларды, семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232600 Жогорку окуу жайга чейин, жогорку окуу жайдан кийин жана кошумча билим берүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14232700 Театралдык постановкаларды көрсөтүү, атап айтканда: спектакль, балет, опера, цирк программасы, концерттик программа ж.б. көрсөтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232800 Залдарды жана жайларды, ошондой эле маданият мекемелеринин жабдууларын, инвентарларын сунуштоо, маданият чөйрөсүндө искусство жана билим берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14232900 Жогоруда келтирилген бюджеттик классификация элементтеринде каралбаган билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат  

14233 Социалдык кызмат көрсөтүүлөр  

14233100 Мамлекеттик программалар, өкмөт аралык жана башка расмий макулдашуулар алкагында иш издөөчү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөдө ишке орноштурууга өбөлгө түзүү үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14233200 Чет өлкөлүк жумушчу күчүн ишке тартуу жана иштөөгө уруксат берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14233300 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын Интернет-журналына илимий макалаларды жарыялоо үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14233400 Жогорку ыңгайлуулуктагы бөлмөлөрдү жолугушууларга берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14233500 Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ден соолугун чыңдоо үчүн санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине ылайык ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарды коштоп жүрүүчү адамга медициналык көрсөткүчтөрүнө жараша 50 пайыз жеңилдик, II топтогу майыптарды коштоп жүрүүчү адамга 50 пайыз жеңилдик, III топтогу майыптарды коштоп жүрүүчү адамга 30 пайыз жеңилдик берүү кызматтары эсепке алынат  

14233600 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине ылайык дарыгердин багыттамасы боюнча майыптык топко кирбеген, муктаж жарандар үчүн белгиленген тизмеден ашык протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана сунуштоо эсепке алынат  

14233900 Жогоруда келтирилген бюджеттик классификация элементтеринде каралбаган социалдык кызматтар үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат.  

14234 Каттоо, маалымдамаларды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарды берүү кызмат көрсөтүүлөрү  

14234100 Жабдуулар жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга сертификат берүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат  

14234200 Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтардагы аскер кызматкерлерине, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик-эсепке алуу документтеринин дубликаттарын берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14234300 Окумуштуулук даража ыйгаруу жөнүндө диплом жана окумуштуу наамын ыйгаруу жөнүндө аттестат берүү, чет мамлекеттер тарабынан берилген окумуштуулук даражаны ыйгаруу жана окумуштуу наамын ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды кайра аттестациялоо үчүн түшүүлөр чагылдырылат  

14234400 Маалымдамаларды, күбөлүктөрдү, дубликаттарды, ишеним кат жана полистерди берүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат  

14234500 Эл аралык стандарттын талабына ылайык лабораториялардын, продукцияны сертификациялоо боюнча органдардын, персоналдын жана башкалардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14234600 Сертификаттарды берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14234700 Апостиль коюу кызматтары үчүн төлөм эсепке алынат  

14234900 Каттоо, маалымдамаларды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат  

14235 Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертизалоо боюнча кызматтар  

14235100 Табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинфекциялык каражаттардын активдүүлүгүн аныктоо үчүн төлөм эсепке алынат  

14235200 Өнөр жай таштандыларын, агынды сууларды жана жер ресурстарынын булганууларын пландан тышкары лабораториялык изилдөө, ошондой эле өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарында, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринен тышкары аймактарда пландан тышкаркы токой-аңчылык жайгаштыруу жана илим изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн түшүүлөр чагылдырылат  

14235300 Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын долбоорлоруна, стандартташтыруу жаатындагы эрежелерге жана сунуш-көрсөтмөлөргө, уюмдардын стандарттарына экспертиза жүргүзүү, уюмдардын стандарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Тематикалык пландан тышкаркы окуу китептердин, окуу-усулдук колдонмолордун жана дидактикалык материалдардын кол жазмаларына экспертиза жүргүзүү жана башка экспертизалар үчүн төлөмдөр эсепке алынат. Ошондой эле табыштамалар жана келишимдер боюнча жумушчу зонадагы абаны (санитардык-химиялык изилдөөлөр), жеке адамдардын жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптары боюнча маалыматты изилдөөлөр да эсепке алынат. Жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана башкалардын арызы боюнча криминалисттик, инженердик-техникалык, экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.  

14235400 Жалпы билим берүүчү уюмдардагы окуучулардын жалпы баштапкы, негизги жалпы, орто (толук) жалпы билим берүүдөгү билим деңгээлин тестирлөө, жеке адамдар үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14235500 Өсүмдүктөрдү, топурак кыртышын, сугат сууларын пестициддердин жана агрохимикаттардын калдык санын камтуусу боюнча химиялык жактан талдап-иликтөө, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келүүсү боюнча изилдөө жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн табыштамалары боюнча жер кыртышында азыктандыруучу заттар жана гумус камтылышына мониторинг жүргүзүү, айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иш-аракеттери өсүмдүктөн алынган продукциялар, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (энтомологиялык, гербологиялык, фитопатологиялык экспертиза жүргүзүү) табыштамалары боюнча карантин объекттерин аныктоо, үлгүлөрдү тандоо жана лабораториялык экспертиза жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана жакын жайгашкан аймактарды изилдөө үчүн ж.б. төлөмдөр эсепке алынат  

14235600 Экспорттоодо ветеринардык коштомо документтерди берүү менен клиникалык кароо жана термометрия, ошондой эле малдан алынуучу продуктуларды жана чийки затты, тоютту, тоют кошулмаларын, ветеринардык дары каражаттарын жана препараттарды ветеринардык кароо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14235700 Табыштамалар жана келишимдер боюнча тамак-аш продукцияларынын генетикалык модификацияланган булактарын аныктоо үчүн санитардык-химиялык изилдөөлөрдөн, токсикологиялык, микробиологиялык, радиометриялык экспертиза жүргүзүүдөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат  

14235800 Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүдөн жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана өлкө аймагына ташылып келинүүчү дары каражаттарына ветеринардык экспертиза жүргүзүүдөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат  

14235900 Бул категорияга талдоо, баалоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр кошулат  

14236 Маалымат берүү жана басма сөз кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо  

14236100 Диссертациялардын авторефераттары жана диссертациялар боюнча маалыматты берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236200 Статистикалык байкоо жүргүзүү, статистикалык маалыматтарды берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236300 Маалыматты издөө, тандоо жана берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236400 Илимий-техникалык адабияттардын көчмө көргөзмөлөрүн уюштуруу, музей коллекцияларын көрсөтүү, экспозициялар боюнча экскурсия жана экскурсияны алып жүрүүчү менен көргөзмө уюштуруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236500 Документтерди убактылуу пайдаланууга берүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236600 Жарандардын документтерин тариздөө жана документтештирүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236700 Жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалыматтык продуктулары үчүн төлөмдөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат  

14236800 Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканалардан илимий-техникалык адабиятты жана документтерди сканерден өткөрүү жана көчүрмөлөө үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14236900 Маалымат берүү жана басма сөз боюнча классификацияланбаган кызматтар үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат  

14237 Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу  

14237100 Зыянкечтерге каршы химиялык жана биологиялык дарылоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237200 Карантин белгиленген продуктуларды, каражаттарды жана жайларды зыянсыздандыруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237300 Карантиндик изолятордо малдарды күтүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237400 Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237500 Документтерди даярдоо, кабыл алуу жана сактоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237600 Келишимдер боюнча объекттерди кайтаруу жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237700 Бат күйүп кетме, таасири күчтүү, уулуу заттарды коштоп жүрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237800 Табыштамачынын демилгеси боюнча документтерди, ошондой эле мекемелер үчүн иштердин жеке жана тармактык номенклатурасын мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө даярдоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14237900 Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238 Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү  

14238100 Суу пайдалануучуларына суу жеткирүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238200 Өзгөчө кайтарылган жаратылыш аймактарындагы объекттерге баруу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238300 Жыгачты жана отургузуу материалын сатып өткөрүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238400 Эл аралык патенттик классификация боюнча теманы классификациялоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238500 Эл аралык патенттик классификация, универсалдуу ондук классификация, универсалдуу ондук классификация боюнча диссертациялардын авторефераттарына индекс коюу (статьялары) боюнча темаларды классификациялоо үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238600 Короо-жай курулмаларын орнотуу жана эксплуатациялоо үчүн схема картасын иштеп чыгуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238700 Суу алдындагы-техникалык иштер, суучулдардын ишин жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14238800 Иш-чараларды форматтан тышкары өткөрүү жана уюштуруу үчүн төлөм эсепке алынат  

14238900 Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине ылайык башка кызмат түрлөрү боюнча классификацияланбаган кызматтар үчүн башка төлөмдөр эсепке алынат  

14239 Башка түшүүлөр  

14239100 Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн түшкөн акча каражаттары эсепке алынат  

14239200 Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр эсепке алынат (эл аралык институттардан демөөрчүлүк жардам)  

14239300 Жеке өндүрүш товарларын сатуудан каражаттар эсепке алынат  

14239400 Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан келишимдин негизинде берилүүчү ведомство аралык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм эсепке алынат  

14239500 Ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жогору жана төмөн турган мекемелерге чегерүүлөр эсепке алынат  

14239700 Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн түшүүлөр эсепке алынат  

14239900 Жогоруда келтирилген бюджеттик классификациянын элементтеринде каралбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр категориясына караштуу башка түшүүлөр эсепке алынат  

143 Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар  

1431 Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар  

14311 Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар  

14311110 Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан жол берилген укук бузуулар үчүн төлөнгөн айыптар эсепке алынат  

14311120 Туумдар, айыптар боюнча финансылык санкцияларда айыптарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн акча каражаты эсепке алынат  

14311300 Фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциялык иш-чараларга, ошондой эле мүлктү мамлекеттин пайдасына конфискациялоо жөнүндө сот чечимдерине ылайык, конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатып өткөрүүдөн түшүүлөр эсепке алынат  

14311400 Жүргүзүлгөн контролдук-көзөмөл иш-чаралардан түшүүлөргө мыйзамда белгиленген финансылык жол-жоболорду жеке адамдар жана юридикалык жактар бузган учурда жана кол коюлган макулдашууларды, келишимдерди жана мамлекеттик милдеттенмелерди аткарбай койгондо мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өндүрүлүп алынуучу каражаттар кирет. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бюджеттик каражатты казыналык системасына жеткирбестен, максатсыз пайдалануу жана иштетүү фактылары боюнча жазма буйруктарына ылайык, макулдашуулар, келишимдер же башка мамлекеттик милдеттенмелер бузулган, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарынан четтөөдө жана фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан документтерди текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган финансылык бузууларга жол берилген учурда, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өндүрүлүп алынуучу айыптык санкциялар.  

14311500 Бул деңгээлде ири өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленген экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу эске алынат  

Экономикалык кылмыштарга мамлекетке, ишкердикке, жарандарга материалдык зыян келтирген, жазасын алуучу укукка каршы, өзүмчүл кылмыштуу иштердин жыйындысы кирет, алар легалдуу экономикалык иштин алкагында жана ага жамынуу менен жүргүзүлөт  

14311600 Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондусуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышына, жаратылыш жана суу ресурстарынын түгөнүшүнө, жаратылыштын экологиялык системасынын бузулушуна, кыйрашына алып келген, адам баласынын ден соолугуна жана жашоосуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө чыныгы коркунуч жараткан аракеттер үчүн төлөмдөр эсепке алынат  

14311700 Жер кыртышын бузгандык үчүн административдик айыптар, жер кыртышын бузуунун натыйжасында пайда болгон айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча түшүүлөр эсепке алынат  

14311800 Жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдоруна келтирилген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу  

14311900 Коррупциялык мүнөздөгү жазык иштери боюнча зыяндын ордун толтуруу, мында коррупциялык кылмыштарга байланыштуу жазык иштери боюнча зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар эсепке алынат  

Коррупциялык кылмыштарга төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:  

- тиешелүү субъекттин жазык-жаза жосунунун болушу, аларга функциялары Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамында жана ченемдик мүнөздөгү сот практикасында жазылган кызмат адамдары кирет;  

- субъекттин кызматтык абалы менен коомдук коркунучтуу жосундардын байланышы, ээлеген кызматынын же кызматтын кызыкчылыктарына карабастан, өзүнүн түз милдеттенмелеринен чегинүү;  

- субъектте өзүмчүлдүк мотивдин милдеттүү түрдө болушу;  

- атайылап кылмыш жасоо  

1432 Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар  

14321 Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар  

14321100 Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук которбогондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар  

14321200 Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук чегербегендиги үчүн эсептелген туумдар жана айып пулдар кирет  

144 Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар - бул категорияда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдардан же юридикалык жактардан мамлекетке, бюджеттик мекемелерге каражаттарды кайтарымсыз түрдө өткөрүп берүүнүн башка формалары камтылат. Ошондой эле мамлекеттик айрым сектор бирдиктерине инвесторлордун демөөрчүлүк колдоосу жана гранттары түрүндө түшүүчү каражаттар жана анын ичинде эл аралык уюмдардан ММКФ бюджетине алынган гранттар эсепке алынат  

1441 Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар  

14411 Учурдагы  

14411100 Мамлекеттик сектор бирдиктерине учурдагы ыктыярдуу трансферттер жана гранттар, мында учурдагы чыгашаларды каржылоо үчүн жеке адамдардан жана юридикалык жактардан түшүүчү демөөрчүлүк жардам (Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашалар классификациясында каралган), ошондой эле мамлекеттик сектор бирдиктерине гранттык жардам жана анын ичинде эл аралык уюмдардан ММКФ бюджетине алынган гранттар эсепке алынат  

14412 Капиталдык  

14412100 Мамлекеттик сектор бирдиктерине капиталдык ыктыярдуу трансферттер жана гранттар, бул капиталдык чыгашаларды каржылоо үчүн (активдер жана милдеттенмелер менен операциялар боюнча классификацияда каралган) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн демөөрчүлүк жардам  

145 Башка салыктык эмес кирешелер - бул категория 141ден 144кө чейинки категорияларга бөлүнбөгөн бардык башка салыктык эмес кирешелерди камтыйт  

1451 Башка салыктык эмес кирешелер  

14511 Башка салыктык эмес кирешелер  

14511110 Мамлекеттин пайдасына айланган кирешелерге бюджетке келип түшкөн каражаттар кирет, алар кандайдыр бир башка категориянын курамына эске алынышы мүмкүн эмес, мында үзгүлтүксүз негизде болбогон же бир жолку төлөм түрүндө түшүүлөр мүнөзүнө ээ. Мындай төлөмдөр менен түшүүлөргө: кандайдыр бир себептер менен кайтарылган өткөн жылдардагы каражаттар, эл аралык долбоорлор жабылганда же дагы башка мекемелер жоюлганда пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыгы, металл сыныктарын жана макулатураны тапшыруудан каражат, «финансылык эмес жана финансылык активдерди сатуу» деңгээлине таандык болбогон жана ал боюнча эсепке алынбаган негизги фонддорду сатуудан түшүүлөр, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешеси катары квалификацияланбаган жана алардын түшкөн күнүнөн 2 ай өткөнчө талап кылынбаган каражаттар кирет.  

14511120 Экономикалык амнистия боюнча мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерге бюджетке кошумча акчалай түшүүлөрдүн булагы катары бюджетке түшкөн каражаттар кирет алар экономикалык кылмыштардан келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, кандайдыр бир башка категориянын курамында эске алынбай турган, легализациялоодон кийин мурда жашырылган киреше боюнча келип түшүүлөрдөн турат, мында алар үзгүлтүктүү негизде келип түшүү мүнөзүнө ээ. 

14511200 Бул деңгээлде чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага конвертациялоодо келип чыккан пайда, б.а. Казыналыктын валюта эсептери боюнча операцияларды жүргүзүүдө жана аларды кийинки эсепке алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелер тарабынан чет өлкө валюталарын конвертациялоодо келип чыккан курстук айырма эсепке алынат. Зыян тартуу учурунда төлөм суммасы «минус» белгиси менен эсепке алынат.  

14511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн акча каражаттарынын түшүүсү эсепке алынат. Төлөөчү болуп жеке адам же юридикалык жак саналат, ал пайдалуу кен казып алынуучу жердин жайгашкан орду боюнча областтардын, райондордун өнүктүрүү фондуларына жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнү жүргүзүүчү каттоо ордуна карабастан, (көмүр, сымап, минералдуу жана термалдуу сууларды жана курулуш материалдары катары, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүүдө чийки зат катары пайдаланылуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) пайдалуу кендерди казып алат  

14511900 Башка салыктык эмес кирешелерде аларды башка категориялардын курамында классификациялоо үчүн жетиштүү маалымат болбогон кирешелер камтылат, ошондой эле бул деңгээлге алуучу тарабынан эки ай ичинде тактоолор жана түшүндүрүүлөр талап кылынган (аныкталбаган түшүүлөр) түшүүлөр кирет. Төлөм тиешелүүлүгү аныкталгандан кийин, каражаттар тиешелүү деңгээлде чагылдырылат  

14512 Пенсиялык топтомо каражаттарынын түшүүсү  

14512100 МТПФга башкаруучу компаниялардан пенсиялык топтомо каражаттарынын түшүшү.  Камсыздандырылган адамдарга пенсиялык топтомо каражаттарын төлөө үчүн башкаруучу компаниялардан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна түшкөн пенсиялык топтомо каражаттар эсепке алынат.»; 

- Кирешелердин классификациясын, Чыгашалардын экономикалык классификациясын жана Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын колдонуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөлөрдүн III. «Чыгашалардын экономикалык классификациясы» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

III. Чыгашалардын экономикалык классификациясы 

Чыгашалардын экономикалык классификациясы мамлекеттик башкаруу секторунда ишке ашырылуучу операциялардын экономикалык мазмунуна жараша бюджеттердин чыгашалар топтому болуп саналат.  

Чыгашалардын экономикалык классификациясы өзүнө бөлүктөрдүн, категориялардын, топтордун, статьялардын, кичи статьялардын коддорун жана 8 белгиден турган чыгаша элементтерин камтыйт:  

Чыгашалардын экономикалык классификациясы 

Бөлүм Категория Топ Статья Кичи статья Элемент 

X XX XXX XXXX XXXXX XXXXXXX 

1 2 3 4 5 8 

бөлүк - 1 белги;  

категория - 2 белги;  

топ - 3 белги;  

статья - 4 белги;  

кичи статья - 5 белги;  

элемент - 8 белги.  

Министрликтер менен ведомстволордун бюджетинин аткарылышы 8 белгинин деңгээлинде жүргүзүлөт  

«Чыгашалар» деп аталган 2-бөлүгү чыгашалардын төмөнкү категорияларын камтыйт:  

21 Кызматкерлердин эмгегин төлөө  

22 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу  

24 Пайыздар  

25 Субсидиялар  

26 Гранттар жана төгүмдөр 

27 Социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр  

28 Башка чыгашалар  

Чыгашалардын ар бир категориясы тиешелүү статьялар, кичи статьялар жана чыгаша элементтери боюнча коддору так көрсөтүлгөн чыгаша топторунан турат.  

21 Кызматкерлердин эмгек акысы  

Кызматкерлердин эмгек акысы 21-категориясына - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматчыга төлөнүүгө тийиш болгон эмгек акы боюнча чыгымдар киргизилет. Кызматкерлердин эмгек акысы өздүк каражаттар эсебинен капитал топтоого байланыштуу ишти эске албаганда (бул шарт кызматкерлердин эмгек акысынын башка чакан категорияларына да тиешелүү), отчеттук мезгилдин ичинде аткарылган иши үчүн акчалай түрдө мамлекеттик кызматчыга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон толук акыны билдирет. Бул категорияга эмгек акы (211) жана кызматчылардын атынан социалдык камсыздандыруу программасына жумуш берүүчү төлөгөн социалдык керектөөлөргө төгүмдөр/чегерүүлөр (212) кирет.  

Кызматкерлердин эмгек акысы кызматкер тиешелүү мезгилдин ичинде аткарган иши үчүн акчалай же натуралай алууга укугу бар, иштин аткарылышына жараша же ал аяктагандан кийин аванс түрүндө төлөнө турган акынын чоңдугу менен аныкталат.  

Эмгек акы 211-тобу жумуш берүүчү тарабынан мамлекеттик кызматчыга төлөнгөн бардык төлөмдөрдү камтып турат, буга социалдык муктаждыктар үчүн төгүмдөр/чегерүүлөр (212) буга кирбейт. Ал акчалай формадагы төлөмдөрдү камтып турат. Аталган категорияга кызматкерлердин эмгек акысынан чыгарып салуу аркылуу төлөнүүчү социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр да киргизилет.  

Эмгек акыга кызматкер иш алуу же өз функцияларын аткаруу процессинде тарткан чыгымдар киргизилбейт. Мисалы, транспорттук чыгымдардын, көчүрүү акысынын ордун толтуруу же кызматчы жаңы ишке алынганда тарткан чыгымдар эмгек акы катары эсептелбестен, товарларды жана кызматтарды пайдалануу (22) катары классификацияланат. Бул категорияга ошондой эле кызматкер тарабынан шайманга, камсыз кылууга, атайын кийимге же өзүнүн ишин аткаруу үчүн гана негизинен зарыл болгон атайын кийимге же башка нерсеге кеткен чыгымынын ордун толтуруу да кирбейт. Орду толтурулуучу суммалар товарларды жана кызматтарды пайдалануу (22) деп эсептелет.  

Эмгек акыга ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан балдарга, жубайына, балалуу үй-бүлөлөргө, билим берүүгө жөлөк пулдар же багуусунда болгондорго башка жөлөк пулдар формасында төлөнгөн социалдык жөлөк пулдар да кирбейт; жумушка оорусуна, кырсыкка байланыштуу келбей калган же кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүүдө болгон кызматкерлерге эмгек акынын толук же толук эмес ставкасы боюнча төлөп берүү эмгек акыга кирбейт.  

2111-статья Эмгек акы, ушул категория кызматкерлерге алар тарабынан эсептен чыгарууларга, аларга салыктарды төлөөгө жана социалдык камсыздандыруу программасына төгүмдөрдү төккөнгө чейин, алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акчалай формада төлөп берүүлөрдөн турат. Аталган категорияга базалык эмгек акы; мөөнөтүнөн ашык жана түнкүсүн иштегендиги үчүн кошумча акы, ошондой эле дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн кошумча акы, жашоонун наркынын өзгөрүшүнө байланыштуу экспатриацияга байланыштуу кошумча төлөөлөр, жергиликтүү кошумчалар; сый акылар, «он үчүнчү эмгек акы» сыяктуу кошумча төлөмдөр; ишке келүү жана кайра кетүү үчүн төлөнүүчү каражаттар; расмий майрам күндөрү жана ар жылкы өргүүлөр; турак жай үчүн жөлөк пул, ал төмөндөгү кичи статьяларды камтыйт:  

21111 Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысы  

21112 Убактылуу кызматкерлердин эмгек акысы  

21111 Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысы, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

21111100 Негизги эмгек акыга бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин негизги эмгек акысына төлөөлөр боюнча чыгымдар кирет.  

21111200 Үстөк кошууларга квалификациялык разряд (аскердик наам, класстык чин, атайын класстык чин, атайын наам, дипломатиялык ранг); мамлекеттик жана башка кызматтардагы өзгөчө шарттар (зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттарында; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык ыңгайсыз климаттык оор шарттар); көп жылдык эмгек; окумуштуулук даража; окумуштуулук наам; чет тилди билүү; айдоочулардын класстуулугу; иштин кызыкчылыгын камсыз кылган жеке үстөк кошуулар үчүн эмгек акы төлөөлөр боюнча чыгымдар киргизилет.  

21111300 Кошумча төлөөлөр жана компенсацияларга, сыйлык төлөө; материалдык жардам; жылдык иштин жыйынтыгы боюнча сыйлык берүү; автордук аткарууга жана коюуга сыйлык берүү жана кызыктыруу мүнөзүндөгү төлөөлөр; эгерде ооруп калса же жаракат алса (өндүрүштүк кокустуктардан жана кесиптик оорулардан сырткары) эгерде кызматчы өзү гана алган жаракатынан же ооруп калганда жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен эмгекке жарамсыздыктын биринчи эки күнү үчүн жөлөк пул төлөөлөр; жыл сайын өргүүгө төлөө, окугандыгына өргүү төлөө, пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация төлөө; кесиптик даярдыктарга багытталган кызматчылардын окуу мезгили үчүн төлөө; квалификациясын жогорулатуу же башка кесиптерге окууга; түнкү убакта иштегендиги үчүн; майрам жана дем алуу күндөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык белгиленген жеңилдик берилген пенсиялык камсыз кылуу (мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу) боюнча чыгымдар кирет. Ошондой эле аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн бир гана жолу берилүүчү жөлөк пул, иштен бошоп кеткендерге бериле турган жөлөк пул, жаңы жерге отурукташууга кеткен чыгымдар кирет.  

21112 Убактылуу кызматкерлердин эмгек акысына төмөнкү элементтер кирет:  

21112100 Контракт боюнча жана убактылуу негизде жалданган кызматкерлерге контракт менен иштегендерге төлөө боюнча чыгымдар кирет (22151200 консультанттардын кызматына чыгымдар кошулбайт).  

Социалдык фондго төлөмдөр кызматкердин эмгек акысынын бүтүн суммасынын бөлүгү болуп эсептелет жана жумуш берүүчү кызматкердин атынан Социалдык фондуга которгон төгүмдөр кирет. Социалдык фондуга төгүмдөр 2111 эмгек акы статьясынан ар бир элементинен 8% өлчөмүндө эсептелет.  

Киреше салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодекси белгилеген өлчөмдө эсептелет. Киреше салыгы эмгек акынын бүтүн суммасынан кармап калынат жана 2111 эмгек акы статьясынын Элементтерине пропорционалдуу эсеп кылынат, кызматчынын ала турган киреше түрүнө көз каранды (негизги эмгек акы, материалдык жардам, өргүүгө чыгуу үчүн жөлөк пулдар ж.б.).  

212-топ Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктери тарабынан социалдык камсыздандыруу программаларына өз кызматкерлерине социалдык жөлөк пулдарды, анын ичинде пенсияларды жана пенсиялык башка жөлөк пулдарды алуу укугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлө турган, айкын түрдө жүргүзүлгөн же шарттуу түрдө эсептелген төлөмдөрдү билдирет.  

2121 Социалдык фондго, социалдык камсыздандыруу программасына төгүмдөр, алар кызматкерлерге кийинчерээк социалдык жөлөк пул, анын ичинде пенсия жана башка пенсиялык жөлөк пулдарды алуу укугун камсыз кылуу максатында алынат. Автономдуу эмес пенсиялык фонддор тейлеген мамлекеттик башкаруунун секторлорунун бирдиктерин кошо алганда, камсыздандыруу компанияларына, социалдык камсыздандыруу фонддоруна же социалдык камсыздандыруу программаларын уюштуруу жана башкаруу үчүн жооп берген башка институционалдык бирдиктерге төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдөн/чегерүүлөрдөн турат. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

21211100 Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү  

22 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу  

22-категория. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу, бул категория товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу 22 категориясы, жеке каражаттардын эсебинен капитал топтоодон, ошондой эле аягына чыгарылбаган өндүрүштүн запастарынын таза өзгөрүүсүн эсептен чыгаруу менен, кайра сатуу үчүн сатылып алынган товарлардан тышкары, рыноктук жана рыноктук эмес товарларды жана кызматтарды өндүрүү үчүн пайдаланылган товарлардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн турат.  

Техникалык тейлөөгө сарпталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жана негизги фондуну күндөлүк ремонттоо иштери товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну билдирет. Илимий изилдөөлөр жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуулар, персоналды окутуу, рынокту изилдөөлөр жана башка иштер үчүн пайдаланылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, алардын ичинен айрымдары бир жылдан ашпаган мөөнөт аралыгында пайда алып келе тургандыгына карабастан, материалдык эмес негизги фонддорду сатып алуу катары эмес, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Улуттук валютада банкнотторду жана монеталарды даярдоо үчүн колдонулуучу материалдар же аларды даярдоо үчүн подрядчылар тарабынан төлөөгө тийиштүү суммалар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Улуттук валютада банкнотторду жана монеталарды чыгаруу үчүн пайдаланылуучу материалдар же аларды чыгаргандыгы үчүн подрядчыларга төлөнүүгө тийиш болгон суммалар эсепке алууда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Банкнотторду жана монеталарды чыгаруу кирешелер менен да, чыгашалар менен да байланышпаган финансылык операцияны билдирет. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга курал-жабдыктар (мисалы, ракета, снаряддар жана аларга ок-дарылар) жана бул курал-жабдыктарды (мисалы, ракеталык түзүлүштөрдү иштетүү, аскер кемелери, суу алдындагы кайыктар жана танктар) иштетүү үчүн аскер техникасын сатып алуу кирет. Алар аскерлер үчүн, ошондой эле жарандык максаттарга да пайдаланылышы мүмкүн болгон обьекттерди сатып алуу, мисалы, аскер аэдромдорун, докторду, колледждерди, ооруканаларды жана кеңсе жабдууларын сатып алуу негизги фонддорду сатып алуу катары чагылдырылат. Бирок, полиция жана ички коопсуздук кызматтары тарабынан сатылып алынуучу курал-жабдыктар же транспорттук каражаттар негизги фонддорду сатып алуу катары чагылдырылат, анткен менен, аскер ведомстволорунун мындай жабдууларга чыгашалары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу болуп эсептелет. Мамлекеттик бирдиктер жана алардын кызматкерлери тарабынан керектелүүчү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр пайдалануу максатына жараша товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу катары классификацияланат. Жалпысынан, кызматкерлердин товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу өз ишин аткаруусу үчүн зарыл болгон шартта, бул товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу болуп саналат.  

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана пайдаланууга кызматкерлер тарабынан сунушталуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү кирет: иште пайдаланыла турган арзан товарларды, инструменттерди же жабдууну сатып алуу: а) иште гана же негизинен иште колдонула турган инструмент же жабдуу; b) иште гана же негизинен иште колдонула турган кийим же бут кийим, мисалы, коргоо кийими, комбинезондор же формалык кийим; c) кызматкерлердин жумуш ордундагы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү пайдалана албай турган турак-жай кызматтары, мисалы, казармалар, тиричилик бөлмөлөрү, жатаканалар жана барактар; d) атайын тамак же суусундуктар, аларды керектөө зарылдыгы өзгөчө эмгек шарттарына байланыштуу келип чыгат, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруудагы аскер кызматкерлерине жана башка кызматкерлерге бериле турган тамак жана суусундуктар; e) иш сапары учурунда көрсөтүлө турган транспорттук жана мейманкана кызматтары; f) иштин мүнөзүнө жараша зарыл болгон чечине турган жайлар, даараткана, душ жана ванна бөлмөлөрү, ошондой эле g) биринчи жардам көрсөтүү каражаттары, медициналык кароолор же иш мүнөзү менен шартталган ден соолугунун абалын башка текшерүүлөр; техникалык тейлөөгө сатып алынуучу жана пайдаланылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр же негизги фонддорду күндөлүк ремонттоо, персоналды окутуу жана башкалар.  

Төмөнкү статьяларды камтыйт:  

2211 Кызматтык иш сапарларга чыгашалар  

2212 Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү  

2213 Ижара акысы  

2214 Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр  

2215 Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

2216 Саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү статья менен көрсөтүлгөн чыгашалар  

2217 Медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

2218 Тамак-аш азыктарын сатып алуу  

2219 Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьялар менен көрсөтүлгөн чыгашалар  

2221 Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгашалар  

2222 Күндөлүк чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу  

2223 Кийим-кече предметтерин жана башка форма жана атайын кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо  

2224 Көмүрдү жана башка отун түрүн сатып алуу  

2225 Күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу  

2226 Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар  

2227 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чыгашалар  

2231 Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр  

2235 Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр  

2211 Кызматтык иш сапарларга кеткен чыгашаларга мамлекеттик кызмат иштери боюнча кыдыруулардагы чыгашалардын ордун жабууга кеткен чыгашалар кирет. Төмөнкү кичи статьяларды камтыйт:  

22111 Өлкө ичиндеги иш сапарларга чыгашалар;  

22112 Чет өлкөгө иш сапарларына кеткен чыгашалар төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22111100; 22112100 Транспорттук чыгашалар;  

22111200; 22112200 Мейманкана чыгашалары;  

22111300; 22112300 Суткалык чыгашалар  

2212 Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, буга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар кирет: телефондук, факсимильдик, уюлдук, фельдъегердик, почта аркылуу, трансляциялык жана башка. Төмөнкү кичи статьяларды камтыйт:  

22122 Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү  

22122 Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө телефондук (уюлдук, пейджингдик, Интернет тармагына кошулуу жана пайдалануу), телеграфтык байланыш каналдарын камсыз кылуу максатындагы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоого чыгашалар кирет. Почта аркылуу жөнөтүүлөрдү кайра жөнөтүү (анын ичинде фельдъегердик байланыш, акча каражатын почта аркылуу которуу ж.б. үчүн төлөмдөр). Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22122100 Телефондук жана факсимилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү  

22122200 Уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү  

22122300 Фельдъегердик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү  

22122400 Почта аркылуу байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, буга почта аркылуу байланыш кызматын көрсөтүүгө чыгашалар кирет (почта аркылуу жөнөтүүлөрдү кайра жөнөтүү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу ж.б.)  

22122500 Телерадиопрограммаларды берүүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр  

22122900 Башка байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жогоруда аталган элементтерге кирбеген байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде интернет байланышына туташтыруу жана аны пайдалануу кирет  

2213 Ижара акысын төлөөгө активдердин: имараттардын, жайлардын, унаа каражаттарынын ижарасы үчүн төлөө боюнча чыгашалар кирет (жеке муктаждыктарын камсыздоо максатында түзүлгөн ижара (субижара) келишимдерине ылайык)  

Төмөнкү элементтерден турат:  

22131100 Имараттардын жана жайлардын ижарасы  

22131200 Жабдуулардын жана инвентардын ижарасы  

22131300 Транспорт каражаттарынын ижарасы  

22131900 Башка мүлктүн ижарасы  

2214 Транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө мекемелердин жеке муктаждыктарын камсыздоо максатында, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгашалары, анын ичинде транспорт каражаттарын жалдоо чыгашалары: жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, кызматтагы адамдардын коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө кызматтык максатта жүрүүсү үчүн документтер менен камсыз кылуу жана башка кызматкерлердин ордунан которулушуна байланышкан башка чыгашалар кирет. (22111100, 22112100 иш сапарга чыгашалар, 22122300 фельдъегердик кызмат көрсөтүүлөр кирбейт)  

Төмөнкү элементтер кирет:  

22141100 Бензин, дизелдик жана башка күйүүчү майлар  

22141200 Запастык тетиктерди сатып алуу  

22141300 Транспорт каражаттарын тейлөө  

22141900 Башка транспорттук кызмат көрсөтүүлөр  

2215 Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга төмөнкү кичи статьялар кошулат:  

22151 Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

22152 Мүлктүн абалын күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

22153 Мамлекеттик кызматчыларды, адистерди жана калкты окутууга чыгашалар  

22154 Башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөргө байланыштуу чыгашалар  

22151 Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мекеменин юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо үчүн чыгашалары кирет. Төмөнкү элементтер камтылат:  

22151100 Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр  

22151200 Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү  

22151400 Маалымат технологиялары боюнча кызмат көрсөтүүлөрүндө маалымат технологияларына тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр эске алынат, мисалы, компьютердик техниканы ремонттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, компьютердик жабдууну орнотуу, картридждерге боёк куюу же алмаштыруу ж.б.  

22152 Мүлктүн абалын күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мекеменин өз муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, оперативдүү башкарууда же ижарада турган финансылык эмес активдерди күтүүгө байланыштуу, жайларды, имараттарды, короолорду же башка мүлктү таза кармоо сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгашалары кирет.  

Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22152100 Имараттарды жана жайларды күтүүдө санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда карды, таштандыны тазалоо жана чыгаруу, казылган чуңкурларды жана канализацияга кошулбаган дааратканаларды дезинфекциялоо, дератизациялоо, санитардык-гигеналык тейлөө, тазалоо жана чыгаруу ж.б. эсепке алынат.  

22152200 Тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

22152900 Имараттарды жана жайларды жана башка мүлктү күтүү боюнча башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу  

22153 Мамлекеттик кызматчыларды, адистерди жана калкты окутууга чыгашалар, персоналды окутуу бир жылдан ашык мөөнөт ичинде пайда алып келиши мүмкүн экендигине карабастан, материалдык эмес негизги фонддорду сатып алуу катары эмес, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу катары чагылдырылат. Төмөнкү элементти камтыйт:  

22153100 Мамлекеттик кызматчыларды окутууга чыгашалар  

22153200 Калктын эрезеге жеткенден кийинки катмарын кыска мөөнөттүү негизде кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларында окутууга жана кайра окутууга чыгашалар  

22153300 Адистерди окутууга жана кайра окутууга чыгашалар - мамлекеттик эмес кызматчылардын адистерин окутуу үчүн төлөмдөр эсепке алынат (Социалдык фондунун кызматкерлери мамлекеттик кызматчыларга кирбейт)  

22153400 Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, каражаттарды киргизүүгө, шайлоонун жана референдумдардын катышуучуларын, аппараттын кызматкерлерин жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн укуктук окутууларга байланыштуу чыгашалар  

22154 Башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөргө байланыштуу чыгашаларга мекеменин жеке муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, өкүлчүлүк чыгашаларына (делегацияларды кабыл алуу жана тейлөө), бланктарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө (мамлекеттик сертификаттарды, отчет ж.б.), маалымат-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөргө жана статьяларга кирбеген башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө байланыштуу чыгашалары кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22154100 Өкүлчүлүк чыгашалары, жолугушууларды уюштурууга чыгашалар, анын ичинде презентацияларды, делегациялардын жолугушууларын, кызматкерлер жана ардагерлер үчүн майрамдык же куттуктоо жолугушууларын уюштуруу, чет өлкө мекемелери тарабынан өкүлчүлүк иш-чараларын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар  

22154200 Бланктарды, медалдарды, значокторду даярдоо үчүн чыгашаларга бланк продукцияларын, медалдарды, дипломдорду, ардак грамоталарын, грамоталарды, кубокторду, значокторду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, кошо төлөөгө талондорду, КММ үчүн пломбаларды, оролгон зымдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөө кирет  

22154300 Камсыздандырылган адамдар боюнча маалымат базаларын жүргүзүү, иштеп чыгуу жана аны актуалдуу абалда кармап туруу боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр, мында маалымат агымдарынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, коммуникациялык түйүндөрдү жана программалык камсыздоону коштоп жүрүү, программаларды пайдаланууга мүмкүндүк берүү ж.б. боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу эсепке алынат 

22154900 Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө байланыштуу башка чыгашалар, анын ичинде жаштар саясаты боюнча социалдык иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар; 

- документтерди көчүрмөлөөгө жана кагазга басып чыгарууга чыгашалар;  

- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, Куралдуу күчтөрдүн жана башка Кыргыз Республикасынын аскер түзүлүштөрүнүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жолдомолорунун наркынын жеңилдетилген бөлүгүн төлөө боюнча чыгашалар,  

- патрондорду жана кызматта пайдаланылган иттерге жем, жылкыларга чөп, эпизоотиялык каршы иш-чаралар үчүн ветеринардык каражаттарды жана дарыларды сатып алуу, ошондой эле ветеринардык изилдөөлөр үчүн тажрыйба жүргүзүүгө бөлүнгөн жаныбарлар үчүн жем ж.б. сатып алуу кирет (коргоо жана укук коргоо органдарына тартылгандардан тышкары),  

- кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүү, мүлктү ташуу боюнча чыгашалар,  

- контракт боюнча сунушталган башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чыгашалар,  

- мүлккө салыкты төлөөгө чыгашалар,  

- кино ишин уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар;  

- сот органдары доо арыздарын берүүдө мамлекеттик алымдарды төлөөгө чыгашалар;  

- чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлерин жана чет өлкө мекемелеринин кызматкерлерине медициналык жардам берүү боюнча медициналык камсыздандыруу үчүн төлөөгө чыгашалар;  

- классификацияланбаган башка кызмат көрсөтүүлөр  

2216 Саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү статьялар тарабынан берилген чыгашалар, Бирдиктүү төлөөчү системасында жарандарды мамлекеттик базалык жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын каражаттары эске алынат, ал төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22161 Саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү статьялар тарабынан берилген чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт:  

22161100 Саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү статьялар тарабынан берилген чыгашалар  

2217 Медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, медикаменттерди, таңуучу каражаттарды, бактериялык каражаттарды, сывороткаларды, вакциналарды, канды, инсулин дары каражаттарын жана башка медициналык багыттагы башка буюмдарды сатып алуу боюнча чыгашалар кирет, ал төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22171 Медицина багытындагы медикаменттерди жана буюмдарды сатып алуу, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22171100 Медикаменттерди жана медицина багытындагы буюмдарды сатып алуу  

22171200 Инсулин жана инсулинди камтыган дары каражаттарын сатып алуу  

22171300 Коргоо жана укук коргоо органдарына тийиштүү кызматтык жаныбарларга керектүү ветеринардык каражаттарды жана дары каражаттарын сатып алуу  

22172 Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга байланышкан чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт:  

22172100 Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү сатып алууга чыгашалар.  

2218 Тамак-аш азыктарын сатып алуу, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22181 Тамак-аш азыктарын сатып алуу, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22181100 Тамак-аш азыктарын сатып алуу  

22181200 Тамак-аш азыктарына компенсациялык төлөмдөр  

22181300 Коргоо жана укук коргоо органдарында пайдаланылган кызматтык жаныбарларга жем сатып алуу  

22181400 Тамак-аш боюнча үлүшкө төлөөгө чыгашалар, эл аралык макулдашуулардын алкагында өнөктөш-өлкөлөрдүн аймактарындагы иш-чараларга катышууга, Куралдуу күчтөрдүн тартылган өздүк курамынын тамак-ашына кеткен чыгашалар кирет.  

2219 Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьялар менен берилген чыгашалар, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22191 Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьялар менен берилген чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт:  

22191100 Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү статьялар менен берилген чыгашалар, мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгашалары эске алынат.  

2221 Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22211 кичи статья, мүлктү учурдагы оңдоого, негизги фонддорду техникалык тейлөөгө жана оңдоого чыгашалар кирет. Имараттарды, жайларды, курулмаларды (анын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактары), жабдууларды жана инвентарларды техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо, алар негизги фонддордун наркынын же алардын иштөө мүнөзүнүн өзгөрүшүнө алып келбейт, жөн гана аларды иштөө абалында кармап турат же алар бузулуп калган учурда иштөө абалына кайра алып келет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22211100 Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоо  

22211200 Курулмаларды учурдагы оңдоо  

22211300 Жабдууларды жана шаймандарды учурдагы оңдоо  

2222 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу статьясы, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22221 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу кичи статьясына машиналарды жана жабдууларды (колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, б.а. баасы төмөн же тез тозулуучу товарлар жана предметтер) сатып алууга сарпталган чыгашаларга салыштырмалуу наркы өтө маанилүү эмес болгон, учурдагы муктаждыктар жана күндөлүк пайдалануу үчүн каралган товарларды (кымбат эмес) сатып алууга мекемелердин чыгашалары кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22221100 Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баасы төмөн же тез тозулуучу товарларды жана предметтерди сатып алууга чыгашалар эске алынат. Мисалы: телефондук аппараттарды, IP телефондорду, факстарды, жумуш инвентарларды жана слесардык инструменттерди сатып алуу.  

22221200 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды башка сатып алуу, тиешелүү предметтерди жана материалдарды сатып алууга чыгашалар, анын ичинде кеңсе товарларын жана буюмдарын, бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну, ящиктерди, таңгакталган материалдарды, күрөктүн сабын ж.б. сатып алууга чыгашалар кирет.  

2223 Кийимди жана башка формадагы жана атайын формадагы кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22231 Кийимди жана башка формадагы жана атайын формадагы кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо кичи статьясына ага таандык буюмдар менен атайын формадагы кийимдерди жана бут кийимдерди, ошондой эле атайын приборлорду жана атайын шаймандарды жана жабдууларды сатып алуу, тигүү жана оңдоо боюнча чыгашалар кирет. Төмөнкү элементти камтыйт:  

22231100 Кийимди жана башка формадагы жана атайын формадагы кийимдерди сатып алуу, тигүү жана оңдоо.  

22231200 Кийим менен камсыз кылуу ченемдери боюнча салынган буюмдардын ордун акчалай компенсациялоо  

2224 Көмүрдү жана башка отун түрүн сатып алуу, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22241 Көмүрдү жана башка отун түрүн сатып алуу кичи статьясына көмүрдү, отунду, торф ж.б. түрүндөгү отундарды сатып алууга чыгашалар кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22241100 Таш көмүрдү сатып алуу  

22241200 Отундун башка түрлөрүн сатып алуу, анын ичинде жыгачты, торфту, суюк отундун ар кандай түрлөрүн, күрөң көмүрдү ж.б. сатып алууга, ошондой эле өз котелдери жана генераторлору менен жылуулук энергияны иштеп чыгарууга чыгашалар кирет.  

2225 Күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22251 Күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу кичи статьясына, жеке муктаждыктарды ж.б. камсыз кылуу максатында юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүлкүн ведомстводон тышкары коргоо, маалыматтык технологиялар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу кирет. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22251100 Ведомстводон тышкары күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу  

22251900 Башка күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу  

2226 Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана ордун жабуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгашалар, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22261 Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана ордун жабуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгашалар кичи статьясы. Төмөнкү элементтерди камтыйт:  

22261100 Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана ордун жабуу боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөр  

22261200 Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана ордун жабуу боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр  

22261300 Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин тейлөө боюнча Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринен улуттук жана чет өлкө валюталарында жүргүзүлгөн нак эмес (нак) төлөмдөр боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө кирет. Анын ичинде Социалдык фонддун жана Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун эсептерин тейлөө боюнча банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар кирет.  

2227 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгашалар.  

22271 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча чыгашаларга, пенсияларды жана жөлөк пулдарды, пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөө боюнча коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар кирет.  

22271100 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча коммерциялык банктар тарабынан кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгашалар.  

22271200 Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөө боюнча коммерциялык банктар тарабынан кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгашалар.  

22272 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча почта кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча чыгашаларга - пенсияларды жана жөлөк пулдарды, пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөө боюнча почталык байланыш, атап айтканда «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө (акча каражаттарын почта аркылуу которуу) төлөөгө чыгашалар кирет.  

22272100 Пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар  

22272200 Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөө боюнча «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар.  

2231 Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:  

22311100 Суу үчүн төлөө  

22311200 Электр энергиясы үчүн төлөө  

22311300 Жылуулук энергиясы үчүн төлөө, өз котелдери жана бюджеттик уюмдардын генераторлору аркылуу жылуулук энергияны иштеп чыгаруу үчүн чыгашалар кирбейт.  

22311400 Газ үчүн төлөө  

2235 Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

22351 Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө кичи статьясына, төмөнкүлөр кирет:  

22351100 Лифти пайдалануу үчүн төлөө  

22351200 Унаа токтоочу жайлардын жана гараждардын ж.б. ижарасы үчүн төлөө кирет. Таштандыларды ташып чыгаруу жана казылган чуңкурларды тазалоо үчүн төлөө кирбейт (22152100).  

22351900 Башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө 2231, 2235-статьяларда классификацияланбаган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча чыгашалар, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгашалар кирет.  

24 Пайыздар  

24 Пайыздар категориясына тышкы жана ички булактардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө кирет.  

Пайыздар институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнүүгө тийиш, алар өздөрүнө милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүн, атап айтканда, депозиттер, акциялардан башка баалуу кагаздар, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле кредиттик карызды кабыл алышат. Бул милдеттенмелер мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги башка институционалдык бирдиктен каражаттарды карызга алганда келип чыгат. Пайыздар чыгашалар болуп саналат, аны мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги негизги карыздын орду жабылбаган суммасын, башкача айтканда, кредитор тарабынан берилген экономикалык наркты пайдалангандыгы үчүн тартат.  

Пайыздарды төлөө боюнча чыгашалар милдеттенме келип чыккан бүткүл мезгил ичинде тынымсыз чегерилип турат. Пайыздар чегериле турган чен убакыттын ар бир мезгили үчүн карыздын орду жабылбаган негизги суммасынын белгилүү бир үлүшү түрүндө, акчалай каражаттардын алдын ала сүйлөшүлгөн суммасы түрүндө, белгиленген индикатор боюнча аныктала турган акчалай каражаттардын өзгөрүлмө суммасы түрүндө, же болбосо саналып өткөн ыкмалардын айрым бир айкалышын пайдалануу менен белгилениши мүмкүн. Пайыздар адатта алар боюнча чыгашалар чегерилгенден мурда төлөнбөйт. Башка сөз менен айтканда, эгерде кредит же зайым боюнча пайыздар ай сайын төлөнсө, адатта төлөнгөн сумма мурдагы ай үчүн чегерилген чыгашалар болуп эсептелет. Төлөм жүзөгө ашырылган учурга чейин дебитордун кредитордун алдындагы жалпы милдеттенмеси пайыздарды төлөө боюнча чегерилген, бирок али жүргүзүлө элек чыгашаларынын суммасына жогорулайт. Мына ошентип, адатта пайыздык төлөмдөр дегенден улам дебитордун колдонуудагы милдеттенмесинин азайышын түшүнүүгө болот, анын бир бөлүгү пайыздарды төлөө үчүн чегерилген чыгашалардын натыйжасында келип чыгат. Индекстерге байланыштырылган баалуу кагаздардан башка - анын ичинде өзгөрүлмөлүү чен менен орто мөөнөттүү облигацияларды кошо алганда, төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар чегериле турган чен, контракт түзүүдө жана карыздык каражаттарды алууда аныкталат. Жөнөкөй учурда, акчанын белгилүү бир суммасы карызга алынат, өткөн мезгил үчүн чегерилген, төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын суммасына барабар төлөмдөр мезгил-мезгили менен төлөнүп турат, контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин насыянын (карыздын) алгачкы суммасы менен бирге пайыздарды акыркы төлөө жүргүзүлөт. Ар бир мезгилде төлөнүүгө тийиш болгон контрактта белгиленген, насыянын өлчөмүнө көбөйтүлгөн, төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын өлчөмү пайыздык ченге барабар болот. Ар бир өткөн мезгил сайын карыздын орду жабылбаган негизги суммасы төлөөгө тийиштүү пайыздарды чегерүүнүн натыйжасында көбөйөт. Ар бир мезгилдин акырында төлөм карыздын суммасын карыздын баштапкы чоңдугуна чейин азайтат. Эгерде отчеттук мезгилдин акыры мезгилдүү төлөмдүн учуру менен дал келбесе, мезгилдин акырындагы милдеттенмелердин жалпы суммасында чегерилген, бирок али төлөнө элек пайыздардын суммасын камтыйт.  

Векселдер жана нөлдүк купону бар облигациялар сыяктуу айрым финансылык инструменттердин өзгөчөлүгү ушундай милдеттенмени ордун жабуу мөөнөтү келгенге чейин дебитордун кредиторго кандайдыр бир төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу милдетинин жоктугу болуп саналат. Натыйжада дебитор бирдиктүү төлөм аркылуу өзүнүн милдеттенмелерин аткарган, ал насыянын баштапкы суммасын, ошондой эле ушул милдеттенме келип чыккан бүткүл мезгилдин ичинде чегерилген жана топтолгон пайыздарды жапкан кезде, милдеттенменин ордун жабуу мөөнөтү келгенге чейин эч кандай пайыздык төлөмдөр төлөнбөйт. Ушул түрдөгү инструменттер дисконту бар инструменттер деп аталат, анткени насыяга алынган баштапкы сумма, ордун жабууда төлөнгөн суммадан аз болот. Контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин төлөнүүчү сумма менен башында карызга алынган сумманын ортосундагы айырма контракт колдонулган убакытка туура келген отчеттук мезгилдерге бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайыздарды билдирет. Ар бир мезгил үчүн чегерилген пайыздар дебиторлор тарабынан төлөнгөндөй, ал эми андан кийин ошол эле милдеттенменин кошумча суммасы катары карызга алынгандай болуп чагылдырылат. Мына ошентип, ар бир мезгилдеги эсепке алууда пайыздарды төлөөгө кеткен чыгашалар жана милдеттенменин жогорулашы чагылдырылат. Ушундай инструмент бир отчеттук мезгилден ашык орун алганда, пайыздардын жалпы суммасын калган мезгилдерге бөлүштүрүүнүн бир нече ыкмасы болот. Эң жөнөкөй жана кыйла кеңири жайылтылган мамилелердин бири пайыздык ченди контракттын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде туруктуу деп эсептөө болуп саналат.  

Кредиттер жана зайымдар көбүнчө мезгилдүү төлөмдөр пайыздарды төлөөнү да, ошондой эле карыздын негизги суммасынын бир бөлүгүн ордун жабууда да камтыгандай түзүмгө бөлүнөт. Мезгилдүү төлөмдүн чегерилген пайыздардын чоңдугунан ашкан суммасы карыздын баштапкы негизги суммасынын өлчөмүн азайтат. Убакыттын өтүшү менен чегерилген пайыздардын төлөмдөрдөгү үлүшү улам азая берет, ал эми карыздын баштапкы негизги суммасынын ордун жабууга багытталган каражаттардын үлүшү жогорулайт.  

Индекс менен байланыштырылган баалуу кагаздар - бул финансылык инструменттер, алар үчүн мезгилдүү төлөмдөрдүн жана/же карыздын орду жабылбаган суммасынын чоңдугу баалардын индексине же валюта курсунун индексине байланыштырылган. Эгерде индекске өзгөрүлмөлүү чени менен орточо мөөнөттүү облигациялар сыяктуу мезгилдүү төлөмдөр байланыштырылса, ушундай төлөмдөрдүн бардык суммалары пайыздар деп эсептелет. Эгерде индекске карыздын негизги суммасы байланыштырылса, ордун жабуунун акыркы баасы менен жайгаштыруу баасынын ортосундагы айырма ордун жабуу баасы алдын ала белгиленген дисконту бар баалуу кагаздар сыяктуу эле, актив орун алган бүткүл мезгилдин ичинде чегерилип келген пайыздар катары чагылдырылат. Тажрыйбада тиешелүү индекстин динамикасы менен шартталган айкын отчеттук мезгилдин ичинде карыздын орду жабылбаган негизги суммасынын чоңдугу ушул мезгилде төлөнүүгө тийиш болгон ар кандай пайыздарга кошумча катары аталган мезгилде чегерилген пайыздар катары каралышы мүмкүн. Дисконту бар инструмент сыяктуу эле индекстештирүүнүн натыйжасында чегерилген пайыздар дебитор тарабынан төлөнгөндөй, ал эми андан кийин ошол эле милдеттенменин кошумча суммасы катары карызга алынгандай чагылдырылат.  

Төлөнө турган пайыздардын жалпы суммасы резидент эместерге (241) төлөнүүчү пайыздар, мамлекеттик башкаруу секторунан (242) тышкары резиденттерге төлөнүүчү пайыздар жана мамлекеттик башкаруу секторундагы башка бирдиктерге (243) төлөнүүчү пайыздар деп бөлүнөт.  

2411 Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө, кичи статьяны камтыйт:  

24111 Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө. Төмөнкү элемент кирет:  

24111100 Чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө кирет.  

2421 Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

24211 Мамлекеттик башкаруу секторунан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөөгө, төмөнкүлөр кирет:  

24211100 Мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө  

24211200 Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана жергиликтүү бюджеттин баалуу кагаздары боюнча пайыздарды төлөөдөн тышкары, Мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө  

2422 Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызынын ордун жабуу, төмөнкүнү камтыйт:  

24221 Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызынын ордун жабуу, төмөнкүнү камтыйт:  

24221100 Индексацияланган суммалар боюнча калктын карызынын ордун жабуу  

2431 Мамлекеттик башкаруу секторлорунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө, төмөнкү кичи статьяны камтыйт:  

24311 Мамлекеттик башкаруу секторлорунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө, төмөнкү элементти камтыйт:  

24311100 Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине пайыздарды төлөө, анын ичинде Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана жергиликтүү бюджеттин баалуу кагаздары боюнча пайыздарды төлөө.  

25 Субсидиялар  

25-категория Субсидияларга өндүрүштүк иш деңгээлинен улам мамлекеттик бирдиктерге, ишканаларга жана уюмдарга (турак жай-коммуналдык чарбаларга, транспорттук уюмдарга ж.б.) бөлүнгөн каражаттар кирет.  

Субсидиялар бул ишканалардын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн деңгээлинде алар өндүргөн, саткан, экспорттогон же импорттогон товардын же кызмат көрсөтүүнүн санына же наркына ылайык мамлекеттик бирдиктер жүргүзгөн ишканаларга учурдагы кайтарымсыз төлөмдөрдү көрсөтөт. Субсидиялардын максаты катары өндүрүштүн деңгээлине, сатуу баасына же ишкана алган сыйлыктарга таасир этүүсү болушу мүмкүн.  

Субсидиялар учурдагы трансферттер болуп саналат. Субсидиялар продукциянын айкын түрлөрүнө же жалпы өндүрүшкө төлөнүшү мүмкүн. Продукциянын айрым түрлөрүнө субсидиялар - товардын же кызматтын бир бирдигине эсептелип төлөнө турган субсидия. Мындай субсидия товардын же кызматтын бир бирдигине эсептелген белгилүү бир акчалай сумманы билдириши, же болбосо товардын же кызматтын бир бирдигинин баасынын белгилүү бир пайызы катары алынган продукциянын наркына ылайык эсептелиши мүмкүн. Мындан тышкары, субсидия белгиленген пландык баа менен сатып алуучу тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн рыноктук баанын ортосундагы айырма катары эсептелиши мүмкүн.  

Субсидиялар максаттуу мамлекеттик экономикалык жана социалдык саясаттын натыйжасында өндүрүштүн орточо чыгымдарынын деңгээлинен төмөн баа белгиленген себептен улам, өндүрүштүк иштерди жүзөгө ашырууда тартылган чыгымдарды компенсациялоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз негизде товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө - юридикалык жактарга берилет.  

Субсидиялар акыркы керектөөчүлөргө төлөнбөстөн, өндүрүүчүлөргө гана төлөнөт жана капиталдык трансферттер болуп эсептелбейт, учурдагы трансферттер гана болуп эсептелет. Мамлекеттик бирдиктер тарабынан керектөөчүлөр катары түздөн-түз үй чарбаларына берилген трансферттер жана үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдардын трансферттеринин көпчүлүк бөлүгү төлөм жүргүзүүнүн негизине жараша же социалдык жөлөк пулдар (27) же болбосо ар кандай башка чыгашалар (282) катары чагылдырылат. Мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктерине берилген трансферттердин көпчүлүгү гранттарга (26) таандык. Ишканаларга алардын капитал топтошун каржылоо максатында, аларга финансылык эмес активдерге келтирилген зыянды компенсациялоо катары же эки же андан ашык жылда топтолгон ири операциялык тартыштыкты жабуу үчүн берилген төлөмдөр ар кандай башка капиталдык чыгашаларга (2822) таандык.  

Адегенде алуучунун мамлекеттик же жеке менчик өндүрүүчү болушуна жараша, андан кийин алуучу финансылык эмес же финансылык ишкана болушуна жараша классификацияланат. Алуучулардын эки тобу бар: мамлекеттик ишканаларга субсидиялар (251), жеке ишканаларга субсидиялар (252).  

2511 Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25111 Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25111100 Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар.  

2512 Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25121 Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25121100 Финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар  

2521 Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25211 Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25211100 Финансылык эмес менчик ишканаларга жана ишкерлерге субсидиялар.  

2522 Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25221 Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар, төмөнкүнү камтыйт:  

25221100 Финансылык менчик ишканаларга субсидиялар  

26 Гранттар жана төгүмдөр  

26-категория Гранттарга жана төгүмдөргө акысыз жана кайтарымсыз которуулар кирет. Ал бир мамлекеттик бирдиктен башка мамлекеттик бирдикке же чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө милдеттүү эмес учурдагы же капиталдык трансферттерди жана эл аралык уюмдарга төгүмдөрдү түшүндүрөт. Гранттар институционалдык бирдиктин грант алган түрүнө, андан кийин бул грант учурдагы же капиталдык болуп эсептелгендигине жараша классификацияланат.  

Грант алуучулардын үч тобу бар: чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө гранттар (261), эл аралык уюмдарга төгүмдөр (262) жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине гранттар (263).  

Учурдагы гранттар болуп кандайдыр бир активди алууга байланышпаган учурдагы чыгашаларды ишке ашыруу максатында берилген гранттар саналат. Капиталдык гранттарда грант алуучу тарабынан активдерди сатып алуусу, же болбосо кандайдыр бир активди же активдерди (материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарынан башка) сатып алуу үчүн пайдаланууга тийиш болгон акча каражаттарды которуу, же болбосо активди (материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарынан жана акча каражаттарынан башка) өткөрүп берүү, же болбосо кредиторлор менен дебиторлор ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жокко чыгаруу, же башка институционалдык бирдиктин карызын өзүнө кабыл алуу каралат (анткени бюджеттик классификация акча агымдарын эсепке алуу максаттары үчүн пайдаланылат - акча агымдарынын формасына ээ эмес кандай болбосун капиталдык гранттар эсептер планында эсепке алынат).  

2611 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө учурдагы гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26111 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө учурдагы гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26111100 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө учурдагы гранттар  

2612 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө капиталдык гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26121 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө капиталдык гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26121100 Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө капиталдык гранттар  

2621 Эл аралык уюмдарга учурдагы төгүмдөр, төмөнкүнү камтыйт:  

26211 КМШ алкагында эл аралык уюмдарга жана бирикмелерге төгүмдөр (учурдагы гранттар), төмөнкүнү камтыйт:  

26211100 Эл аралык уюмдарга төгүмдөр  

26211200 КМШ алкагында интеграциялык бирикмелерге төгүмдөр  

26211300 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын ассоциацияларына, бирликтерине төгүмдөр  

26211900 Башка кайтарымсыз которуулар  

2622 Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26221 Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26221100 Эл аралык уюмдарга капиталдык гранттар.  

2631 Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар, төмөнкүнү камтыйт:  

26311 Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер  

26313 Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттар  

26314 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн каражаттар  

26315 Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

26316 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

26311 Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер, төмөнкүнү камтыйт:  

26311100 Теңдөөчү гранттар  

26311200 Максаттуу трансферттер  

26311300 Жергиликтүү бюджеттин деңгээлдеринин ортосундагы максаттуу трансферттер  

26313 Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттар - мыйзамдарга ылайык төлөп берүү булагы республикалык бюджет катары белгиленген жеңилдетилген пенсияларды, пенсиянын базалык бөлүгүн, пенсияларга үстөк акыларды, компенсацияларды ж.б. төлөө боюнча Социалдык фонддун бюджетине республикалык бюджеттен берилген акча каражаттар эсепке алынат.  

26313100 Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгү  

26313210 Бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн жеңилдик берилген пенсиялар  

26313220 Алыскы жана барууга кыйын райондордо иштегендиги үчүн жеңилдик берилген пенсиялар  

26313230 Көп балалуу энелерге жана тубаса майып балдардын энелерине жеңилдик берилген пенсиялар  

26313300 Калктын айрым категорияларына пенсиялар  

26313400 Аскер кызматкерлерине пенсиялар  

26313500 Аскер кызматкерлери курман болгондо, майып болгондо милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу  

26313610 Электр энергиясы үчүн пенсияларга компенсациялык төлөөлөр  

26313620 Чернобыль АЭС авариясынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, эмгектен майып болгондорго компенсациялык төлөөлөр  

26313700 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн Социалдык фонддун бюджетинин кошумча чыгашаларын же кирешелерин жоготууларды компенсациялоо 

26313800 Пенсияларга үстөк акылар  

26314 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн каражаттар, мыйзамдарга ылайык төлөп берүү булагы республикалык бюджет катары белгиленген каражаттарды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен берилген акча каражаттар эсепке алынат.  

26314100 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн каражаттар  

26315 Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражаттар - ММК фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна, МТПФга (утурумдук түшүүлөр жана мурдагы жылдар үчүн карыздардын ордун жабуу) жыйналган камсыздандыруу төгүмдөрүн өткөрүп берүү эске алынат  

26315100 Социалдык фондунун бюджетинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилүүчү каражаттар  

26315200 Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берилүүчү каражаттар  

26315300 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна берилүүчү каражаттар  

26316 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

26316100 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен берилүүчү каражаттар  

2632 Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине капиталдык гранттар, төмөнкү элемент кирет:  

26321100 Мамлекеттик башкаруунун секторлорунун башка бирдиктерине капиталдык гранттар  

27 Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр  

27-категория Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр, бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык, пенсиялык жана медициналык камсыздандыруунун алкагында жөлөк пулдарды, анын ичинде мамлекеттик пенсиялык камсыздоо боюнча пенсияларды төлөөгө кеткен чыгашалар кирет. Социалдык жөлөк пулдар программалардын түрлөрүнө жараша, арасында социалдык камсыздоо программасы, социалдык жардам, социалдык камсыздандыруу программасы жана башкалар бөлүнүп, төлөмдөр жүргүзүлгөндүгү боюнча классификацияланат. Социалдык жөлөк пулдар жалпысынан калкты же жарандардын айрым категорияларын белгилүү бир социалдык тобокелдиктерден коргоо максатында акчалай же натуралай формада трансферттер катары аныкталат. Социалдык тобокелдик - бул кирешелердин кыскарышынын жыйынтыгында каражаттарды сарптоого кошумча керектөөлөрдүн пайда болушуна байланыштуу белгилүү бир адамдардын мүлктүк абалына терс таасир эте турган окуя же жагдай. Мисалы, медициналык кызмат көрсөтүү, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды жана социалдык камсыздоо боюнча пенсияларды берүү. Бардык социалдык жөлөк пулдар капиталдык эмес, учурдагы трансферттер болуп саналат.  

2711 Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар, төмөнкү кичи статьяларды жана элементтерди камтыйт:  

27111 Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

27111100 Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча төлөөлөр - майыптыгы, баккан адамынан айрылгандыгы, курагы боюнча пенсиялардын, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсиялардын (көп балалуу энелер, бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын райондор, № 1, № 2 тизмелер, эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун жабуу суммасы, эмгектин өзгөчө шарттары ж.б.), пенсияларга үстөк акылардын, компенсациялардын ж.б. төлөнүп берилиши эске алынат.  

27111200 Пенсионердин сөөгүн коюуга жөлөк пул - Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы боюнча пенсия алуучу пенсионерлердин сөөгүн коюуга жөлөк пулдардын төлөнүп берилиши эске алынат.  

27111300 Аскер кызматкерлерине пенсиялар - Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамы боюнча пенсиялардын, пенсияларга үстөк акылардын жана дайындалган пенсияларга компенсациялардын төлөнүп берилиши эске алынат.  

27111400 Аскер кызматкерлери каза болгондо, майып болгондо милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөөлөр  

27111500 Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөө, камсыздандырылган адамдарга пенсияга чыкканда, республикадан тышкары туруктуу жашоого кеткенде, камсыздандырылган адам каза болгондон кийин мураскорлоруна пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөөнү каржылоо боюнча чыгашалар кирет  

27115 Калкты медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115100 16 жашка чейинки балдарды медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115200 Пенсионерлерди медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115300 Социалдык жөлөк пулдарды алган адамдарды, анын ичинде бала кезинен майып адамдарды медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115400 21 жашка чейинки студенттерди медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115500 Жумушсуздарды медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр  

27115600 Аскер кызматкерлерин медициналык камсыздандыруу боюнча компенсациялык төлөөлөр 

272 Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул, социалдык камсыздандыруу программалары жок болгон учурда, социалдык камсыздандыруу программаларына белгилүү бир үй чарбалары катышпаган убакта, же айкын муктаждыктардын ордун жабуу үчүн социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулдар жетишсиз болуп калган убакта төлөнөт. Социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулга адатта социалдык камсыздандыруу, мисалы, табигый кырсыктарга байланыштуу программалары менен жабылбай турган окуяларга же жагдайларга байланыштуу трансфеттер кирбейт (айкын мааниде социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар калкка трансферттерден турат, ал өз мүнөзү боюнча айкын мааниде социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга окшош жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар сыяктуу эле берилет).  

2721 Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул, төмөнкү кичи статьяларды жана элементтерди камтыйт:  

27211 Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

27211100 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул  

27211200 Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул  

27211300 Бала 3 жашка чыкканга чейин энеге жөлөк пул  

27211400 Жумушсуздук боюнча жөлөк пул  

27211500 Калкка социалдык төлөөлөр, баатыр энелерге, бала кезинен майыптарга, пенсиялык камсыздоого ээ эмес майыптарга жана улгайгандарга социалдык жөлөк пулдар эске алынат  

27211600 Баккан адамынан айрылганга байланыштуу компенсациялык төлөөлөр  

27211700 Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими шартында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө же медициналык жардам көрсөтүү учурунда эмгектик милдеттерин аткарып жатканда инфекция жуккандан улам каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөө 

27212 Башка социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

27212100 Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул  

27212200 Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул  

27212300 Сөөк коюуга жөлөк пул төлөө  

27212400 Убактылуу турак жайды жалдоо үчүн аскер кызматкерлерине компенсациялык төлөөлөр  

27213 Жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер, төмөнкү элементти камтыйт:  

27213100 Жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер  

27214 Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча башка чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт;  

27214100 Кесиптик окутууга чыгашалар  

27214200 Коомдук иштерди уюштурууга чыгашалар  

27214300 Микрокредиттөөгө чыгашалар  

27214400 Жумуш орунуна чек  

27215 Ден соолукту чыңдоо иш-чараларына чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт:  

27215100 Кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо иш-чараларына чыгашалар  

27215200 Ар дайым багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага жеке ассистентке чыгашалар  

27216 Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган калкка кайтарымсыз жардам, төмөнкү элементти камтыйт:  

27216100 Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган калкка кайтарымсыз жардам, табигый кырсыктардан жана демографиялык мүнөздөгү кырсыктардан жабыр тарткан калкка төлөөлөр эске алынат.  

28 Башка чыгашалар  

28-категория Башка чыгашалар, мамлекеттик бийлик органдарынын же алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен (аракеттенбей коюусунан) келтирилген зыяндын ордун жабууга, сот органдарынын чечими боюнча моралдык зыянды калыбына келтирүүгө чыгашалар, соттордун тиешелүү чечимдерине ылайык доогерлерге акчалай компенсацияларды төлөө кирет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка аткаруу бийлик органдарынын резервдик фонддорун түзүүгө каражаттар пландаштырылат. Эгерде белгиленген тартипте көрсөтүлгөн резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынса, алар тармактарга жана ведомстволорго тийиштүүлүгүнө жараша функционалдык классификациянын тиешелүү бөлүктөрүнө ылайык чагылдырылат.  

Ошондой эле чыгашалардын бул категориясына комиссиялык төлөм, тейлөө үчүн төлөм, администрлөө үчүн төлөм сыяктуу башка төлөмдөр, чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча бир жолку жыйымдар кирет.  

Жогоруда аталган төлөмдөр институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнүүгө тийиш, ал милдеттенмелердин белгилүү бир түрүн, атап айтканда чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Бул милдеттенмелер мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиги башка институционалдык бирдиктен карыз каражатын алганда келип чыгат. Бир жолку жыйымдарды эске албаганда, бул төлөмдөр кредиторлор тарабынан берилген зайымдын өздөштүрүлбөгөн суммасын пайдаланбагандыгы үчүн мамлекеттик башкаруу секторунун бирдигинин чыгашалары саналат.  

Бир жолку жыйымдар институционалдык бирдиктер тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон бир жолку жана бир жолку төлөнүүчү төлөмдү түшүндүрөт, ал милдеттенмелердин белгилүү бир түрүн, атап айтканда чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.  

Эмгек акы төлөөгө, өз керектөөлөрү үчүн мекемелердин кызматын пайдаланууга, мамлекеттик карыздык милдеттенмелерди тейлөөгө, бюджеттик каражаттардын эсебинен акы төлөөсүз жана кайтарымсыз трансферттерди уюмдарга, социалдык камсыздоо жүргүзгөн бюджеттерге берүүгө чыгашалар кирбейт.  

2821 Башка классификацияланбаган чыгашалар, төмөнкү кичи статьяны жана элементтерди камтыйт:  

28211 Стипендиялар, төмөнкү элементти камтыйт:  

28211100 Стипендиялар, билим берүүгө стипендиялар жана башка жөлөк пулдар эске алынат  

28212 Туура эмес чегерилген акча каражаттарды которуу  

28212100 МТПФдан туура эмес чегерилген акча каражаттарын которуу  

28212200 Пенсиялык фонддон туура эмес чегерилген акча каражаттарын которуу  

28213 Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча башка төлөмдөрдү төлөө  

28213100 Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана насыялар боюнча башка төлөмдөрдү төлөө. Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча (комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр, администрлөө үчүн төлөм, бир жолку жыйымдар ж.б.) башка төлөмдөрдү төлөө.  

28217 Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгашалар  

28217100 Натыйжага багытталган милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгашалар  

28219 Башка классификацияланбаган чыгашалар  

28219100 Башка классификацияланбаган чыгашалар, башка категорияларга киргизилбеген башка чыгашалар, анын ичинде алуучуларга кийин берүү үчүн - тамак-аш продукттары, кийим-кече, жууркан жана дары-дармектер - айкын формада кайрымдуулук уюмдарына трансферттер; табигый кырсыктардан улам келтирилген жаракаттар же зыяндар үчүн компенсация катары төлөмдөр; адам өмүрүн камсыздандырууга тиешеси жок, камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча төлөмдөрдөн тышкары, мамлекеттик башкаруу секторунун бирдиктери тарабынан келтирилген жеке адамдардын жаракаттары же менчикке келтирилген зыяндары үчүн компенсация түрүндө төлөмдөр; адам өмүрүн камсыздандыруу боюнча премиялардан тышкары, ар башка жагымсыз окуялар же бөөдө кырсыктар учурунда ордун жабууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу компанияларына төлөнүлгөн камсыздандыруучу премиялар.  

2822 Капиталдык башка ар түрдүү чыгашалар, төмөнкү элементти камтыйт:  

28221100 Капиталдык башка ар түрдүү чыгашалар, үй чарбаларын тейлөөчү рыноктук ишканаларга жана коммерциялык эмес уюмдарга акчалай же натуралай формада капиталдык трансферттер, финансылык эмес активдерди сатып алуу боюнча чыгымдарды толук же жарым-жартылай ордун жабууга, эки же бир жылдан ашуун топтолгон, ири операциялык тартыштыктын ордун жабууга, карызкор менен өз ара макулдашуу боюнча карызды жокко чыгарууга же карызды кабыл алууга капиталдык трансферттер кирет.  

2823 Соттун чечимдерин аткаруу, төмөнкү кичи статьяны жана элементтерди камтыйт:  

28231 Соттун чечимдерин аткаруу  

28231100 Соттун чечимдерин аткаруу, мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга, сот органдарынын чечими боюнча моралдык зыяндын ордун толтурууга, соттордун тиешелүү чечимдери боюнча доогерлерге акчалай компенсация төлөөгө чыгашалар, статуттук жана жалпы укуктук нормалары боюнча иштеген соттордун же квазисоттук органдардын чечимдери боюнча салынган айыптар жана туумдар кирет.  

28231200 Ээлеген кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулган кызмат адамдарына компенсациялар. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесине ылайык ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулган кызмат адамдарына компенсацияларды төлөө эске алынат.  

2824 Резервдик фонддор, төмөнкү кичи статьяны жана элементти камтыйт:  

28241 Резервдик фонддор  

28241100 Резервдик фонддор республика боюнча жүргүзүлгөн экономикалык, социалдык, маданий жана башка мамлекеттик иш-чаралар боюнча күтүлбөгөн чыгашалардын ордун жабуу үчүн каражаттар кирет, ал тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган, анын ичинде төмөнкү максаттарга:  

- табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү;  

- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык-маданий объекттердин жана инфраструктуралардын материалдык техникалык базасын оңдоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү;  

- республикалык масштабда расмий күндөргө арналган иш-чараларды өткөрүү;  

- спорттук мелдештерди жана маданий-массалык иш-чараларды жүргүзүүдө финансылык колдоо көрсөтүү;  

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жана гүлдөп өсүшүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын белгилүү адамдарына, оор жашоо шартындагы калктын аярлуу катмарына, бир эле учурда үч жана андан көп бала төрөгөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле Жогорку Кеңештин, Президенттин жана Өкмөт Аппараттарында 10 жыл жана андан ашуун иштегендерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;  

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Өкмөт Аппаратынын кызматкерлерине материалдык-техникалык камсыздоо жана материалдык жардам көрсөтүү;  

- республикалык социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана жүргүзүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүү;  

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык социалдык-маданий маанидеги жана кечиктирилгис каржылоону талап кылуучу максаттарга;  

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык башка максаттарга.  

28241200 Социалдык фонддун Резервдик фонду, Социалдык фондго жана анын регионалдык органдарына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу боюнча алардын ишин жакшыртууга, финансылык туруктуулукту камсыздоого багытталган максаттарга жана иш-чараларга чыгашалар эске алынат. Мындан тышкары, пенсияларды төлөө, сөөк коюуга төлөө, кайрымдуулук иш-чараларын, Мамлекеттик программалардын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды каржылоо, консультациялык жана жарнамалык материалдарды ЖМКда жарыялоо боюнча чыгашаларды каржылоо, пенсиялык саясат боюнча адабияттарды сатып алуу боюнча чыгашалар жүргүзүлөт.  

2825 Пенсиялык топтомо каражаттарын өткөрүп берүү  

28251 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду тарабынан пенсиялык топтомо каражаттарын өткөрүп берүү, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

28251100 Башкаруучу компанияларга ишеним менен башкарууга пенсиялык топтомо каражаттарын өткөрүп берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтомо каражаттары эске алынат.  

28251200 Пенсиялык топтомо каражаттарын топтомо пенсиялык фонддорго өткөрүп берүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтомо пенсиялык фондго өткөрүп берилген камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтомо каражаттары эске алынат.  

2826 Пенсиялык топтомо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгашалар 28261 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун пенсиялык топтомо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгашалар, төмөнкү элементтерди камтыйт:  

28261100 Башкаруучу компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрү, пенсиялык топтомо каражаттарды ишенимдүү башкарууда башкаруучу компаниялар тарабынан жүргүзүлгөн керектүү чыгашалардын ордун толтурууга чыгашалар эске алынат.  

28261200 Депозитарий кызмат көрсөтүүлөрү, депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча чыгашалар кирет  

28261300 Аудиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган аудиторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча чыгашалар кирет.  

28261400 Жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочулардын кызмат көрсөтүүлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгашалар кирет.  

28261500 Пенсиялык топтомо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча башка катышуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтомо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча катышуучулардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгашалар кирет.  

2828 Социалдык фондунун өнүктүрүү фонду  

28281 Социалдык фондунун өнүктүрүү фонду  

28281100 Социалдык фондунун өнүктүрүү фонду, Социалдык фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерди материалдык жактан колдоо жана социалдык коргоо, өтө муктаж болгон пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүү, социалдык-маданий иш чараларды өткөрүү боюнча Социалдык фонддун өнүктүрүү фондунун чыгашалары эске алынат.». 

- Кирешелердин классификациясын, Чыгашалардын экономикалык классификациясын жана Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын колдонуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөлөрдүн «IV. Активдер жана милдеттенмелер боюнча операциялардын классификациясы» бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

«31211120 Дан өсүмдүктөрүн сатуу« деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:  

« 

31211130 Дары-дармектерди сатуу»; 

- «31211220 Дан өсүмдүктөрүнүн запастарын сатып алуу «деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:  

« 

31211230 Дары-дармектердин запасын сатып алуу».